МУХАММАД ПАЙГАМБАР(САВ)ДЫН ҮЛГҮЛҮҮ САХААБАЛАРЫ • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

МУХАММАД ПАЙГАМБАР(САВ)ДЫН ҮЛГҮЛҮҮ САХААБАЛАРЫ

2018-жылдын 9-мартында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

Ташаххуд, Таъвуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы мындай деген: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бир жерде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын жасаган курмандыктары, алардын даража-мартабасы жана Алла Таала аларга тартуулаган белектери жөнүндө сөз кылып, мындай деп айтат: Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) өзүнүн бардык мал-мүлкүн Алла Таала жолуна берип салган, ага жооп катары Алла Таала ага эмне берген. Аны бүткүл Арабияга падыша кылып койгон. Демек, качан адам бардык напсиликтери жана жеке максат-мүдөөлөрүнөн оолак болуп, кур колу менен жана чын жүрөктөн Алла Тааланын алдына барса, анда Алла Таала ага баардыгын тартуулайт жана көмөк көрсөтөт. Кыскасы, Алла Таала үчүн ар бир нерседен оолак боло тургандарга бардык нерселер берилет.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Мына ошондой адамдар Алла Тааладан алар Анын жолуна кылган курмандыктарынан бир канча эсе көп сыйлык алмайынча өлүшпөйт. Алла Таала эч кимге карыз бойдон калбайт». Азирети Ибаад бин Башар Ансарлардын [Мединадагы жергиликтүү мусулмандар] арасынан бир сахааба болгон. Ал өзүнүн жаш курагында, болжол менен отуз беш жашында шейит болгон. Ал (Алла ага ыраазы болсун) Аллахтын ыраазычылыгына жетишүүнү каалап, эрте таӊдын баштапкы сааттарында Ыйык Куранды тилават кылчу (окучу). Ал (разияллааху анху) көргөн бир түшүнүн негизинде мага шейит статусу тартууланат деп бекем ишенчү. Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) мындай деп айтып берет: «Азирети Ибаад мага бир жолу төмөнкүдөй түш көргөнүн айтып берген: «Асман жарылып кетти, мен ага кирип кеттим, анан ал кайрадан баштапкы абалына айланып калды. Ушул түштүн негизинде, ал киши Алла Таала мага шейит статусун берет деп ишенген. Анын көргөн бул түшү Йамама согушунда аткарылган. Ал киши зор кайраттуулук менен согушуп жатып, шейит болгон. Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) согуштан кийин анын жүзүндөгү кылыч жараатынан улам, анын жүзү таанылгыс болуп калган дейт. Анын сөөгү анын денесинде бар болгон бир белги аркылуу гана таанылган.

♦ Хараам бин Милхаан (разияллааху анху) жаштарга Ыйык Куранды үйрөтүүгө жана Асхааб-э-Суффга [Суффада жашаган жакыр сахаабалар] кызмат кылууга өзүн арнаган сахааба болгон. Бани «Амир» деген уруу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га бизди Ислам динине даават кылуу үчүн кээ бир адамдарды жөнөтүӊүз деп кайрылганда, ал киши аларга Ислам динин үйрөтүү үчүн жөнөтүлгөн 70 кишиден турган делегаттын жетекчиси болгон. Хараам бин Милхаан жана анын шериктери аларга жетип барышканда, Бани «Амир» уруусунун лидери бир адамга Хараам бин Милхаанга артынан найза менен чабуул жасоого ишаарат кылган. Анын мойунунан кан атырылып агып чыккан. Ал киши ал канды өзүнүн колдоруна сүйкөп, мындай деди: «Каабанын Раббисин күбө кылып айтам, мен ийгиликке жетиштим! Каабанын Раббисин күбө кылып айтам, мен ийгиликке жетиштим!» Андан кийин, анын шериги да шейит кылынды. Андан кийин алар калган жетимиш кишиге да чабуул жасап, бир же эки адамдан башканын баарын шейит кылышты. Мыкаачылык менен өлтүрүлүп жатканда, алар: «Эй, Алла! Бул курмандыктарыбызды кабыл ал жана биздин азыркы ахвалыбыздан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кабар кыл, анткени бул жерден кабар жиберүүнүн эч бир жолу жок», – деп дуба сурашкан. Ошентип, Азирети Жабриэл Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ал сахаабалардын саламын жеткирди, ошондой эле алардын абалынан жана шейит болгонунан кабар берди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз сахаабаларына алардын баарынын шейит болгонун билдирди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын шейит болгонун билип, абдан тереӊ кайгыга баткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) отуз күнгө чейин ал урууга каршы: «Эй,Аллах! Ушул кылмыш ишин жасагандарды Өзүӊ кармап, жазага тарткын», – деп тетири дуба сураган.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Ардактуу сахаабалар (разияллааху анхум)дун абалын карагыла. Меккеде аларга эмне деген азаптар чектирилген? Алардын кээ бирөөлөрүн кармап алып, кысым көрсөтүп, ар кандай ыкмалада жазалашкан. .. Бирок кыйынчылыктар жана балээ-кырсыктар бороонунда да аларды чындыктын үстүндө кармап турган нерсе эмне болгон? Бул чындыкты сүйгөндүктөн алардын көкүрөктөрүнөн атылып чыккан лаззат жана кубаныч булагы болгон. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Катуу кыйынчылыктар балээ-кырсыктарды момун-мусулманга жеңил кылып коёт. Чыныгы момун-мусулмандын белгиси бул: ал өлтүрүлүүгө да даяр болуп калат. …Бир ойлонуп көргүлө, эгер мына ошондой сыноолордо лаззат жана ыракат болбосо, анда пайгамбарлар (алардын үстүнө тынчтык болсун) кантип мындай кыйынчылыктардан өтүшмөк?»

♦ Бул жерде айтылып жаткан сахаабалар (разияллааху анхум) жөнүндө мисалдар көрсөтүп жаткандай, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Ыйык Күчү аларга ушундай рухту үйлөгөн болчу: алар өлүм алдында да: «Каабанын Раббисин күбө кылып айтабыз, биз ийгиликке жетиштик, биз Кудайыбызды таптык», – деп айтышчу. Азирети Абдулла бин Амар Ансарлардын арасынан болгон бир сахааба болчу, ал киши жөнүндө мындай деп айтылат: ал Ухуд казатына катышуу үчүн жолго чыгып жатканда, мындай деди: «Мен шейит боло тургандырдын эӊ биринчиси болом». Ал өзүнүн уулуна: «Мен кайтыш болгон соӊ эже-карындаштарыӊа кам көргүн». Ал мындай деп да айтты: «Мен бир жөөт адамдан насыя алгам. Менин курма бактарымдын түшүмүн алганыӊда, андан аны төлөп койгун». Бул алардын Алла Таалага болгон сүйүүсүнүн, такыбасынын, тазалыгынын жана башкалардын акы-укуктарын аткаруу өлчөмү болчу. Артымда жаш кыздарым калат, алардын акы-укуктарын аткарышым керек деп да эч кооптонгон эмес,  анын ордуна Алла Таалага ишенген, Ага тобокел кылып, өз уулуна: «Эми сен бул үй-бүлө башчысы болосуӊ жана ошол милдеттенмелерди аткарышыӊ керек, ошондой эле эже-карындаштарыӊа кам көрүшүӊ керек», – деп насаат кылган. Ал киши жөөт адамдан алган карызын төлөө жөнүндө да кабатыр болгон. (Ал киши) мен өз чөнтөгүӊөн аны төлөгүн деп да айтпайм, тескерисинче, биздин курма бактарыбыздан түшө турган кирешеден төлөгүн деп айткан. Мен сага эч кандай каржылык жүгүн жүктөбөйм. Мен жөн гана бул милдет жөнүндө эскертип жатам. Мен карызды төлөп берүү Ислам дининин ажырагыс осуяты экендиги жөнүндө кулактандырып жатам. Сиз бул карызды төлөгөндөн кийин гана мал-мүлкүмдү мурас катары аласыз.

♦ Кудум ошондой дагы бир сахааба Азирети Амар бин Жамухтун курмандык жана шейиттикке болгон шыктануусу жөнүндө мындай деп кезигет: анын буту ооругандыктан ал аксап жүрчү. Катуу ооруп, майып болгондугу үчүн анын уулдары аны Бадр Казатына катышууга жол беришкен эмес. Каапырлар Ухуд казатында согушууга чогулушканда, ал өз балдарына мындай деди: «Силер каалаганыӊарды кылгыла, бирок мен силерди укпайм жана мен, албетте, бул согушка катышам». Анан ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жолугушуп, мындай деди: «Менин балдарым менин бутума болгон бир маселеден улам согушка катышууга жол бербей жатышат. Бирок, мен сиз менен бирге ушул жихадга катышмакчымын». Анан мындай деп кошумчалады: «Аллага касам, мен чын жүрөктөн Алла Таала менин тилегимди аткарып, мага шейиттик даража берет жана мен ушул аксак бутумдун аркасынан бейишке кирип кетем деген үмүттөмүн». Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деди: «Бул майыптыктын айынан Жихад сага парыз эмес. Ошентсе да, эгер тилегиӊ ошондой болсо, анда катышсаӊ болот». Анын тилеги сөзсүз аткарылыды жана ал Ухуд Согушунда шейит болду.

♦ Демек, бул адамдар ыйманы жана ишеними бекем инсан болчу. Каалаган сахаабанын окуясын алып көргүлө. Алар чын жүрөктөн жана берилгендик менен өз жандарын Алла Таала жолунда курман кылууга ар дайым даяр турушчу. Азирети Абу Талха (Алла Таала ага ыраазы болсун) Ансаарлардын арасында ок атуу боюнча даӊкы чыккан бир сахааба болгон. Ал киши Бадр Согушунда ок атып, улуу өнөрүн көрсөткөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Окторду Абу Талханын алдына койгула, себеби ал окторду өтө тездик менен атат жана анын октору өз бутасына тийет». Ал киши да Ухуд Согушунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында калкан болуп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Азирети Талха (Алла ага ыраазы болсун) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүзүн өз колу менен тосуп турган эле. Адам ишенимдүүлүккө толгондо, а дегенде, өзүнүн мал-мүлкү жана байлыгын сарп кылууну каалайт, анан ошол тилеги өсүп кеткенде, мындай адам өз өмүрүн курмандыкка чалууга да даяр болуп калат. Бул ишеним да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Ыйык Күчүнөн улам ар дайым өсүп-өнүгө берчү.

♦ Азирети Убай бин Каъб да Алла Таала менен өзгөчө мамиледе болчу. «Сахий Бухарий» аттуу хадис китебинде мындай деп жазылган: Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага мындай деди: «Алла Таала сага Куран окуп берүүмдү мага буюрган». Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз сахаабасына Алла Таала сага Куран окуп бер деп мага көрсөтмө берген деп айткан. Азирети Убай бин Каъба айран-таӊ калып: «Бүткүл ааламдардын Ээси жана Кожоюну менин атымды атап, мага Куран окуп берүүӊүздү айтканбы?» – деп сурады. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп жооп берди: «Ооба, сенин атыӊды атап айткан». Бир аз убакыттан кийин кимдир бирөө Убай бин Каъбдан: «Муну укканда, сен абдан кубанган болушуӊ керек», – деп сураганда, ал киши мындай деп жооп берди: «Алла Таала Менин берешендиктерим жана мээримдүүлүктөрүмдү көрүп жана эстеп, кубангыла деп айткан болсо, анда эмне үчүн мен кубанбай коймок элем».

♦ Азирети Убай бин Каъб Ыйык Куранды да жакшы билчү. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) андан: «Мен буга чейин эки же үч апта мурун бир кутбамда бул окуяны айтып бергем, Курандын кайсы аяты улуу аят деп аталышы мүмкүн?» – деп сураган. Ал киши: «Аятул-Курсий улуу аяттардын бири деп аталышы керек», – деп жооп берген. Муну угуп,  Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага өтө эле ыраазы болгонун билдирип, мындай деди: «Эй, Убай! Алла Таала сенин билимиӊди куттуу кылсын». Азирети Умардын (Алла ага ыраазы болсун) уруксаты менен ал киши адамдарга Курандын билимин жана анын тафсирин (чечмесин) үйрөтчү.

♦ Булар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабалары болуп, өсүп-өнүгүп эӊ бийик даражаларга жетишти. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары жөнүндө бир жолу Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан: «Эгер бирөө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалардын [өмүрү] жөнүндө ой жүгүртсө, ал алардын өтө эле жөнөкөй адамдар экенин табат. Мисалы, бир идиш ак боёк менен боёлгондон кийин таза болуп калат го, кудум ошондой алардын жүрөктөрү Алла Тааланын Сөзүнүн жарыгы менен жарык жана напсилик кастыктар датынан бүтүндөй таза болчу. Кыскасы, алар

«өзүн тазалап алган бирөө ийгиликке жетишти» деген аяттын тастыктоочусу болушчу. Алла Таала чындап сахаабалардын даража-мартабасын таанып-билүү үчүн бизге күч-кубат берсин жана алардын үлгүлөрүн туурап, ыкластуулугубуз жана берилгендигибизди өнүктүрүп-жогорулатууга мүмкүнчүлүк берсин.

Share via