Эң мыкты инсандар: Саъийд бин Зайд жана Абдур-Рахман бин Ауф (РА) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Саъийд бин Зайд жана Абдур-Рахман бин Ауф (РА)

мечитте окулган жума кутбасы

Азирети Саъийд бин Зайд (разияллааху анху)нун аялы Фатима (разияллааху анхаа) Азирети Умар (разияллааху анху)нун Ислам динин кабыл кылуусуна себепчи болгон

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын (Бадр согушунда катышкан) улуу мартабалуу сахаабалары Азирети Саъийд бин Зайд жана Азирети АбдурРахмаан бин Ауф (разияллааху анхумаа)нын улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

 Бадр согушунда Азирети АбдурРахмаан бин Ауф (разияллааху наху)нун жанында турган Мединадагы Ансаарлардан эки бала Муъааз жана Муъавваз бир көз ирмемде Абу Жахлды өлтүрүп тозокко киргизишкен.

2020-жылдын 12-июнунда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 12-июнь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:

Бүгүн мен сөз кылмакчы болгон биринчи сахааба – бул Азирети Саъийд бин Зайд (разияллааху анху). Бою узун, өңү буудайдын өӊүндөй, чачы капкалың Азирети Саъийд (разияллааху анху) Ади бин Каъб бин Луи уруусунан болчу. Анын санжырасы төртүнчү ата-тегине барып, Азирети Умар (разияллааху анху) жана сегизинчи тукумуна барып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жетет. Саъийд (разияллааху анху)нун бир тууган эжеси Азирети Умар (разияллааху анху)га жана Азирети Умар (разияллааху анху)нун бир тууган эжеси Азирети Саъийд (разияллааху анху)га турмушка чыгышкан болушчу. Азирети Саъийд (разияллааху анху)нун атасы Ибрахим (алайхиссалаам)дын дининде жүргөн жалгыз бир Кудайга сыйынган адам болчу. Азирети Асма бинт Абу Бакр (разияллааху анху)нун бир рабаяты боюнча Зайд кыздарын тирүүлөй көмүп салган адамдардан эмес эле. Ал гана эмес, мындай ниети бар адам жөнүндө кабардар болгондон кийин аны ушундай мыкаачылык иш-аракеттен кайтарчу жана ошол кыздын тамак-ашынын чыгымдарын өз моюнуна алчу. Хузур-э-Анвар мындай деди: айрым учурларда кээ бир балдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Ислам динине чейинки дини тууралуу суроо беришет. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) баарынан да көбүрөөк Алла Тааланын Жалгыздыгына ишенген жана бир эле Кудайга сыйынган инсан болчу. Саъийд (разияллааху анху)нун атасынын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен пайгамбар боло элек мезгилинде жолугушуусу тууралуу бир рабаят Бухарий китебинде кезигет. Ага ылайык, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) башка кудайлардын атынан союлган малды жештен оолак болгон. Буга Зайид мен дагы башка кудайлардын атынан союлган малды жебейм деп айткан.

Зайд бин Амар каапырлык жана ширктен тажап, чындыкты издөө үчүн алыскы өлкөлөрдү кыдырган. Сирияда жөөттөр жана христиандардын аалымдары менен жолугушкан. Алар аны Жалгыз бир Кудайга сыйынууга баса белгилеп насаат кылышкан. Зайд Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алйхи ва саллам)дын доорун көргөн, бирок анын пайгамбар болуусунан беш жыл мурун көз жумган.

Бир жолу Амир бин Рабиъага Зайд бин Амар өзүнүн Ибрахим (алайхиссалам)дын дининде жүргөнүн жана Исмаил (алайхиссалам)дын тукумунан бир пайгамбардын келүүсүн күтүп жатканын айткан. Ал мен ошол пайгамбардын доорун көрбөй калышым мүмкүн деп ойлогон эле. Эгерде сиз ал пайгамбардын доорун көрүп калсаңыз, ага менден салам жеткириңиз деп Амирге насаат кылган эле. Амир бин Рабиъа (разияллааху анху) мусулман болгондон кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Зайддын билдирүүсүн жеткирип, анын атынан ага салам жолдогон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) саламга жооп берген жана ал үчүн ырайымдуулук дубасын сурап, мындай деген: мен Зайдды бейиште өз этегин жыйып жатканын көрдүм. Башка бир учурда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Зайд тууралуу мындай деп айткан: ал өзү эле Кыямат күнү бир үммөт менен барабар тургузулат.

Азирети Саъийд бин Зайд жана анын аялы Фатима (разияллааху анхаа) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ДарэАркамга кире электе эле ыйман келтиришкен болчу. Анын аялы Фатима (разияллааху анхаа) Азирети Умар (разияллааху анху)нун Ислам динин кабыл кылуусуна себепчи болгон. Ал окуя Азирети Хаббаб бин Арт (разияллааху анху)нун эскерилүүсүндө кененирээк айтылып берилген. Ал окуяда Азирети Саъийд (разияллааху анху)нун дагы ролу бар экенине байланыштуу Хузур-э-Анвар (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) аталган окуяны «Сийрат Хаатамун-Набиййин» аттуу китептин негизинде кайрадан айтып берди.

Азирети Умар (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды өлтүрүү ниети менен үйдөн чыккан. Жолдо баратканда бир адамдын кабар кылуусу менен өзүнүн бир тууган эжеси Фатима жана күйөө баласы Саъийд бин Зайд (разияллааху анху)дан кабар алуу үчүн үйүнө барган жана окулуп жаткан Курани Каримди угуп алат. Анын үйгө кирип жатканын байкап, Азирети Хаббаб (разияллааху анху) бир жерге жашынып алат. Бирок, Азирети Умар (разияллааху анху) күйөө баласы Саъийд (разияллааху анху)ну кармап алат. Ал убакытта Умар ушунчалык ачууланып кеткен, анын эжеси өз күйөөсүн коргоо үчүн алардын ортосуна түшкөндө, ал дагы жарадар болгон.

Азирети Умар (разияллааху анху)нун Ислам динин кабыл кылуу окуясын айтып бергенден кийин Хузур-э-Анвар мындай деп айтты: ушул эле Азирети Саъийд (разияллааху анху) эле Азирети Умар (разияллааху анху)нун Ислам динин кабыл кылуусуна себепчи болгон. Азирети Саъийд (разияллааху анху) эң биринчилерден болуп Мединага көчүп кеткен мухажирлерден болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху) жана Раафиъ бин Маалик же Убай бин Каъбдын ортосунда диний тууганчылыкты түзгөн. Азирети Саъийд (разияллааху анху) (кайсы бир себептен) Бадр согушуна катыша албай калган. Бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага колго тийген олжолордон үлүш берген. Хузур-э-Анвар мындай деди: ошол эле себептен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) (согушка) катышпагандыгына карабай, олжолордон үлүш берип же кайсы бир башка себептен Бадр согушуна катышпай калган сахаабаларды мен дагы Бадр согушуна катышкан сахаабалардан деп эсептеп жатам.

Азирети Саъийд бин Зайд (разияллааху анху) Бадр согушуна катыша албай калган. Анткени, Бадр согушуна чыгуудан он күн мурун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Курайштын кербенинин Сириядан чыгуусун божомолдоп, андан кабар алуу максаты менен Азирети Саъийд (разияллааху анху) жана Азирети Талха (разияллааху анху)ну жөнөткөн болчу. Ал экөөсүнүн кайтып келүүсүнөн мурун эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га каапырлардын ниеттери тууралуу маалымат түшкөн жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабалары менен чогуу Курайштын кербенин көздөй чыгып кеткен. Азирети Талха жана Саъийд бин Зайд (разияллааху анхум) Бадр жергесинде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Курайштын ортосунда согуш болгон күнү эле Мединага кайтып келишкен. Ушул себептен, Азирети Саъийд (разияллааху анху) Бадр согушуна катыша албай калган.

Азирети Саъийд бин Зайд (разияллааху анху) Ашрах-Мубашара[1]дан болгон. Ал (разияллааху анху) мындай деп айтып берет: биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу Хираа тоосунда турганбызда, ал титирей баштаган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Хира! Тынч тур, албетте, сенин үстүңдө бир пайгамбар, бир Сиддийк жана бир Шейиттен башка эч ким жок», – деп айткан. «Алар кимдер?» – деп суралганда, Азирети Саъийд (разияллааху анху): «Алар – Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам), Абу Бакр (разияллааху анху), Азирети Умар (разияллааху анху), Азирети Усман (разияллааху анху), Азирети Али (разияллааху анху), Азирети Талха (разияллааху анху), Азирети Зубайр (разияллааху анху), Азирети Саъд (разияллааху анху) жана Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)» – деп жооп берген. Булар тогуз адам болушкан. Онунчу адам жөнүндө суралганда, ал (разияллааху анху) бир аз тыныгып: «Ал – мен болчумун», – деп айткан.

Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат мезгилинде Азирети Саъийд (рзаияллааху анху) Сирияга жөнөтүлгөн жортуулда жөө баскан аскерлерге башчы кылып дайындалган. Согуш учурунда эле ал (разияллааху анху)га Дамасктын губернатордук кызматы тапшырылган, бирок ал киши жихаддан куру калуу коркунучун ойлонуп, ал кызматтан баш тарткан. Азирети Саъийд (разияллааху анху) көптөгөн ыӊкылаптар жана жыйырма чакты жарандык согуштарды көргөн. Ал (разияллааху анху) өзүнүн ибадаты жана такыбалуулугунан улам ошол бардык баш аламандыктардан оолак болуп жүргөн. Ошентсе да, өзүнүн ой-пикирин ачык билдирчү.

Азирети Усман (разияллааху анху) шейит болгон учурунда, ал (разияллааху анху) мындай деп айткан: Усман менен жасаган мамилеңердин айынан Ухуд тоосу титирей баштаса дагы, ал анча таң калыштуу нерсе болмок эмес. Ошондой эле, бир жолу Мугийра бин Шуъба Азирети Али (разияллааху анху)га акаарат кылганда, ал (разияллааху анху) Азирети Али (разияллааху анху)нун АшраМубашарадан болгондугун эскертип, аны мындан сак болууга чакырган.

Ал (разияллааху анху) дубалары аябай көп кабыл болгон инсан болчу. Амир Муъавиянын башкаруу доорунда Арва деген аял ал (разияллааху анху)га «жеримди мыйзамсыз жолу менен тартып алды деген жалааны жапкан. Ал (разияллааху анху) акимдердин алдында мындай деп айткан: «Кандай деп ойлойсуңар, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва салллам)дан кимде-ким адилетсиз жолу менен бир карыш жерди дагы тартып алса, Кыямат күнү жети жер анын моюнуна моюнтурук кылынып асылат» – деген эскертүүнү уккандан кийин ушундай адилетсиздикке баруум мүмкүнбү?» Андан кийин ал (разияллааху анху) мындай деп дуба кылган: «Эй, Алла! Эгерде Арва жалган сүйлөп жатса, анда ал сокур болмоюнча ага өлүм бербегин жана анын мүрзөсү өзүнүн үйүнүн кудугу болсун». Ошентип, ал аял биринчи көздөрдүн көрүүсүнөн куру калган, андан кийин өз үйүнүн кудугуна кулап түшүп өлгөн.

Азирети Саъийд (разияллааху анху) 50 же 51-хижра жылдарынын тегерегинде, болжолдуу 70 жаш курагында каза болгон. Азирети Саъд бин Аби Вакас (разияллааху анху) анын денесин жууган, ал эми жаназа намазын Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху) окуткан. Ал (разияллааху анху)нун сөөгү Мединада жерге берилген. Саъийд (разияллааху анху) ар кайсы мезгилдерде он жолу үйлөнгөн. Анын он үч эркек баласы жана он тогуз кызы болгон.

Хузур-э-Анвар Азирети Саъийд (разияллааху анху) жөнүндө сөз кылгандан кийин Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) тууралуу кыскача айтып берген. Караӊгылык доорунда ал (разияллааху анху)нун аты Абди Амар же Абдул-Каъба болчу. Исламды кабыл кылгандан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) атын алмаштырып, Абдур-Рахман деп койгон. Ал (разияллааху анху) Зухра бин Калааб уруусунан болчу. Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) бою узун, өңү кызылыраак жана ак жумал, көздөрү сулуу жана кирпиктери ак жана узун болчу. Ал (разияллааху анху) Аамул-Фийл[2] окуясынан он жыл мурун жарык дүйнөгө келген. Ал караӊгылык мезгилинде дагы аракты өзүнө Харам (адилетсиз) кылган саналуу адамдардын бири болчу. Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху) түзгөн алты адамдык «Халифаны Тандоо Кеңешинин» мүчөсү да болчу. Ал (разияллааху анху) эң башында Ислам динин кабыл кылган адамдардын катарында сезгинчи орунда турат. Мединага көчүп кеткенден кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху) жана Азирети Саъд бин Рабийъ (разияллааху анху) ортосунда диний тууганчылыкты түзгөн. Саъд (разияллааху анху) ага мындай деп айткан: мен Ансаардын арасындагы бир бай адаммын, мен мал-мүлкүмдүн жарымы жана эки аялымдын бирөөсү менен ажырашайын. Идда мөөнөтү өткөндөн кийин аны менен үйлөнүп аласыз. Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) ал (разияллааху анху)га мал-мүлкү жана бала-чакасына береке кошулуу үчүн дуба кылган жана бир аз кирешеден соода-сатыкты баштаган, ага Алла Таала аябай көп береке кошкон.

Бадр согушунда Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)нун капталында турган Ансаардын эки баласы Муъааз жана Маъвуз бир көз ирмемде эле Абу Жахлды (өлтүрүп) тозокко жеткиришкен. Хузур-э-Анвар ал окуяны кененирээк айтып бергенден кийин мындай деп айтты: бул окуя мурда дагы бир-эки жолу айтылып берилген. Бул сахаабалардын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата сүйүү-махабаты болчу, натыйжада алар өз жандарына дагы маани беришкен эмес. Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)нун калган окуяларын Инша,Алла кийинки кутбада айтып берем деди.

٭…٭…٭

[1] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тарабынан ушул дүйнөдө эле бейишке кирүүгө сүйүнчүлөнгөн 10 сахааба.

[2] «Пил жылы» дегенди билдирет, ал жылы Абрах Каабага чабуул жасоо ниети менен келген.

Share via