Эң мыкты инсандар: Азирети Мухаммад бин Масалма Ансаарий • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Мухаммад бин Масалма Ансаарий

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Ыкыластуулук жана берилгендиктин сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Мухаммад бин Масалма Ансаарий (разияллааху анху)нун куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

2020-жылдын 7–февралында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 7-февраль күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Феруз Аалам мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Бүгүн эскериле турган сахаабанын аты Азирети Мухаммад бин Масалма Ансаарий (разияллааху анху). Ал Ансаарлардын Аус уруусунан болгон. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Пайгамбар болушунан жыйырма эки жыл мурун төрөлгөн. Ал доордо Мединадагы яхудийлер Азирети Муса (алайхиссалаам) алдын ала айтып берген пайгамбардын чыгуусун күтүп жатышкан жана анын аты Мухаммад болоорун айтышчу. Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өмүр баяны тууралуу жазылган китептерде наадандык доорунда Мухаммад деген ат коюлган адамдардын саны 15 деп айтылат. Азирети Мухаммад бин Масалма Ансаарий (разияллааху анху) Ислам динин кабыл кылган эң алгачкы адамдардан болгон. Ал (разияллааху анху) Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху)нун колуна Ислам динин кабыл кылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны Азирети Абу Убайда бин Ал-Жаррах (разияллааху анху)га диний бир тууган кылган. Ал (разияллааху анху) Табуук согушунан башка бардык казаттарга катышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кээ бир согуштардын учурунда аны Медина шаарына жетекчи кылып да дайындаган. Ал (разияллааху анху)нун беш уулу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабасы болгон.

Азирети Мухаммад бин Масалма Ансаарий (разияллааху анху) Каъб бин Ашраф жана Абу Раафеъ Салам бин Абу Хакийикти өлтүргөн сахаабалардан болгон.

Хузур-э-Анвар «Сийрат Хаатамун-Набиййин» аттуу китептен Каъб бин Ашрафтын өлтүрүлгөндүгү тууралуу кеңири токтолду. Каъб дин жагынан яхудий эмес болчу. Анын атасы Ашраф Бану Назийр уруусунун эң улуу жетекчиси Абу Раафеънин кызына үйлөнгөн, андан Каъб төрөлгөн. Морал жагынан өтө ыплас адам болгон Каъб яхудийлердин ичинде чоң кадыр-баркка ээ болуп калган болчу, а түгүл Арабиянын бардык яхудийлер аны өздөрүнө жетекчи деп билишчү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага келгенден кийин яхудийлер менен мусулмандардын ортосунда достук, тынчтык жана коргоо келишими түзүлгөн. Жүрөгүндө кастык жана душмандык оту жалындап жаткан Каъб ар дайым мусулмандарга каршы кутумдарды уюштуруп турган. Бадр согушунда мусулмандардын күтүлбөгөн жеңишинен кийин ал кутумдар дагы күчөп кеткен. Каъб Меккеге барып, Курайш жетекчилерин мусулмандарга каршы кутумдарды күчөтүүгө тукурган. Кудум ошондой Каъб башка араб урууларын да мусулмандарга каршы аябай жалындаткан. Мединага кайтып келип, ал мусулман аялдарга ыплас ырларын жазган. А түгүл пайгамбарлык үй-бүлөнүн аялдарына да өзүнүн ыплас ырларында тийишкен. Ал бактысыз адам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды өлтүрүү планын да түзгөн эле. Мамиле чек арасынан чыкканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Медина деген демократиялык мамлекеттин төрагасы жана эң улуу башкаруучусу болгондуктан, Каъбды өлтүрүү өкүмүн чыгарган. Коркунучтуу жарандык согушунун башталып калуу ыктымалынан коркуп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Каъбды өлтүрүүнү купуя кармоого көрсөтмө берген. Ушул ишти Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн берилген сахаабасы Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху)га тапшырган. Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) Саъд бин Муъааз (разияллааху анху) менен акылдашып, Абу Найла жана эки-үч башка сахаабалар менен Каъбдын үйүнө барып, андан карыз беришин суранышкан. Каъб күрөө катары бир нерсе коюшун талап кылган. Натыйжада, алар курал-жарактарды күрөө катары коюуга келишкен. Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) жана анын шериктери кечкисинде келүүгө убада берип кайтып кетишкен. Кеч киргенде ал сахаабалар курал-жарактарды алып, анын үйүнө барышкан жана аны менен сүйлөшүп жатып, аны бир жакка алып кетишкен жана ыңгайлуу учур тапканда, аны өлтүрүп жиберишкен.

Каъбдын өлтүрүлгөндүгү жөнүндөгү кабар тарап кеткенде, яхудийлер Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына барып, арызданышкан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) яхудийлердин ошол делегатына Каъбдын кылмыш иштерин айтып берген жана мындан ары тынчтык жана бири-бирине колдоо көрсөтүү менен жашоо керектигине насаат кылган. Ошентип, яхудийлер менен тынчтык жана өз ара бири-бирине колдоо көрсөтүү керектиги деген бир жаңы келишим түзүлгөн.

Эгерде Каъб кылмышкер болбогондо, яхудийлер эч качан жаңы келишимге оңой гана макул болмок эмес жана Каъбдын өлтүрүлгөнүнө тынч отурмак эмес. Чындыгында, Каъб мусулмандар менен түзүлгөн тынчтык келишимин бузган эле. Ал келишим боюнча, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Медина деген демократиялык мамлекеттин жетекчиси болчу. Каъб учурлук бийликке каршы чыккынчылык кылуу жана бүлүк салуу сыяктуу кылмыштарды жасаган эле. Бүгүнкү күндөгү өзүн маданияттуу деп жүргөн дүйнө дагы чыккынчылык кылуу, келишимдерди бузуу, согушка тукуруу жана өлтүрүү планын түзүү сыяктуу кылмыштарга катышкандарга да кудум ошондой жазаларды берет.

Өлтүрүү ыкмасына каршы билдирилген сын-пикир тууралуу эсиңерде болсун, ал кезде Арабияда расмий түрдө кандайдыр бир бийлик жок болчу, Каъбга каршы иш козгоо үчүн да кандайдыр бир сот жок болчу. Мусулмандарда фитна-чагымчылыктан сактанган бойдон ал ыплас, бүлүк салуучу адамды купуя жолу менен жоготуп, Каъбдын кутумдарынан кутулуунун башка эч бир жолу жок болчу.

Каъбды өлтүрүү үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн сахаабаларына жалган сүйлөөгө жана алдоого уруксат берген болчу деген сын-пикир таптакыр жаңылыштык жана акыйкаттан алыс болгон сын болуп саналат. «Сахий Бухарий» аттуу китепте кезиккен рабаят боюнча ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Каъбды купуя жолу менен өлтүрүү өкүмүн чыгарганда, Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) аны купуя жолу менен өлтүрүү үчүн ага баары бир кандайдыр бир сөз айтууга туура келет деп сураганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир гана ооба, деп жооп берген. Каъбды үйүнөн чакырып, аны бир жакка алып баруу үчүн белгилүү болгондой, Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху) жана анын шериктери ага кандайдыр бир сөз сүлөшү керек болчу. Согуштарда аңдоочулар ж.б. лар да мына ошондой сөздөрдү сүйлөшүшөт, аларга эч бир акылы бар адам сын-пикир билдирбейт. Демек, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын этеги бул жагынан бүтүндөй таза болуп чыгат. Мухаммад бин Масалма (разияллааху анху)га келе турган болсок, анын сөздөрүндө дагы адеп-ахлактарга каршы эч бир кеп болгон эмес.

Албетте, ал (разияллааху анху) өзүнүн миссиясын аткаруу максатында бир аз табышмактуу сөздөрдү сөзсүз колдонгон болушу керек. Согуштук кырдаалда туп туура сөздөрдөн бир аз чегинүүгө сын-пикир билдирүү туура эмес. Кээ бир адамдар «согушта жалган сүйлөө жана алдоо дурус» деген суроону көтөрүшкөн. Кээ бир адамдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «Ал-Харбу Худъатун» деген сөздөрүн «согуш – бул кандайдыр бир алдоо» деп которуп алышат. Биринчиден, ал ошондой маанини билдирбейт, тесекрисинче анын «согуш – бул өзүнчө бир алдоо» деген мааниси бар. Тагыраак айтканда, согуштун натыйжасы тууралуу кандай болоорун эч нерсени айта албайбыз. Эгер Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул сыяктуу сөздөрүн «согушта алдаса болот» деп которсок да, анда ушул жерде алдоонун мааниси «жалган сүйлөө жана алдоо» эмес, тескерисинче «согуштук айла-амал» болот. «Худъатун» сөзү айла-амал жана чара дегенди билдирет.

Айла-амалдын ар кандай көрүнүштөрү болушу мүмкүн. Мисалы, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандайдыр бир жүрүшкө жөнөөрдө жалпысынан өзүнүн бара турган жери тууралуу айтпайт эле. Кээде түштүккө кете турган болгондо, башында түндүктү көздөй жолго чыкчу, анан алыскы жерден айланып келип, түштүккө бурулуп кетчү. Эгерде бирөө кайдан келип жатасыңар деп сурап калганда, Мединаны айтуудан көрө жолдо токтогон кайсы бир орто жерди айтып койчу. Жогорудагы бардык көрүнүштөр «Худъатундун» гана түрлөрү, согушта аларга уруксат бар. Ислам дин жалган сүйлөө жана чыккынчылыкты аябай жаман көрөт. А түгүл Ислам дининде ширк келтирүү жана ата-эненин акы-укуктарын тепселөөдөн кийин үчүнчү кезекте жалган сүйлөө эң оор күнөө деп айтылган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ыйман менен жүрөксүздүк бир жерге топтоло алат, ал эми ыйман менен жалган сүйлөө бир жерге чогула албайт деп айткан. Андан тышкары, алдамчылык жана чыккынчылык тууралуу чыккынчылык кылган адам кыямат күнү Алла Тааланын катуу жазасына кабылат деп айткан.

Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) согуштук айла-амалдарды ээрчип, душмандарды жеңилүүгө дуушар кылуу жана бейкабар калтыруу үчүн колдонула турган көрүнүштөрдүн негизинде бир хадисти мисал катары келтирген: андан маалым болгондой, «худъатун» жалган сүйлөө жана алдоо деген маанини билдирбейт, тескерисинче кээде согуштук айла-амалдар катары колдонула турган чараларды туюнтат.

Умми Кулсум бинт Акабадан мындай деп рабаят этилет: мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үч гана учурда негизинен жалган болбогон, бирок жалпы адамдар жаңылыштык менен жалган деп ойлогон нерсе тууралуу уруксат бергенин уккам: биринчиси, согуш; экинчиси, таарынгандарды элдештирүү; үчүнчүсү, эркек өз аялын же аял өз күйөөсүн ыраазы жана курсант кылуу максатында сүйлөө сөз.

Ибн Хашшаам, Абу Давуд ж.б.лар төмөндөгүдөй рабаятты келтиришкен: Каъб бин Ашраф өлтүрүлгөндөн кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабаларга эми силер колуңарга түшкөн яхудийди өлтүрүп салгыла деп айткан. Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) рабаят туурасындагы илим-билим жагынан ушул рабаятты алсыраган жана ишенимсиз деп атаган. Мындан тышкары, эгер ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул сыяктуу жалпы буйрукту берген болсо, анын натыйжасында албетте бир топ адамдар өлтүрүлмөк. Кудум ошондой яхудийлер менен түзүлгөн жаңы келишимден кийин мына ушундай буйрук берүү акылга сыйбаган нерсе. Ошондуктан, жогорудагы рабаят ички жана тышкы күбөлүктөрдүн өлчөмүнө шайкеш келбейт.

Каъб бин Ашрафтын өлтүрүлгөн күнү тууралуу да бир аз пикир келишпестиктер бар. Ал окуя үчүнчү хижранын Рабиъул-Аввал айында же Жамаадий-ул-Аахир айында болгон. Кутбасынын аягында Хузур-э-Анвар бул темага тиешелүү дагы бир-эки окуялар бар, алар ИншаАллах кийин айтылат.

٭…٭…٭

Share via