Сахаабалар: Хилал бин Умаййа, Марарах бин Рабиъ, Утба бин Газван • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Сахаабалар: Хилал бин Умаййа, Марарах бин Рабиъ, Утба бин Газван

Ислам дин ыйман жума кутба пайгамбар сахаба мечит ибадат сыйынуу

Ыкыластуулук жана берилгендиктин сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Хилаал бин Умаййа, Азирети Мараарах бин Рабиъ жана Азирети Утба бин Газваан (разияллааху анхум)дун куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

2019-жылдын 13-декабрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

«Ал-Фазл» газетасынын (онлайн) жарыялануусу

II Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун уулу Мырза Хафийз Ахмад Сахиб маркумдун жубайы Урматтуу Саййида Танвийрул-Ислам айым жана Американын тургуну Урматтуу Хаажа Шукуурах Нурия айымдын каза болгондору тууралуу айтып, аларды жакшы сөздөр менен эскерип, алардын гайып жаназа намазын окутуусу

2019-жылдын 13-декабрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Саагир Махмуд Малик мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди: өткөн жума кутбасында мен Азирети Хилал бин Умаййа (разияллааху анху) жөнүндө сөз кылып жаткан элем жана ага байланыштуу Табуук казаты тууралуу да сөз болгон. Азирети Хилал (разияллааху анху) Табуук казатынан артта калган үч сахаабанын арасында болгон. Кудум ушундай өткөн жума кутбасында ал казат үчүн көрүлгөн даярдыктарга сахаабалар жасаган курмандыктары жана эки жүздүүлөрдүн кутумдары тууралуу да сөз болгон. Хузур-э-Анвар бүгүн да ошол эле теманы улантып, бир аз ой-пикирлерди айтып берем деди.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге барууга маани бербегендердин арасында Жадд бин Кайс аттуу адам да бар болчу. Ал киши аялдар жана үй-бүлөлүк иштерин шылтоо кылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын шылтоосун кабыл кылып, ага уруксат берген. Ошондо «Ат-Тавба» сүрөөсүнүн 49-аяты түшкөн:

Алардын арасында: «Мага уруксат бергин жана мени фитна-чагымчылыкка салбагын!» – дей тургандар дагы бар. Кулак салгыла! Алар фитна-чагымчылыкка түшүп калгандар. Албетте, тозок каапырларды ар тараптан курчап алуучу. (9:49)

Мединада Сувайлам аттуу яхудийдин үйү эки жүздүүлөрдүн кутумдарынын борбору болуп калган эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул жөнүндө кабардар болгондо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Аммар бин Яасир (разияллааху анху)ну ал жерге жөнөткөн. Ошондо эки жүздүүлөр Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, кечирим сурай башташкан. Мына ушундай жагдайда Алла Таала «Ат-Тавба» сүрөөсүнүн 64-аятын түшургөн, анда эки жүздүүлөрдүн биз тууралуу кандайдыр бир сүрөө түшпөсүн деген кооптонуусу жөнүндө сөз кылынган.

Табуук согушунан кайтаарда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабаларга Мединада ар бир сапарда жана ар бир өрөөндө силер менен бирге болгон кээ бир адамдар бар деп айткан. Сахаабалар сурашканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды алардын кандайдыр бир оорусу же шылтоосу кармап алган бирөөлөр деп айткан.

Кайтаарда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды тосуп алуу үчүн адамдар Медиананын тышында Саниятул-Вадааъ жерине келишкен жана кээ бир рабаяттарда ал кезде аялдар атайын тосуп алуучу ырларды ырдашып, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды тосуп алышкан деп кезигет. Сапардан кайтканда, а дегенде мечитке барып, эки рекет намазды аткаруу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтү болчу. Табууктан кайтаарда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Багымдат менен Пешиндин ортосунда Мединага кирген жана мечитке барып эки рекет намазды аткарган. Андан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мечитте эле отура берген жана адамдар анын алдына келип, согуштан артта калгандыгы үчүн өздөрүнүн шылтоолорун айта башташкан. Азирети Хилал бин Умаййа, Азирети Марарах бин Рабиъ жана Азирети Каъб бин Маалик эч кандай жалган шылтоону айтышкан эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир аз убакытка чейин ал сахаабаларга таарынып жүргөн жана ал кезде ал сахаабалар Алла Таалага тобо келтирип, кечирим сурап турушкан. А түгүл Алла Таала Курани Каримде алардын тобосун кабыл кылгандыгын жарыялаган.

Бүгүнкү кутба Хузур-э-Анвар сөз кылган экинчи сахааба Азирети Марарах бин Рабиъ (разияллааху анху) болгон. Азирети Марарах Ансаарлардын Аус уруусунун Бану Амар бин Ауф үй-бүлөсүнөн болгон. Сахих Бухарий жана Ахвали Сахааба аттуу китептерден маалым болгондой, ал (разияллааху анху) Бадр согушуна катышкан. Азирети Марарах Табуук казатына катыша албай калган үч Ансарий сахаабанын бири болгон. Хузур-э-Анвар буга байланыштуу Азирети Марарах (разияллааху анху) жөнүндө өзүнчө эч нерсе баян этилген жок деди. Азирети Каъб бин Маалик (разияллааху анху) жөнүндө эле кеӊири маалымат кезигет жана ал маалымат Азирети Хилал бин Умаййа (разияллааху анху)га байланыштуу өткөн жума кутбасында баян этилген.

Бүгүнкү кутба Хузур-э-Анвар сөз кылган үчүнчү сахааба Азирети Утба бин Газваан (разияллааху анху). Ал (разияллааху анху) Бану Науфал бин Абди Манааф уруусу менен дос болгон. Анын айтымында, мен Ислам динин кабыл алып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кошулган жетинчи адам элем. Ал (разияллааху анху) Эфиопияга хижрат кылган жана кийинчерээк Азирети Микдаад (разияллааху анху) менен чогуу Мединага көчүп келген.

Хузур-э-Анвар ал эки сахаабанын Мединага кылган хижрат окуясын кеӊири айтып берди. Рабиъ-ул-Аввал айында 2-хижра жылынын башында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн бир жакын тууганы Азирети Убайда бин Хаарис (разияллааху анху)нун жетекчилигинде алтымыш төө минген Мухаажирлерден турган бир топту каапырлардын жүрүш-турумунан кабар алганы жөнөткөн. Мединадан эки жүз чакырым аралыгында Тасниятул-Марах аттуу жерде ал топ Икарма бин Абу Жахлдын жетекчилигинде келген Курайш кошууну менен беттешкен. Каапырлардын кошуунунда эки жүз куралданган аскерлер бар болчу. Азирети Утба жана Азирети Микдаад экөө теӊ каапырлар кошуунуна катышып, Тасниятул-Марахка келип, учур тапканда мусулмандарга кошулуп кетишкен.

Хузур-э-Анвар Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху)нун «Сийрат Хаатамун-Набиййин» аттуу китебинин негизинде Жихад бис-Сайф[1]тын башталышы жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын коргонуу чаралары жөнүндө сөз кылган. Жихад бис-Сайфка берилген уруксат тууралуу эӊ биринчи аят 12-Сафар, 2-хижра жылы түшкөн. Тарых баракчаларынан маалым болгондой, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн эӊ мыкты саясий жөндөмдүүлүгү жана согуш тууралуу кыраакылыгы менен мусулмандарды каапырлардын жаманчылыгынан сактоо үчүн төрт түрдүү чараны көргөн.

А дегенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединанын айлана-чөйрөсүндөгү аймактарды коргоо үчүн өзү сапар тартып, айлана-чөйрөдөгү уруулар менен өз ара коопсуздук келишимдерин түзө баштаган.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) көргөн экинчи чарасы: Курайш жана алардын дос урууларынын жүрүм-турумуна көз салып туруу үчүн Мединанын тегерегине майда-барат аӊдоочу топторду жөнөтө баштаган.

Үчүнчү чара да ошол топторду жөнөтүүдө гана жашынган болчу. Ал мындай: ушул ыкмада көчүүгө күчү жетпеген жана Мекке каапырларынын кысымдарына кабылууга мажбур болгон жакыр жана алсыз мусулмандар Медина мусулмандарына келип кошулуу мүмкүнчүлүгүн тапсын.

Төртүнчү чара Меккеден Сирияга баруучу Курайштын соода кербендерин токтотуу үчүн көрүлгөн. Ал соода кербендерин токтотуу аябай зарыл болчу, себеби ал кербендер өтүп бара жаткан жер-жеринде мусулмандарга каршы кастык кылып турушчу. Андан тышкары, ал кербендер куралчан болчу, алардын Мединага жакын жерден өтүүсү коркунучтуу болчу. Үчүнчү нерсе бул: Курайштын күн кечирүүсү соода иштерине негизделген болчу. Аларды мыкаачылык иштеринен токтотуу жана элдешүүгө макул кылуунун эӊ ишенимдүү жана таасирдүү ыкмасы алардын соода жолдорун токтотуу гана болчу.

Азирети Утба жана анын эркиндикке чыгарылган кулу Хабааб Мединага көчүп келгенде, Кабаада Азирети Абдулла бин Салама Ужланий жана Мединада Азирети Ибаад бин Башардыкында жашашкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Утба менен Азирети Абу Дужаананы өз ара диний бир тууган кылган болчу. Хузур-э-Анвар Азирети Утба бин Газваан тууралуу кээ бир маалыматтарды ИншааАллах кийин айтып берем деди.

Кутбанын экинчи бөлүгүндө Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) күндөлүк «Ал-Фазл» газетасынын жүз жылга толгондугунда Лондондон анын онлайн версиясы башталганын жарыялады. «Ал-Фазл» газетасын Саййиднаа Азирети Мырза Баширдуддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1913-жылдын 18-июнунда Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын I Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху)нун уруксаты жана ак батасы менен жарыялаган. Пакистан мамлекети пайда болгондон кийин бир аз мөөнөткө Лахордон, анан кийинчерээк Рабвахтан чыгып турган. Анын сайты www.alfazlonline.org жана анда анын биринчи саны да бар. Ал сайтта Ал-Фазлдын маанилүүлүгү тууралуу өтө көп материал да бар. Ал газетага Алла Тааланын Сөздөрү, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистери, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын айткандары жана Ахмадий макалачылардын макалалары, ошондой эле башка маанилүү макалалар, диний ырлар ж.б. басылат. Ал газета твиттерде да болот жана анын андроид колдонмосу да даяр болуп калды.

Хузур-э-Анвар урду тилин түшүнгөн адамдарды ушул газетадан пайдаланууга чакырган, ошондой эле макалачылар жана акындарды ага калем менен жардам берүүгө да үндөгөн.

Андан кийин Хузур-э-Анвар эки маркум айымды жакшы сөздөр менен эстеп, алардын жаназаларын окутаарын жарыялады.

Биринчи сөз Азирети Мырза Башируддин Ахмад (разияллааху анху)нун уулу Мырза Хафийз Ахмад маркумдун жубайы Саййида Танвийрул-Ислам айым тууралуу болгон. Ал 7-декабрь күнү 91 жаш курагында каза болгон. Иннаа лиллаахи ва иннаа илайхи ражиъуун. Маркум айым Мир Абдуссалам мырзанын кызы, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын байыркы жана берилген сахаабасы Азирети Мир Хисаамуддин Сахибдин чөбүрөсү, ал эми Азирети Саййид Мир Хамид Шах Сахибдин небереси болгон. Азирети Мир Хисаамуддин Сахиб (разияллааху анху) 1839-жылы Сиалкотто жарык дүйнөгө келген. Ал (разияллааху анху) Сиалкот шаарынын улуу атактуу табиби болчу. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Сиалкот шаарында жашаган күндөрүндө анын үйүнүн бир бөлүгүндө да жашаган.

Маркум Танвийрул-Ислам айым 1928-жылы Сиалкотто төрөлгөн. Ал 1948-жылдын январында Мырза Хафийз Ахмад Сахибге турмушка чыккан. 1956-жылдан 2008-жылга чейин ар кандай убакыттарда чамалуу 48 жылга Лажнанын Борбордук Көргөзмө Катчысы катары кызмат кылуу мүкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)ну аябай жакшы көрчү. Тахажжуд намазына аябай көӊүл бурчу. Алла Таала аны кечирсин жана анын даражаларын жогорулатсын. Аамийн

Экинчи сөз Американын тургуну Хажа Шукура Нурия айым тууралуу болгон. Ал биринчи декабарь күнү каза болгон. Иннаа лиллаахи ва иннаа илайхи ражиъуун. Ал 1927-жылы жарык дүйнөгө келген. Биринчи жолу урматтуу Мир Махмуд Ахмад Насир аркылуу Ахмадият менен таанышкан. 1979-жылы ал киши түшүндө Курани Каримдин бир нускасын жана күбөлүк келимесин көргөн. Натыйжасында, Ислам Ахмадиянын чыныгы дин экенине ишенип, анан Байъат берген. 1995-жылы маркум айым ажылык зыяратына баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Маркум айым ар кандай Жамаат кызматтарын аткаруу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болгон. Ал хижабга аябай көӊүл буруучу жана кутбаларды кунт коюп угуучу аял болчу.

Хузур-э-Анвар Алла Таала аны кечирип, ага ырайым кылсын, анын даражаларын жогорулатсын, ошондой эле кызмат кылууга шыктуу, берилген дагы башка адамдарды да Жамаатыбызга тартууласын деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

[1] Кылыч менен күрөшүү дегенди билдирет.

Share via