Каршылаш ата үчүн дуба суроо жана кызмат кылууга насаат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Каршылаш ата үчүн дуба суроо жана кызмат кылууга насаат

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19

Батала[1] шаарын көздөй кетип бара жатканда, Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) Шейх Абдур-Рахман[2] Сахиб Кадиянийден анын атасынын ал-ахвалын сурамжылап турган жана төмөнкүдөй деп насаат кылган:

«Алар үчүн дуба кылып туруӊуз. Ар кандай ыкмаларда жана мүмкүн болушунча ата-энелериӊизди тынчтандырып, мурдагысынан миң эсе көп адеп-ахлакты жана таза үлгүңүздү көрсөтүп, аларды Исламдын чынчылдыгына ынандырууӊуз керек. Адеп-ахлактык муъжиза – бул башка муъжиза-кереметтер ага теӊ келбеген керемет. Чыныгы Исламдын өлчөмү мындай: ал адамды адеп-ахлактын жогорку деңгээлине жеткирет жана ал кадыр-барктуу адам болуп калат. Аллах Таала сиз аркылуу Исламдын сүйүүсүн алардын жүрөгүнө киргизиши мүмкүн. Ислам дини ата-энелерге кызмат кылуудан кайтарбайт. Динге зыян келтирбеген дүйнөлүк иштерде толугу менен баш ийип, аларга чын жүрөктөн кызмат кылыӊыз». (Малфузат, II том, 492-бет)

Пешин намазы маалында Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) жаӊыдан Ислам динин кабыл кылган бир адам менен жолугушуп, ага катуу каршы чыккан атасы үчүн дуба кылууга баса белгилеп насаат кылган. Ал киши эй, Азирети! Мен дуба кылып жатам жана дуба кылууӊуздү суранып, сизге да ар дайым кат жазып турам деп айткан. Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Жакшылап дуба кылыӊыз. Атанын дубасы уулу үчүн жана уулдун дубасы атасы үчүн кабыл алынат. Эгер сиз дагы жакшылап дуба кылсаӊыз, анда биздин дубабыз да ошондо гана натыйжа берет». (Малфузат, II том, 502-бет)

[1] Индия шаарларынын бири.

[2] Ал киши индус дининен Ислам динине өткөн жана ага «Абдур-Рахман» (Мээримдүүнүн пендеси) деген ат коюлган.

Share via