Ачуу менен акыл экөөсү бир жерге чогула албайт • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ачуу менен акыл экөөсү бир жерге чогула албайт

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай дейт:

«Билип койгула, катуу мамиле кылган жана ачууланган адамдын оозунан билим жана даанышмандык сөздөрү эч качан чыкпайт. Өзүнүн атаандашынын алдында тез эле ачууланып, акылынан чыгып кетчү жүрөк акылман сөздөрдөн куру калтырылат. Тили жаман жана ооздукталбаган адамдын эриндери тереӊ илим-билимдер булагынан куру-жалак калтырылат, Ачуу менен акыл экөө биригишпейт. Тез эле ачууга алдырган адамдын акылы коюу жана түшүнүү жөндөмдүүлүгү «өтүмсүз» болот. Ага эч качан бир дагы тармакта үстөмдүк жана жеңиш берилбейт. Ачуулануу – бул жарым жиндилик, ал «жалындап» кетсе, адам толук акылдан айнып калышы мүмкүн». (Малфузаат, V том, 126-127-бет, 1984-жылда басылган нуска)

Кызуу кандуулук жана ачуулануу келгенде, акыл тура албайт

«Албетте, билип койгула, акыл менен кызуу кандуулуктун ортосунда кандайдыр бир коркунучтуу кастык бар. Кызуу кандуулук жана ачуулануу келгенде, акыл тура албайт. Ал эми сабырдуулук көрсөтүп, чыдамкайлыктын үлгүсүн көрсөткөн адамга кандайдыр бир нур берилет, андан анын акыл-парасат жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүндө кандайдыр бир жаӊы жарык пайда болот, ошондо нурдан дагы бир нур жаралат. Ачуулануу жана кызуу кандуулук абалында жүрөк менен акыл караңгы болот, ошондуктан андан кийин караңгылыктан караңгылык чыгат». (Малфузаат, III том, 180-бет, 1984-жылда басылган нуска)

Бизди чоң жоготуудан сактап калды деп жоготууда дагы Аллах Таалага шүгүрчүлүк кылуу

«Акбар Хан мырза мындай деп баяндайт: биз өз мекенибизди таштап, Кадиянга келгенибизде, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бизди өзүнүн үйүнө жайгаштырган. Жалпысынан, түнкүсүн шам күйгүзүу Ал Азиретинин эрежеси болчу жана көптөгөн шамдарды чогуу күйгүзчү. Мен келген күндөрү менин кызым кичинекей болчу жана бир жолу ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын бөлмөсүнө шам күйгүзүп келген, кокустан ал шам кулап кетип, Ал Азиретинин китептеринин көптөгөн кол жазмалары жана бир топ башка нерселер өрттөлүп, чоӊ жоготуу болду деп айтат. Бир аз убакыттан кийин, чоӊ жоготуу болгондугу белгилүү болду. Баары аябай капаланып, сар-санаа болушкан. Ал киши Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өз китептеринин кол жазмаларын өтө кылдаттык менен сактачу жана алардын бардыгы күйүп кетти деп менин аялым менен кызым дагы аябай сар-санаа болушкан. Бирок Ал Азирети бул окуяны билгенде, боло турган иш болду, кандайдыр бир чоӊ зыян тартпагандыгыбызга Аллага шүгүр кылышыбыз керек деп койгон дейт. (Азирети Шейх Яъкуб Али Сахиб Ирфаний жазган «Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын өмүр баяны» аттуу китебинин 1-том, 99-бетинен кыскартылып алынды)

Share via