Эң мыкты инсандар: Азирети Мухаммад бин Масалма Ансаарий (РА) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Мухаммад бин Масалма Ансаарий (РА)

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Ыкыластуулук жана берилгендиктин сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Мухаммад бин Масалма Ансаарий (разияллааху анху)нун куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

2020-жылдын 14-февралында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Урматтуу Садрдин мырзанын уулу Тааждин мырзанын каза болгондугу, маркумду жакшы сөздөр менен эскерүү жана гайып жаназасын окуу

2020-жылдын 7-февраль күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Феруз Аалам мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Өткөн жума кутбасында Азирети Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) жөнүндө айтып берген элем жана бир аз бөлүгү калып кеткен болчу, аны ИншаАллах бүгүн айтып берем. Бир хадисти туура эмес чечмелешкендиги үчүн «Ислам дининде үч учурда жалган сүйлөө адал экен» деген жөнүндө Хузур-э-Анвар өткөн жума кутбасында «Сийрат Хаатамун-Набиййин» аттуу китептин негизинде түшүндүргөн эле. Ушул эле маселеде Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзүнүн «Нурул-Куран» аттуу китебинде Фатхе Масийх аттуу бир христиан билдирген бир сын-пикирине жооп берген. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Курани Каримде чындыкты сүйлөөгө канчалык басым жасалган болсо, Инжилде анын ондон бир бөлүгүнчөлүк да басым жасалган эмес. Ыйык Куран жалган сүйлөөнү бутпарастыкка тең күнөө экенин айткан. Адилеттүүлүккө басым жасап, Курани Каримдин таалими төмөнкүдөй: Алла Таала үчүн чыныгы күбөөлүк бергиле, мейли ошол күбөөлүктөрдөн өзүңөр же ата-энелериңер жана жакын туугандарыңар зыян көрүшсө да. Бир дагы хадисте жалган сүйлөөгө уруксат берилген эмес, тескерисинче хадисте «сени өлтүрүп жана өртөтүп жиберишсе да, жалган сүйлөбөгүн» деген сөздөр кезигет. Эгер Курани Карим жана сахих (туура) хадистерге каршы кандайдыр бир хадис болсо да, ага кулак салууга болбойт.

Биз Курани Карим жана сахих (туура) хадистерге каршы келбеген хадисти гана кабыл кылабыз. Ооба, кээ бир хадистерде «Таурия», тагыраак айтканда, кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын айынан бирден көп мааниге ээ сөздөрдү колдонуу адал экендигине ишаарат кылынган. Ачык жалган сүйлөө Ислам дининде балит, харам жана ширк менен тең болуп саналат. Ал эми хадисте негизинен жалган деп эсептелинбеген «Таурияны» аргасыздыкта колдонуу адамдар үчүн адал деп жазылган. Бирок «Тауриядан» да абайлай турган адамдар гана абзел адамдар деп эсептелинет. Ислам дининин атамаларында «Таурия» – бул кандайдыр бир фитна пайда болуу коркунучу же кандайдыр бир башка себептин негизинде кандайдыр бир сырды ачпоо максатында аны эс-акылдуулар түшүнүп алчудай, ал эми акылсыздар түшүнүп алчудай эмес ыкмада баяндоо. Кээ бир хадистерде «Таурияны» пайдаланууга уруксат болсо да, бирок көпчүлүк башка хадистерден «Тауриянын» эң мыкты даражадагы такыбалуулукка каршы келгендиги маалым болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мүмкүн болушунча андан абайлоого буюрган. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды Ухуд согушунда жалгыз болуп, ачык кылычтардын алдында мен Мухаммадмын, мен Алланын Элчисимин, мен Абдул-Мутталиптин уулумун деп айтып жатканын көрүүдөмүн деп айткан.

Хузур-э-Анвар а дегенде китептин сноскасынан ал окуя Хунайын казатында болгон деп түшүндүрмө берген, анан азыр изилдөө бөлүмү «Сийратул-Халабия» аттуу китептен бир үзүндүнү жиберишти, андан маалым болгондой, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул сөздөрдү Хунайын казатынын жана Ухуд казатынын учурунда айткан эле деди. Хузур-э-Анвар Ишаат (адабияттарды басып чыгаруу) бөлүмүнө кийинчерээк ушул сносканы алып салуу көрсөтмөсүн берди.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Курани Карим жалганчыларга наалатты жибергенин айткан. Андан тышкары, жалганчылар шайтандын шериктери болушат деп да айткан. Жалган сүйлөбөгүлө деп гана айтпастан, жалганчылар менен карым-катышта да болбогула деп айткан.

Хузур-э-Анвар жогорудагы түшүндүрмөдөн кийин Азирети Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) жөнүндөгү сөздөрдү улантып, мындай деди: Бану Назийр жаргылчактын ташын кулатып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды өлтүрүүгө аракет кылышканда, Алла Таала ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га вахий-аян аркылуу бул тууралуу кабар кылган, натыйжада ал (саллаллааху алайхи ва саллам) дароо туруп кетип калган жана Азирети Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху)ну чакырткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) аркылуу Бану Назийрге Мединадан дароо чыгып кеткиле деген кабарды жиберген. Ал (разияллааху анху) яхудийлерге барганда, а дегенде яхудийлерге Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын келүүсүнөн мурун келе турган пайгамбар тууралуу алардын ой-пикирлерин эскерткен, анан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кабарын аларга жеткирген. Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) яхудийлердин кутумунун жүзүн ачып, алар кандай Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды өлтүрүүгө аракет кылышкандыгынан аларды кулактандырган. Муну угуп, яхудийлер унчукпай калышкан жана бир сөздү да сүйлөй албай калышкан. Яхудийлерге Мединадан чыгууга он күндүк мөөнөт берилген, анын аралыгында алар даярдыкты көрө беришкен.

Яхудийлер көрсөткөн мамилеси тууралуу Азирети Убада кылынган Оңдоочу-Реформатор (разияллааху анху) Бану Курайза жаатында мындай деп айтат: Хандак казатынан кайтаарда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабаларга кечке дейре Бану Курайзанын коргондоруна чейин жетип барууга буюрган. Азирети Али (разияллааху анху)ну Бану Курайзанын алдына алардан ушул кечирилгис чыккынчылыгынын себебин сураганы жиберген. Кыжаалат болуп, кечирим суроонун ордуна ал яхудийлер Азирети Али (разияллааху анху) жана анын шериктерин тилдей башташкан. Азирети Али (разияллааху анху) кайтканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) яхудийлердин коргондоруна жакындап келген болчу. Ал ыплас яхудийлер Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үй-бүлөсү тууралуу ыплас жана болбогон сөздөрдү сүйлөп жатышкан эле. Азирети Али (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол ыплас сөздөрдү укпасын деп ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды кайтарууга аракет кылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эч нерсе эмес, эгер алар бизди тилдеп жаткан болушса, Пайгамбар Муса (алайхиссалаам) өздөрүнүкү болчу, алар ага мындан да көбүрөөк жамандык кылышкан деп айткан.

Яхудийлер өздөрүнүн коргондоруна бекинип алышкан, бирок бир аз күндөрдүн ичинде эле алар көпкө күрөшө албайбыз деп сезип алышкан. Натыйжада, алар жеңилип, өздөрүнө кандайдыр бир чечим чыгаруу ыктыярын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га тапшыруунун ордуна Аус уруунун жетекчиси Азирети Саъд (разияллааху анху)га тапшырышкан. Ал учурда яхудийлердин ортосунда пикир келишпестик да чыккан, алардын арасындагы кээ бир акылы барлар Ислам дини чыныгы дин, ошон үчүн Ислам динин кабыл алышыбыз керек же Жизя беришибиз керек деп айтышкан. Бирок яхудийлердин көпчүлүгү өлтүрүлүшүн жогорудагы эки шартты кабыл кылуудан жогору коюшкан. Амар бин Суъдий аттуу бир яхудий өз коомун жемеге алып, алардан бөлүнүп, коргондон чыгып кеткен. Азирети Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) ага жол койгон жана ага тийшкен эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху)нун ушул иш-амалын жактырып, ага баа берген. Мусулмандар ар дайым Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) берген тарбиясына ылайык өздөрүнүн каршылаштарына адилеттүүлүк кылышкан.

Андан кийин Хузур-э-Анвар Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху)нун атынан Абу Раафиъ яхудийдин өлтүрүлгөн окуясын айтып берди.

Хуййи бин Ахтабдын өз акыбетине жеткендигине карабай, Абу Раафиъ деген аты менен даңкын чыгарган Салам бин Абил-Хакийк азыркыга чейин Хайбар деген аймакта эркин жүрөп, фитна-чагымчылыкты пайда кылуу менен алектенген эле. Ал аябай чоң соодагер жана бай адам болчу. Ал Нажад деген аймактагы жаппайы жана согушчан урууларды мусулмандарга каршы тукурууну өзүнө эреже кылып алган болчу. Абу Раафиъ Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га душмандык кылууда Каъбдын окшошу болчу. Ал Гатфаанийлерге Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га чабуул жасоо үчүн эбегейсиз көп мал-мүлктөр менен көмөк да көрсөткөн эле. Ал Ахзааб согушунда кылганы сыяктуу эле Нажаддагы Гатфаан жана башка урууларга барып, мусулмандарды жок кылуу үчүн бир улуу кошуунду даярдай баштаган эле.

Мына ошондой кырдаалда Хазраж уруусунан болгон кээ бир Ансаар сахаабалар (разияллааху анхум) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, бул фитна-чагымчылыктын башчысы болгон Абу Раафиъни өлтүрүп коюу керек деген «дабаны» сунушташкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мамлекет жана коомду кеңири деңгээлдеги кан төгүүлөрдөн сактоо үчүн Абдулла бин Атийк (разияллааху анху)нун жетекчилиги астында Хазраж уруусунан болгон төрт сахаабаны Абу Раафиъге жөнөткөн. Алар жөнөй электе аларга эч бир аял же жаш баланы такыр эле өлтүрбөгүлө деп баса белгилеп насаат кылган.

Алты хижра жылынын Рамазан айында ал топ жөнөгөн. Азирети Абдулла бин Атийк (разияллааху анху) өзү түнчүндө жамынычка оронуп алып, коргонго кирип, абдан куулук менен Абу Раафиъни өлтүрүп, эртең менен анын өлгөнүн тактап, анан өзүнүн шериктерине кайтып келген.

Абу Раафиъдин өлтүрүлгөндүгү тууралуу кандайдыр бир талаш-тартыштын кажети деле жок, ал чагымчыл адамдын кандуу иш-аракеттери тарыхтын бир ачык баракчасы болуп саналат.

Азирети Умар (разияллааху анху) өзүнүн Халифат доорунда Азирети Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху)ну Жухайна уруусунан зекет алуу кызматына дайындаган эле. Азирети Умар (разияллааху анху) ал (разияллааху анху)га аябай катуу ишенчү. Ошондуктан, өкмөт салыктарын жыйноо үчүн да аны гана жөнөтчү. Азирети Усман (разияллааху анху) шейит болгондон кийин Азирети Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) адамдардан обочолонуп кеткен эле.

Ал (разияллааху анху)нун каза тапкандыгы тууралуу да талаш пикирлери бар. Ар кандай рабаяттар боюнча ал (разияллааху анху) 45-чи, 46-чы же 47-хижра жылы Мединада көз жумган. Ал кезде ал (разияллааху анху) 77 жаш курагында болгон.

Жума кутбасынын аягында Азирети Амирул-Му′минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Садрдин мырзанын уулу урматтуу Тааждин мырзанын жаназа намазын окутаарын жарыялады. Маркум 10-февралда 84 жаш курагында каза болгон. Алла Тааланын берешендиги менен Мусий болчу. 1967-жылдан бери Англияда жашап келген. 1984-жылы Исламабаддагы (Англия) аянт сатып алынганда, маркум өз кызматтарын сунуштаган. Жыйырма эки жыл Исламабадда Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын конокторун ар кандай жеңилдиктер менен камсыздоо ишине жигердүү киришкен. Ар түрдүү техникалык иштерди билчү. Маркум намаз менен орзолорду калтырбай аткаруучу, мүнөзү ачык, ишенимдүү жана абдан кичи пейил инсан болчу.

Хузур-э-Анвар Алла Таала маркумду кечирип, ага ырайым кылсын жана анын балдары менен тукумдарынын да ага окшоп, ыкластуулугу жана берилгендигин көбөйтсүн, ошондой эле аларга сабыр жана кайрат тартууласын деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

Share via