Эң мыкты инсандар: Азирети Хилаал бин Умаййа Вакифий • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Хилаал бин Умаййа Вакифий

Ислам дин ыйман жума кутба пайгамбар сахаба мечит ибадат сыйынуу

Ыкыластуулук жана берилгендиктин сүрөтү болгон Бадр согушуна катышкан сахааба Азирети Хилаал бин Умаййа Вакифий (разияллааху анху)нун куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

2019-жылдын 6-декабрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2019-жылдын 6-декабрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу түз эфирде бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Зыяул-Хак Сетхий мырзага насип этилди.

Бүгүн мен сөз кылмакчы болгон Бадр согушуна катышкан сахаабанын аты Азирети Хилаал бин Умаййа Вакифий. Ал (разияллааху анху) Ансаардын Аус уруусунун Бану Вакиф үй-бүлөсүнөн болгон. Азирети Хилаал (разияллааху анху) алгачкы Ислам динин кабыл кылгандардан болгон. Ал (разияллааху анху) Бадр, Ухуд согуштарына жана кийинки казаттарга да катышкан. Табук казатынын учурунда ал (разияллааху анху), Каъб бин Маалик жана Марарах бин Рабиъ менен кандайдыр бир шылтоосуз согушка катыша албаган үч сахаабанын бири болгон.

9-хижра жылы Табук казатынын учурунда ал үч сахаабанын согушка катыша албагандыгы жөнүндө «Сахих Бухарий» аттуу хадис китебинде Азирети Каъб бин Маалик (разияллааху анху) баяндаган бир рабаят кезигет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандайдыр бир согушка барууга ой-ниет кылганда, согушуу эрежелеринин негизинде ал жүрүштү купуя кармачу. Табук казатынын учурунда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) катуу ысык болгон мезгилде жолго чыккан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулмандарды алыскы, эл жашабаган, чол жана душмандардын саны көп экендигинен кулактандырган болчу, анткени бардык мусулмандар даярдыкты көрүп алуусун каалаган. Өткөн учурларга каршы, бул казатта Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эч нерсени жашырган эмес болчу. Азирети Каъб (разияллааху анху) мындай деп айтат: мен адамдарды даярдык көрүп жатышканын байкачу элем жана ар күнү даярдыкты баштоого ой-ниет кылчу элем, бирок даярдык көрө албай жөргөм. Ал (разияллааху анху) мен бат эле даярданам деп ойлогон болчу. Ошентип, акырындык менен убакыт өтө берген жана бир күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана бардык мусулмандар жөнөшкөн. Ал (разияллааху анху) менде унаа бар, бир-эки күндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жетип алам деген ойдо болчу. Бирок өзүнүн ошол иш-планын ишке ашыра албай калган, а түгүл Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кайтып келүүсү тууралуу кабар келген. Кайтып келүү кабарын угуп, ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кандайдыр бир шылтоо айтууну ойлогон. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кайтып келгенде, менин ичимен жалган ойлордун баары чыгып кетти деп айтат. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кайтып келгенде, артта калып кеткендер ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, ар кандай шылтоолорду айта башташкан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бардыгынын шылтоолорун кабыл алып, алардан Байъат алган жана алар үчүн Алла Тааладан кечирим сураган.

Азирети Каъб Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) таарынган адам сыяктуу күлүмсүрөп, Каъб (разияллааху анху)дан согушка катышпагандыгынын себебин сураган. Азирети Каъб (разияллааху анху) мен ар кандай шылтоолорду айтууга адис болчумун, бирок Алланын атын ортого салып айтам! Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында кандайдыр бир шылтоо айтканымда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал күнү ыраазы болмок, бирок Алла Таала жакын арада кайсы бир башка себептен ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды мени менен таарынтмак деп айткан. Ошентип, Азирети Каъб (разияллааху анху) өзүнүн ден-соолугу чыӊ жана мал-мүлкү мол экенин айтып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га менде эч кандай шылтоо жок болчу деп айткан. Ал (разияллааху анху)нун баянын угуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал чындыкты сүйлөгөн деди жана Алла Таала сиз жөнүндө кандайдыр бир өкүм чыгармайынча ушул жерден кетиӊиз деп айтты. Азирети Каъб (разияллааху анху) туруп кетти, ошондо бир топ адамдар аны менен жолугушуп, сексенге жакын адам ар кандай шылтоолорун айтышкан жана алардын шылтоолору кабыл алынган, сен да кандайдыр бир шылтоо айтышыӊ керек болчу деп, чындыкты сүйлөгөндүгү үчүн аны жемеге алышкан.

Азирети Каъб (разияллааху анху) менден башка Бадр согушуна катышкан эки сахааба Мирарах жана Хилаалдын да чындыкты сүйлөгөнүн угуп, менин көӊүлүм бейпилдик тапты деп айтат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулмандарга ушул үч сахааба менен сүйлөшүүгө тыюу салган. Азирети Каъб (разияллааху анху) ал күндөрдө Медина көчөлөрү бизге чоочун көрүнүп, кудум эле кандайдыр бир жаӊы жерге көчүп келгенибиз сыяктуу сезилчү дейт. Ушул ахвалда элүү түн өтүп кетти. Калган эки сахааба күбөнчө өз үйлөрүндө эле болуп, жалынып-жалбарып жана ыйлап отурушчу. Азирети Каъб (разияллааху анху) калган эки сахаабага караганда, жашыраак болчу, ошондуктан базарларга барчу, намаздарга катышчу, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жыйындарына барчу. Ал (разияллааху анху) мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салам берчү элем жана жооп катары анын эриндери кыймылдайбы же жокпу деп баам салчумун. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га жакын туруп, намаз аткарчу элем жана мага карайбы же жокпу деп байкачу элем дейт.

Ошол эле күндөрдө ал (разияллааху анху)га дагы бир сыноо туш келген жана Гассаан падышасы ал (разияллааху анху)га бир кат жазып, сиздин Пайгамбарыӊыз сиз менен сүйлөшпөй койгон, сиз алдыбызга келе калыӊыз, биз ушул жерде сизди сыйлайбыз деп ал (разияллааху анху)ну тукурууго аракет кылган. Ал (разияллааху анху) ал катты дандырга таштап салган. Элүү кечеден кырк кече өткөндөн кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын элчиси өз жубайыӊыздан бөлүнүп кетиӊиз деген буйругун угузган. Азирети Каъб (разияллааху анху) аны талак кылайынбы деп сураган. Жок, ага жакындабагын деген жооп берилген. Хилаал бин Умаййа (разияллааху анху) аябай карыган адам болгондуктан, анын жубайы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан ага кызмат кылуу өзгөчө уруксатын сурап алган болчу. Ал (разияллааху анху) бойкотко элүү кече өткөндө, мен бир жарчынын жарын уктум, ал: «Эй, Каъб! Сага сүйүнчү болсун», – деп жар салып жүргөн дейт. Ал (разияллааху анху) мен дароо менин сыноом бүттү деп түшүндүм жана саждага жыгылдым деп айтат. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына барганда, адамдар топ-топ болуп, аны менен жолугушкан жана аны куттукташкан.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху)ну көргөндө, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүзү жаркырап жаткан болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) да аны куттуктаган. Азирети Каъб (разияллааху анху) бул жарыя сиздин тарабыӊызданбы же Алла Таала тарабынанбы деп сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Таала тарабынан деп жооп кылган. Анан ал (разияллааху анху) менин тобом кабыл болгондуктан, анын ордуна өз мал-мүлкүм жана байлыгыман кол жууйм деп айттым деди. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мал-мүлкүӊүздөн бир азын өзүӊүзгө да алып калгыӊыз, бул сиз үчүн жакшы деп жооп берген. Азирети Хилаал бин Умаййа Амир Муъаавиянын бийлик доорунда каза болгон.

Хузур-э-Анвар Табук жөнүндө маалыматтардан турган бир үзүндүнү да сунуш кылды. Табук Мединадан Сирия жагында соода кербендери өтө турган кан жолунда жайгашкан. Ал Ал-Кураа өрөөнү менен Сириянын ортосунда жайгашкан бир шаар. Ал Асхаабул-Айкахтын шаары деп да аталат. Ал жерге Азирети Шуайиб (алайхиссалаам) пайгамбар кылып жөнөтүлгөн болчу. Табук казаты Газватул-Усраа (оор казат) деп да аталат. Худайбия келишиминен кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Басранын губенатору Абу Шимар Гассаанийге даават катын жазган эле. Ага жооп кылып, ал Мединага чабуул жасайм деп коркуткан. Ал согушка көрүлгөн даярдыктын себеби төмөнкүдөй болгон: Сириядан соода иштерин жүргүзүү максатында Мединага келген Набтий адамдар аркылуу Рим Кайсарынын бир кошууну Кайсар менен бирге Сирияда топтолуп жатат деген кабар келген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кабар келгенде, ага каршы күрөшүүгө адамдарда күч-кубат жок болчу. Ошентсе да, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдардын арасында жар салдырган жана алар даярдана алышсын деп алар бара турган жер жөнүндө кулактандырып койгон.

Ал учурда сахаабалар жасаган курмандыктары жана эки жүздүүлөр уюштурган кутумдары тууралуу да толтура окуялар болгон. Мисалы, Азирети Умар (разияллааху анху)нун өзүнүн жарым мал-мүлкүн алып келүүсү жана Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун өз үйүндөгү бардык нерселерин алып келүүсү деген белгилүү окуя да ошол эле учурда болгон. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) алып келген мал-мүлкүнүн баасы төрт миӊ дирхам болчу. Азирети Усман (разияллааху анху) төөлөр, жылкылар жана акчалай жардам берген. Ал курмандыгы себептүү ал (саллаллааху алайхи ва саллам) минбарга чыгып, ушул амалдан кийин Усмандын бир дагы амалы суракка алынбайт деп айткан. Азирети Акийл (разияллааху анху) түн бою кылган эмгегинин акысы катары төрт-беш клограмм курманы тапкан, ал жарымын үй-бүлөсү жана бала-чакасына алып калып, калган жарымын Алла Таала жолуна берип салган. Азирети Абурахман бин Ауф (разияллааху анху) төрт миӊ төрт жүз дирхамга тете болгон өзүнүн жарым мал-мүлкүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га берип салган.

Хузур-э-Анвар Хилаал бин Умаййа (разияллааху анху) тууралуу дагы бир аз ИншаАллах кийинки кутбада айтып берем деди.

Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар Вакф-э-Нау бөлүмүнүн сайты ачылганын жарыялады. Ал веб-сайт аркылуу ата-энелер өз балдарын Вакф-э-Науга таршыруу үчүн жазган каттары тууралуу аталган бөлүмдөн түздөн-түз багыт алуулары мүмкүн. Вакф-э-Нау балдарына таалим-тарбия берүү үчүн Хузур-э-Анвардын көрсөтмөлөрү, Вакф-э-Нау тууралуу Ахмадия Халифаларынын кайрылуулары жана кутбалары, Вакф-э-Нау балдарынын курсу, «Исмаийл» жана «Марям» аттуу журналдар, ошондой эле Вакф-э-Науга тиешелүү видео тасмалары да ал сайтта болот. Хузур-э-Анвар бул веб-сайт ИншаАллах бүгүн башталат, Вакф-э-Нау балдары жана алардын ата-энелери сөзсүз аны пайдалануулары керек деди.

٭…٭…٭

Share via