Жүрөктөрдү багындыра алган нерсе – бул бир гана сабырдуулук
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жүрөктөрдү багындыра алган нерсе – бул бир гана сабырдуулук

Мырза Гулам Ахмад

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай дейт:

«Биздин Жамаатыбыз дагы кудум Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорундагы мусулмандар кабылган кыйынчылыктар сыяктуу кыйынчылыктарга туш болууда. Ошентип, жаңы жана биринчи балээ-кырсык – адам бул Жамаатка киргенде, дароо анын достору, туугандары жана коому аны таштап кетишет. А түгүл кээде ата-эне жана бир туугандар да душман болуп калышат. Алар саламга да жооп беришпейт жана жаназа намазын окууну да каалашпайт. Бул сыяктуу толтура кыйынчылыктар туш келет. Мен билем, кээ бир темпераменти алсыз адамдар да болот жана алар мындай кыйынчылыктардан сар-санаа болуп кетишет. Бирок, билип койгула, мындай кыйынчылыктардын келиши да зарыл. Силер пайгамбарлардан жана элчилерден ашып кеткен жоксуңар, мындай кыйынчылыктар жана азаптар аларга да келген. Ал (кыйынчылыктар) Алла Таалага болгон ишеними күчтүү жана таза өзгөрүү мүмкүнчүлүгү болушу үчүн гана келет. Дуба кылып тургула. Демек, пайгамбарлар жана пайгамбарларды ээрчишиӊер жана сабырдуулук жолун тандашыӊар зарыл, ошондо эч кандай зыян тартпайсыӊар. Чындыкты кабыл алганыңар үчүн силерди таштап кеткен досуӊар чыныгы дос эмес. Болбосо, ал силер менен чогуу болушу керек эле. Силер Алла Таала түзгөн Жамаатка кошулганыңар үчүн эле силерди таштап, силерден бөлүнүп кеткен адамдар менен чатакташпагыла же бүлүк салбагыла. Жок, Аллах Таала Өзүнүн берешендиги менен силерге тартуулаган түшүнүк жана маърифат аларга да берилиши үчүн алар үчүн купуя дуба кылгыла. Туура жолду тандап алганыңарды өзүңөрдүн жакшы үлгүңөр жана жакшы жүрүм-турумуңар менен далилдеп көрсөткүлө. Карагыла, мен силерге кайра-кайра мындай деп насаат кылууга буюрулганмын: ар кандай бузукулук жана башаламандык жайларынан оолак болгула, орой сөздөрдү угуп да сабыр кылгыла, жамандыкка жакшылык менен жооп кайтаргыла. Бирөө бүлүк салууну кааласа, андай жерден кетип калууӊар жакшы жана жумшак жооп кайтаргыла. Адамдын чоң кызыгуу менен каршы чыгып, жана каршылык көрсөтүүдө угуучуларды дүрбөлөңгө салган бузуку ыкманы тандагандыгы, бирок каршылык жактан ага жумшак жооп берилип, оройлукка жооп кайтарылбаганда, ал өзү уялып кетет жана кылган ишине өкүнүп бушайман боло баштайт. Чынын айтам, сабырдуулукту колуӊардан чыгарбагыла. Сабырдуулук деген ушундай бир курал, замбиректерден чыга албаган нерсе сабырдуулуктан чыгат. Жүрөктөрдү багындыра алган нерсе – бул бир гана сабырдуулук». (Малфузаат, 4-том, 156-157-беттер, 1988-жыл басылган нуска)

Share via