Эң мыкты инсандар: Азирети Муъааз бин Жабал жана Абдулла бин Амар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Муъааз бин Жабал жана Абдулла бин Амар

мечитте окулган жума кутбасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабалары Азирети Муъааз бин Жабал жана Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анхумаа)нын улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Азирети Айшаа (разияллааху анхаа) мен Амар бин Жамухтун аялы Хиндди төөнүн тизгинин кармап, согуш талаасынан келе жатканын көрдүм. Мен согуш талаасынын ахвалын сураганымда, ал баары жакшы, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын да аманэсен экенин айтты. Бул арада жүктөрү жүктөлгөн төөгө көзүм түштү. Мен: «Бул эмне?» деп сурасам, ал бул менин күйөөм жана бир тууганымдын сөөктөрү деп жооп берген дейт.

2020-жылдын 30-октябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 30-Ахаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маанимазмуну

2020-жылдын 30-октябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Өткөн кутбада Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) тууралуу сөз болуп жаткан эле. Муъааз (разияллааху анху) өтө берешен адам болгондуктан, кээде карыз алууга муктаж болуп калчу. Бир жолу ага карыз бергендер Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматына келип, Азирети Муъааз (разияллааху анху)дан карыз алып берүүнү суранышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) а дегенде карызды кечирилүүсүн сунуш кылганда, сурап келгендердин айрымдары карыздырын кечирип жиберишкен. Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху)нун кыймылсыз мүлкүн алардын ортосунда бөлүп берген. Бирок, ошондо дагы карыз толугу менен төлөнбөй калган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Муъааз (разияллааху анху)ну Куран жана динди үйрөтүү үчүн өкүл жана казы кылып Йеменге жөнөткөндө ага бирөө сага кандайдыр бир белекти берсе, кабыл ала бергин деп уруксат берген. Ал учурда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Муъааз (разияллааху анху)га экөөбүз кайра жолугушпай да калышыбыз мүмкүн деген божомолун билдирген. Муну угуп, Муъааз (разияллааху анху) ыйлап жиберген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдардын арасындагы такыбалар, алар ким гана жана кайда гана болбосун, мага эӊ жакын деп айткан. Йемендеги зекет жыйноочу кызматкерлер зекетти чогултуп, Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)га жөнөтүшчү. Сүйүктүү Пайагмбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Муъааз (разияллааху анху)га адамдардын орто таптагы байлыгынан садака алуу жана адилетсиздикке кабылган адамдын тетири дубасынан сактанууга баса белгилеп насаат кылган.

Ал (разияллааху анху) бутунан аксап жүргөндүктөн, Йеменге барып, намазда имамчылык кылганда, өз бутун жайып жиберген. Муну көргөн эл дагы ушундай жол менен буттарын жайып коюшкан. Намаздан кийин Азирети Муъааз (разияллааху анху) адамдардын баш ийүү рухун мактап, өзүнүн айласы жоктугун айтып, бул амалдын Пайгамбар сүннөтү эместигин түшүндүргөн. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын уруксаты менен белектерди кабыл алган жана Аллах Тааланын мал-мүлкү менен соода иштерин кылган биринчи адам болгон.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көз жумгандан кийин Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Бакр (разияллааху анху)га Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) Муъааз (разияллааху анху)га берген уруксаттын азыр кереги жок, ошон үчүн ал (разияллаху анху)ну чакырып алыңыз деп айткан. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) берген уруксатты жокко чыгарууну туура көргөн эмес. Ошентип, ажылык учурунда Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Муъааз (разияллааху анху) менен жолугушканда, ал (разияллааху анху) Муъааз (разияллаху анху)га жагдайды түшүндүргөн. Алгач Муъааз (разияллааху анху) баш тарткан, бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин Муъааз (разияллааху анху) түшүндө өзүнүн чөгүп жатканын жана Умар (разияллааху анху) аны куткарып жатканын көрөт. Натыйжада, ушул түштүн негизинде ал (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун сөзүнө макулдук берген.

Хузур-э-Анвар Азирети Муъааз (разияллааху анху)нун муктаждыгы кандырылмайынча Алла Тааланын дагы бул жакка көңүлүн бургузбагандыгы ушул жерде дагы бир жолу айкын болду. Карыздарынан кутулуп, молчулук пайда болгондон кийин Алла Таала Өзү эми белектер жана Байтул Маал[1]дан чыгымдар алууңа болбойт деп көңүлүн бургузган деди.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)ну Йеменге жөнөткөндө, андан: «Кандайдыр бир маселе келип түшкөндө, аны кандай чечесиң?» – деп сураган. Ал (разияллааху анху) Алланын китеби, андан соң Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтү, андан соң жеке Ижтихад[2]дын  жардамы менен чечем деп жооп берген. Ошондо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) буга кубанганын билдирген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Муъааз (разияллааху анху)га жыргал жашоодон алыс болуу, Алла Тааладан коркуу, оорулууларды зыярат кылуу, жесирлер жана кембагалдарга көмөк көрсөтүү жана адамдарга адептүүлүк менен мамиле жасоого насаат кылган.

Хузур-э-Анвар азыркы доордогу мусулмандардын абалынан мисал келтирип, МилаадунНабий[3]ди белгилөө үчүн эң негизгиси, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үлгүлүү жашоосун жана насааттарын аткаруу керек деди.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Йемен элине жазган өз катында, мен силерге өз адамдарымдын арасынан эң билимдүү жана ыймандуу адамды башкаруучу кылып дайындадым деп жазган. «Муснад Ахмад бин Ханбал» китебинин рабаяты боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)га Ширк[4]тан оолак болуу, ата-энеге моюн сунуу, парыз намаздарын атайылап таштабоо, ичкилик жана күнөөдөн алыс болуу, салгылашуу учурунда душмандан качпоо, чума оорусу сыяктуу илдет жайылган жерден чыкпоо, өз үй-бүлөсүнө мүмкүнчүлүгүнө жараша сарптоо жана аларга Алладан коркууга чакырып турууга насаат кылган.

Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) Хижранын 9-жылынан тартып 11-жылына чейин Йеменде жашаган. Бир жолу Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Муъааз (разияллааху анху)га төрт жүз динарды бир кызматчысы аркылуу жиберип, ага Муъааз (разияллааху анху)нун бул динар менен эмне кылганын көрүүгө баса белгилеп көрсөтмө берген. Ал (разияллааху анху) турган жеринен бардык динарларды бөлүшкөн. Ал (разияллааху анху)нун аялы биз дагы муктажбыз, бир азын үйдө дагы калтырып коюңуз деп суранганда, ал (разияллааху анху) калып калган эки динарды аялына ыргытып жиберген. Муну угуп, Азирети Умар (разияллааху анху) аябай кубанган. Бир жолу Азирети Умар (разияллааху анху) эгер менин өлүмүм жакындап, Абу Убайда бин Жаррах (разияллааху анху) да каза болгон болсо, анда мен Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)ну кийинки Халифа кылып дайындайм жана эгер менин Кудайым: «Эмне үчүн аны Халифа кылып дайындадың?» – деп сураса, мен Сенин Элчиң (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кыямат күнү ал аалымдардын алдында алып келинет дегенин уккан элем деп айтам деген.

Хижранын 15-жылы болгон «Ярмук» согушунда Маймананын бир бөлүгүн ал (разияллааху анху) жетектеген. Христиандардын чабуулу ушунчалык катуу болгон, мусулмандар туруштук бере албай калышкан. Ушул оор кырдаалда Муъааз (разияллааху анху) жана анын уулу чоң эрдик жана туруктуулукту көрсөткөн. Натыйжада, мусулмандар өздөрүнө келип, жеңиш мусулмандардын бешенесине жазылган.

Азирети Муъааз (разияллааху анху)нун эки аялы болгон. Ал экөөнүн ортосунда ушунчалык адилеттүүлүктү сактаган, бирөөсүнүкүндө болгондо, экинчисиникинен суу да иччү эмес. Эки аялы тең Сирияда жугуучу оорусунан улам каза болушкан. Экөө тең бир көргө коюлган. Сөөкттөрдү жерге берүү учурунда, ал (разияллааху анху) биринчи кезекте кимдин сөөгүн коюуну чечүү үчүн чүчүкулак тарткан.

Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)нун өлүмү жакындаганда, ал (разияллааху анху) ыйлай баштап, мен өлүмдүн кайгысы же дүйнөнү артыма калтыруу себебинен ыйлап жаткан жокмун, мен бейиш жана тозок деген эки топ болуп, мен кайсынысына өткөрүлөрүмдү билбегендигим үчүн гана ыйлап жатам деп айткан.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жакында Сирияга көчүп кетесиңер жана силер аркылуу колуңарга өтөт, бирок чыйкан жана безеткилерди жараткан бир оору силерге жуугат. Алла Таала ал (илдет) аркылуу адамдарга шейит даражасын тартуулап, алар жасаган амалдарын арылтат деп айткан. Ошентип, Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)нун манжасында чума бези пайда болгондо, ал (разияллааху анху) анын ордуна мага кызыл төө берилишин да жактырбайм деп айткан.

Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) ар кандай рабаяттар боюнча Хижранын 18-жылы, 33, 34 же 38 жаш курагында каза тапкан.

Хузур-э-Анвар кезектеги сөз кылына турган сахааба Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анху) деди. Ал (разияллааху анху) Ансаарлардын «Хазраж» уруусунун «Бану Салама» бутагынан болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Мединага көчкөн мезгилинде, ал кырк жашта болгон. Ал (разияллааху анху) белгилүү сахааба Азирети Жабир бин Абдулла (разияллааху анху)нун атасы болчу. Ал (разияллааху анху) «Байъат-э-Акаба Сания[5]га» катышкан. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дайындаган 12 башчынын бири болгон. Ал (разияллааху анху) «Ухуд» согушунда шейит болгон. Ал (разияллааху анху)нун Ислам динин кабыл алуу окуясы мындайча баяндалат: «Акабада» берилген экинчи байъат убадасынын учурунда мединалык чын ыкластуу адамдар Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жолугушуу үчүн тымызын барганда, алар Абдулла бин Амар (разияллааху анху)га: «Эй, Абу Жабир! Сиз биздин башчыларыбыз жана аксакалдарыбыздын бири экенсиз. Биз сиздин тозоктун отуну болушуңузду каалабайбыз дешкен. Ошентип, ал (разияллааху анху) Исламдын ушул чакыруусун кабыл алып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматына келип, «Акаба» жергесиндеги байъат антына кошулуп, Накийб (башчы) кылынып дайындалган.

Хузур-э-Анвар «Сийрат Хаатамун-Набиййин» аттуу китебинин негизинде, «Байъат-э-Акаба Сания» жөнүндө бир аз кеӊири айтып берет. Хижранын 13-жылынын Зул-Хижжа айында ажылыктын учурунда «Аус» жана «Хазраж» урууларынын жетимиш адамы Меккеде түндүн орто ченинде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматына барышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Аллахтын укуктары жана пенделеринин укуктары жөнүндө кыскача айтып берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) керек болгондо мен силерден кудум эле тууган-туушкандарыңарды коргогонуңар сыяктуу мени менен мамиле кылууңарды гана каалайм деп да айткан.

«Ухуд» согушунун учурунда Абдулла бин Убай бин Салуул чыккынчылык кылганда, Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анху) аны кепке тартып, түшүндүрүүгө аракет кылган.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын төртүнчү Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) Халифа болуп дайындалуудан эки же үч жыл мурун Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жалса Саланасында (жылдык жыйын) кайрылуу жасап, Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анху) жөнүндө сүйлөп жатып, Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анху)нун бир тууган эжеси, башкача айтканда, Амар бин Жумуух (разияллааху анху)нун аялы дагы өзүнүн бир тууган иниси сыяктуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйүүсүнө чөгүп кеткен болчу. Согушта күйөөсү, тууган иниси жана уулу шейит болушкан. Бирок, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аман-эсен экендиги деген кубанычы ушул кайгы-капалардын бардыгын жеңген деп айткан. Азирети Айша (разияллааху анхаа) мен Амар бин Жамуух (разияллааху анху)нун аялы Хинданы төөнүн тизгинин кармап, согуш талаасынан келе жатканын көрдүм. Мен согуш талаасынын ахвалы кандай болгонун сураганымда, ал Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) аман-эсен болгондон кийин баары жакшы деп жооп берген. Бул арада бир аз жүктөрү жүктөлгөн төөсүнө көзүм түштү. Мен: «Бул эмне?» – деп сурасам, ал менин күйөөм жана бир тууган инимдин сөөктөрү деп айткан деген.

Азирети Жабир (разияллааху анху) атасынын денесинин бир эле кездемелүү кепин менен жабылганын айтып берген. Ал (разияллааху анху)нун өңу кызыл, бою анчалык узун эмес, башынын алдыңкы бөлүгүндө чачы көп эмес эле. Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар ал (разияллааху анху) тууралуу калган пикирлер эмки жолу айтылып берилет деди. ИншаАлла!

٭…٭…٭

[1] Каржылык бөлүмү.

[2] Куран жана хадистерге таянып, меселени чечүү.

[3] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын туулаган күнү майрамы.

[4] Алланын жалгыздыгына шерик кошуу.

[5] «Акаба» жергесинде мединалык Ансаарлардын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын колуна берген экинчи байъат (анты).

Share via