Эң мыкты инсандар: Азирети Утба бин Масъуд Хазлий • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эң мыкты инсандар: Азирети Утба бин Масъуд Хазлий

Жума кутбасы сахаба, пайгамбар, ыйман, Бадр согушу

Ыкластуулук жана берилгендиктин көрүнүшү болгон Бадр согушуна катышкан сахаабалардын куттуу мүнөздөрүнүн жагымдуу баяны

2019-жылдын 30-августунда Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасы Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Бул кутбанын бир топ тилдердеги котормосу да түз эфирден берилди. Азан айтуу бактылуулугу (Англиядагы Бенгал Бөлүмүнүн төрагасы) Урматтуу Феруз Аалым мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Бүгүн мен Бадр согушуна катышкан сахаабаларынын арасынан сөз кылмакчы биринчи сахаабанын аты Азирети Утба бин Масъуд Хазлий. Ал (разияллааху анху) Азирети Абдулла (разияллааху анху) бин Масъуддун бир тууганы болгон. Башында эле Ислам динин кабыл кылган жана Эфиопияга хижрат кылгандардын сабына кошулган Азирети Утба бин Масъуд Суфа ээлеринен болгон.

Ал Азирети Суфа ээлери тууралуу Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) жазгандарынан кээ бирин айтып берди. Анын жазышында, Пайгамбар мечитинин бир четиндеги тамы бар жайга «Суфа» деп айтылат. Ошол жерде үй-жайы жок жакыр Мухаажир сахаабалар жашашчу. Алар күнү-түнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында жүрүп, ибадат кылуу жана Куран окуу менен алектенип турушчу. Алардын тиричилигининин кандайдыр бир жолу жоктугунан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү аларды карачу. Ансаардар дагы мүмкүнчүлүгүнө жараша аларды коноктошчу. Ошентсе да, алар оор ахвалда жашашчу. Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) да ошол эле улуу заттардын бири болгон. Анын айтышынча, Суфа ээлеринин арасындагы жетимиш адамдын кийимдери алардын сандарын дагы жапчү эмес. Качан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га садага келгенде, аларга жиберип койчу. Бирөө конокко чакырганда, аларды да чакыртып алып, алар менен чогуу отуруп тамактанчу.

Ар кандай рабаяттарда Суфа ээлеринин саны ар кайсы убакыттарда эң аз дегенде он эки жана эң көп дегенде үч жүз адамга чейин айтылган. Дагы бир рабаятта алардын саны алты жүз сахааба деп да айтылган.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул адамдар менин сөздөрүмдү угуу үчүн ушул жерде отурушат, ошон үчүн аларга жакшылап сый-урмат көрсөтүүңөр керек. Ал улуу заттар жалпысынан түн бою ибадат кылуу жана Куран окуу менен алектенишчү. Куран окууну билбегендер же Куранды жаттоону каалагандарга кечинде бир устат сабак өтчү. Ушундан улам, алардын арасындагы көпчүлүгү «кары» деп аталышчу. Ислам динине даават кылуу үчүн бирөөнү жиберүү керек болгондо, ошол эле адамдар жиберилчи. Ушулардын арасынан кийинчерээк көптөгөн сахаабалар чоң-чоң кызматтарга дайындалышкан, айрымдары кээ бир өлкөлөргө губернатор да болушкан. Алардын арасында Ислам жеңиштеринде көрүнүктүү ролду ойногон аскер башчылары да болушкан.

Азирети Абу Саъийд (разияллааху анху) мындай деп айтып берген: «Бир жолу мен Суфа ээлеринин жамаатына барып отурдум. Алардын кийимдери жок болгондуктан алар бири-биринен өздөрүнүн уяттуу жерлерин жаап жатышкан болчу. Бир кары бизге Куранды окуп берип жаткан болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Суфа ээлеринин алдына келип: «Бардык мактоо-алкоо менин үммөтүмө ушундай адамдарды кошкон Аллага таандык, мага да алар менен чогуу сабыр кылууга буюрулган», – деп айтып, арабызда отуруп алды жана: «Эй, оор ахвалда жашап келе жаткан Мухаажирлер тобу! Силерге сүйүнчү, силер кыямат күнү кемел-жеткилеңдүү нур менен байлардан жарым күн эрте бейишке киресиңер жана ушул жарым күн беш жүз жылга тете болот», – деп айткан».

Ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Суфа ээлери тууралуу сөз болгон араб тилиндеги бир вахий-аянын да окуп берди. Бул вахий-аян Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га анын кээ бир сахаабалары тууралуу берилген. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам): «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда өтүп кеткен Суфа ээлери улуу салтанаттуулук жана бекем ыйманга ээ болгон инсандар болушкан. Алла Таала сага да кээ бир ушундай инсандарды тартуулайм деп мага да убада берген», – деп айткан.

Азирети Утба бин Масъуд (разияллааху анху) тууралуу Ал Азирети мындай деди: сахаабалардын ахвалынан турган кээ бир китептерде ал (разияллааху анху)нун Ухуд жана андан кийин болгон казаттарга катышкандыгы тууралуу кезигет, ошентсе да «Сахих Бухарий» аттуу хадис китебинде ал (разияллааху анху)нун Бадр согушуна катышкан сахаабаларынын сабына кошулгандыгы тууралуу айтылат. Азирети Утба бин Масъуд (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат доорунда 23-хижра жылы Мединада каза болгон. Азирети Умар (разияллааху анху) анын жаназа намазын окуткан. Имам Зухрийдин айтышынча, Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында жүрүү жана хижрат кылуу жагынан өзүнүн бир тууганы Азирети Утба бин Масъуд (разияллааху анху)дан артта болгон эмес, тагыраак айтканда Азирети Утба бин Масъуд (разияллааху анху) андан мурунураак ыйман келтирген сахааба болчу.

Ал Азирети сөз кылган экинчи сахаабанын аты Азирети Убаада бин Саамит Ансарий (разияллааху анху) болгон. Ал (разияллааху анху) Байъат-э-Акаба Уулаа жана Байъат-э-Акаба Саанияга катышкан. Азирети Убаада Каваакил атынан даңкын чыгарган Хазраж уруусунун Бану Ауф бин Хазраж деген үй-бүлөсүнүн жетекчиси болгон.

Ал Азирети «Куваакил» атынын келип чыгуу себебин кеңири айтып берди. Мединада кимдир бирөө башпаанек сурап, бир уруу башчысына келгенде, ага эми сен коопсуздуктасың, сага эч кандай кыйынчылык болбойт деп айтылчу. Башпаанек берүүчүлөр «Куваакила» деп аталышчу.

Азирети Убааданын бир тууганы Азирети Аус бин Саамит Бадр согушуна катышкан сахаабалардын сабында бар болчу. Азирети Абу Мурйад Гинваа хижрат кылып Мединага келгенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны Азирети Убаадага диний бир тууган кылган. Ал (разияллааху анху) Бадр, Ухуд, Хандак менен бирге бардык казаттарга катышкан. Ал (разияллааху анху) 34-хижра жылы Рамлада (Палестин) каза болгон жана ошол эле жерге коюлган. Бүгүнкү күндө да анын мүрзөсү белгилүү болуп турат. Азирети Убаада (разияллааху анху) кылган рабаяттарынын саны 181ге чейин жеткен. Хузур-э-Анвар Азирети Убаада (разияллааху анху) айтып берген кээ бир рабаяттарын да окуп берди.

Азирети Абу Убайда бин Жаррах (разияллааху анху) Дамаскты колго алгандан кийин Хумска келгенде, ал жердеги эл аны менен элдешип алган соң Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) Азирети Убаада бин Саамит (разияллааху анху)ну Хумска көзөмөлчү кылган. Алла Таала ал (разияллааху анху) аркылуу көптөгөн аймактарды мусулмандарга тартуулаган.

Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Убаада бин Саамит (разияллааху анху)ну кээ бир садагаларга кароолчу кылып дайындаган жана Алла Тааладан коркуп тургун, антпесе кыямат күнү сен төөнү бакырып жаткан ахвалында башыңа көтөрүп каласың, ошондой эле уй же эчкини деп да айткан. Тагыраак айтканда, аманатчылыкка кыянатчылык болбосун. Ошондо Азирети Убаада бин Саамит (разияллааху анху) менин ахвалым ушундай: мен бирөөнүн да жүгүн көтөрө албайм, ошондуктан мени ушул кызматка дайындабасаңыз, жакшы болот деп суранган.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу доорунда Ансаарлардын арасынан беш киши Куранды чогултушкан, алардын арасында Азирети Убаада бин Саамит (разияллааху анху) да бар болчу. Хузур-э-Анвар Азирети Убаада (разияллааху анху) тууралуу сөздөр өтө эле көп, ал (разияллааху анху) кылган рабаяттары бар, аларды ИншаАллах кийинки кутбада айтып берем деди.

Кутбанын аягында Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) урматтуу Тахир Ариф мырзаны эскерип, анын жаназа намазын окутаарын да айтты. Маркум 26-август күнү өтө эле оор оорудан кийин Англияда каза тапкан. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Ал киши 1952-жылдын 13-февралында төрөлгөн. Анын атасы урматтуу Чаудхрий Мухаммад Яр Ариф мырза Жамаатыбыздын миссионери болчу. Ал киши «Лондон» мечитинин имам-хатибинин орун басары катары кызмат кылуу бактысына да ээ болгон.

Тахир Ариф мырза аябай илимдүү, күчтүү жазуучу жана акын инсан болчу. Ал урду жана пенжаб тилинде жазган эки ырлар жыйнагы басылган. Ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тууралуу англис тилинде да бир китепти жазган. Андан тышкары, Пакистан тууралуу «Пакистан баскычма баскыч» аттуу бир китепти да жазган. Ал киши Пенжаб Университетинен экономика боюнча магистратура жана юридикалык боюнча Эл Эл Би деген дипломду алган. Ошондой эле Лондондогу Экономика Мектебинен Эл Эл Эм деген дипломду алган жана «Mark of Merit» деген сыйлыкка да ээ болгон.

Окуудан кийин Лондондон Пакистанга келди жана Си Эс Эс деген экзаменден ийгиликтүү өтүп, Алла Тааланын берешендиги менен полициянын башкы инспектору (Inspector General of Police) деген кызматка ээ болгон.

Ал киши Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын китептерин окууга аябай кызыкчу. Ал китептерди окуп, зарыл жерлерин жазып алчу жана достору менен ал темалар боюнча ой-пикир жүргүзчү. Курани Каримге ой жүгүртүүчү адам болчу. Хузур-э-Анвар ал киши колледжде мага курсташ болчу, мен колледждеги күндөрдөн бери аны тааныйм деди. Алардын туугандарынын арасынан бирөө да мага жазган жок, бирок мен анын Тахажжуд намазын калтырбай окуган адам экенин билем. Жамаат кызматчыларын жана өз жашоосун динге арнап койгондорду өзгөчө сый-урмат менен сыйлачу.

Мен 2014-жылы аны «Фазли Умар» фондуна директор кылып дайындаган элем. 2017-жылы Чаудхрий Хамийд Насруллах Хан мырза каза болгондон кийин Хузур-э-Анвар аны «Фазли Умар» фондуна төрага кылып дайындаган. Ал өзүнүн артында жубайы менен бир уул жана үч кызды калтырган. Аягында Хузур-э-Анвар Алла Таала аны кечирсин, ага ырайым кылсын, анын даражаларын жогорулатсын, ошондой эле анын тукумдарын да чын жүрөктөн Жамаат жана Халифат менен байланыштырсын деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

Share via