Тахрик-э-Жадиддин 86-жылында Жамаат мүчөлөрү жасаган курмандыктар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Тахрик-э-Жадиддин 86-жылында Жамаат мүчөлөрү жасаган курмандыктар

мечитте окулган жума кутбасы

ТахрикэЖадид[1]дин 86-жылында Жамаат мүчөлөрү тарабынан жасалган финансылык курмандыктар тууралуу сөз жана 87-жылдын башталышын жарыялоо

Биз дүйнөнү Аллах Тааланын Таухийди (Жалгыздыгы) жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын туусунун астына алып келүүгө эле аракет кылууларыбыз керек. «ТахиркэЖадид» сисмтемасынын максаты да ушул эле

Быйыл каржы курмандыктарынын тизмесинде Германия биринчи орунду ээледи. Андан кийин Улуу Британия, Америка, Канада, андан кийин Жакынкы Чыгыштын бир мамлекети, Индия, Австралия, Индонезия, Гана, андан кийин Жакынкы Чыгыштын дагы бир мамлекети бар

Азыркы кырдаалда Ислам дүйнөсү жана мусулмандар үчүн дуба кылууга чакырды

2020-жылдын 6-ноябрь, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 6-Набувват күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 6-ноябрь күнү Убада кылынган Масийх жана Махдийдын бешинчи Халифасы (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллаху таъаала бинасрихил-азиз) Ташаххуд, Таъаввуз, «Ал-Фаатиха» сүрөөсү жана «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 275-аятын окугандан кийин мындай деп айтты:

Ыйык Куранда Аллах Таала көптөгөн жерлерде момундардын көңүлүн каржылык курмандыктарга бургузган. Бул аятта момундардын алар Алла Таала жолунда күнү-түнү жашыруун да, көрүнө да, ар эки жол менен сарпташат деген өзгөчөлүгүнөн сөз кылынган. Ошондой эле, Курани Каримдеги дагы бир жерде ыймандуулар Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн сарпташат деп айтылган. Демек, өзүнүн таза байлыгынан Алла Тааланын жолунда чын жүрөктөн Анын ыраазычылыгына татыктуу болуу үчүн сарптоо – бул чыныгы момундун белгиси. Жарышуу руху жакшы нерсе, бирок эгер кимдир бирөө өзүн көрсөтүү, мактануу же кандайдыр бир мактоо-алкоону көздөп каржылык курмандыктарды жасаса, анда ошондой курмандыктар Кудай Тааланын алдында кабыл болуу даражасына жетпейт.

Аллах Тааланын ыраазылыгына татыктуу болгондорго Алла Таала сый-урмат да тартуулайт, бирок бул сый-урмат аны карапайымдуулук жана жөнөкөйлүктө дагы илгерилетет. Ушундай момундар эгер чыныгы Халифатка ишенип, учурлук Халифанын дубаларына татыктуу болуу ниети менен учурлук Халифага көрүнгүсү келсе, анда ушундай каалоонун эч кандай зыяны жок.

Алла Таала эгер Менин ыраазычылыгым үчүн чын-жүрөктөн сарптасаңар, анда Мен силердин коркууңар жана кайгыңарды кетирип, жан дүйнөңөрдүн тынчтыгын камсыз кылып берем деп айтат. Ушул доордо Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды кабыл алган адамдардын ойлору мына ушундай. Мына ошол эле оюн эске алып, алар каржылык курмандыктарды жасашат. Албетте, Алла Таала мындай курмандыктарды сыйлыксыз калтырбайт. Ахмадия Мусулман Жамаатында ушул рух менен курмандык жасаган адамдардын мисалдары арбын.

Хузур-э-Анвар мындай деп да айтты: каржылык курмандыктарды жасагандар аялдары менен балдарынын да үстүнөн укуктары бар экендигин унутпоолору керек. Бул укуктарды аткаруу да момун-мусулмандын милдети. Өз үйдөгүлөрүнө дайыма канааттын маанилүүлүгүн айтып, алардын көңүлүн каржылык курмандыкка буруусу керек. Ушундай жол менен курмандык кылгандардын урпактары Аллах Тааланын берешендиктерине адам таң калгандай даражада татыктуу болушат. Азыр ушундай курмандыктар кылгандардын айрымдарынын окуяларын айтып берем. Бул окуяларды угуу башкаларды кызыктырууга түрткү болот. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) Ыйык Куран бардык амалдарыңарды адамдардан жашырбагыла, тескерисинче туш келген жагдайга ылайык кээ бир жакшы амалдарды жашыруун кылып, кээ бирлерин эл алдында да жасагыла деп айтат дейт. Ар бир жерде сөз сүйлөө жардам бербейт, тескерисинче көпчүлүк учурда үлгү жакшы таасирин калтырат.

Демек, Алла Таала колдоп, бул окуялар курмандык кылган адамдар үчүн эки кош соопко себепчи болсун деп дуба кылам. Тактап айтканда, биринчи сооп – алардын Аллах Тааланын жолунда курмандык чалышкандыгы, экинчиси болсо, алардын мисалдары жана окуялары башкаларды да каржылык курмандыкка шыктандырат.

Андан кийин Хузур-э-Анвар Албания, Аргентина, Индонезия, Мали, Франция, Канада, Сьерра-Леоне, Маршалл аралдары, Гамбия, Филиппин, Кабабир, Германия, Казакстан, Танзания, Индия, Гана жана башка өлкөлөрдүн эркектери, аялдары, карыялары, балдары, байлары менен кедейлери, кыскасы, ар кандай тармактар, жыныстар жана улуттардагы ыкыластуу адамдардын каржылык курмандыктарынан турган ыйманды күчтөндүргөн окуяларын айтып берди. Бүгүнкү күндө корона илдетинин жайылышына байланыштуу дүйнө жүзүндө болуп жаткан экономикалык кризиске карабастан, Жамаатыбыздын мүчөлөрүнүн каржылык курмандыктарынын таасирдүү мисалдарын келтиргенден кийин Хузур-э-Анвар менде ушундай окуялар арбын, алардын айрымдарын гана айтып бердим деди.

Хузур-э-Анвар Тахрик-э-Жадиддин 86-жылынын аягында бүткүл дүйнөлүк Ахмадия Мусулман Жамаатына өткөн бир жыл ичинде аталган кыймылга 15 млн 400 миң фунт стерлинг каржылык курманчылык кылуу мүмкүнчүлүгү насип этилди. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 882 миң фунт стерлингке көбүрөөк. Пакистандагы Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн оор экономикалык жана саясий кырдаалына карабастан, өзүнүн жергиликтүү валютасы жагынан каржылык курмандыгында ого бетер илгерилеп кетти.

Быйыл бүткүл дүйнөдөгү Жамааттарыбыздын тизмесинде Германия биринчи орунду ээледи. Андан кийин Улуу Британия, Америка, Канада, андан кийин Жакынкы Чыгыштын бир өлкөсү, Индия, Австралия, Индонезия, Гана, андан кийин Жакынкы Чыгыштын дагы бир өлкөсү бар. Хузур-э-Анвар айрыкча Гана жөнүндө сөз кылып, Гана учурда каржылык курманчылык жагынан Африка өлкөлөрүнөн оозуп, Америка жана Европа сыяктуу дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн атаандашуу тизмесине кошулду деди.

Киши башына эсептөө боюнча Швейцария биринчи орунда, андан кийин Америка жана Сингапур турат. Африка өлкөлөрүндө алгач Гана, андан кийин Нигерия, Буркина-Фасо, Танзания, Гамбия, Сьерра-Леоне жана Бенин турат. Тахрик-э-Жадид каржы курмандыгына кошулгандардын жалпы саны 1 млн 600 миң 800. Кошулгандардын санын көбөйтүү жагынан Африка өлкөлөрүнө Гана жана Буркина-Фасо кирет. Ошондой эле, Бангладеш, Германия, Канада, Индия, Австралия жана Улуу Британияда дагы кошулгандардын саны кескин өстү.

Тахрик-э-Жадиддин Биринчи Дафтарынын эсептөөсүнө 5927 адам катталган, алардын отуз үчү азыр тирүү жана өз чандаларын (каржылык курмандык) өздөрү төлөп жатышууда. Хузур-э-Анвар мээримин көрсөтүп, Германия, Улуу Британия, Пакистан, Америка, Канада, Индия жана Австралияда олуттуу курмандыктар жасаган жергиликтүү жамааттарынан да сөз кылды.

Хузур-э-Анвар курмандык кылган бардык адамдар үчүн Аллах Таала бардыгынын мүлкүнө жана жандарына чексиз берекесин кошуп, курмандыктарын кабыл кылсын деп дуба кылды. Ошону менен бирге Хузур-э-Анвар Тахрик-э-Жадиддин 87-жылынын башталышын жарыялап, 87-жылы 1-ноябрдан башталганын айтты.

Кутбанын экинчи бөлүгүндө Хузур-э-Анвар Ислам дүйнөсү жана мусулмандар үчүн дуба кылууга чакырып жатып, бүгүнкү күндө мусулман эмес дүйнөнүн кээ бир лидерлеринде мусулмандарга карата жек көрүү жана кастык сезимдери бар экенин айтты. Ушул демократиялык доордо дүйнө лидерлери элди кудай деп эсептешип, алардын каалоолоруна жараша билдирүүлөрдү жасашат жана ошого жараша саясатты жүргүзүшөт. Көпчүлүк учурларда бүдөмүк сөздөр менен Ислам дини жана мусулмандарга карата каршылык билдирилип турат. Ошентсе да, акыркы күндөрү Франциянын президенти ачык эле Исламды кризистик дин деп атады. Чындыгында, кризиске чалдыккан дин – алардын өздөрүнүн дини. Ислам – бул жандуу жана гүлдөп жаткан дин. Ушул доордо Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) аркылуу анын кабары дүйнөнүн төрт тарабына тең жайылып жатат.

Хузур-э-Анвар Канаданын өкмөт башчысынын билдирүүсүн жогору баалап, ал Франциянын мамлекеттик башчысынын билдирүүсүнө мунун баары туура эмес жана мындай болбош керек. Бардык адамдардын диний сезимдери жана диний лидерлерин эсепке алуу керек деген абдан жакшы билдирүү жасады деди.

Ал Азирети мындай деп улантты: бул Исламга каршы болгон күчтөр мусулмандардын арасында биримдик жок экендигин билгендиктен ушундай иш-аракеттерди жасашат. Ар бир өлкө сектанттыкка кабылып, бири-бирине каршы күрөшүүдө. Эгер дүйнө мусулмандардын бир экендигин, бир Кудайга жана бир Пайгамбарга ишенип, Ислам үчүн курмандык чалып жаткандыгын билсе, анда мусулман эмес дүйнө мындай иш-аракеттерди эч качан жасамак эмес. Эч бир гезит Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын карикатураларын басып чыгарууга батына алмак эмес. Бир нече жыл мурун дагы Данияда жана Францияда ушундай ыплас иш-аракеттер болгондо, мусулмандар убактылуу реакциясын көрсөтүп, ушул өлкөлөрдүн өнүмдөрүнө (товарларына) бойкот жарыялап, анан унчукпай отуруп алышкан. Ал эми Ахмадия Мусулман Жамааты Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жагымдуу өмүр баянын жана кулк-мүнөзүн дүйнөгө көрсөтүп, эӊ туура реакцияны билдирген. Ахмадия Мусулман Жамаатынын ушул иш-аракети билимдүү жана жалпы коомчулук тарабынан да жакшы кабыл алынган. Биз бүгүн дагы ушундай кылып жатабыз. Жалгыз бир адамдын туура эмес иш-аракетин Исламдын таалимдерине таӊулап, өз элин мусулмандарга каршы тукуруу эч бир мамлекеттин президентинин иши эмес. Жанагы (өлтүргөн) адамды тукургандар дагы булар өздөрү гана.

Хузур-э-Анвар дагы мындай деди: мен мурун дагы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мазакталышына бир дагы намысы бар мусулман чыдай албайт. Эгер сезимдерди козуткан ушундай иш-аракеттер болсо жана ушул себептен кимдир бирөө мыйзамды өз колуна алса, анда буга мусулман эмес адамдар, өкмөттөр жана чектен чыккан сөз эркиндиги жооптуу болушат деп айткан элем. Бул маселе мурун көтөрүлгөндө дагы, мен окуган бир катар жума кутбаларымда туура жана ылайыктуу реакция билдирүүнү түшүндүрүп бергем. Голландиялык бир саясатчы билдирүү жасаганда дагы, мен Голландиянын өзүндө бир кутбаны окугам. Ал саясатчыны Кудайдын каарынан коркутканымда, ал (мага каршы) Голландиянын өкмөтүнө бул киши мени өлүм менен коркутту деген доо арыз жазган.

Биз мүмкүн болушунча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабасына каршы жасалган ар бир иш-аракетке мыйзам чегинде жооп беребиз. Өкүм сүрүп жаткан ушул кырдаалда биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га мурдагыдан да көп салаваат жолдообуз керек. Бир-эки кишини өлтүрүү убактылуу эмоцияны басышы мүмкүн, бирок бул туруктуу чечмелиши эмес. Корона илдети жайылган күндөрүндө, бир нече ай мурун, мен Франциянын президенти жана башка бир нече өкмөт башчыларына Кудайдын жазасы жөнүндө эскертип, каттарды жолдогон элем. Дүйнө дагы бул Кудайдан алыстатып, алардын кыйроолоруна себепчи боло турган нерселер деп ойлонуулары керек. Демек, дүйнөнүн жалпы кырдаалы жана мусулман үммөтү үчүн дагы дуба кылгыла. Биз дүйнөнү Аллах Тааланын Таухийди (Жалгыздыгы) жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын туусу астына алып келүүгө эле аракет кылуубуз керек. Тахрик-э-Жадид сисмтемасынын максаты да ушул гана. Алла Таала бул үчүн бизге күч-кубат берсин. Аамийн

٭…٭…٭

[1] «Тахрик» чакыруу жана «Жадид» жаңы дегенди билдирет. Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү тарабынан Алла жолунда төлөнүлө турган Чандалардын бири «Тахрик-э-Жадид» Чандасы деп аталат.

Share via