Азирети Али, Айша, Талха, Зубайр, Амир Муавия (разияллааху анхум)
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу Халифасы жана күйөө баласы, Азирети Али (разияллааху анху)нун асыл сапаттарын эскерүү

♦Азирети Али (разияллаху анху) Азирети Зубайр (разияллаху анху)га: «Силер мени менен согушуу үчүн кошуунду даярдадыңар, бирок Алланын алдында коюу үчүн кандайдыр бир шылтоону да даярдадыңарбы? Эмнеге силер жанталашып кызмат кылып келген Исламыңарды ѳз колуңар менен жок кылууга аракет кылып жатасыңар?» – деп айткан.

♦Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу Халифа-э-Раашиди, күйөө баласы Абу Турааб Азирети Али ал-Муртазаа (разияллаху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны.

♦«Жамал» согушу, «Сиффийн» согушу жана «Нахраваан» согушунда туш келген ахвалдар жана окуялардын баяны.

Тарбия үчүн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын китептерин окуу менен бирге «МТА» телеканалы менен байланышта болуу да зарыл жана Халифат менен алакаңар калыптанып, күчөп жана ѳркүндѳй берүүсү үчүн айрыкча жума кутбаларымды «МТА» телеканалы аркылуу угуп тургула.

Пакистанда жашап жаткан Ахмадийлер Нафл намаздары жана дубага өзгөчө басым жасоолору керек. Бул дубалардаرَبِّ کُلُّ شَیْءٍ خَادِمُکَ رَبِّ فَاحْفَظْنِیْ وَانْصُرْنِیْ وَارْحَمْنِیْ[1]деген дубаны көп окугула.اَللّٰھُمَّ اِنَّا نَجْعَلُکَ فِیْ نُحُوْرِھِمْ وَنَعُوْذُ بِکَ مِنْ شُرُوْرِھِمْ[2]деген дубаны да көп окугула. Истигфаар[3]га да көңүл бургула. Дуруд жана Салаваатка да көңүл бургула. Нафл намаздарын да аткаргыла. Алла Таала аларга күч-кубат берсин жана тез арада ал жердеги ахвалдарды да жөнгө салсын. Аамийн

Синдх облусуна караштуу Хайрпурдун  тургуну урматтуу Аббас бин Абдул Кадир Сахиб Шахид мырзанын жубайы урматтуу Хумда Аббас айым, Ирактын тургуну Ризван Саййид Наъимий мырза, Саргодха районуна караштуу Хажка айылынын тургуну урматтуу Малик Али Мухаммад мырза, Лахор шаарынын тургуну Эхсан Ахмад мырза жана урматтуу Рыязуддин Шамс мырза деген беш маркумду эскерүү жана гайып жаназа намаздарын окуу.

♦Алжирдеги эки сот тарабынан жок жерден айып тагылган көптөгөн Ахмадий мусулмандардын акталышы.

♦Пакистанда жашап жаткан Ахмадий мусулмандарды Нафл намаздарын окуу жана дубалар суроого чакыруу.

2020-жылдын 25-декабрында , башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 25-Фатх күнү Азирети Мырза Масрур Ахмад Халифатул Масийх ал-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасы

Жума кутбасы жана Ал-Фатиха сүрөөсү

Өткөн (жума) кутбасында Азирети Усман (разияллаху анху)нун шейит болгондугу жана козголоңчулар жѳнүндѳ айтылган. Бул тууралуу Азирети Али (разияллаху анху) кандай иш-аракеттерди жасаган же мындан ары келе турган Азирети Али (разияллаху анху)нун окуялары жөнүндө Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллаху анху) маанилүү бир жагдайга кѳңүлүбүздү бургузуп жатып, мындай деп айтат:

«Силер дагы сахаабаларга окшош болгондуктан, мен силерге мусулмандардын кандайча ойрон болгондугу жана алардын кыйрашына эмне себептер болгонун тарых баракчаларынан айтып бергим келет. Демек, силер этият болгула жана ѳзүңѳргѳ жаңы кошулгандардын таалим-тарбиясы үчүн шарттарды түзүп бергиле». Башкача айтканда, тарбиясы туура болушу керек жана аларга диний таалим беришиӊер керек. «Азирети Усман (разияллаху анху) убагында кѳтѳрүлгѳн фитна-чагымчылык сахаабалар тарабынан чыккан эмес. Аны сахаабалар чыгарышкан дегендер алданып калышкан. Азирети Али (разияллаху анху)га каршы да, Азирети Муавия (разияллаху анху)га каршы да кѳптѳгѳн сахаабалардын тураганына шек-күмѳн жок. Бирок, мен бул фитнанын негиздѳѳчүлѳрү сахаабалар эмес, тескерисинче, кийинчерээк келген жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ав саллам)дын жанында жүрүү насип этилбеген жана ал (саллаллааху алайхи ав саллам)дын жанында отурбаган адамдар болушкан деп айтам. Демек, мен силердин кѳңүлүңѳрдү бул нерсеге буруп, азгырыктардан сактануунун төмөнкүдөй жолун кѳрсѳтмѳкчүмүн: силер ыйманыңардын улам жаӊыланып турушу жана Аллахтан коркууӊардын өсүп турушу үчүн Кадиянга көп-көп жана кайра-кайра келип тургула». (Ал убакта ал (разияллаху анху) Кадиянда болчу).

(Анваар-э-Хилаафат, Анварул-Улуум, 3-том, 171-бет)

Башкача айтканда, силер (Жамаат) борбору жана Халифат менен тыгыз байланышта болгула. Ушундай болгондо гана туура жол менен тарбияланасыңар. Азыркы мезгилде Алла Таала бизге «МТА» телеканалын берген. Кутбалар дүйнѳ жүзү боюнча угулат, кѳрсѳтүлѳт жана угузулат. Башка программалар да кѳрсѳтүлѳт жана угузулат. Ошондуктан, тарбия үчүн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын китептерин окуу менен бирге «МТА» телеканалы менен байланышта болуу да зарыл. Ошентип, Халифат менен алакаңар калыптанып, күчөп жана ѳркүндѳй берүү үчүн айрыкча жума кутбаларымды «МТА» телеканалы аркылуу угуп тургула.

«Жамал» согушундагы окуя жөнүндө рабаятта мындай деп кезигет: «Жамал» согушу Азирети Али (разияллаху анху) менен Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын ортосунда Хижранын 36-жылы болгон. Азирети Айша (разияллаху анхаа) менен бирге Азирети Талха (разияллаху анху) жана Азирети Зубайр (разияллаху анху) дагы болушкан. Азирети Айша (разияллаху анхаа) согуш талаасында бир тѳѳ минип жүргѳндүктѳн, ал «Жамал» согушу наамы менен белгилүү. Азирети Айша (разияллаху анхаа) ажылык ибадатын аткаруу үчүн Меккеге барган болчу. Ал ошол жерде жүргѳн мезгилде эле Азирети Усман (разияллаху анху)нун шейит болгондугу тууралуу кабар келген. Умра ибадатын аткарып Мединага кайтып бара жаткан жолдо, «Сарф» жергесинде Убайд бин Абу Салма Азирети Усман (разияллаху анху)нун шейит кылынгандыгы, Азирети Али (разияллаху анху)нун Халифа болуп шайлангандыгы жана Мединада фитна-чагымчылык өкүм сүрүп жаткандыгы жөнүндө кабар берген. Ошентип, Азирети Айша (разияллаху анхаа) жолдон эле Меккеге кайтып келип, Азирети Усман (разияллаху анху) үчүн ѳч алуу жана фитна-чагымчылыкты жоюу үчүн адамдарды чогулткан. Азирети Айша (разияллаху анхаа), Азирети Талха (разияллаху анху) жана Азирети Зубайр (разияллаху анху)нун жетекчилиги астында кѳптѳгѳн адамдар чогулушкан. Чогулган кербен ал жерден Басрага карай жѳнѳп кетет. Азирети Али (разияллаху анху) дагы бул кербендин ошол жакка кетип бара жаткандыгын билип, Басраны көздөй бет алган. Басра шаарына жетип барып, Азирети Айша (разияллаху анхаа) шаар тургундарын ѳзүнѳ кошулууга чакырган. Шаар тургундарынын басымдуу бѳлүгү Азирети Айша (разияллаху анхаа)га кошулушкан, бирок бир топ адамдар Азирети Али (разияллаху анху) дайындаган Басра акими, Усман бин Ханайфтын колуна байъат беришкен. Бул арада эки топтун ортосунда кагылышуулар да болгон. Азирети Али (разияллаху анху)нун кошууну ал жакка барып, Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын кошуунунун жанында жайгашкан. Эки тараптан тең элдешүү аракеттери жүргүзүлүп, өз ара сүйлѳшүүлѳр ийгиликтүү да болуп калган болчу, бирок түнкүсүн Азирети Усман (разияллаху анху)ну шейит кылууга катышкандардын айрымдары Азирети Али (разияллаху анху)нун кошуунуна да кошулушкан болчу, алар Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын кошуунуна чабуул жасашып, натыйжада согуш башталып кеткен. Азирети Айша тѳѳ минип жүргѳн болчу. Өз жанын аябаган жоокерлер биринин артынан бири тѳѳнүн ооздугунан кармап, шейит боло беришкен. Азирети Али (разияллаху анху) Азирети Айша (разияллаху анхаа) тѳѳдѳ отура бергенде согуш бүтпѳй тургандыгын түшүнгөн. Ошондуктан, ал (разияллаху анху) ѳз жоокерлерине бул тѳѳнү кандай гана болбосун, жыгылтуу керектигин, анткени согуштун аякташы анын кулашына байланыштуу деп буюрган. Ошондо, бир жоокер алдыга чыгып, тѳѳнүн бутун кылыч менен чапканда, ал бакырып, чөгөлөп отуруп калган. Азирети Али (разияллаху анху)нун кошууну тѳѳнү тѳрт тарабынан курчап алган. Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын тѳѳсү кулаганда, «Жамал» ээлери тарап кетишкен. Андан кийин Азирети Али (разияллаху анху) кимде-ким курал-жарагын таштаса же үйүнүн эшигин жаап алса, ага аманчылык болот, бирѳѳ дагы куугунтукка алынбайт, эч кимдин мүлкү олжо деп эсептелинип, тартылып алынбайт деп жарыялаган. Азирети Али (разияллаху анху)нун кошууну жогорудагы буйрукту аткарышкан. Азирети Зубайр бин Аваам (разияллаху анху) менен Азирети Талха (разияллаху анху) ушул эле согушта шейит болушкан».

(Али Ибн ал-Асийр: Ал-Каамил фит-Тарых, 3-том, 99-149-беттер, Даар ал-Кутуб ал-Илмия, Бейрут, Ливан, 2003)

Бул маалыматтын бир бѳлүгү Ибни Асийр жазган тарых китебинен кыскартылып алынды.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын экинчи Халифасы (разияллаху анху) бул тууралуу мындай деп айтат:

«Азирети Усман (разияллаху анху)ну ѳлтүргөнгѳ катышкан адамдардын бир тобу Азирети Айша (разияллаху анхаа)ны Азирети Усман (разияллаху анху)нун каны үчүн ѳч алуу жихадын жарыялоо керек экендигине көндүрүшкөн. Ошентип, ал (разияллаху анхаа) ушуну (жихад) жарыялап, сахаабалар (разияллаху анхум)ду кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ чакырган. Азирети Талха (разияллаху анху) менен Азирети Зубайр (разияллаху анху) дагы ага кошулуп кетишкен. Натыйжада, Азирети Али (разияллаху анху)нун кошууну менен Азирети Айша (разияллаху анхаа), Азирети Талха (разияллаху анху) жана Азирети Зубайр (разияллаху анху)нун кошуунунун ортосунда согуш болгон. (Тактап айтканда, Азирети Талха (разияллаху анху) менен Азирети Зубайр (разияллаху анху) Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын кошуунунда болушкан. Азирети Али (разияллаху анху)нун кошууну менен Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын негизги кошуунунун ортосунда согуш болгон). Ал согуш «Жамал» согушу деп аталат. Бул согуштун башталышында эле Азирети Зубайр (разияллаху анху) Азирети Али (разияллаху анху)дан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айткан бир алдын-ала кабарды угуп, согуштан бѳлүнүп кетип, Азирети Али (разияллаху анху) менен салгылашпоого касам ичип, ѳз катасын моюнуна алган. Экинчи тарапта, Азирети Талха (разияллаху анху) да ѳз ажалынан мурун Азирети Али (разияллаху анху)нун байаътынын ичинде болгондугун моюнуна алган. (Ѳткѳн кутбада дагы бул тууралуу айтылган). Анткени, рабаяттарда кезиккендей, ал катуу жарадар болуп калгандыктан, ѳтѳ кыйналып жатканда, бир адам анын жанынан ѳтүп бараткан. Ал (разияллаху анху) андан кайсы топтон экендигин сураганда, ал мен Азирети Али (разияллаху анху)нун тобунанмын деп жооп берген. Ошондо, ал (разияллаху анху) ѳз колун анын колуна коюп, сенин колуң Али (разияллаху анху)нун колу, мен сенин колуңда дагы бир жолу Азирети Али (разияллаху анху)га байъат берем деп айткан. Кыскасы, калган сахаабалардын пикир келишпестиктери «Жамал» согушунун учурунда эле чечилген, бирок Азирети Муавия (разияллаху анху)нун пикир келишпестиги дагы эле уланып, натыйжада «Сиффийн» согушу болгон».

(Хилаафат-э-Раашида, Анваарул-Улуум, 15-том, 485-486-беттер)

Азирети Халифатул Масийх ас-Сааний (разияллаху анху) мындай деп айтат:

«Азирети Усман (разияллаху анху)ну ѳлтүргѳн топтор ар кайсы тарапка чачырап кетишкен жана ѳздѳрүн айыптоодон куткаруу үчүн башкаларды күнѳѳлѳшкөн. Алар Азирети Али (разияллаху анху)нун мусулмандардан байъат алганын билишкенде, ал (разияллаху анху)ну айыптоого ыӊгайлуу мүмкүнчүлүк табышкан жана Азирети Усман (разияллаху анху)ну ѳлтүргөндөрдүн айрымдарынын ал (разияллаху анху)нун тегерегине топтолгону да чын болчу. Ошондон улам, алар ал (разияллаху анху)ну айыптоого ыӊгайлуу мүмкүнчүлүк табышкан. Демек, алардын арасынан Меккеге барган топ Азирети Айша (разияллаху анхаа)ны Азирети Усман (разияллаху анху)нун каны үчүн ѳч алуу жихадын жарыялоого көндүрүшкөн. Ошентип, ал (разияллаху анхаа) аны (жихад) жарыялап, сахаабалар (разияллаху анхум)ду ѳз жардамына чакырган. Азирети Талха (разияллаху анху) менен Азирети Зубайр (разияллаху анху) Азирети Али (разияллаху анху)га «Азирети Усман (разияллаху анху)ну ѳлтүргѳндѳрдѳн тезирээк ѳч алуу» деген шарт менен байъат беришкен. Алар «тезирээк» сѳзүнөн түшүнүшкөн мааниси Азирети Али (разияллаху анху)нун назарында даанышмандуулукка дал келбеген болчу. (Азирети Али (разияллаху анху) макул бодгон, бирок) бардык облустарды тартипке салуу керектигин жана ахвал ѳзүнѳ келгенден кийин ѳлтүргѳндѳрдү жазалоого кѳңүл буруу керек экендигин ойлогон. Анткени, биринчи орунда Ислам динин коргоо үчүн кам көрүш керек болчу. Ѳлтүргѳндѳрдү жазалоо маселесинин кечигип калуусунун (Ислам динине) эч кандай зыяны жок болчу. Өлтүргүчтѳрдү аныктоо жаатында дагы пикир келишпестиктер бар болчу. (Азирети Усман (разияллаху анху)ну өлтүргөндөр) кайгырган адам болушуп, баарынан да мурун Азирети Али (разияллаху анху)га барып, Ислам дининде бѳлүнүп-жаруу коркунучун бар экенин билдиргендиктеринен, Азирети Али (разияллаху анху) алар бузукулуктун негиздѳѳчүсү деп шек санаган эмес, ал эми башка адамдар алардан күмѳн санашкан. (Азирети Али (разияллаху анху) алардан күмѳн саначу эмес, бирок кээ бир башка адамдар алардан күмѳн санашчу). Ушул пикир келишпестиктен улам, Талха (разияллаху анху) менен Зубайр (разияллаху анху) Азирети Али (разияллаху анху) ѳз убадасынан артка кайтып жатат деп ойлошкон. Анткени, алар бир шарт менен байъат беришкен жана алардын пикири боюнча Азирети Али (разияллаху анху) ал шартты аткарган эмес, ошон үчүн алар шариъат жагынан ѳздѳрүн байъат жоопкерчилиген бошогон деп эсептешкен. Анан Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын кулактандыруусу аларга жеткенде, алар да ага кошулуп, Басраны көздөй чогуу жѳнѳшкөн. Басрада (шаар) акими элди алар менен жолугушууга жол берген эмес, бирок адамдар Талха (разияллаху анху) менен Зубайр (разияллаху анху)нун мажбур болуп, аргасыздык жана шарттуу түрдѳ Азирети Али (разияллаху анху)га байъат беришкендигин билгенден кийин, адамдардын кѳпчүлүгү ал ((разияллаху анхаа)га кошулуп кетишкен. Азирети Али (разияллаху анху)га ушул кошуун жөнүндө кабар түшкѳндѳ, ал (разияллаху анху) да бир кошуунду даярдап, Басраны кѳздѳй жѳнѳгөн. Басрага жетип баргандан кийин, ал (разияллаху анху) бир адамды Азирети Айша (разияллаху анхаа), Азирети Талха (разияллаху анху) жана Азирети Зубайр (разияллаху анху)га жиберген. Ал киши алгач Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын алдына келип: «Силердин ой-ниетиӊер кандай?» – деп сураган. Ал (разияллаху анхаа): «Биз оңолууну гана каалайбыз», – деп жооп кайтарган. Андан кийин ал киши Азирети Талха (разияллаху анху) менен Азирети Зубайр (разияллаху анху)ну чакыртып, алардан: «Силер дагы ушул эле максатта согушка даяр болдуңарбы?» – деп сураган. Алар: «Ооба!» – деп жооп кайтарышкан. (Башкача айтканда, оңолууну гана каалайбыз). Ал киши мындай деген: «Эгер силер оңолууну кааласаӊар, анда силер тандаган жолуӊар ага дал келбейт. Ал баш аламандыкты гана жаратат. Ѳлкѳдѳгү азыркы кырдаал ушундай, эгер бир адамды ѳлтүрсѳңѳр, миңдеген адамдар аны колдоп чыгышат. Алар менен күрѳшѳ турган болсоӊор, андан да кѳп адамдар аларга жардам берүү үчүн чыгышат. (Бул нерсе эч токтобой улана берет). Демек, оңолуу үчүн биринчиден ѳлкѳнү ынтымак жана биримдиктин жибине байлап, андан кийин козголоӊчуларды жазалоо керек. Антпесе, ушул баш аламандыкта кимдир бирѳѳнү жазалоо – бул ѳлкѳдѳ фитна-чагымчылыкка жол ачуу – деген. А дегенде ѳкмѳт түзүлүп, ал ѳзү жазалайт. (Башкача айтканда, бийлик орногондон кийин, ал бийлик өзү жаза берет). Бул сөздөрдү угуп, алар: «Эгер Азирети Али (разияллаху анху)нун ушул эле максаты болсо, анда ал келсин, биз аны менен жолугушууга даярбыз», дешкен. Ошондо, ал киши Азирети Али (разияллаху анху)га кабар берип, эки тараптын өкүлдөрү өз ара жолугушуп, «согушуу дурус эмес, элдешүү керек» деген чечимге келишкен. Бул кабар Сабаиларга, (башкача айтканда, Азирети Усман (разияллаху анху)нун киши колдуу болгонуна катышкан Абдулла бин Сабанын жамаатына) жеткенде, алар коркуп кетишет жана алардын бир тобу кеңешүү үчүн жашыруун жолугушат. Кеңешкенден кийин алар мындай дешкен: «Мусулмандардын жарашуусу биз үчүн ѳтѳ зыяндуу болот. Мусулмандар ѳз ара согуша беришкенде гана биз Азирети Усман (разияллаху анху)нун киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жазасынан кутула алабыз. Эгерде жарашуудан кийин тынчтык болуп калса, анда бара турган жерибиз калбай калат. (Кача турган жерди эч таба албайбыз). Ошондуктан, кандай гана болбосун, тынчтыкка эч жол берилбеши керек деген чечимге келишет. Бул арада Азирети Али (разияллаху анху) да жетип барат жана (ал жерге) келгенден кийин эртеси күнү ал (разияллаху анху) менен Азирети Зубайр (разияллаху анху)нун жолугушуусу болуп ѳтөт. Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Али (разияллаху анху): «Силер мени менен согушуу үчүн кошуунду даярдадыңар, бирок Алланын алдында коюу үчүн кандайдыр бир шылтоону да даярдадыңарбы? Эмнеге силер ушунчалык чоӊ курманчылык кылып, кызмат кылып келген Исламыңарды ѳз колуңар менен жок кылууга аракет кылып жатасыңар? Мен силердин тууганыңар эмесминби? Эмне үчүн мурун бири-биринин канын төгүү арам деп эсептелинип, эми адал болуп калды? Эгер (мен Исламга) кандайдыр бир жаңылык киргизген болсом, анда башка кеп эле. Кандайдыр бир жаңы нерсе да киргизилбегенден кийин ушул күрөшүүнүн эмне себеби бар?» – деп сураган. Ошондо, Азирети Зубайр (разияллаху анху)нун жанында болгон Азирети Талха (разияллаху анху): «Сиз Азирети Усман (разияллаху анху)ну ѳлтүрүүгѳ элди тукургансыз», – деп айткан. Азирети Али (разияллаху анху): «Мен Азирети Усман (разияллаху анху)ну өлтүргөнгө катышкан адамдарга наалат айтам», – деген. Андан кийин Азирети Али (разияллаху анху) Азирети Зубайр (разияллаху анху)га кайрылып: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Аллага касам! Сен Али менен согушасың жана сен залимдерден болосуң», – дегени эсиңиздеби?» – деп сураган. Бул сөздөрдү угуп, Азирети Зубайр (разияллаху анху) ѳз кошуунуна кайтып келип, Азирети Али (разияллаху анху) менен эч качан согушпоосу тууралуу касам ичкен жана ѳз чечиминде жаңылышканын моюнуна алган. Кошуунда бул кабар тараганда, бардыгы: «Эми согуш болбойт, тескерисинче жарашуу болот», – деп сүйүнүшкөн. Бирок, баш аламандыкты кѳтѳрүүчүлѳр катуу тынчсыздана башташкан. (Баш аламандыкты жарата тургандардын тынчсызданганы табигый нерсе). Алар тынчсыздана башташкан жана түн киргенде, жарашууга тоскоолдук кылуу үчүн төмөнкүдөй бир иш-планды түзүшкөн: Алардын арасынан Азирети Али (разияллаху анху)нун кошуунуна кошулгандар Азирети Айша, Азирети Талха жана Азирети Зубайр (разияллаху анхум)дун кошуунуна түнкүсүн кол салышкан. Ал эми экинчи кошуундагылар, (башкача айтканда, Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын кошуунуна кошулган чагымчылар) Азирети Али (разияллаху анху)нун кошуунуна кол салышкан. (Эки жүздүүлѳр эки жакка, Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын кошуунуна жана Азирети Али (разияллаху анху)нун кошуунуна бѳлүнүп кошулушкан болчу). Экѳѳ теӊ бири-бирине кол салышкан. (Ѳз ара салгылашкан эмес, кошуунга кол салышкан). Натыйжада, ызы-чуу кѳтѳрүлүп, ар бир тарап: «Башка тарап бизди алдап кетти», – деп ойлошкон. Чындыгында, бул бир гана сабайлардын планы болчу. Согуш башталганда, Азирети Али (разияллаху анху) бирѳѳ Азирети Айша (разияллаху анхаа)га ушул ахвалды жеткирип барсын. Балким, Алла Таала ал (разияллаху анхаа) аркылуу бул чагымчылыкты токтотоор деп кыйкырган. Ошентип, (баш аламандыкты токтотуу үчүн) Азирети Айша (разияллаху анхаа)ны тѳѳсү менен алдыга келтиришкен, бирок натыйжасы андан да коркунучтуураак болгон. Чагымчылар өздөрүнүн иш-планынын тетире болуп баратканын кѳрүп, Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын тѳѳсүн кѳздѳй жаа ата башташкан. Азирети Айша (разияллаху анхаа): «Эй, адамдар! Согушту токтоткула, Кудай жана кыямат күнүн эстегиле», – деп катуу кыйкыра баштаган. Бирок, чагымчылар укпастан, тѳѳгѳ жаа ата беришкен. Басранын тургундары Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын айланасында топтолгон кошуун менен бирге болушкан болчу, алар бул ахвалды кѳрүп, аябай ачууланышкан жана Уммул-Му′минийн[4]дин абийирине акаарат келтирилип жатканын көрүп, ачууланышып, кылычтарын сууруп чыгышып, каршы турган кошуунга кол салышкан. Ошондо, Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын тѳѳсү согуштун чордонуна айланып калат. Анын жанына сахаабалар жана кайраттуу жоокерлер чогулушуп, биринин артынан бири ѳлтүрүлѳ баштаган, бирок алар тѳѳ тизгинин колдон чыгарышкан эмес. Азирети Зубайр (разияллаху анху) согушка катышпай, бир тарапка кетип калган. Бирок, бактысыз бир адам ал (разияллаху анху)нун артынан барып, намаз окуп жатканында, аны шейит кылган. Азирети Талха (разияллаху анху) согуш талаасында ээнбашчылардын колунан ѳлтүрүлгөн. Согуш күчѳп кеткенде, Азирети Айша (разияллаху анхаа) ортодон чыгарылмайынча, согуш токтобой тургандыгын кѳргѳн адамдардын кээ бирлери тѳѳнүн буттарын кесип, тѳѳнүн жамынычын чечип, жерге коюшкан, ошондо гана согуш токтогон. Бул окуяны кѳрүп, Азирети Али (разияллаху анху)нун жүзү ачуулангандан кызарып кеткен. Бирок, болуп ѳткѳн окуяны болтурбай коюуга эч нерсе кыла албай калган. Согуш аяктаганда, өлтүрүлгөндөрдүн арасынан Азирети Талха (разияллаху анху)нун сөөгү табылганда, Азирети Али (разияллаху анху) катуу кайгырган. Ушул окуялардын баарынан сахаабалардын бул согушка такыр тиешеси жоктугу, бирок бул ээнбаштык да Азирети Усман (разияллаху анху)ну ѳлтүргөндөр эле кылгандыгы жана Азирети Талха менен Азирети Зубайр (разияллаху анхумаа)нын Азирети Али (разияллаху анху)нун байъатынын ичинде эле болуп кѳз жумгандыгы белгилүү болот. Анткени, алар ѳз ой-ниеттеринен кайтып, Азирети Али (разияллаху анху)ну колдоо чечимине келишкен, бирок кээ бир ээнбашчылардын колунан ѳлтүрүлгѳн. Азирети Али (разияллаху анху) аларды ѳлтүргөндѳргѳ наалат айткан».

(Анваар-э-Хилаафат, Анваарул-Улуум, 3-том, 198-201-беттер)

«Жамал» согушу бүткѳндѳн кийин Азирети Али (разияллаху анху) Азирети Айша (разияллаху анхаа) үчүн унаа жана жол каражаттарын камдап, Азирети Айша (разияллаху анхаа) жана ал (разияллаху анхаа) менен чогуу барууну каалагандарды ѳзү чыгып узаткан. Азирети Айша (разияллаху анхаа) кетмекчи болгон күнү Азирети Али (разияллаху анху) Азирети Айша (разияллаху анхаа)нын жанына келип, ага таазим кылган. Бардык адамдардын кѳзүнчѳ Азирети Айша (разияллаху анхаа) элдин алдына чыгып: «Эй, менин уулдарым! Биз (бири-бирибизди) кыйнап жана акысыздык кылып, бири-бирибизди капа кылдык. Келечекте ушул пикир келишпестиктерибиздин айынан эч бир адам башка бирѳѳгѳ адилетсиздик кылбасын. Аллага касам! Али экѳѳбүздүн ортобузда башынан бери эркек адам менен кайын журтунун ортосунда болгондой пикир келишпестиктен башка эч кандай пикир келишпестик болгон эмес. (Башкача айтканда, майда-чүйдѳ пикир-келишпестиктер гана). Азирети Али (разияллаху анху) менин жакшылыктарымдын куралы», – деп айткан. Азирети Али (разияллаху анху): «Эй, адамдар! Азирети Айша жакшы жана туура сѳз айтты. Азирети Айша экѳѳбүздүн ортобузда ушул гана пикир-келишпестик болгон. Азирети Айша (разияллаху анхаа) ушул дүйнѳдѳ жана акыретте силердин Пайгамбарыӊар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык жубайы», – деп сүйлѳгөн. Азирети Али (разияллаху анху) Азирети Айша (разияллаху анхаа)ны узатуу үчүн бир топ чакырымдарга чейин чогуу барган. Азирети Али (разияллаху анху) ѳз уулдарына Азирети Айша (разияллаху анхаа) менен чогуу барып, бир күндѳн кийин кайтып келүүгѳ буюрган».

(Мухаммад Ибн Жарир ал-Табарий: Тарых ал-Табарий, 3-том, 60-61-беттер, Даар ул-Кутуб ал-Илмия», Бейрут, 1987 жыл)

Жогоруда мен окуган үзүндү «Табрий» китебинен алынган.

Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллаху анху) мындай деп айтат:

«Азирети Талха (разияллаху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кийин да жашаган. Азирети Усман (разияллаху анху) шейит болгондон кийин мусулмандардын ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, бир жамаат Азирети Усман (разияллаху анху)ну ѳлтүргөндѳрдѳн ѳч алуубуз керек», – дешкен, бул топтун башчылары Азирети Талха, Азирети Зубайр жана Азирети Айша (разияллаху анхум) эле. Экинчи топ болсо: «Азыр мусулмандар бѳлүнүп-жарууга кабылышкан, адамдын ѳлүмү адатта болгон бир нерсе. А дегенде, Ислам дининин салтанаты жана улуулугу орношу үчүн мусулмандарды бириктирүүбүз зарыл. Андан кийин биз (Азирети Усман (разияллаху анху)ну өлтүргөндөр)дөн ѳч алабыз», – дешкен. Бул топтун башчысы Азирети Али (разияллаху анху) болчу. Бул пикир келишпестик ушунча күчѳп кетип, Азирети Талха, Азирети Зубайр жана Азирети Айша (разияллаху анхум): «Али Азирети Усман (разияллаху анху)ну шейит кылгандарды баш калкалоону каалайт», – деп айыпташкан. Ал эми Азирети Али (разияллаху анху): «(Дароо ѳч алуу керек дегендер) ѳздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын Исламдан жогору коюшат. Алар Исламдын пайдасын кѳздөшпөйт», – деп айыптаган. Башкача айтканда, пикир келишпестик ѳз чегинен чыгып, ѳз ара согуш да башталып калган, мындай согушта Азирети Айша (разияллаху анхаа) кошуунду жетектеген. Ал (разияллаху анхаа) тѳѳ минип жүрүп, адамдарды башкарган. Азирети Талха менен Азирети Зубайр (разияллаху анхумаа) да бул согушка катышкан. Эки тараптын ортосунда согуш жүрүп жаткан кезде, бир сахааба Азирети Талха (разияллаху анху)нун жанына келип: «Эй, Талха! Бир учурда сиз экѳѳбүз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жыйнында отурганбызда, Сүйүктүү Пайагмбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Талха! Бир мезгил келип, сен бир кошуунда жана Али башка бир кошуунда болот, Али чындыкта болот, а сен туура эмес болосуӊ», – дегени эсиңиздеби?» – деп айткан. Азирети Талха (разияллаху анху) муну угуп, кѳздѳрү ачылып: «Ооба, ал сөздөр эсиме келди», – деп жооп берген жана ошол эле замат кошуундан бѳлүнүп чыгып кеткен. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сѳзүн аткаруу үчүн согуштан бѳлүнүп чыгып бара жатканда, Азирети Али (разияллаху анху)нун кошуунунан болгон бактысыз бир адам ал (разияллаху анху)нун артынан барып, канжар менен аны шейит кылып жиберген. Азирети Талха (разияллаху анху)ну ѳлтүргѳн адам «эми мага чоң сыйлык берилет» деген ой менен Азирети Али (разияллаху анху) отурган жерге чуркап барып: «Эй, Амирул-Му′миний! Сизге душманыңыздын ѳлтүрүлгѳндүгүнөн кабар берем», – деп айткан. Азирети Али (разияллаху анху): «Кайсы душман?» – деп сураганда, ал: «Эй, Амирул-Му′минийн! Мен Талханы ѳлтүрдүм», – деп жооп берген. Азирети Али (разияллаху анху) мындай деп айткан: «Эй, адам! Мен да сага Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атынан тозокко кирээриңди сүйүнчүлѳйм. Анткени, (бир жолу Талха экѳѳбүз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында отурганыбызда,) ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Талха! Сен бир жолу чындык жана адилеттүүлүк үчүн кордукту кѳрѳсүң жана сени тозокко кире турган бир адам ѳлтүрөт», – деп айткан».

(«Келечекте мал-мүлк жана жан қурмандыктарына катышкан коомдор гана сыйланышат», «Анваарул-Улуум», 21-том, 149-150-беттер)

Анан «Сиффийн» согушу болгон. Анын окуяларында төмөндөгүдөй деп жазылган: «Бул согуш Азирети Али (разияллаху анху) жана Азирети Амир Муавиянын ортосунда Хижранын 37-жылы болгон. «Сиффийн» – бул Сирия менен Ирактын ортосундагы бир жер. Азирети Али (разияллаху анху) Куфадан кошуунун алып жѳнѳп, «Сиффийн» жергесине жеткенде, Сириянын кошуунун Амир Муавиянын жетекчилиги астында эчак эле жайгашып алып, «Евфрат» дарыясынын жээгин ээлеп алгандыгын кѳргөн. Азирети Али (разияллаху анху) аларга: «Биз согушууга эмес, тескерисинче Амир Муавия менен көйгөйлөрдү чечүү үчүн келгенбиз», -деп ишендирген. Бирок, Амир Муавия элдешүүгѳ макул болгон эмес. Сириялык кошуун Азирети Али (разияллаху анху)нун кошуунун «Евфрат» дарыясынан суу алууга тыюу салган. Бул абалды көрүп, Азирети Али (разияллаху анху) ѳз аскерин (аларга) кол салууга буйрук берген. Ошентип, Азирети Али (разияллаху анху)нун аскерлери сириялык аскердин мизин кайтарып, ийгилик менен дарыяга жетип алышкан. Азирети Али (разияллаху анху) сириялыктарды «Евфрат» дарыясынан суу алууга ачык эле уруксат берген. Сириялыктар Азирети Али (разияллаху анху)га суу алуудан тыюу салган, бирок ал (разияллаху анху) дарыяны ээлеп алгандан кийин, суу алууга аларды тыйган эмес, тескерисинче уруксат берген. Амир Муавия Азирети Али (разияллаху анху)дан Азирети Усман (разияллаху анху)нун ѳлтүргүчтѳрүн аларга тапшыруусун катуу талап кылган. Бир жолу согуштун башталып калуу коркунучу пайда болуп калганда, эки тараптагы тынчтыкты орноштуруучулар аны токтотуп калышкан. Согуш 37-Хижранын Сафар айында башталган. Согушка чейин майда-барат согуштар болуп турган, бирок эки тарап тең согуштун кыйраткыч кесепеттеринен корккондуктан, согуштан алыс болууга аракет кылышкан. Тынчтыктын бардык мүмкүнчүлүктѳрүн сактап калуу үчүн эки тарап ыйык айларда убактылуу элдешүүгө макулдашкан, бирок бул иш-чара да ийгиликтүү болгон эмес. Ошентип, Сафар айынын башталышында кайрадан расмий түрдѳ согуш жарыяланган. Бир мѳѳнѳткѳ чейин согуш кандайдыр бир чечкиндүү жыйынтык бербегенден кийин Амир Муавиянын кайраттуулугу жоголо баштаган. Ушул кооптуу кырдаалда Азирети Амар бин Аас (разияллаху анху) ага: «Ыйык Курандын нускаларын найзалардын башына байлап, чечим ушул Китепке ылайык кабыл алынышы керек деп айтыңыз», – деген кеңеш берген. Демек, дал ушундай кылынган, натыйжада Азирети Али (разияллаху анху)нун жолдоочуларынын ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Алардын басымдуу бѳлүгү: «Алладан чечим чыгаруусун сурануу ѳтүнүчүн четке кагууга болбойт», – деп айтышкан. Ошентип, Азирети Али (разияллаху анху) эӊ алдыӊкы саптагы топту чакыртып алгандан кийин согуш токтогон. Азирети Али (разияллаху анху)нун кошуунунун кѳпчүлүгү Амир Муавиянын «эки тарап тең ѳзүнүн ѳкүм чыгаруучусун тандап, ушул эки ѳкүм чыгаруучу биргеликте Курани Каримдин кѳрсѳтмѳсүнѳ ылайык кандайдыр бир чечимге келиши керек» деген сунушуна макул болушкан. Тарых китептеринде бул окуя «Тахкийм»[5] деп аталат. Сѳздүн кыскасы, сириялыктар Азирети Амар бин Аас (разияллаху анху)ну тандаса, Азирети Али (разияллаху анху) Азирети Абу Муса Ашъарий (разияллаху анху)ну дайындаган. Келишимге кол коюлгандан кийин, аскерлер тарап кетишкен». Жогорудагы үзүндү «Ибн-э-Асийр» китебинен алынган.

(Ибн Асийр: Ал-Каамил фит-Тарийх, 3-том, 161-201-беттер, Даар-ул-Кутуб ал-Илмия, Бейрут, Ливан, 2003 жыл)

(Лугаат ал-Хадис, 2-том, 608-бет, «сиффийн» сөзүнө каралсын)

Бул тууралуу Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын экинчи Халифасы мындай деп айтып берет:

«Бул согушта Муавиянын шериктери куулук кылып, Куранды найзаларга кѳтѳрүп: «Куран кандай чечим чыгарса, биз ага макулбуз. Бул максат үчүн калыстар дайындалышы керек», – дешкен. Ошондо, Азирети Усман (разияллаху анху)ну ѳлтүрүү кутумуна катышкан жана ал (разияллаху анху) шейит болгондон кийин ѳздѳрүн коргоо үчүн дароо Азирети Али (разияллаху анху)га кошулган ээнбашчылар Азирети Али (разияллаху анху)га: «Булар туп-туура айтып жатышат, сиз бир чечимге келиш үчүн калысты дайындап коюңуз», – деп басым жасай башташкан. Азирети Али (разияллаху анху) кайра-кайра баш тарткан, бирок алардын сөздөрүнө алданып калган кээ бир мүнѳзү алсыздар Азирети Али (разияллаху анху)ну калыс дайындоого мажбурлашкан. Ошентип, Муавия тарабынан Азирети Амар бин ал-Аас (разияллаху анху) жана Азирети Али (разияллаху анху) тарабынан Азирети Абу Муса Ашъарий (разияллаху анху) дайындалган. Негизинен, бул «Тахкийм» Усман (разияллаху анху)нун ѳлтүрүлүшү деген окуяга таандык болуп, «Ыйык Куранга ылайык өкүм чыгарылат» деген шарт коюлган болчу. (Азирети Усман (разияллаху анху)нун киши колдуу болгондугу окуясы тууралуу чечим чыгаруу, тагыраак айтканда, ѳлтүргүчтѳрдү жазалоо же кармоо боюнча Курани Каримге ылайык өкүм чыгаруу үчүн бул эки калыс дайындалган болчу). Бирок, Амар бин ал-Аас (разияллаху анху) жана Абу Муса Ашъарий (разияллаху анху) өз ара кеңешип, алгач биз экѳѳнү тең, башкача айтканда, Азирети Али (разияллаху анху) жана Азирети Муавия (разияллаху анху)ну амирликтеринен бошотсок, жакшы болот деген чечимге келишкен. («Тахкийм», башкача айтканда, калыстар Азирети Усман (разияллаху анху)нун ѳлтүрүлүшү жѳнүндѳ чечим чыгаруу үчүн гана дайындалган болчу. Бирок дайындалган калыстардын экѳѳсү теӊ «алгач экѳѳнү тең бошотуу керек, андан кийин сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт» деген чечимге келишкен), себеби ушул экѳѳнүн айынан бардык мусулмандар балээ-кырсыктарга кабылышууда. (Бул ал экѳѳсүнүн жеке оюу болчу). Бул экөө бийликтен алынгандан кийин мусулмандарга ѳзүлѳрү каалаган адамды халифа кылып алуулары үчүн кѳз карандысыздык берилет, – деп ойлошкон. Бирок, алар мындай ишке дайындалбаган болчу. (Бул эки калыс ойлой баштаган нерсе тап такыр туура эмес болчу, анткени алар ушул ишке дайындалган да эмес эле). Ошентсе да, ал экѳѳ бул чечимди жарыялоо үчүн ачык чогулуш ѳткѳрүп, Азирети Амар бин ал-Аас (разияллаху анху) Азирети Абу Муса Ашъарий (разияллаху анху)га кайрылып: «Биринчи сиз ѳз чечимиңизди жарыялаңыз, андан кийин мен жарыялайм», – деген. Ошентип, Азирети Абу Муса: «Мен Азирети Али (разияллаху анху)ну халифалыктан кетирем», – деп жарыялаган. Андан кийин Азирети Амар бин ал-Аас (разияллаху анху) ордунан туруп: «Абу Муса (разияллаху анху) Азирети Али (разияллаху анху)ну кызматынан алып салды. Мен да анын пикирине кошулуп, Азирети Али (разияллаху анху)ну халифалыктан кетирем, бирок Муавияны кызматынан кетирбей, өз ордуна калгандыгын тастыктайм», – деген. (Убада кылынган Реформатор (разияллаху анху) мындай деп жазат: (Азирети Амар бин ал-Аас (разияллаху анху) ѳзү абдан такыба адам болгон. Бирок ошол убакытта эмне себептен мындай чечим чыгаргандыгы жѳнүндѳ талкуу жүргүзүүнү каалабайм). Ал ошол мезгилде жакшы адам экендигине карабастан, ал бирөөнүн сѳзүнѳ кирип кеткенби же эмне болгон? Бул өзүнчө бир тема болуп, ага киришүүнү каалабайм. Бирок, эмне болгон болсо дагы, анын чечими туура эмес болгон). Бул чечимден кийин Азирети Муавиянын шериктери: «Калыстар Али (разияллаху анху)нун ордуна Муавия (разияллаху анху)нун пайдасына чечим чыгарышты жана бул туура болду», -дешкен. Бирок, Азирети Али (разияллаху анху) ушул чечимди кабыл алуудан баш тарткан жана калыстар ушул ишке дайындалган эмес эле жана алардын чечими Курандын эч бир буйругуна негизделбейт деп айткан. Ошондо, калыс дайындоого басым көрсөткөн Азирети Али (разияллаху анху)нун ошол эки жүздүү шериктери: «Диний иштерде эч ким калыс боло албагандан кийин, эмне себептен калыстар дайындалган эле?» – деп ызы-чуу чыгара башташкан. Азирети Али (разияллаху анху) мындай деген: «Биринчиден, «алардын чечими Куранга ылайык болот» деген шарт келишимге киргизилген болчу, аны булар аткарышкан эмес. (Куранга ылайык чечим болгон эмес). Экинчиден, калыстар силер көрсөткөн басымдуулугуңар менен дайындалган, эми өзүӊөр: «Калысты эмне себептен дайындадыӊыз?» – деп айтып жатасыӊар. Алар (ошол чыккынчылар жана эки жүздүүлөр): «Биз туура эмес кеӊеш бергенбиз жана сизге айтканыбыз биздин катабыз эле. Бирок, эмне үчүн сиз бизге кошулуп кеттиӊиз? деген суроо туулат. Бул биздин да, сиздин да күнѳѳкѳр болгонубузду көрсөтүп жатат. (Экөөбүз тең болуп калганыбыз). Биз да ката кетирдик, сиз дагы жаңылыштыңыз. Эми биз кетирген катабызга бушайман болуп, тообо кылабыз, сиз дагы тообо кылып, жасаган иштериӊиздин баарынын мыйзамсыз экенин моюнуӊузга алыңыз», – деп айтышкан. Алардын максаты, эгер Али (разияллаху анху) баш тартса, анда алар: «Сиз Исламга каршы иш кылдыӊыз, ошон үчүн сиздин байъатыӊызда тура албайбыз», – деп анын баъйатынан чыгып кетишет, ал эми эгер ал (разияллаху анху) катасын мойнуна алып, тообо кылам десе, анда ошондо дагы анын халифаты жараксыз болуп калат, анткени мындай чоң күнөө кылган адам кантип халифа боло алат?» Азирети Али (разияллаху анху) бул сөздөрдү угуп: «Мен эч кандай ката кетирген жокмун. Мен кайсы маселе боюнча бирөөнү калыс кылып дайындаган болсом, ал нерсе Ислам өкүмүнө ылайык, анткени ал маселе боюнча бирөөнү калыс кылып дайындаса, болот. Бирок мен калысты дайындап жатканымда, алар Куран жана хадис менен кандай чечим чыгарышса да, аны кабыл кылам, болбосо кабыл кылбайм деген ачык-айкын шартты койгон элем. Мен бул (чечимди) эч кандай шартта кабыл албайм. Алар ошол шартты эсинде сактабагандыктан жана кандай максатта дайындалган болсо, ал тууралуу эч кандай чечим чыгарбагандыктан, алардын чечими мен үчүн далил эмес», – деген. Бирок алар Азирети Али (разияллаху анху)нун бул жүйөсүн кабыл алышкан эмес жана байъаттан бөлүнүп, «Хаваариж» (харижиттер) деп аталып калышкан. Алар халифага баш ийүү шарт эмес, кандайдыр бир иш көпчүлүк мусулмандардын чечимине ылайык аткарылат, анткени кандайдыр бир адамды «баш ийүүгө татыктуу инсан» деп кабыл алуу «лаа хукма иллаа лиллах»[6] деген буйрукка каршы келет деген акыйданы жаратып алышкан».

(Хилаафат-э-Раашида, Анваарул-Улуум, 15-том, 486-488-беттер)

«Нахраван» согушу хижранын 38-жылы болгон. Нахраван – бул Багдад менен Васиттын ортосунда жайгашкан. Бул жерде Азирети Али (разияллаху анху) менен Хаваариждин ортосунда согуш болгон».

(Муъжам-ул-Булдаан», 5-том, 375-бет, Даар ал-Кутуб ал-Илмия, Бейрут) 

Ибн Асийр тарыхында мындай деп жазылган: «Сиффийн» согушундагы көйгөйлөрдү жөнгө салуу үчүн Азирети Абу Муса аль-Ашъарий (разияллаху анху) Азирети Али (разияллаху анху) тарабынан, ал эми Амр ибн аль-Аас (разияллаху анху) Амир Муавия (разияллаху анху) тарабынан калыс болуп дайындалган. Тарых баракчаларында бул окуяны «Тахкийм» дешет. «Тахкийм» маселеси боюнча Азирети Али (разияллаху анху)нун кошуунунан бир топ адамдар ал (разияллаху анху) менен макул болбой, баш көтөрүп, бөлүнүп кетишип, «Хавааридж» деп аталышкан. Бул харижиттер «Тахкиймди» күнөө деп жарыялап, Азирети Али (разияллаху анху)дан тообо кылууну жана Халифалыктан кетүүнү талап кылышканда, ал (разияллаху анху) толугу менен баш тарткан. Эмне үчүн баш тарткандыгы жөнүндө жогоруда түшүндүрмө берилген. Азирети Али (разияллаху анху) Амир Муавия (разияллаху анху)га каршы Сирияга карай илгерилөөгө камданып жатканда, Харижиттер баш аламандык уюштура башташкан. Алар Абдуллах ибн Вахабды өздөрүнө имам кылып, Куфадан Нахраванга жөнөшкөн. Харижиттер Басрада дагы өз аскерлерин топтошкон, алар кийинчерээк Нахраванга барып, Абдуллах бин Вахабдын аскерлерине кошулушкан. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахабасы Абдуллах ибн Хаббааб (разияллаху анху)ну Азирети Али (разияллаху анху)нун тарапкери болгондугу үчүн өлтүрүшүп, кош бойлуу аялынын карынын жарып, аны да өтө мыкаачылык менен өлтүрүшкөн жана «Тай» уруусунан чыккан үч аялды да өлтүрүшкөн. Ушул кабарлар Азирети Али (разияллаху анху)га жеткенде, ал (разияллаху анху) Хаарис бин Муррахты элчи кылып териштирүүгө жөнөткөн, харижиттер аны да өлтүрүшкөн. Бул абалды көрүп, Азирети Али (разияллаху анху) Сирияга баруу ниетинен баш тартып, Сирияга даярдап койгон алтымыш беш миңдей аскер менен Харижиттерге каршы согушууга чыккан. Нахраван жерине жеткенде, харижиттерди элдешүүгө чакырып, Азирети Абу Айюб Ансарий (разияллаху анху)га байрак берип, анын баш калкалоочу жайына ким келсе, ага каршы согуш кылынбайт деп жарыялаган. Бул кулактандырууну угуп, төрт миң кишилик харижиттердин жүзү Азирети Али (разияллаху анху)га кошулуп, көп сандаган адамдар Куфага кайтып кетишкен. Абдулла бин Вахаб Харижийдин жетекчилиги астында бир миң сегиз жүз адам гана алдыга чыгып, Азирети Али (разияллаху анху)нун алтымыш беш миң аскеринен турган кошуун менен согуш болуп, анда бардык харижиттер өлтүрүлгөн. Бир рабаят боюнча он чакка да жетпеген аз сандагы харижиттер аман калган. Азирети Али (разияллаху анху)нун аскеринен жети киши шейит болгон».

(Ибнул Асийр: «Ал-Каамил фит-Тарийх», 3-том, 212-223-беттер, «Даарул-Уутуб ал-Илмия», Бейрут, Ливан, 2003 жыл)

(Тарийхул-Масъудий, 2-бөлүк, 342-бет, «Нафис» Академиясы, Астричан көчөсү, Карачи, ноябрь 1985 жыл)

Азирети Амрах бинт Абдур Рахман (разияллаху анху) Азирети Али (разияллаху анху) Басрага жөнөгөндө, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жубайы Азирети Умми Салма (разияллаху анхаа)нын алдына коштошуу жолугушуусуна келгенин айткан. Ал (разияллааху анхаа): «Аллах Тааланын коргоосу астында баргыла. (Башкача айтканда, Азирети Али (разияллаху анху)га Аллах Тааланын коргоосунда баруусун айткан). Кудайга ант болсун, сиз туура жолдосуз жана чындык сиз тарапта. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге үйлөрүбүздө калууну буюрган, ошондуктан мен Аллага жана Анын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)га баш ийбестиктен коркпосом, мен да сиз менен бармакмын, бирок Аллага ант болсун, менин назарымда баарынан абзел жана мен үчүн менин жаныман да кымбат болгон уулум Умарды сиз менен кошо жиберемин», – деп айткан».

(Хакийм ал-Ниашапурий: Ал-Мустадрак ала ал-Сахихайин, 3-том, 129-бет, 4611-хадис, Даар ал-Фикр, Бейрут (Ливан), 2002-жыл)

Кандай болсо дагы, бул баян бүтө элек, Кудай буюрса, кийинки жумада да уланат.

Бүгүнкү күндө дагы мен Пакистан менен Алжирдеги Ахмадийлер үчүн дуба кылууӊарды чакыргым келет. Алжирден жакшы жаңылык келди, акыркы эки-үч күндө эки башка сот жалган айып тагылган көптөгөн Ахмадийлерди актап салды. Аллах Таала ушул адилеттүү сотторго сыйлык берип, калган администрацияга жана сот тутумуна да Ахмадийлерге каршы жалган иштерди козгоп жаткандарга каршы адилеттүүлүк менен иштөө мүмкүнчүлүгүн берсин.

Пакистандагы акыйкаттыктан тайып, ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып жаткан айрым офицерлерге жана сотторго да Аллах Таала жүрөктөрүндөгү жек көрүүчүлүктү жана кара ниеттикти алып чыгып, маселени карап чыгууга күч-кубат берсин. Аллах Тааланын тагдырында бешенесине оӊолуу жазылбаган адамдарды тез арада кармасын жана Пакистанда дагы Ахмадийлер үчүн тынчтык жана бейпилдик шарттарын жаратсын.

Пакистандык Ахмадийлер, Пакистанда турган Ахмадийлер Нафл намаздары жана дуага өзгөчө басым жасоолору керек. Бул дубалардаرَبِّ کُلُّ شَیْءٍ خَادِمُکَ رَبِّ فَاحْفَظْنِیْ وَانْصُرْنِیْ وَارْحَمْنِیْ[7]деген дубаны көп окугула.اَللّٰھُمَّ اِنَّا نَجْعَلُکَ فِیْ نُحُوْرِھِمْ وَنَعُوْذُ بِکَ مِنْ شُرُوْرِھِمْ[8]деген дубаны да көп окугула. Истигфаар[9]га да көңүл бургула. Дуруд жана Салаваатка да көңүл бургула. Бүгүнкү күндө ал абдан керек. Жогоруда мен айткандай, Нафл намазын да окугула. Аллахым аларга да күч-кубат берсин жана ал жердеги абалды да тез арада оңдосун.

Бүгүнкү күндө да намаздан кийин айрым жаназаларды окутам, алардын биринчиси – Хайрпурдун тургуну урматтуу Аббас бин Абдул Кадир Сахиб Шахид мырзанын жубайы урматтуу Хумда Аббас айымдыкы. Ал Алла Тааланын тагдырына ылайык 29-декабрда 91 жаш курагында көз жумган. اِنَّا لِلّٰہِ وَاِنَّآ اِلَیْہِ رَاجِعُوْنَ[10]Анын атасы, доктор Мухаммад Ибрахим мырза «Кинг Эдвард Медициналык Колледжинде» окуп жүргөндө, 1926-жылы өзүнүн бир Ахмадий курсташынан таасирленип, аялы менен бирге Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллаху анху)нун колуна байъат берип, Ахмадиятты кабыл алган. Ал, Хумда айым 1951-жылы май айында Лахордо Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын сахаабасы Азирети Маулана Абдул Маажид Сахиб (разияллаху анху)нун небереси жана Азирети Халифатул Масийх II (разияллаху анху)нун жубайы Азирети Саййида Саара Бегам айымдын агасы, профессор Абдул Кадир мырзанын уулу болгон профессор Аббас бин Абдул Кадир мырзага турмушка чыккан. 1974-жылы күйөөсү профессор Абдул Кадир мырза Хайрпур шаарында шейит болгондо, ал аябай кайраттуулук көрсөтүп, сабыр кылган жана Аллах Тааланын каалоосуна ыраазы болгон. Күйөөсү шейит болгондугуна байланыштуу, анын Ахмадий эмес бир бөлөсү көңүл айтуу катында Аббас абдан жакшы киши болгон, бирок туура жолдо акыркы сапарына кетсе экен деп тилейм деп жазган. Ошондо, Хумда айым ага жолдошум өз өмүрүн берген жол туура (хидаят) жолу экендиги менен мен сыймактанам деп жооп жазган.

Андан кийин Хумда айымдын мектеп кезинде жакын досу Шафика айым болгон, ал күтүлбөгөндөн Пакистандын генералы Зия-уль-Хак мырзанын аялы болуп калган. Бир жолу, ал, Зия-уль-Хактын аялы жолдошунун президент болгондон кийин, баардыгы мени көргөнү келишти, бирок Хумда келбей койду деген. Хумда айым бул жөнүндө билгенден кийин, менин Сүйүктүү Имамым, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) менен анын Жамаатына душман болгон адамдын жубайы менен жолугушууга менин эч каалоом жок деп айткан, анан эч качан аны менен жолуккан эмес.

Ал эсепсиз артыкчылыктарга ээ, тазалыкты өтө жакшы көргөн, сылык, адептүү, абдан такыба жана ыкластуу аял болгон. Ал калтырбай намаз окуп, орозо кармачу. Балдарын да буга адаттандырган. Чандаларын төлөөдө шашылчу. Ал ар дайым кайрымдуулук иштерин жасоого даяр болчу. Рамазан айында ал көптөгөн адамдар үчүн үйүндө күн сайын ооз ачтырууну уюштурчу. Халифат менен тыгыз байланышта болуп, катуу сүйүүсү бар эле. Ал мага өз колу менен үзгүлтүксүз кат жазып турчу. Ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын китептерин көп окучу жана өмүрүнүн акырына чейин Жамааттын башка китептерин жана «Ал-Фазл» газетасын окуп турган. 2006-жылы анын кичүү кызы доктор Амира эки баласы менен жол кырсыгынан каза болгон. Ушул жоготууга чоӊ кайраттуулукту жана үлгүлүү сабырдуулукту көрсөткөн. Бардык тууган-туушкандары жана тааныш-билиштери анын эсепсиз артыкчылыктарынан улам аны жакшы көрүшчү. Ахмадий эмес туугандары дагы аны аябай жакшы көрүшчү. Анын артында калгандардын арасында АКШда, Канадада жана Норвегияда жашаган үч кызы жана эки уулу бар. Алла Таала алардын бардыгына, анын балдарына жана тукумдарына ал жасаган жакшылыктарын улантуусуна күч-кубат берсин. Маркумдун даражаларын көтөрсүн.

Кийинки жаназа 13-ноябрда 70 жаш курагында көз жумган ирактык Ризван Саййид Наъимий мырзаныкы. اِنَّا لِلّٰہِ وَاِنَّآ اِلَیْہِ رَاجِعُوْنَАнын уулу Мустафа Наъимий мырза мындай деп жазат: менин атам түшүндө өзүн Саййид Абдул Кадир Жиланий Сахибдин жанында жана ал киши өз бут кийимин атама бергенин көргөн. Саййид Абдул Кадир Жиланийдин бут кийимин кийип алууга даражам бар беле деп, атам аны алуудан тартынган, бирок Саййид Абдул Кадыр Жиланийдин «кыстоосу» менен атам бут кийимин кийип алган. Анан Азирети Саййид Абдул Кадыр Жиланий бир киши жана анын Жамаатын көрсөтүп, атама аларга кошулууну буюрган.

Андан кийин Ризван Наъимий мырза Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)ды түшүндө көргөн. Бир нече жылдан кийин ал киши МТА аркылуу Жамаатыбыз менен таанышканда, Ризван мырза Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)ды түшүмдө көргөндүгүм – бул анын чыныгы кулу Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын келүүсү жана мен көргөн экинчи түшүмдө Шейх Абдул Кадир Жиланий көрсөтүп, алардын катарына кошулуусун буюрган инсан жана анын Жамааты – бул Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын Халифасы менен анын Жамааты деп жооруган. Ошентип, ал киши 2012-жылы байъат берген.

Маркум аябай такыба, ошондой эле жакындарына жана жакырларга жардамчы болгон инсан эле. Ал даават кылууну абдан жакшы көрчү, ден-соолугу начардыгына жана адамдар тарабынан көрсөтүлгөн каршылыгына карабастан, жашаган жеринде Ахмадият жөнүндө даават кыла берген. Ал ар дайым үй-бүлөсүнө байъат берип, Жамаатка кошулууга насаат кылчу. Анын уулу, аялы жана аялынын бир тууган агасы дагы байъат беришкен. Аллах Таала аларга бекемдикти берип, маркумдун жакшылык иштерин улантуусуна күч-кубат берсин. Аллах Таала маркумдун даражаларын көтөрсүн.

Кийинки жаназа – Кенияда диний кызмат кылып келе жаткан Жамаатыбыздын миссионери Мухаммад Афзал Зафар мырзанын атасы Саргодха районуна караштуу Хажка айылынын тургуну урматтуу Малик Али Мухаммад мырзаныкы. Ал киши Алла Тааланын тагдырына моюн сунуп, 20-августта 90 жаш курагында көз жумган.  اِنَّا لِلّٰہِ وَاِنَّآ اِلَیْہِ رَاجِعُوْنَ1974-жылы ага Алла Тааланын жолунда туткун болуу бактысы да насип этилген. Жамаатыбыздын кызматкерлери, өз жашоосун динге арнаган миссионерлерибиз жана Мугалимдерибизди абдан урматташчу. Маркум Тахажжуд, орозо жана намазды эч калтырбай аткаруучу абдан меймандос инсан болгон. Ал кедейлерге жардам берүүчү, сабырдуу, шүгүр кылуучу жана тууган-туушкандарга боорукер инсан болчу. Ал такыба жана чынчыл адам болгон. Ал Ыйык Куранды үзгүлтүксүз окуп, Ыйык Куранды көптөгөн балдарга үйрөтө алган. Анын артында калгандардын арасында үч уулу жана он бир небереси бар. Жогоруда мен айткандай, Кенияда Жамаатыбыздын миссионери Мухаммад Афзал Зафар мырза анын уулу, ал азыркы учурда Таблийг талаасында жүргөндүктөн, атасынын жаназасына жана сөөгүн коюуга катыша албай калды. Алла Таала ага да сабыр жана кайрат берсин. Маркумга кечиримдүүлүк жана ырайымдуулук көрсөтүп, анын даражаларын жогорулатсын.

Кийинки жаназа – Шафкат Махмуд мырзанын уулу Лахор шаарынын тургуну Эхсан Ахмад мырзаныкы. Ал 27-июлда, 35 жашында, Коронавирустан улам көз жумган. اِنَّا لِلّٰہِ وَاِنَّآ اِلَیْہِ رَاجِعُوْنَАл Гужрат районунун тургуну Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын сахаабасы Азирети Маулавий Нуруддин Ажмал Сахиб (разияллаху анху)нун небереси жана Гужранвала шаарынын тугуну урматтуу Иршаад Ахмад мырзанын небереси (энеси тарабынан) болгон. Акыркы эки жылда ал Лахорго караштуу Рачна Таун аймагында Жамаат президенти болуп кызмат кылган. Андан тышкары, ал Дели Гейт Амааратында Нау-Мубайъийндердин катчысы катары да кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүн алган. Даават кылууну абдан жакшы көрчү. Аллах Тааланын берешендиги менен сегиз адамды Ахмадий кылуу бактысына да ээ болгон. Анын артында калгандардын арасында анын жубайы, эки уулу, Азиз Ханан Ахмад Масрур, 6 жаш, Азиз Мубийн Ахмад Тахир, 3 жаш жана Азиза Сайра Ахмад, 5 жаштагы кызы, ошондой эле ата-энеси жана үч бир тууганы жана эки эжеси бар. Аллах Таала бардыгына сабырдуулук жана кайрат берсин, ушул балдарга Өзү жетиштүү болсун жана аларга анын жакшы иштерин улантууга күч-кубат берсин, маркумдун даражаларын көтөрсүн.

Кийинки жаназа – Маулана Жалалуддин Шамс Сахибдин кичүү баласы урматтуу Рыязуддин Шамс мырзаныкы. Ал 27-майда көз жумган. اِنَّا لِلّٰہِ وَاِنَّآ اِلَیْہِ رَاجِعُوْنَМаркумдун үй-бүлөсүнүн таржымалы: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын сахаабалары Азирети Миян Мухаммад Сыддык Сахибдин чөбөрөсү, Азирети Миян Имамуддин Сахиб Секхваний (разияллаху анху)нун небереси, Хаважа Убайдуллах Сахиб (разияллаху анху)нун небереси (апасы тарабынан) жана Азирети Маулана Жалалуддин Сахиб Шамс (разияллаху анху)нун уулу болчу. Булардын бардыгы сахаабалар болчу. Маркум Мусий[11] болчу. Анын артында эки кызы жана бир уулу калды. Аллахым аларга, балдарына сабыр жана кайрат берсин. Анын аялы эрте каза болуп калган болчу. Алла Таала маркумду кечирип, ага ырайым кылсын. Анын бир тууганы Мунируддин Шамс мырзанын айтымында, ал көптөгөн жакшы сапаттарга ээ адам болгон, ал намазды калтырбай аткарчу, ар дайым балдарына намаз окууга насаат кылчу, ал Халифалыкты абдан жакшы көргөн, үйдө Халифалык менен байланышып туруу жөнүндө ар дайым сөз болуп келген. Ооруп жаткан күндөрү дагы, ал эки жыл мурда мени менен жолукканы келип, ооруп жатканына карабастан, чыдамдуулук, берилгендик жана шайырдык менен сүйлөп берген. Өзүн эч ойлобой, балдары жөнүндө эле ойлоп-тынчсызданып жүргөн. Ал тууралуу адамдар ал ар дайым жылмайып жүрчү, ар ким менен тил табышып жана башкалардын кыйынчылыктарында жардамчы болуу анын жакшы сапаттарынын бир бөлүгү болгон деген ой-пикирлерин билдиришкен. Аллах Таала маркумду кечирип, ага ырайымдуулук менен мамиле кылып, даражаларын көтөрө берсин.

(«Ал-Фазл Интарнайшнал» газетасы, 15-январь, 2021 жыл, 5-10-беттер)

[1] «Рабби куллу шай’ин хаадимука, Рабби фах-фазний ван-сурний вар-хамний» (эй, Раббим! Баардык нерселер Сага кул, эй, Раббим! Мени коргогун, мага жардам бергин жана мага ырайым кылгын).

[2] «Аллаахумма Иннаа Нажъалука фий нухуурихим ва наъузубика мин шуруурихим» (эй, Аллах! Сени алардын көкүрөктөрүнө коёбуз жана алардын жаманчылыктарынан Сенин паанаӊа киребиз).

[3] Алладан кечирим суроо.

[4] Момундардын энеси.

[5] Чечимдин чыгарылышы.

[6] Алладан башка эч ким өкүм кыла албайт.

[7] «Рабби куллу шай’ин хаадимука, Рабби фах-фазний ван-сурний вар-хамний» (эй, Раббим! Баардык нерселер Сага кул, эй, Раббим! Мени коргогун, мага жардам бергин жана мага ырайым кылгын).

[8] «Аллаахумма Иннаа Нажъалука фий нухуурихим ва наъузубика мин шуруурихим» (эй, Аллах! Сени алардын көкүрөктөрүнө коёбуз жана алардын жаманчылыктарынан Сенин паанаӊа киребиз).

[9] Алладан кечирим суроо.

[10] Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

[11] «Васият» системасына кирген адам.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via