Эң мыкты инсандар: Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эң мыкты инсандар: Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)

мечитте окулган жума кутбасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге намаз окугандан кийин өз элине барып, аларга намаз окутчу

Одиша облусуна караштуу Хурда Дуня Гарх районунун тургуну, Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлеринин жетекчиси урматтуу Маулвий Фарзаан Хан мырза, Малайзиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын жергиликтүү миссионери урматтуу Абдулла Мосико мырза жана Кадияндагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Муаллими[1] урматтуу Абдул-Ваахид мырза деген үч маркумду эскерүү жана гайып жаназа намазы.

2020-жылдын 23-октябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 23-Ахаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 23-октябрь күнү Амирул-Му’минийн Азирети Халифатул Масийх V (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Бүгүн мен сөз кыла турган «Бадр» согушуна катышкан сахаабанын аты Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху). Ал «Хазраж» уруусунун «Удай бин Саъд бин Али» бутагынан болгон. Ал (разияллааху анху)нун жүзү аябай аппак, тиштери жалтырак жана көздөрү боз болгон. Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) өз элинин эң сулуу адамы жана Ансаарлардын жаштарынын ичинен эң жоомарт, токтоо жана намыстуу адам болгон. Ал (разияллааху анху) 18 жаш курагында «Байъат-э-Акаба Сания» учурунда Ислам динин кабыл кылган. Ал (разияллааху анху) «Бадр» согушу жана башка бардык согуштарга катышкан. Ал (разияллааху анху)нун диний тууганчылыгы Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) менен курулган. Ислам динин кабыл алгандан кийин Азирети Муъааз (разияллааху анху) «Бану Салама» уруусунун жаштары менен кошо өз уруусунун буркандарын талкалаган. Бул окуя мурда Азирети Муъааз бин Амар (разияллааху анху) тууралуу кылынган сөздө айтылып берилген. Аталган окуядан маалым болгондой, «Бану Саламанын» айрым жаштары Муъааз бин Амар (разияллааху анху)нун атасынын бурканын үч күн бою коңшу-колоңдун таштандысына ыргытып жүрүшкөн жана акыр-аягында бул ыкма Азирети Амар (разияллааху анху)нун Ислам динин кабыл алуусуна себепчи болгон.

Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)нун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон чыныгы ыкластуулугу жана сүйүүсүнө төмөнкү окуя күбөлүк болуп отурат: «Ухуд» согушунан кайтып келе жатканда, Медина Ансаарларынын аялдары өздөрүнүн шейит болгон адамдарына ыйлап жатышканда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Хамза (разияллааху анху) үчүн ыйлай турган эч ким жокпу деп айткан. Ошондо, ал (разияллааху анху) жана айрым башка сахаабалар Мединадагы ыйлаган аялдарды чогултуп, Азирети Хамза (разияллааху анху) үчүн ыйлоого буйрук беришкен. Хузур-э-Анвар жогорудагы жагдай Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата сүйүүсүнөн улам болгон. Исламда жакалашып ыйлоо жана кошок айтууга тыюу салынган, бирок Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) бул сезимдерди көрүп, Хамза (разияллааху анху)га карата да боор ооруган сезимдер болсо кана, деп айткан. Болбосо, мунун баарына Ислам дининде жалпысынан тыюу салынган. «Хунайн» согушунун учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мекке элине Ислам динин үйрөтүү максаты менен Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)ну Меккеде калтырган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Куранды төрт адамдан, тактап айтканда, Ибни Масъуд, Саалим Маула Аби Хузайфа, Убай бин Каъб жана Муъааз бин Жабал (разияллааху анхум)дан үйрөнгүлө деп айткан.

Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху)мындай деп айтат: бул эң алдыңкы төрт мугалим болушкан. Алардын жумушу Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дан Куран үйрөнүп, аны адамдарга үйрөтүү болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менин үммөтүмдө халал менен харамды эң жакшы билген адам – бул Муъааз бин Жабал (разияллаху анху) деп айткан. Ошондой эле, башка бир учурда Муъааз бин Жабал кандай сонун адам деп да айткан. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал (разияллааху анху)нун колун кармап, мен сени чындыгында жакшы көрөм. Демек, ар бир намаздан кийин, эй, Аллах! Сени эстөө, Сага ыраазычылык билдирүү жана ибадатты кооздотуп аткарганга мага жардам бергин деген зикирди калтырбай кылып тур деп айткан. Ошондой эле, башка бир рабаятта ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)га «Лаа Хаула»[2]ны окууга баса белгилеп, аны бейиштин эшиктеринин бири деп атаган. Ал (разияллааху анху) бир жолу эң абзел ыйман жөнүндө сураганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эң абзел ыйман – сенин сүйүүң жана жек көрүүң бир гана Алла үчүн болуусу керек жана тилиң Алланы зикир чалуу менен алек болуусу керек деп айткан.

Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге намаз окугандан кийин өз элине барып, аларга намаз окутчу. Бир жолу ал (разияллааху анху) Куптан намазында «Ал-Бакара» сүрөөсүн окуй баштаган, намаздын созулуп кеткенинен улам бир адам жамаат намазынан чыгып кеткен. Бул маселе Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында коюлганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Муъааз (разияллаху анху)га: «Сиз адамдарды сыноодон өткөрөсүзбү?» – деп, ага «Аш-Шамс», «Аз-Зухаа», «Ал-Лайл», жана «Ал-Аълаа» сүрөөлөрүн окууга баса белгилеп насаат кылган. Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) мындан маалым болгондой, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жогорудагы сүрөөлөрдү орточо сүрөөлөрдүн катарына киргизген деп айтат. Кандайдыр бир өзгөчө учурларда адам көлөмдүү сүрөөлөрдү окуса болот, ошондой эле кыйналганда жана ооруп калганда, кыска сүрөөлөрдү окуса деле болот. Бирок, адатта үн чыгарылып окулуучу намаздарда ушул орточо сүрөөлөрдү эле окуу керек.

Бир жолу Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын артында унаа үстүндө отурганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Аллахтын пенделеринин моюнунда «Ага сыйынсын жана эч кимди Ага шерик кылбасын» деген акысы бар деген. Анан бир аз жол жүргөндөн кийин эй, Муъааз бин Жабал! Пенделердин Алланын үстүнөн «алар бардык шарттары менен Аллага моюн сунушканда, Алла Таала аларга жаза бербесин» деген акысы бар деп айткан.

Бир жолу Азирети Муъааз бир Жабал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан бейишке киргизүүчү жана оттон алыстатуучу иш жөнүндө сураганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Исламдын түркүктөрүнө толук бойдон берилүүгө насаат кылган. Дагы мындай деген: мен сага жакшылыктын эшиктери жөнүндө айтып берейин: орозо – бул калкан жана садака кудум эле сууну от өчүргөнүндөй күнөөлөрдү өчүрөт. Адамдын түн ортосунда намаз окуу, башкача айтканда, Тахажжуд намазын окугандыгы. Алардын бардыгынын эң чокусу жана тиреги – бул жихад жана алардын баарынын огу – бул адам өз тилин тыйышы керек деп айткан. Эй, Муъааз! Адамдарды алардын тилдеринен жыйналган «түшүмдөрдөн» башка эч нерсе отко киргизбейт.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда Мухаажирлер жана Ансаарлардан үчтөн адам фатва беришчү. Алардын катарында Азирети Умар, Усман, Али, Убай бин Каъб, Зайд бин Саабит жана Азирети Муъааз бин Жабал (разияллаху анхум) болушкан. Бул сахаабалардын бардыгы Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун халифалык доорунда дагы фатва беришчү.

Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун халифалык доорунда Сирияга кеткен. Ал кеткен соӊ Азирети Умар (разияллааху анху) анын кетүүсү Медина жана Мединанын тургундарын фикх илими боюнча муктаж кылды деп айткан. Ал (разияллааху анху) Тахажжуд намазында төмөнкү дубаны окучу: «Эй, Аллах! Көздөр уйкуда, жылдыздар жымыңдап жатат, Сен Тирүү жана Түбөлүктүүсүң. Менин бейишке болгон каалоом жай жана оттон качып кутулуум алсыз жана күчсүз. Эй, Алла! Мен үчүн Өзүңдө хидаятты (туура багыт) жазып койгун.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)га кимде-ким чын жүрөктөн Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алланын Элчиси экендигин күбөлөндүрсө, Алла Таала аны оттон сактайт деп айткан. Азирети Муъааз (разияллаху анху) эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдарга сүйүнчү катары жогорудагы кабарды жеткирсем, болобу? деп сураганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ошондо адамдар кубанып, жакшылыктарды аткаруудан баш тартышат, деп айткан. Анан Азирети Муъааз (разияллааху анху) каза болгон учурунда билимдүү адамдарга ушуну айтып берген. Азирети Саййид Зайнул-Аабидийн Валиюллах Шах сахиб өзүнүн «Шарх Бухарий»[3] китебинде кээ бир илимий маселелерди атайын адамдарга чектөө зарыл, болбосо айрым маселелер фитна-чагымчылыкка алып келет деп жазган. Биз көрүп тургандай, кээ бир жасалма ыймандуулар «Лаа Илааха Иллаллааху»[4] деген сөздөрдү тил менен айтууну гана өздөрүнө калкан кылып алышкан. Шарият[5]  машакаттарынан бошотуп, аларга ыйман күбөлүгүн берүүнү каалашат.

Хузур-э-Анвар келиме келтиргендерге оттун арам экендиги жөнүндө айтылган бул хадистен жазаны Алла Таала гана берет жана келиме келтирген адамга каршы фатва чыгаруу эч бир адамдын акысы эместиги айкын болот. Бүгүнкү күндө мусулмандардын «Ийд Милаадун-Набий»[6] майрамын белгилөө салты кеӊири таралып кетти. Негизинен, биз ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын орноктуу үлгүсүн жана окуусун туурашыбыз керек деди.

Азирети Муъааз (разияллааху анху) «Табук» согушунун учурундагы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир муъжизасынан (керемет) сөз кылып мындай деп айтат: «Табук» булагында суу өтө эле аз болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) суу булакка түшүп тургандай кылып, булактын суусунан колун жана жүзүн жууган. Суу булакка тездик менен түшкөн сайын, булак тез ага баштаган. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Муъааз бин Жабал (разияллааху анху)га кайрылып, эй, Муъааз! Эгер узак жашоо жашап калсаң, анда бул жердин бакчаларга толгонун көрөсүң деп айткан. Хузур-э-Анвар «Табук» аймагынын бакчаларга толуп жана ал жерде суу ушунчалык мол болуп, Медина жана Хайбардан башка эч бир жерде ушунчалык суу болбогонун көрсөткөн ар кандай мезгилдердин шилтемелерин келтирген.

Кутбанын аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллаху таъаала бинасрихил азиз) үч маркумду эскерип, жаназа намазын окутаарын жарыялады. Биринчи эскерилген адам – бул Ориша облусуна караштуу Хорда Дуня Гарх районундагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлеринин жетекчиси урматтуу Маулвий Фарзаан Хан мырза. Маркум 10-сентябрь күнү каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркум өтө карапайым, кичипейил, мүнөзү жумшак жана дуба кылуучу адам эле. Анын артында аялынан тышкары бир уулу жана бир кызы калды.

Экинчи эскерилген адам – бул Малайзиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын жергиликтүү миссионери урматтуу Абдулла Мосико мырза. Ал 7-октябрь күнү 68 жаш курагында каза тапкан. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркум 1973-жылы Кота-Кинабалуда Жамаатыбыздын Жалса Саланасына (жылдык жыйын) катышкан жана анын руханий чөйрөсүнөн таасирленип, байъат берүү бактысына ээ болгон. Ал өтө меймандос, билимдүү, дааватка кызыккан жана абдан тартиптүү адам болгон. Анын артында аялынан тышкары сегиз баласы калды.

Үчүнчү эскерилген адам – бул Кадияндагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Муъаллими урматтуу Абдул-Ваахид мырза. Ал 12-сентябрь күнү 56 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал аябай баш ийген жана эмгекчил адам эле. Анын артында аялынан тышкары бир уулу жана эки кызы калды.

Аягында Хузур-э-Анвар Алла Таала бардык маркумдарды кечирип, аларга ырайым кылсын жана балдарына да алардын жакшылыктарын улантып туруу мүмкүнчүлүгүн насип этсин деп дуба кылды. Амийн

٭…٭…٭

[1] Индия-Пакистан, Африка ж.б. өлкөлөрүндөгү айыл жерлериндеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнө диний таалим-тарбия берүү үчүн кызмат кылуучу жергиликтүү имам-хатибдер (дааватчылар).

[2] Лаа Хаула Валаа Куввата Иллаа Биллаах (Улуу Аллахтан башка эч ким, эч нерседе эч кандай күч-кубат жок).

[3] «Бухарий» китебинин түшүндүрмөсү.

[4] Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок.

[5] Алланын мыйзамы – Куран.

[6] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын туулган күнүн белгилөө майрамы.

Share via