Эң мыкты инсандар: Азирети Муъаввиз бин Хаарис жана Убай бин Каъб • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эң мыкты инсандар: Азирети Муъаввиз бин Хаарис жана Убай бин Каъб

мечитте окулган жума кутбасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабалары, Азирети Муъаввиз бин Хаарис жана Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анхумаа)нын улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны.

Азирети Муъаввиз (разияллааху анху)га өзүнүн эки бир тууганы Муъааз жана Ауф (разияллааху анхумаа) менен чогуу «Бадр» согушуна катышуу мүмкүнчүлүгү насип этилген. Азирети Муъаввиз (разияллааху анху) «Бадр» согушунда согушуп жатып шейит болгон. Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анху) «Бадр» согушуна жана башка бардык согуштарга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу катышкан.

2020-жылдын 16-октябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 16-Ахаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 16-октябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:

Бүгүн мен сөз кыла турган биринчи сахааба – Азирети Муъаввиз бин Хаарис (разияллааху анху). Ал (разиялааху анху) Ансаарлардын Хазраж уруусунан болгон. Ал (разияллааху анху)  70 Ансаар шериги менен Байъат-э-Акаба Сания[1]га  катышкан. Ал (разилялааху анху) Умми Язийд бинт Кайска үйлөнгөн жана ушул никеден эки кыздуу болгон. Азирети Муъаввиз (разияллааху анху)га өз эки бир тууганы – Муъааз жана Ауф (разияллааху анхумаа) менен чогуу «Бадр» согушуна катышуу мүмкүнчүлүгү насип этилген. Ал үчөө «Бану Афраа» деп да аталышат.

«Бадр» согушу болгон күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Абу Жахлдын абалын билип келүүнү тапшырганда, Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) барып, Афраанын эки уулунун кылычтары менен Абу Жахлды ушунчалык жарадар кылып, натыйжада анын такыр кыймылдай албай, өлүмгө жакын жеткенин көргөн. Убада кылынган Реформатор[2] (разияллааху анху) мындай деп айтат: Абу Жахл Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху)га Мединадагы дыйканчылык кылып, жашылчаларды өстүргөн балдардын мени өлтүргөндүгүнөн башка эч өкүнбөйм деп айткан. Андан кийин ал менин моюнумду бир аз узунураак кылып кесип алыӊыз деген тилегин билдирген. Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) ага сенин ушул каалооңдун да аткарылуусуна жол бербейм деп анын моюнун дал ээктин жанынан катаалдык менен кесип салган. Меккедеги каапырлар мединалыктарды өтө төмөн-пас адамдардан эсептешчү. Кыскасы, Абу Жахл ушунчалык бактысыздыкка учураган, акыркы тилеги да орундалбай калган. Азирети Муъаввиз (разияллааху анху) «Бадр» согушунда согушуп жатып, шейит болгон.

Мындан кийин сөз кылына турган сахааба Азирети Убай бин Кааб (разияллааху анху). Ал «Хазраж» уруусунун «Бану Муъаавия» бутагынан болгон. Орто бойлуу Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анху)га Байъат-э-Акаба Санияга катышуу бактылуулугу жана кат-сабаттуу болгондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га түшкөн вахий-аянды жазуу мүмкүнчүлүгү насип этилген. Ал (разияллааху анху)нун диний бир тууганчылыгы Азирети Талха бин Убайдулла (разияллааху анху) же Азирети Саъийд бин Зайд (разияллааху анху) менен түзүлгөн. Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анху) Куранды аябай жакшы билген адам эле. Кээ бир рабаяттардан маалым болгондой, Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Убайга Курандан окуп бер деп айткан жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менин үммөтүмдүн эӊ улуу кары (Куран окуган адам) – бул Убай (разияллааху анху) деп айткан. Азирети Убада кылынган Реформатор (разиялааху анху) Азирети Убай (разияллааху анху)ну төрт эң көркөм Куран окугандар, башкача айтканда, Абдулла бин Масъуд, Саалим Маулаа Аби Хузайфа жана Муъааз бин Жабал (разияллааху анхум) катарында, ошондой эле 15 эң ишенимдүү вахий-аянды жазгандардын бири деп эсептеген.

Бир учурда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Убай (разияллааху анху)га Алла Таала сага «Ал-Баййинах» сүрөөсүн окуп берүүнү мага буюрган деп айткан. Ал (разияллааху анху): «Менин атымды атаганбы?» – деп сураганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ооба!» – деп жооп берген. Ошондо Азирети Убай (разияллааху анху) ыйлап жиберген. Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун «Куранга кызыккан адам Убай (разияллааху анху)га баруу керек» деп айтканын айтат.

Азирети Анас (разияллааху анху) төрт адам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда Куранды толугу менен жаттап чыгышкан жана алардын бардыгы Ансаарлар, тактап атйканда, Азирети Убай бин Каъб, Азирети Муъааз бин Жабал, Азирети Абу Зайд жана Азирети Зайд бин Саабит (разияллаху анхум) болушкан деп айтат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менин үммөтүмө эң боорукер – бул Абу Бакр (разияллааху анху), Алланын дини боюнча эң катуу адам – бул Азирети Умар (разияллааху анху), эң уялчаак адам – бул Азирети Усман (разияллааху анху), адал жана арамды эң жакшы билген – бул Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху), парыздарды эң жеткилктүү билген – бул Зайд бин Саабит (разияллааху анху) жана Кираа’ат[3]ты эң жакшы билген – бул Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анху) деп айткан. Ошондой эле, ар бир үммөттүн Амийни (ишенимдүүсү) бар жана бул үммөттүн Амийни (ишенимдүүсү) – бул Абу Убайда бин Жаррах (разияллааху анху) деп айткан.

Китеп же Курандын аягында жазып чыккан адамдын атын жазуу эрежесин Азирети Убай (разияллааху анху) баштаган. Ал (разияллааху анху) Курандын ар бир арибин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан угуп жаттаган болчу. Ал (разияллааху анху) суроолорду эч нерседен тартынбастан бере берчү. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын кызыгуусун эске алып, анын окуусуна өзгөчө көңүл бурчу. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Багымдат намазын окутканда, бир аят окууну унутуп калган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) намаздан кийин: «Менин кыраа’атымды кимдир бирөөңөр байкадыӊарбы?» – деп сураганда, бардык адамдар унчукпай отурушкан. Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Убай бин Каъб (разияллааху анху)дан сураганда, Убай (разияллааху анху) сиз баланча аятты окуган жоксуз деп жооп берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага сенден башка эч ким көңүл бурбаса керек деп билчү элем деген.  Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анху)нун кыраа‘ат чеберчилигин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өзү Куранды башынан аягына чейин ал (разияллааху анху) менен чогуу окуп чыккандыгынан билүүгө болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) каза болгон жылы Жабрайил мага Убай (разияллааху анху)га Курандан окуп бериңиз деп айткан деди.

Бир жолу Азирети Убай (разияллааху анху) эки кишинин кыраа’атын туура эмес деп ойлогон, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын окулушун туура деп жарыялагандан кийин, Азирети Убай (разияллааху анху) уялганынан тердеп кеткен. Ал (разияллааху анху) «асийм» сөзүн туура айта албаган ирандык бир кишиге Куранды окутуп-үйрөтчү. Азирети Убай (разияллааху анху) катуу сар-санаа болуп отурганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өтүп бараткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам):  «Тазийм» сөзүн айттыргын деген. Азирети Убай (разияллааху анху)  «тазийм» сөзүн айттырганда, ал ирандык «асийм» деген сөздү туура айткан. Бир жолу жума кутбасында, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «Бара’ат» сүрөөсүн окуганда, Азирети Абу Дардаа жана Абу Зарр (разияллааху анхум) кутбанын жүрүшүндө Азирети Убай (разияллааху анху)дан ушул сүрөө качан түшүрүлгөнүн сураган. Ал (разияллааху анху) аларды ишаарат менен тынчтандырган. Намаздан кийин Азирети Убай (разияллааху анху): «Бүгүн акылга сыйбаган иш-аракетиӊерден улам силердин намазыңар жараксыз болуп калды», – деп айткан. Муну угуп, экөө тең Аллахтын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматына келишкенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Убай (разияллааху анху)нун сөздөрүн тастыктаган жана хутбада сүйлөбөшүңөр керек болчу деген.

Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Убай (разияллаху анху)дан Алланын Китебинде эң улуу аят кайсы? деп сураган. Ал (разияллааху анху) Алла жана анын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) эң жакшы билишет деп жооп берген. Экинчи жолу сураганда, ал (разияллааху анху) «Аятул-курсий», тактап айтканда, «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 256-аятынын баштапкы сөздөрүн окуп берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху)нун жообун жактырып, илим-билимиң сага куттуу болсун деп айткан.

Ал (разияллааху анху) Азирети Туфайлга Куран окууну үйрөткөндө, Азирети Туфайл ага бир жааны белек кылган. Ошондой эле, башка бирөө бир кездемени берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) муну билип, аны кайтарып бер жана келечекте мындай белектерден алыс бол деп айткан. Мындан кийин ал (разияллааху анху) ушунчалык этият болгон, Сириянын эли ал (разияллааху анху)дан Куран окууну үйрөнчү, ошондой эле катчыларга жаздырышканда, жаздыруунун куну катары аны өздөрү менен бирге тамактанууга кошмокчу болушкан, бирок Азирети Убай (разияллааху анху) бир маалга дагы алардын тамакка чакыруусун кабыл кылбайт эле.

Азирети Убай (разияллааху анху) «Бадр» согушу жана башка бардык согуштарга Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу катышкан. «Ухуд» согушунда ал (разияллааху анху)га жаа тийгенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) даарылоо үчүн бир дарыгерди жиберген. 9-хижра жылы зекет төлөө парыз кылынганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) садагаларды чогултуу үчүн кызматчыларды жөнөткөн. Ошондо, Азирети Убай (разияллааху анху) «Бану Бали» уруусу, «Бану Азхар» жана «Бану Саад» урууларына көзөмөлчү кылынып дайындалган.

Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) ал (разияллааху анху)ну Курани Каримди топтоп-чогултуу ишине жетекчи кылып дайындаган. Ал (разияллааху анху) Курандын сөздөрүн сүйлөчү жана калгандары жазып отурушчу. Азирети Умар (разияллааху анху)нун халифалык доорунда МажлисэШуураа (кеңешүү комитети) түзүлгөн. Буга Ансаарлар жана Мухаажирлерден ири сахаабалар мүчө болушкан. «Хазраж» уруусу тарабынан Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анху) дагы ага мүчө болгон. Рамазан түндөрүнүн биринде Азирети Умар (разияллааху анху) мечитте өз-өзүнчө жана топторго бөлүнүп намаз окуп жаткан адамдарды көрүп, аларды Азирети Убай (разияллааху анху)нун имамчылыгында чогултуп койгон. Азирети Убай (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан хадистердин басымдуу бөлүгүн уккан болчу. Ошондуктан, Азирети Умар (разияллааху анху) жана көптөгөн башка сахаабалар хадис илиминде ал (разияллааху анху)га кайрылып, андан пайдаланышчу.

Курани Каримден далил келтирүү жана фикх маселелерин чечмелөө жаатында дагы Азирети Убай (разияллааху анху) адис болгон. Хузур-э-Анвар бир нече окуяларды айтып берип, алардан дагы Азирети Умар (разияллааху анху)нун кээ бир маселелерде ал (разияллааху анху)нун ой-пикирин жогору баалагандыгы маалым болот.

Азирети Усман (разияллааху анху) Куранды жыйноо жана кыраа‘аттардын (диалектикалар) ортосундагы айырмачылыктарды жоюу үчүн он эки сахаабаны тандап, Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анху)ну комитеттин төрагасы кылып дайындаган. Бүгүнкү күндө бар болгон Курандын бардык нускалары Азирети Убай бин Каъб (разияллааху анху)нун кыраа‘атына (диалектика) ылайык келтирилген. Ал (разияллааху анху) сегиз түн ичинде Куранды толугу менен окуп чыкчу.

Набавий (Пайгамбар) мечитинде минбарды (трибуна) даярдоодон мурун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) курманын сөңгөгүнүн түркүгүнө таянып, хутбаны окучу. Азирети Убай (разияллааху анху)нун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүсү ушунчалык болгон, мечитти кеңейтүү учурунда ал түркүк алынып жатканда, ал (разияллааху анху) ошол түркүктү үйүнө алып кеткен. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын алтоосу – Азирети Умар, Азирети Али, Азирети Абдулла бин Масъуд, Азирети Зайд бин Саабит, Азирети Абу Муса Ашъарий жана Азирети Убай бин Каъб (разияллаху анхум) казы болушкан.

Ал (разияллааху анху)нун каза болгон жылы тууралуу кезиккен ар кандай рабаяттарга ылайык ал (разияллааху анху) 22 же 30-хижра жылы каза болгон. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Азирети Усман (разияллааху анху) Куранды жыйноо милдетин Азирети Убай (разияллааху анху)га тапшыргандыгы үчүн Хижранын 30-жылындагы рабаят туурараак деп айткан. Хузур-э-Анвар Азирети Убай (разияллааху анху)нун мүнөзү тууралуу сөздү жыйынтыктап, кутбанын аягында ал (разияллааху анху)нун балдары тууралуу айтып берген. Азирети Убай (разияллааху анху)нун Туфайл жана Мухаммад аттуу эки уулу жана Умми Амар аттуу бир кызы болгон. Ал (разияллааху анху)нун аялынын аты Умми Туфайл бинт Туфайл болчу, ал «Дос» уруусунан болгон.

٭…٭…٭

[1] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Акаба жергесинде мединалык Ансаарлардан экинчи жолу алган байъат «Байъат-э-Акаба Сания» деп аталат.

[2] Ахмадия Мусулман Жамаатынын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) (1889-1965).

[3] Куранды туура, так жана көркөм окуу.

Share via