Эң мыкты инсандар: Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллаху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллаху анху)

мечитте окулган жума кутбасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабасы Азирети АбдурРахман бин Ауф (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Азирети АбдурРахман бин Ауф (разияллааху анху)нун аркасында туруп намаз окугандыгыбул ага насип этилген бактылуулуктардын дагы бири.

 Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)га сиздин аркаңызда туруп, намаз окуганым такыба адам экениңизди тастыктайт деп айтып, ага тереӊ сый-урмат көрсөткөн.

 2020-жылдын 19-июнунда, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 19-Ихсан күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 19-июнь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Рана Атаур-Рахим мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:

Өткөн кутбада Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) тууралуу болуп жаткан сөздүн бир аз бөлүгү айтылбай калып кеткен. Бүгүн ошону айтып берем. Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) Умаййа бин Халф менен байыртадан бери достук алака-байланышында болгон. Мединага көчкөндөн кийин ал (разияллааху анху) Умаййага сен Меккедеги мал-мүлкүмдү коргоп тур, мен болсом, Мединадагы мал-мүлкүңдү коргоп турам деп кат жазган. Ал (разияллааху анху) ошол жазган катында өзүнүн Абдур-Рахман деген мусулманча атын жазган, буга Умаййа мен Абдур-Рахманды тааныбайм деп жооп жазган. Ошондо, ал (разияллааху анху) өзүнүн караңгылык мезгилиндеги Абди Амар деген атын жазып жиберген.

Бадр согушунун учурунда Умаййа Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)дан башкалка суранганында, ал (разияллааху анху) Умаййа жана уулу Алиге башкалка берген. Ал (разияллааху анху) Умаййа жана анын уулу менен чогуу басып барып жатканында, Азирети Билал (разияллааху анху) Умаййаны көрүп алган. Меккеде Умаййа Азирети Билал (разияллааху анху)га өтө мыкаачылык менен мамиле кылып жүргөн. Ошентип, Азирети Билал (разияллааху анху) аны Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) менен чогуу бара жатканын көрүп, кыйкыра баштаган жана Ансаарлардын бир жыйынында туруп, ал каапырлардын төрагасы болот, анын аман калуусу мен үчүн өлүм болот деп айткан. Ошондо, мусулмандардын бир тобу Умаййа бин Халф жана уулуна кол салып, экөөсүн тең өлтүрүп салышкан.

Ухуд согушунда Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында туруктуулук менен бекем турган. Ага жыйырма бир жаракат келген жана алдыңкы эки тиши дагы жулунуп кеткен. Катуу жаракат алгандыгы үчүн ал (разияллааху анху) аксап жүрчү. 6-Хижра жылынын Шубан айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын жетекчилигинде жети жүз аскерден турган кошуунду Дауматул-Жандалга төмөнкүдөй көрсөтмөлөрдү берип жөнөткөн: а дегенде аларды Ислам динине даават кылгыла, ал эми эгерде согушууга аргасыз болсоӊор, анда кыянаттык, алдамчылык, келишимди бузуу, ошондой эле жаш балдар жана аялдарды өлтүрүүдөн абайлагыла. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругун аткарып, Калб уруусун үч күн бою Ислам динине чакырган. Акыр аягында, алар Ислам динин кабыл кылышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругунун негизинде ал (разияллааху анху) Калб уруусунун башчысынын кызы Тамазир менен үйлөнгөн, кийинчерээк ал Умми Абу Салма (Абу Саламанын энеси) деп аталып калган.

14-Хижра жылы Жиср согушунун учурунда Азирети Абу Убайда бин Масъуддун шейит болгондугу жөнүндөгү кабар келгенден кийин Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Али (разияллааху анху)ну өзүнүн милдетин аткаруучу катары дайындап, өзү чыгууга ниет кылган. Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) ал учурда Азирети Умар (разияллааху анху)га чыкпоого сунуш берген адамдардан болчу. Ал (разияллааху анху) мындай деген: менин ата-энем сизге курман болушсун деген сөздү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан башка эч кимге айткан эмесмин, бирок бүгүн сизге (Умар (разияллааху анхуга) айтам: сизге ата-энем курман болушсун, сиз бул жерде эле калыңыз жана бир чоң кошуунду жөнөтүңүз. Анткени, сиз баш болуп, аскерлер жеңилүүгө дуушар болсо, ал сиздин жеңилгениңиз болуп саналат. Же башында эле шейит болуп калсаңыз, анда мусулмандар эч качан Такбийр (Аллаху Акбар)[1] деп жана Ла илааха иллаллаху[2] деген күбөлүктү бере алышпайт деп корком. Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)нун кеңешин жактырып, анын кеңешине ылайык Азирети Саъд би Мааликти башчы кылып жөнөткөн.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединада кээ бир сахаабалар жана урууларга турак жай үчүн жер бөлүп берген. Ошондо, Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)нун уруусуна Пайгамбар мечитинин артында калыӊ өскөн курма бактарында жашаганга жерди бөлүп берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)га Сирия колубузга түшкөндө, баланча жер тилкеси сиз үчүн болот деген убаданы да берген болчу. Анан Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат мезгилинде ал жер ал (разияллааху анху)га тийген.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)нун аркасында туруп намаз окугандыгы ага насип этилген бактылуулуктардын бири. Аталган окуя Табук Согушу күндөрүнүн биринде Багымдат намаз маалында болгон. Намаздан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) калып калган экинчи рекетин аткаруу үчүн турганда, мусулмандардын арасында бир тынчсыздык пайда болуп, алар көп-көп тасбийх айта башташкан. Намазды окуп бүткөндөн кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын өз убагында намаз окууларына ыраазычылыгын билдирип, мындай деген: ар бир пайгамбар өзүнүн үммөтүнүн кайсы бир такыба адамынын аркасында намаз окуйт. Хузур-э-Анвар аталган окуяга өз оюн билдирип, мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)га сиздин аркаңызда туруп, намаз окугандыгым такыба адам экениңизди тастыктайт деп, ага зор сый-урмат тартуулаган.

Бир рабаят боюнча ал (разияллааху анху) Пешин намазынан мурун узак убакытка созулган нафл намазын окучу. Рабаятчы мындай деп айтып берет: мен Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)ну Каабанын айланасында тавааф кылып, «эй, Алла! Мени сараӊдыктан сактагын» деген дуба сурап жатканын көргөм. Азирети Умар (разияллааху анху) өз Халифатынын биринчи жылы ал (разияллааху анху)ну ажылыкка жетекчи кылып дайындаган.

Бир жолу ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га келип, башында биттер көбөйүп кеткендигине байланыштуу, жибектен жасалган кийимди кийинүү уруксатын суранган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) ага уруксат берген. Азирети Умар (разияллааху анху)нун Халифат мезгилинде Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) уулу менен чогуу жибек кийимдерин кийинип алып, Азирети Умар (разияллааху анху)га келишкен. Азирети Умар (разияллааху анху) анын уулунун көйнөгүнүн жакасына колун киргизип, аны айрып салгандан кийин мындай деп айткан: сиз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дан башыңызда биттердин көбөйгөнүнө байланыштуу уруксат алгансыз, бул уруксат сизден башка эч кимге таандык эмес.

Саъд бин Ибрахим мындай деп рабаят этет: «Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) баасы төрт-беш жүз дирхам болгон бир кездемени кийинчү. Хузур-э-Анвар мындай деди: Алла Тааланын берешендигин байкагыла, хижрат учурунда анда эч нерсеси жок калган. Андан кийин баалуу кийимди дагы кийинген. Мындан тышкары, Алла Таала башка эбегейсиз көп мал-мүлктү дагы ага насип эткен.

Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) өзүнөн кийин Азирети Умар (разияллааху анху)ну Халифа дайындоого ниет кылганда, Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)дан Азирети Умар (разияллааху анху) тууралуу ой-пикирин сураган. Ал (разияллааху анху) анын бардык мусулмандардан абзел экенин айткандан кийин Умар (разияллааху анху)  кичине катаал мүнөздүү адам деп айткан.

Бир учурда Азирети Халид бин Валийд (разияллааху анху) Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)га катаал мамиле кылып, сен алгачкылардан болуп ыйман келтиргениң үчүн абдан сыймыктанасың деп айткан.  Бул окуядан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) кабардар болгондон кийин менин сахаабаларымды кыйнабагыла, колунда жаным бар Кудайга касам! Араңардан кимдир бирөөнүн Ухуд тоосу менен теӊ алтынды сарптасаӊар дагы, алардын сарптаган арзыбаган чыгымдарына дагы жетише албайсыӊар деп айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) тууралуу ал мусулмандардын лидери жана жер менен асманда ишеничтүү адам деп айткан.

Бир күнү ооз ачуу учурунда Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)нун алдында ар түрдүү тамактар коюлган. Ал (разияллааху анху) бир күкүм тамакты оозуна салып, өзүн-өзү кармай албай калып, Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) шейит болгондо бир эле кездемеде көмүлгөн, ал бизден да жакшы адам болчу деп тамак ичпей койгон. Анын кепининин ахвалы мындай болгон: буттарын жапсак, башы ачылып калчу. Анан башын жапсак, буттары ачылып калчу. Анан Азирети Хамза (разияллааху анху)ну эскерип, да ошондой сүйлөгөн. Анан бизге молчулук жана дүйнөлүк жыргалчылык берилип, бизге андан чоң бөлүгү насип этилген деп айткан. Биз кылган жакшылыктардын сообу ушул дүйнөдө эле берилип бүтүп калбасын деп кооптоном. Анан ыйлап жиберип, тамакты жебей койгон. Дал ушул сыяктуу бир башка учурда ал (разияллааху анху) мындай деген: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) арпадан жасалган нандан өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн курсагын тойгузуп жебей алган бойдон дүйнөдөн кайткан.

Бир жолу Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) УммулМуминийн Азирети Умми Салама (разияллааху анха) менен сүйлөшүп жатып, өзүнүн мал-дүнүйнө молчулугунүн айынан жок болуп калуу коркунучунан сөз кылган. Азирети Умми Салама (разияллааху анхаа) ага садага жана кайрымдуулук кылууга насаат кылып, Мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларымдын кээ бирлери мен бул дүйнөдөн кайткандан кийин мени эч качан көрүшпөйт дегенин уккам деп айткан. Хузур-э-Анвар Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) бейишти сүйүнчүлөгөн сахаабалардын катарында болчу, ага карабай алар ар дайым Алла Тааладан  коркуп турушучу деди.

Сирияда чума оорусунун жайылгандыгы тууралуу кабар келгенден кийин Азирети Умар (разияллааху анху) мусулман кошуунунун алгалай берүүсү тууралуу кеңешүү үчүн улуу сахаабаларды чакырган. Ал учурда Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху) мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир жерде жугуштуу илдеттин жайылганын билгениӊерде, ал жерге барбагыла жана эгер илдет жайылган жерде болсоңор, анда ал аймактан башка аймакка чыкпагыла деп айтканын уккам деген. Бул учурда Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) силер Алланын тагдырынан качып жатасыңарбы?» – деп айткан. Азирети Умар (разияллааху анху) ага: «Эй, Абу Убайда! Ушундай пикирди сенден күткөн эмес болчумун. Ооба, биз Алланын бир тагдырынан качып ошол эле Алланын башка бир тагдырына баруудабыз», – деп айткан.   

Хузур-э-Анвар бүгүнкү күндө жайылган коронавирус тууралуу сөз кылып, бүгүнкү күндө дагы өз убагында карантин чараларын көргөн мамлекеттер ушул илдеттин жайылышын анча жол беришкен жок жана кайдыгерлик менен мамиле жасаган мамлекеттерде бул илдет токтобой жайылып барууда деди.

Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар Азирети Абдур-Рахман бин Ауф (разияллааху анху)нун мүнөзүнүн бир аз калып кеткен бөлүгүн ИншаАллах эмки кутбада айтып берем деди.

٭…٭…٭

[1] Алла баарынан Улуу.

[2] Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок.

Share via