Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лондондо болуп өткөн жаш Ахмадий мусулман аялдардын аземине кайрылуу жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лондондо болуп өткөн жаш Ахмадий мусулман аялдардын аземине кайрылуу жасады

«Аялзатынын даражасы эч жактан эркектерден кем эместигин ачык-айкын айтып коёюн», – Азирети Мырза Масрур Ахмад

2017-жылдын 25-февралында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын аял мүчөлөрү үчүн өткөрүлгөн Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Ваакфат-э-Нау Ижтимаасынын (чогулушунун) жыйынтык сессиясына кайрылуу жасады.

Аталган азем Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде болуп, ага 1500ден ашуун аялдар менен кыздар катышышты, алардын ичинде 1000ге жакыны Вакф-э-Нау кыймылынын мүчөлөрү болчу.

Өзүнүн ыймандарды күчөтүүчү кайрылуусунда Ал Азирети Ислам дининде бар болгон аялзатынын акы-укуктары жана даражасы жөнүндө кеӊири токтолду. Андан тышкары, Ал Азирети Ислам дининин каршылаштары тарабынан жасалып жаткан «дин аялзатын кемсинтет» деген билдирүүсү бүтүндөй жаӊылыштык экенин айтты.

Окуу маселесинде Ал Азирети мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кыздардын окуусуна өзгөчө басым жасаган, ошентсе да XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында кыздар жана аялдар үчүн билим алууга мүмкүнчүлүк аз болчу, айрыкча саналуу эле мусулман кыздар дүйнөлүк же диний билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Ал Азирети мындай деди: мунун башкы себеби Ислам дининин таалимдериндеги карама-каршылык болгон, ал доордогу дин аалымдары аталган молдолор аялдарды өздөрүнүн үйлөрүнүн төрт дубалы ичинен чыкпай отуруулаарын гана каалашкан. Ошентсе да, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам) Ислам дининин чыныгы таалимдерин реформалап-оӊдоп, Ахмадий мусулман аялдардын дүйнөлүк жана диний билим алуусун колдоп-кубаттаган. Ошондуктан, Ахмадий мусулман кыздар окууда өзгөчөлөнүшөт жана бир топ өлкөлөрдө эркек балдардан ашып кетишүүдө.

Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын II Халифасы тарабынан Индия жана Пакистанда ачылган мектептер жана колледждердин кичинекей шаарларда жашаган кыздарга билим алуу мүмкүнчүлүгүн бергендиги тууралуу сөз кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мына ошол билим алуу борборлору аркылуу окууга туура шарттар камсыздалган чоӊ шаарларга барууга кудурети жетпеген кыздар эӊ жогорку даражадагы дүйнөлүк окуу жана диний билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту».

Ал Азирети мындай деди: Ислам дининде «эмгектин бөлүнүшү» деген түшүнүк бар экендигине карабай, дин аялдарга чектөөлөрдү койгон деген түшүнүк бүтундөй жаӊылыштык. Ал Азирети Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунан кээ бир мисалдарды келтирди: коргонуу максатында кылынган согуштарда жарадар болгондорго көмөк көрсөтүү максатында мусулман аялдар медсестра катары иштешкен, а түгүл кээ бир кырдаалдарда эӊ алдыӊкы сапта туруп согушуп, мыкты кайрат жана эр жүрөктүктү көрсөтүшкөн.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кээ бирде айтылгандай, Ислам дининин бир дагы жеринде аялдар үйлөрүнө кармалып отурууга тийиш деген нерсе айтылган эмес. Мисалы, кээ бир кыздар жана аялдар окууда эӊ мыкты окушуп жана укмуштуудай ийгиликтерге жетишишкен, Ислам дини алар өздөрүнүн талантын же жөндөмдүүлүгүн текке кетирип, үйлөрүндө отурсун деген көрсөтмө бербейт».   

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ошентип, дарыгер же мугалим болуу мүмкүнчүлүгү бар же адамзатына пайда алып келе турган кызматтарды аткаруу калоосу бар аялдар ал иштерди аткарышса болот. Бирок, ошону менен бирге алар өздөрүнүн балдарына жана өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнө болгон милдеттеринен кош көӊүл болбоолору керек. Мына ошондой аялдар өз убактарын натыйжалуу пайдаланып, алардын балдары кандайдыр бир жолдор менен кароосуз калып калбоолорун камсыздоого тийиш».   

Кесиптик иш менен сыртка чыкпай турган аялдар жөнүндө сөз кылып, Ал Азирети мындай деди:

«Илим-билимдүү болгон, бирок кесиптик жумушка чыкпай жаткан кыздар өздөрүн эч жактан төмөн деп санабашы керек же коркпошу зарыл же өз жөндөмдүүлүгүбүздү текке кетирип жатабыз деп сар-санаа болбошу керек. Чындыгында, өз үйлөрүӊөргө карооӊор жана өз балдарыӊарды чоӊойтуп-өстүрүүӊөр – бул эӊ маанилүү жана баа жеткис нерсе».  

Ал Азирети мындай деди: эгерде энелер өз балдарын окуу менен камсыз кылышса, анда алар

«келе жаткан муундардын арасында түбөлүккө адамгерчилик, адеп-ахлактык жана тынчтык айлампасы үчүн негиз түзгөн»

энелерден болуп калышат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эсиӊерде болсун, ар бир коомду өркүндөтүү жана өнүктүрүү ачкычы ошол коомдун энелеринин колунда болот».      

Ал Азирети мындай деп да айтты: Ахмадий мусулман аялдар эч коркпой же уялбай Ислам динине жабыла турган жалааларга каршы Ислам динин коргоолору керек. Ал Азирети ушул нерсени «интеллектуалдык жихад» деп айтып, мусулмандар Ислам динин кандайдыр бир чыр-чатак жана зордук-зомбулуктун дини деп айткандарга ошол нерсенин негизинде жазып же жооп кайтаруулары керек эле.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Азыр биз интеллектуалдык жихадды жүргүзүп, Ислам дини бутага алынып жаткан ыкмалар менен эле ушул пропагандага жооп кайтаруу үчүн илим-билим негизги ачкыч болгон бир доордо жашап жатабыз. Эркектер жана балдар гана ушул Калемдик жихадга катышпастан, биздин аялдарыбыз менен кыздарыбыз да катышса болот жана сөзсүз катышуулары керек».

Ислам дининдеги аялзатынын акы-укуктары жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам дини ушундай бир дин: ал башынан эле бардык аялдардын акы-укуктарын кепилденген. Бул аялдардын эркендиги, ошондой эле алардын чыныгы даражасы жана сый-урматы белгиленген дин».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Ислам динин сындап жаткан адамдар жана коомдор болгону өткөн кылымда гана аялдарга кээ бир жөнөкөй акы-укуктарын берүүгө аргасыз болушкан, бирок ошого карабастан, алар моралдык жактан өздөрүн өйдө көрсөтүүгө аракет кылышат. Андан тышкары, «эркиндиктин» аты менен алар аялдарды кандайдыр бир «жансыз зат» сыяктуу мамиле жасала турган чөйрөнү жаратышкан, бирок алардын кадыр-баркы жана чыныгы даражасы дайыма солгундоодо».

Ал Азирети Ислам динине каршы билдирилген өзгөчө сын-пикирге да жооп берди. Аталган сын-пикирди Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мен тозокто өз дини жөнүндө билими жок, өздөрүндө акылы жок же аӊ-сезими жок жана шүгүрчүлүк кылбай жаткан көп аялдарды көрдүм деп айткан хадисине билдиришет.

Ал Азирети мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул хадисин бурмалап, кээ бир мусулман эмес сын-пикир билдирүүчүлөр: «Ислам дини аялзатынын төмөн санап, анын даражасын түшүргөн», – деп айтышат. Ошентсе да, Ал Азирети эч нерсе чындыктан алыс болушу мүмкүн эместигин айтты.

Азирети Мызра Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулман эркектердин көӊүлүн алардын кемчиликтерине бургузуп, өздөрүн кандай реформалап-оӊдоо керектигин үйрөткөндөй эле, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аялдарды да туура жолго багыттаган».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өз доорундө мусулман аялдардын адеп-ахлак, жакшылык жана илим-билимдин туу чокусуна жетишкенин байкайбыз. Мисалы, кээ бир аялдар, айрыкча Азирети Айша (разияллааху анхаа) мусулман эркектерге Ислам динин үйрөткөн. Кудум ошондой кээ бир аялдар согуштарда эркектер менен бирге согушуп, улуу курмандыктарды жасашкан».

Ал Азирети аялдардын эсине салып, Курани Карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таалимдери боюнча эркек менен аялдын ортосунда чыныгы тең укуктуулук бар деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Аялзатынын даражасы эч жактан эркектерден кем эместигин ачык-айкын айтып коёюн. Тескерисинче, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эле бардык жерде жана түбөлүккө бардык аялдардын акы-укуктарын тургузган инсан болгон».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп кошумчалады:

«Бир жактан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бейиш энелердин таман астында жана жарым динди Айшадан үйрөнгүлө деп айтып, экинчи жактан, Кудай сактасын, аялдар тозокко барышат деп айтышы мүмкүнбү? Эч качан!»

Ал Азирети Ахмадий мусулман аялдар беш маал намазды калтырбай аткарып, жана Курани Каримди окуулары керек деп да насаат кылды. Ал Азирети Учурлук Халифанын хутбаларын калтырбай уккула деп да айтты.

Аталган азем Ал Азирети алып барган дубасы менен аяктады.

Буга чейин ар кандай таалим-тарбиялык жарыштары, оюндар жана ар кандай көйгөйлөр жөнүндө дискуссиялар болуп өттү. Кээ бир заманбап темаларда семинарлар болуп өткөн, алардын ичинде «Ахмадий мусулман аялы кантип ыйгарым укуктуу боло алат» – деген тема да болгон.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via