Эң мыкты инсандар: Азирети Абдулла бин Амар жана Абу Дужаана (ра) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Абдулла бин Амар жана Абу Дужаана (ра)

мечитте окулган жума кутбасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабалары Азирети Абдулла бин Амар жана (Абу Дужаана лакап аты менен белгилүү болгон) Азирети Самаак бин Харша (разияллааху анхумаа)нын улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анху)нун карызын төлөө үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын курмаларын карыз сурап келгендерге өзү бөлүштүргөн

Эр жүрөк жана чебер атчан Азирети Абу Дужаана (разияллааху анху) «Бадр» согушуна жана башка бардык согуштарга катышкан. Ал (разияллааху анху) Ансаарлардын улуу сахаабаларынан саналчу

Пакистанга караштуу Пешавар районундагы урматтуу Махбуб Хан мырза (шейит), Пакистандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионери урматтуу Фахр Ахмад Фаррух мырза жана анын уулу урматтуу Ихтишаам Ахмад Абдулла жана Пакистандын мамлекеттик банкынын экономикалык кеңешчиси болуп пенсияга чыккан урматтуу АбдулКарим мырза деген төрт маркумду эскерүү жана гайып жаназа намазы

2020-жылдын 13-ноябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 30-Нубувват күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 13-ноябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Бүгүн да «Бадр» согушуна катышкан сахаабалар жөнүндө сөз болот. Эң башында эки жума мурун Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) тууралуу болгон сөздө келтирилген бир рабаят тууралуу түшүндүрмө берип кетмекчимин. Ал рабаят боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам), жакында силер Сирияга көчүп кетесиңер жана силер аны жеңип аласыӊар, бирок чыйкандар жана безеткилерди жараткан бир оору силерди басып алат, ал адамды тепкичтин бутунун астынан кармайт деп айткан. Бул котормо туура жана так эмес. Так котормосу – ал (оору) адамдын киндигинин астында пайда болот, – деген.

Хузур-э-Анвар толук түшүндүрмөнү айтып бергенден кийин, Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анху) тууралуу болуп жаткан сөздүн уландысы башталат деп айтты. Азирети Жабир бин Абдулла менин атамдын сөөгү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га алып келингенде, анын мурду жана кулагы кесилген болчу. Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анху)нун кызы Фатима ошол учурда ыйлай баштаганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ыйлаба, периштелер өз канаттары менен аны тынымсыз көлөкөлөп турушат деп айткан деген рабаяты бар. Хузур-э-Анвар «Ухуд» согушундагы шейиттерди кепиндөө, сөөктөрүн жерге берүү жана жаназа намазына байланыштуу ар кандай рабаяттарды айтып берди. «Сахих Бухарий» китебинде кезиккен Азирети Жабир (разияллааху анху)га таандык рабаят боюнча «Ухуд» согушунда шейит болгондор бир кездемеде экиден коюлуп, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) ал экөөсүнөн кимиси Куранды көбүрөөк билсе, аны биринчи мүрзөгө түшүрчү. Бул шейиттер жуунтулган эмес жана жаназа намазы да окулган эмес. Башка бир рабаят боюнча ал (саллаллааху алайхи ва саллам) «Ухуд» согушундагы шейиттердин жаназа намазын сегиз жылдан кийин окуган. «Сунан ибн Маажа» китебинде кезиккен рабаят боюнча «Ухуд» согушундагы шейиттер Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына алынып келинип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) он шейиттин жаназа намазын окучу жана Азирети Хамза (разияллааху анху)нун сөөгү ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында эле калтырылып, ал эми башка шейиттер алынып кетишчи.

Хузур-э-Анвар Азирети Мырза Башир Ахмад сахиб (разияллааху анху) тарыхтагы ар кандай рабаяттарга таянып, ал убакытта жаназа намазы окулбаса да, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) каза болгонуна жакын мезгилде өзгөчө «Ухуд» согушундагы шейиттердин жаназа намазын окуткан деген жыйынтык чыгарган деди.

Азирети Жабир бин Абдуллах (разияллааху анху) мындай деп айтып берет: мен «Ухуд» согушунан алты ай өткөндөн кийин атама мүрзө жасап, аны ошол мүрзөгө көмгөнүмдө, денесинде эч кандай өзгөрүштү байкаган эмесмин. «Ухуд» согушунан кырк алты жылдан кийин Азирети Амийр Муъаавия каналды курганда, суусу «Ухуд» согушундагы шейиттердин арасынан Азирети Абдулла бин Амар жана Азирети Амар бин Жумуух (разияллааху анхумаа)нын мүрзөлөрүнө кирип кеткен. Алардын үстүндө эки шейшеп турган болчу, жаракаттан колу алынганда, кан агып кеткен деп айтылат, бирок Хузур-э-Анвар бул мүмкүн эмес, сын-пикирге жол ачкан ушул сыяктуу кээ бир рабаяттар дагы кезигип калат. Кырк алты жылдан кийин эч кандай таасир болбой, сөөктөрдүн ошол бойдон калышы мүмкүн эмес, анткени бул жаратылыштын мыйзамы деди.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) атасынын шейит болгондугу жана карыз бергендер тарабынан жасалган басымдын айынан капаланып отурган Азирети Жабир (разияллааху анху)ну көрүп, Алла баары менен көшөгөнүн артынан сүйлөштү, бирок атаң менен бетме-бет сүйлөштү, ошондой эле Алла Таала ага эй, Менин пендем! Каалаганыңды Менден сура, Мен сага берем дегенде, атаң, эй, Раббим! Сенин жолуңда кайрадан өлтүрүлүү үчүн мени дагы бир жолу тирилтип койгун деп суранды. Алла Таала бир жолу өлгөн адам бул дүйнөгө кайтарылбайт деп чечип койдум деди. Андан кийин Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анху) анда менин артымда калгандарга бул сөздү жеткирип койгун деп суранды деп айтат.

Бул окуяга өз оюн билдирип, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын төртүнчү Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) халифа боло электе жасаган бир кайрылуусунда чындыгында, Алла Таала Абдулла бин Амар (разияллааху анху)нун жүрөгүнүн абалы жөнүндө маалымат берип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га сенин ушунчылык катуу сүйүүңдү Аариф[1] пенделерибиздин жүрөктөрүнө толтуруп жибердик, а түгүл жашоо ааламынан өткөндөн кийин да, сени элестетүү аларды тынчсыздандырат. Алар сени согуш талаасында жалгыз таштап кеткендигине эмне деген кайгы тартышты деп айткан.

Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анху)нун карызын төлөө үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын курмаларын карыз сурап келгендерге өзү бөлүштүргөн. Азирети Жабир (разияллааху анху) бардык карыздар төлөнгөндөн кийин да курмалар калып калгандыгын айтып берген.

Кийинки сахааба – бул Абу Дужаана деген лакап аты менен белгилүү болгон Азирети Самаак бин Харша (разияллааху анху). Ал (разияллааху анху) «Хазраж» уруусунун «Бану Сааъида» тармагынан болгон. Азирети Утба бин Газваан (разияллааху анху)нун диний тууганчылыгы Азирети Абу Дужаана (разияллааху анху) менен курулган. Эр жүрөк жана чебер атчан Азирети Абу Дужаана (разияллааху анху) «Бадр» согушу жана башка бардык согуштарга катышкан. Ал Ансаарлардын улуу сахаабаларынан болуп саналчу. Согуш учурунда ал (разияллааху анху) өзүнүн башына кызыл чүпүрөктү ороп алып, өзүн-өзү таанытчу. Ал (разияллааху анху) «Ухуд» согушунда туруктуулук көрсөткөн сахаабалардын бири болгон. «Ухуд» согушу болгон күнү Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) бир кылычты алып: «Менден аны ким алат?» – деп сураганда, ар бири мен алам деген. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ким аны анын укугун аткаруу убадасы менен алат?» – деп сураганда, адамдар унчукпай калышкан, ошондо Азирети Абу Дужаана (разияллааху анху) мен аны анын укугун аткаруу убадасы менен алам деп айткан. Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) бул кылыч менен кандайдыр бир мусулманды өлтүрүүдөн сак бол жана бул жаныңда болгондо, эч бир каапыр адам менен беттешүүдөн качпа деп айткан. Абу Дужаана (разияллааху анху)ну кошуундардын арасында сыймыктануу менен кадам басып бараткандыгын көрүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Таала минтип кадам басууну ушундай кырдаалда, тактап айтканда согуш учурунан башка учурларда жактырбайт деп айткан.

Азирети Зубайр (разияллааху анху) «Ухуд» согушу болгон күнүндөгү абалды айтып жатып, Абу Дужаана (разияллааху анху)нун алдына ким гана келбесин, аны өлтүрүп жана кесип жиберип, алдыга чыга берди. А түгүл, ал кошуундан өтүп, тоо этегинде (өз аскерлерине деп берип) барабан кагып жаткан аялдардын башына жетип барды. Ал (разияллааху анху) бир аялга кылычын көтөрүп туруп, анан Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кылычынын урматын эске алып, аны аял кишиге карата колдонгон эмес деп айтат.

Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дайыма аялдарга сый-урмат көрсөтүүнү үйрөтчү. Ошол себептен, каапырлардын аялдары мусулмандарга зыян келтирүү үчүн эч коркпостон аракет кылышчу. Ошентсе да, мусулмандар мындай нерселерге чыдап жүрүшкөн деп айтат.

Белгилүү Чыгыш таануучу Сэр Уильям Мёр Азирети Абу Дужаана (разияллааху анху)нун эрдигин сүрөттөп жатып, Абу Дужаана өз каскасына кызыл оромолду ороп, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) берген кылычты көтөрүп алып, өлүмдү туш-тушка чачыратып жатты, деп жазган.

Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көз жумгандан кийин Мусайлма Каззааб жалган пайгамбарчылыгын жарыялап, Мединаны басып алуу үчүн кошуун менен чабуул жасамакчы болгондо, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) аны жазалоо үчүн Хижранын 12-жылы кошуун жөнөткөн. Азирети Абу Дужаана (разияллааху анху) дагы бул кошуундун мүчөсү болгон. Мусайлма Каззааб өзүнүн шериктери менен чогуу «Ямама» аттуу бир бакчада өзүн курчоого алганда, Азирети Абу Дужаана (разияллааху анху)нун өтүнүчү менен мусулмандар аны бактын ичине ыргытышкан. Ошондо, ал (разияллааху анху)нун бир буту сынып калган. Ошентсе да, ал (разияллааху анху) өтө эрдик менен салгылашып, мушриктерди ал жерден айдап жиберген. Ошентип, мусулмандар ичине кирүүгө үлгүрүп калышкан. Азирети Абу Дужаана (разияллааху анху) Абдулла бин Зайд жана Вахший бин Харб менен кошо Мусайлма Каззаабдын өлтүрүлүшүнө катышкан. Ал (разияллааху анху) «Ямама» согушу болгон күнү эле шейит болгон.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаалаа бинасрихил-азиз) кутбанын экинчи бөлүгүндө төрт маркумду эскерип, жаназа намазын окутаарын жарыялады.

Биринчи эскерилген адам Пакистанга караштуу Пешавар районундагы Саййид Жалал мырзанын уулу урматтуу Махбуб Хан мырза. Ал 8-ноябрь күнү эртең мененки саат 8:00до Ахмадияттын каршылаштарынын ок атуусунан шейит болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркумдун жашы 80ге жакын болчу. Ал ибадат жана дааватка шыктуу жана башка көп касиеттерге ээ адам болгон. Ал меймандостук жана жоомарттык деген касиеттерине да ээ болчу. Анын артында аялынан тышкары, эки уулу, эки кызы, неберелери жана чөбөрөлөрү калышты.

Эскерилген экинчи адам Пакистандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионери Сайфур-Рахман мырзанын уулу урматтуу Фахар Ахмад Фаррух мырза. Маркум 1-ноябрь күнү бир кырсыкка кабылып, каза болду. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Ага 1996-жылы Рабвахтагы Жамия Ахмадия университетин аяктагандан кийин Пакистан жана Кот-д’Ивуарда кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү насип этилди. Артында аялынан тышкары, төрт кызы калды.

Эскерилген үчүнчү адам урматтуу Фахар Ахмад Фаррух мырзанын уулу урматтуу Ихтишаам Ахмад Абдулла мырза. Ал ошол эле кырсыкта өз атасы менен чогуу каза болду. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум Вакф-э-Нау[2] кыймылынын мүчөсү жана биринчи курстун студенти болгон.

Эскерилген төртүнчү адам Пакистандын мамлекеттик банкынын экономикалык кеңешчиси болуп пенсияга чыккан Миян Абдул-Латиф мырзанын уулу урматтуу Абдул-Карим мырза. Ал 14-сентябрь күнү 92 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум Кадияндагы «Таалимул-Ислам» колледжинин алгачкы студенттеринин бири болгон. Маркум МВФ сыяктуу эл аралык каржы мекемелери менен кызматташуудан тышкары, Жамаатыбызда түзүлгөн комитеттердин активдүү мүчөсү да болгон.

Хузур-э-Анвар бардык маркумдардын даражаларынын жогорулоосу үчүн дуба кылды.

٭…٭…٭

[1] Алла Тааланы тереӊ билген олуялар ж.б. «Аариф» деп аталышат.

[2] Балдарды төрөлө элек кезинде Ислам динине кызмат кылуу үчүн арноо чакырыгы.

Share via