«Убада кылынган Оңдоочу-Реформатор» жөнүндөгү алдын ала кабар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Убада кылынган Оңдоочу-Реформатор» жөнүндөгү алдын ала кабар

Жума кутбасы сахаба, пайгамбар, ыйман, Бадр согушу

2020-жылдын 21-февралында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Мултан шаарынын (Пакистан) раиси урматтуу Малик Умар Али Кхокхар мырзанын жубайы урматтуу Марям Элзабет айым жана урматтуу Жахид Фарис Ахмаддын (Ваакиф-э-Нау) каза болгондугу, маркумдарды жакшы сөздөр менен эскерүү жана гайып жаназасын окуу

2020-жылдын 21-февраль күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Феруз Аалам мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Ахмадия Мусулман Жамаатында 20-февраль күнү «Убада кылынган Реформатор» деген алдын ала кабардын атынан өзгөчө эскерилет. «Убада кылынган Реформатор күнү» Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун туулган күнү катары белгиленбейт, тескерисинче Ислам дининин чынчылдыгы жана үстөмдүгүн далилдеп көрсөтүүчү бир алдын ала кабардын орундалгандыгына байланыштуу белгиленет. Кечөө 20-февраль болчу жана ал алдын ала кабарга 134 жыл толду жана ал жүз жылдан көбүрөөк мөөнөттөн бери кандайдыр бир жаркыраган жышаан болуп келген. Бул жагынан жамааттарыбызда Жалсалар да өткөрүлөт жана аларда аталган алдын ала кабардын ар кандай жактары айтылып берилет. Бирок, белгилүү болгондой, бир Жалса же бир кутбада аны толук бойдон айтып болбойт. Мына ошондон улам мен Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) өзү кеңири токтолгон кээ бир ой-пикирлерин айтып берүүнү чечтим, аларды окуу жана угуу менен кандайдыр бир өзгөчө рахат жана сезим пайда болот. Азыр алардан кээ бир үзүндүлөрдү айтып берем.

Андан кийин Хузур-э-Анвар Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сөздөрү менен «Убада кылынган Реформатор» жөнүндөгү алдын ала кабарды окуп, аны бир аз кеңири баяндады. Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын обочолонуп, кырк күнгө кылган ибадаты жана ага тартууланган жышаанынан сөз кылып, Хушярпур шаарында окуган кутбасында мындай деп айткан: бүгүндөн 58 жыл мурун 1886-жылдын 20-февралында бул Хушярпур шаарынын менин сөөмөйүмдүн маңдайында турган ушул үйгө, ал кезде бул үй «тавийла» деп аталчу, кадияндык бир белгисиз (даңкы жок) инсан Ислам дини жана Ислам дининин Негиздөөчүсүнө каршы көрсөтүлуп келе жаткан каршылыкты көрүп, обочолукта өз Раббисине ибадат кылуу, ошондой эле Анын жардамы жана колдоосун талап кылуу максатында келген. Кырк күндүк дубалардан кийин Алла Таала ага өзгөчө касиеттерге ээ боло турган бир уулунун төрөлөшүн сүйүнчүлөгөн. Ал (уулу) аркылуу Алла Таала Ислам динин дүйнөнүн четтерине чейин жеткирет (деген кушкабарды берген). Ал кулактандыруу жарык көргөндө, каршылаштар бул да кандайдыр бир муъжиза-жышаан беле, каалаган адам менде уул төрөлөт дегенди жарыялашы мүмкүн деп сын-пикир билдиришкен. Ал сын-пикирди кетирүү үчүн ал (алайхиссалаам) 1886-жылдын 22-мартында дагы бир кулактандырууну бастырып, бул тек алдын ала кабар гана болбостон, тескерисинче кандайдыр бир улуу салтанаттуу асмандык жышаан болуп, аны Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгы жана улуу салтанаттуулугун ачыкка чыгаруу үчүн көрсөткөндүгүн айткан. Эгерде ал (алайхиссалаам) бир уулунун төрөлүү кабарын жарыялаганда дагы, ал кабар өз алдынча бир алдын ала кабар болуп эсептелинчү, себеби дүйнөдө эч качан перзент көрө албаган адамдар да жок эмес. Мындан тышкары, ал (алайхиссалаам) элүү жаш курагында ушул кулактандырууну жарыялаган. Дүйнөдө элүү жаш курагынан кийин балалуу боло албаган миңдеген адамдар болушат. Андан тышкары миңдеген адамдарда кыздар гана төрөлөт, кудум ошондой кээ бир адамдарда балдар төрөлүп, анан өлүп калышат. Ал жерде дагы ушул шек-күмөндөрдүн баары бар болчу. Ал (алайхиссалаам) бир уулунун эле төрөлөшүн алдын ала кабарлабастан, тескерисинче бир улуу салтанаттуу уулунун төрөлөшүн алдын ала айткан. Хузур-э-Анвар ошол убада кылынган перзентинин дүйнөнүн четтерине чейин даңкын чыгарганына бүгүнкү күндө бир аалам күбө болуп отурат жана Кадияндан тышкары жер жүзүндө жайгашкан ар бир Миссиябыз (Даават Үйүбүз) анын чынчылдыгына далил болуп саналат деди.

Кээ бир адамдар «Убада кылынган Реформатор» үч-төрт жүз жылдан кийин Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын болочок тукумдарынан чыгат деген сын-пикирин айтышат. Бул тууралуу Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат: алдын ала кабардагы сөздөргө көңүл буруу керек. Ал доордо Лекхраам, Индарман Мурадабадий ж.б. душмандар ал (алайхиссалаам)дан жышаан-муъжиза көрсөтүшүн талап кылып жатышкан эле. Мына ошондой кырдаалда эгер Алла Таала ал (алайхиссалаам)га Биз бүгүнкү күндөн үч жүз жылдан кийин сизге бир уул тартуулайбыз деп кабар берсе, анда дүйнөдө ушул кабарды акылга сыярлык дей турган бар дагы адам барбы? Бул кеп катуу суусаган бир адам бирөөдөн суу сураганда, ал киши биз Америкадан эң мыкты даражадагы шербетти келтирип алдырганбыз, ал ушул жылдын акырына чейин жетип келет деп берген жообуна окшойт. Кыскасы, бул жышаан ошол жышаанды талап кылган адамдардын тирүү кезинде ачыкка чыгышы керек болчу. Анан ошондой болду жана 1889-жылы мен жарык дүйнөгө келдим дейт Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху).

Ал алдын ала кабардын максаттары жана анын ал (алайхиссалаам)дын уулунда орундалуусу эмнеге зарыл болчу, бул тууралуу Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

Биринчиден, жашоо тилегендер өлүм тузагынан кутулаары үчүн ушул алдын ала кабар айтылган эле.

Экинчиден, Ислам дининин улуулугу жана Алла Тааланын Сөзүнүн даража-мартабасын ачыкка чыгаруу үчүн ушул алдын ала кабар айтылган эле.

Үчүнчүдөн, акыйкат өзүнүн бардык береке-куттары менен келип, жалган өзүнүн бардык ыпластыктары менен качып кетээри үчүн бул алдын ала кабар айтылган эле.

Төртүнчүдөн, адамдар Менин гана күчүм жетүүчү болуп, каалаганымды кылаарымды билип алуулары максатында ушул алдын ала кабар берилген эле.

Бешинчиден, адамдар Менин сени менен бирге турганыма, тагыраак айтканда Алла Тааланын Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) менен бирге турганына ишенүүлөрү үчүн ушул алдын ала кабар айтылган.

Алтынчыдан, Алла Тааланын бар экендигине, Анын динине, Анын Китебине жана Анын Ыйык Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)га ыйман келтирбеген, аларды четке кагып, жокко чыгаруу көзү менен аларды карай турган адамдарга кандайдыр бир ачык-айкын жышаан берилүү үчүн бул алдын ала кабар айтылган эле.

Жетинчиден, кылмышкерлердин жолу ашкереленээри үчүн ушул алдын ала кабар берилген эле.

Кыскасы, аталган алдын ала кабардагы «сенин тукумуңан жана сенин насилиңен гана» деген сөздөрдөн маалым болгондой, жогорудагы бардык максаттар белгилеп көрсөткөндөй, ал алдын ала кабар ал (алайхиссалаам)дын өз балдарына таандык болчу.

Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1944-жылы Алла Тааланын атын ортого салып, өзүнүн «Убада кылынган Реформатор» экенин жарыялап, мындай деп айткан: кимде-ким мен жалган сүйлөдүм деп ойлосо, ал мени менен Мубаахала кылсын. Алла Таала көптөн бери күтүлүп жаткан ушул алдын ала кабарды мен аркылуу орундатып жиберди. Бүгүнкү күндөн 58 жыл мурун 1886-жылы өз тарабынан ушул кабарды алдын ала айтуу бирөөнүн колунан келүү мүмкүн беле? Тагыраак айтканда, тогуз жылдын ичинде бир уул төрөлөт. Ал тез-тез өсүп-чоңойт. Дүйнөнүн четтерине чейин даңкын чыгарат деп айтышы мүмкүн беле? Дүйнөдөгү бир дагы адам ушул кабарды өз тарабынан бере албайт. Алла Таала ушул алдын ала кабарды дарыгерлер тирүү калышын да күтпөгөн бир инсан аркылуу ишке ашырды. Чындыгында, башында Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун ден-соолугу жакшы болгон эмес болчу. Ошондон улам докторлор ал (разияллааху анху)нун тирүү калуусу жана узун өмүр көрүүсү тууралуу кабатырланышчу. Алла Таала ушул улуу салтанаттуу алдын ала кабарларга ылайык ал (разияллааху анху)ну тирүү гана калтырбастан, Өзүнүн өзгөчө берешендиги менен Ислам-Ахмадияттын чынчылдыгына далил кылып койгон. Кадимки (дүйнөлүк) илим-билимдерге ээ боло албай калгандыгына карабай, ал (разияллааху анху) мындай деп айткан: мен бүткүл дүйнөнү төмөнкүдөй жарышууга чакырам: эгер бул дүйнөдө мага Алла Таала тарабынан Курани Карим үйрөтүлгөн деген билдирүүнү жасай турган бирөө бар болсо, мен ар дайым аны менен мелдешүүгө даярмын. Бул доордо Алла Таала дүйнөгө Курани Каримди үйрөтүү үчүн мени мугалим кылып дайындаган. Алла Таала Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Курани Каримдин атын дүйнөнүн четтерине чейин жеткирүү үчүн мени тургузган.

Хузур-э-Анвар бул кандайдыр бир жөнөкөй кулактандыруу болгон эмес, ал (разияллааху анху)нун 52 жылдык Халифат доору ар күнү ошол салтанатты даңазалап жатат. Алла Таала бизге күч-кубат берсин, биз «Убада кылынган Реформатор күнүн» белгилөө үчүн Жалсаларды гана өткөрбөстөн, иштөөчүлөрдөн бололу деди.

Мындан кийин Хузур-э-Анвар «ал убада кылынган уулдун дүйнөлүк жана руханий билимдерге толтурулушунун» бир көрүнүшү катары Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун аткарган илимий иштеринен сөз кылып, урду тилин билген адамдарга «Анваарул-Улуум» жыйнагын окууга насаат кылды. Бул убакытка чейин «Анваарул-Улуум» китебинин 26 том жарык көрүп болгон, алар 670 китеп, доклад жана кайрылууларды өз ичине камтыган. «Хутбаат-э-Махмуд» аттуу китептин азыркыга чейин 39 тому жарык көргөн. Алардан 2367 кутба орун алган. «Тафсир-э-Сагийр» аттуу китептин 1071 бети бар, ал эми 10 томдук «Тафсир-э-Кабийр» аттуу китеп 5907 беттен турат. Мындан тышкары азыркыга чейин жарык көрбөгөн Курани карим сабактары да бар. Хузур-э-Анвар Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Үчүнчү Халифасы Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахулла)нын бир үзүндүсүн сунуштап, «Тафсийр-э-Кабийр» аттуу китептин таасири жана муъжиза экенин айтып берди. Кудум ушундай Хузур-э-Анвар Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) аткарган илимий кызматтарына да кыскача токтолду.

Жума кутбасынын аягында Хузур-э-Анвар эки маркумду жакшы сөздөр менен эскерип, алардын гайып жаназа намазын окутаарын да жарыялады.

Биринчи жаназа намазы Мултан шаарынын (Пакистан) раиси урматтуу Малик Умар Али Кхокхар мырзанын жубайы урматтуу Марям Элзабет айымдыкы болчу. Маркум айым лифттин ичинде болгон бир кырсыктын айынан 86 жаш курагында көз жумган. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал 1952-жылы Байъат берип, Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болгон. Маркум айымдын артында Тарик Али аттуу уулу жана Тахира айым аттуу кызы калды.

Экинчи жаназа намазы урматтуу Жахид Фарис Ахмаддын болчу, ал 12 жаш курагында генератордон чыккан оту менен жаракат алып, анан кийинчерээк жарасы ырбап кетип, каза болгон.  Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал Тарик Нурий жана Атиятул-Азиз Хадийжанын уулу болгон. Анын тайатасы Фаруук Ахмад Хан мырза Азирети Навааб Аматул-Хафийз Бегам айымдын эң улуу небереси болчу. Ал Вакф-э-Нау деген кыймылга катышкан жана Халифатты терең сүйгөн бала болчу.

Алла Таала маркумдардын даражаларын жогорулатып турсун, ошондой эле жакын туугандарына сабыр жана кайрат тартууласын. Аамийн

٭…٭…٭

Share via