Аялдар менен кол алышуу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

АЯЛДАР МЕНЕН КОЛ АЛЫШУУ

аялдар менен кол алышуу

Аллах Таала Курани Каримде мындай дейт:لَقَدۡ کَانَ لَکُمۡ فِیۡ رَسُوۡلِ اللّٰہِ اُسۡوَۃٌ حَسَنَۃٌ لِّمَنۡ کَانَ یَرۡجُوا اللّٰہَ وَالۡیَوۡمَ الۡاٰخِرَАлбетте, силер үчүн – Алла жана акырет күнүнөн үмүт кыла турган ар бир киши үчүн Алланын Пайгамбарында жакшы үлгү бар. Ал-Ахзааб» сүрөөсү: 22)

Ал дагы мындай деди:قُلۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تُحِبُّوۡنَ اللّٰہَ فَاتَّبِعُوۡنِیۡ یُحۡبِبۡکُمُ اللّٰہُАйт: «Эгер силер Алланы сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле, (ошондо) Алла силерди сүйөт. («Али Имран» сүрөөсү: 32)

Азыркы заманда махрам эмес (чоочун) аялдар менен кол алышуу жаман-жагымсыз деп саналбайт. Ошондуктан, биз үчүн эң жеткилеӊдүү үлгү болгон Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) махрам эмес аялдар менен кол алышчу эмес. Ыйык Куранда аялдардан «Эй, Пайгамбар! Алардан ар кандай иштерде байъат ал», – деп байъат алуу тууралуу кезигет. Ошондо Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай айткан: اِنِّیْ لَا اُصَافِحُ النِّسَآءَМен аялдар менен кол алышпайм. (Сунан Ан-Насаай).

Дагы бир хадисте Азирети Айша (разияллааху анхаа) мындай дегени айтылат: «Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) аялдардан оозеки байъат алчу». (Сахих ал-Бухарий)

Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын колу анын жубайы болгон аялдан башка махрам эмес аялдын колуна тийген эмес. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) махрам эмес аял менен кол алышуу менин сүннөтүм эмес деп өзүнүн сүннөтүн айткан. Демек, биз, анын үммөтүбүз дегендер, анын сүннөтүн ээрчип, аялдар менен кол алышуудан сактануу биздин милдетибиз.

Ошол сыяктуу,اَزۡوَاجُہٗۤ اُمَّہٰتُہُمۡдеген куттуу Куран аяты боюнча, ар бир пайгамбар үммөттүн руханий атасы болот жана үммөт анын балдары болот. Аялдардын пайгамбардан жүзүн жашыруусу шарт эмес. Ошентсе да, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) аялдар менен кол алышчу эмес. Аллах Таала Ыйык Куранда мындай дейт:یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تُقَدِّمُوۡا بَیۡنَ یَدَیِ اللّٰہِ وَرَسُوۡلِہٖЭй, ыйман келтиргендер! Алла жана Анын Пайгамбарынын алдында алга кадам баспагыла. АлХужараат» сүрөөсү: 2)

Махрам эмес аялдар менен кол алышууга уруксат эч бир аятта да, эч бир хадисте да берилген эмес. Демек, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үлгүсү биз үчүн ишенимдүү жана ага моюн сунуу парз деген нерсени моюнга алышыбыз керек. Эгер үммөт мүчөлөрү махрам эмес аялдар менен кол алышып учурашса, ошондо алар анын үлгүсүн ээрчүүнүн ордуна ага баш ийбей жаткан болушат.

Пайгамбардын буйруктарын аткаруу зарыл, мейли ал шарият алып келген пайгамбар болсун, мейли ал шариятсыз келген пайгамбар болсун. Анын өкүмдөрүн четке кагуу – бул каапырлык.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:

«Биздин Жетекчибиз, Жолбашчибиз, Пайгамбарлардын эӊ мыктысы, ичи тазалардын эӊ жакшысы Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)дын такыбалыгын караңыз, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) байъат үчүн келчү ичи таза жана такыба аялдардын колуна да колун тийгизбейт эле. Жок, аларды алыс отургузуп, тобо кылуу насаатын оозеки  гана кылышчу. Ал эми жаш кыз-келиндерге кол тийгизүүдөн да качпаган адамды кайсы бир акылдуу жана такыба инсан ичи таза адам деп ойлойт». («Нурул-Куран», «Руханий казааин», 9-том, 449-бет)

Азирети Мавлавий Шер Али Сахиб (разияллааху анху) мындай дейт:

«Бир жолу маркум доктор Мухаммад Исмаил Хан Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дан: «Мени менен ооруканада бир англис дарыгер айымы иштейт. Ал карыган айым. Кээде ал мени менен кол алышып учурашат. Бул тууралуу кандай көрсөтмө бар?» – деп сураган. Азирети Имам Махдий (алайхиссалам): «Бул дурус эмес, динибизде уруксат жок», – деп кечирим сурап коюӊуз керек», – деп жооп берген». («Сийратул-Махдий», 1-том 263-бет)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалам)дын экинчи халифасы айтат: «Мен шарият боюнча эркектер махрам эмес аялдар менен кол алышпашы керек деп ынанам… Анткени динибиз буга жол бербейт же жок дегенде бизче жол бербейт. Ал эми бул динге ишенгенибизден кийин, чындык жана чынчылдык менен ишенүү биздин милдетибиз». («Хутбаат-и-Махмуд», 11-том, 424-бет)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалам)дын IV халифасы (рахимахуллах)дан: «Аял күйөөсүнүн бир туугандарына, анын аталаштарына же өз аталаштарына кол алышып, Ассаламу алайкум деп айтса, болобу?» – деп сурашкан. Буга жооп катары Хузур (рахимахуллах) мындай деп айткан: «Кол алышуу Батыш коомчулугунан улам арабызда адат болуп калган адат жана бул маселеде такыбалык этият болууну талап кылат. Үйдө кары-картаңдар болот, алардын балдары болот, кары-картаңдар сүйүү менен аларды кучактап, кээде башын колу менен сыйпап (же сылап) коёт. Эч кимдин оюнда бул мамиледе кандайдыр бир жамандык бар деген иллюзия келбейт. Биздин өлкөбүздө, өзгөчө үй кары-картаңдарынын алдына барып, башын эӊкейтүү деген каада-салт бар, бул практиканын далили эмне экенин билбейм. Бирок кеӊири таралган ушул каада-салттан биз эч качан жамандыктын жайылып жатканын көрбөйбүз. Бирок айтылып жаткан нерсе, башкача айтканда адамдын аталаш туугандары ж.б. менен кол алыша берүүдө көптөгөн жамандыктар таралышы мүмкүн. Бул эркектер менен аялдардын аралашынын башталышы. Ошондуктан, менин оюмча, буга катуу тыюу салуу керек, аны катуу токтотуу зарыл. Эгер ушундай каада-салттын жайылуусуна жол берсек, анда коомчулукта бир топ жаманчылыктар жаралып калат. Аллах Таала бизди мындан сактасын». (Мажлис Ирфаан, «Ал-Фазл» газетаси, 5-октябрь, 2002, 3-бет)

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам), ошондой эле анын баардык халифалары ушул эле амалды карманышкан, алар махрам эмес аял менен кол алышып учурашпайт эле жана ал (аял) тууган болсо дагы, аны адал деп эсептебейт эле.

Бирок, чыныгы ата-кыз жана чыныгы бир туугандардын бири-бирине болгон сезимдеринде кандайдыр бир сүйүү жана абийирдүүлүк болот, алардын жүрөктөрүндө бири-бири жөнүндө туура эмес ойлор пайда болушу мүмкүн эмес.

Азирети Айша (разияллааху анхаа) айтат: «Азирети Фатима (разияллааху анхаа) Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанына келгенде, кызын тосуп алуу үчүн ордунан туруп, кызынын колунан кармап, өөп, анан ордуна отургузчу». (Сунан Аби Давуд)

Мына ушул насааттардын жана таалимдердин негизинде Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бул сүннөтүн кабыл алуу жана махрам эмес аялдар менен кол алышуудан алыс болуу жана айлана-чөйрөнү да бул жайылып жаткан жаманчылыктан коргоо үчүн аракет кыла берүү – биздин биринчи милдетибиз. Бул үчүн Аллах Таала бизге күч-кубат берсин. (Амийин)

«Эркектер менен ашыкча сүйлөшүү жана себепсиз аралаша берүү дагы эркектерге кол алышууга мүмкүнчүлүк берет. Ахмадий аялдар өздөрүнүн ордун билиши керек жана башкаларга мындай мүмкүнчүлүк бербеши керек, ошондой эле аларга динибизде аялдар эркектер менен саламдашпайт, б.а. кол алышпайт деп айтып коюшу керек». (2010-жылдын 18-сентябрында Ирландиядагы Лажна Имааилланын Улуттук Мажлис Амиласи менен жолугушуусу, «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасиында 2010-жылдын 22-октябрында жарык көргөн)

Share via