Эң мыкты инсандар: Азирети Билал бин Рабаах (разияллаху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Билал бин Рабаах (разияллаху анху)

Халифанын көрсөтмөсү

2020-жылдын 11сентябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «Бадр» согушна катышкан улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Билал бин Рабаах (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Азирети Билал (разияллааху анху) эң биринчи азанчы болуу сыймыгына ээ. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү кезинде сапар учурунда дагы, өз шаарында болгондо дагы азанчы кызматын аткарган.

Улуу Британиядагы Жамия Ахмадия университетинин студенти Бельгиянын тургуну урматтуу Рауф бин Максуд кенже, Пакистанга караштуу Исламабад районундагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амиринин (президент) орун басары урматтуу Зафар Икбал Курайший мырза, Сенегалдагы сыйлуу Кабне Кабажа Катэ мырза жана Пакистандын жогорку сотунун адвокаты урматтуу Мубашар Латийф мырзаны эскерүү жана гайып жаназа намазын окутуу

2020-жылдын 11-сентябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 11-Табук күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 11-сентябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Рана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:

Бүгүн мен сөз кыла турган «Бадр» согушуна катышкан сахааба – бул Азирети Билал бин Рабаах (разияллааху анху). Ал (разияллааху анху) Умайя бин Халафтын кулу болгон. Азирети Билал (разияллааху анху)нун энеси Абиссиниядан болгон, ал эми атасы Араб жеринен эле болгон. Ал (разияллааху  анху) Мекке же башка бир рабаят боюнча Сураах жергесинде төрөлгөн. Билал (разияллааху анху)нун өңү буудай жана кара түстөй, денеси арык, чачы коюу жана жаактарындагы эт өтө аз болгон. Азирети Билал (разияллааху анху) көп жолу үйлөнгөн, бирок ал балалуу болгон эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Билал (разияллааху анху)нун Хабашистан элинен эң биринчи болуп ыйман келтиргенин айткан.

Исламды кабыл алганы үчүн Азирети Билал (разияллааху анху)га катуу азаптар берилчү, бирок ал ар кандай кыйынчылыктарга чыдап, Аллахтын Жалгыздыгынын ураанын Ахад-Ахад (Алла – Жалгыз, Алла – Жалгыз) деп көтөрүп турчу. Бир рабаятка ылайык, Билал (разияллааху анху)ну кожоюндары жерге жаткызып, ага таштарды жана уйдун терилерин таштап, сенин кудайың Лаат жана Узза дей башташкан. Бирок, ал Ахад-Ахад (Алла – Жалгыз, Алла – Жалгыз) дей берген. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) жогорудагы көрүнүштү көрүп, аны жети Укия, башкача айтканда, 280 дирхамга сатып алып, эркиндикке чыгарган. Адамдар биз аны бир унцияга деле сатмакпыз дешти, Азирети Абу Бакр эгер аны жүз унцияга сатканыңар деле, мен аны сатып алат элем деди. Бир рабаят боюнча Азирети Умар (разияллааху анху) Абу Бакр биздин сардарыбыз жана ал биздин сардарыбызды, башкача айтканда, Билалды эркиндикке чыгарган деп айтчу.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын II Халифасы (разияллааху анху) Азирети Билал (разияллааху анху)га чектирилген азап-тозоктор жөнүндө токтолуп, Билалды кожоюну ысык кумдун үстүнө жаткызганын, анын үстүнө чоң-чоӊ ысык таштарды коюп же жаш жигиттерди көкүрөгүнө секирүүгө дайындаганын айткан. Азирети Билал (разияллааху анху)нун Лаат жана Узза кудайларын четке кагып турганын көрүп, Умайя ачууланып, анын моюнуна аркан байлап, тентик адамдарга тапшырып койчу, алар Билал (разияллааху анху)ну Меккенин көчөлөрүндө таштарга сүйрөп жүрүшчү. Натыйжада, анын денеси канга боёлуп калчу, бирок буга карабастан, ал (разияллааху анху) Ахад-Ахад (Алла – Жалгыз, Алла – Жалгыз) деген сөздү эле кайталай берчү. Бир аз мөөнөт өткөндөн кийин, Алла Таала Мединада мусулмандарга тынчтык бергенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Билал (разияллааху анху)ну Азан чакыруу кызматына дайындаган. Ал (разияллааху анху) арабча шийн ’’ش‘‘ тамгасын жакшы сүйлөй албай, «Ашхаду» ордуна «Асхаду Аллаа Илааха Иллаллаах» дегенине Мединадагы акыйкатты билбеген адамдар күлүп калышчу. Ушундай бир учурда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) силер Билалдын Азан чакыруусуна күлөсүңөр, бирок Куадй Таала Аршта анын азаанын угуп өтө сүйнөт деп айткан. Азирети Билал (разияллааху анху) Ас-саабикуунал-Аввалуун[1]дан деп эсептелинет. Ал (разияллааху анху) Ислам динин жети гана адам кабыл кылган учурда Ислам динин кабыл кылган.

Мединага көчүп барганда, Билал (разияллааху анху) Саъд ибн Хайсаманын үйүндө жашаган. Ал (разияллааху анху) жана Азирети Убайда бин Хаарис же Азирети Абу Рувайха Хайсамийнин ортосунда диний тууганчылык түзүлгөн.

Мединанын климатына байланыштуу хижранын алгачкы күндөрүндө Мухаажир[2] сахаабалар катуу ооруп, Меккени сагына беришчү. Азирети Билал (разияллааху анху) эй, Аллах! Бизди жерибизден илдеттуу жерге карай кууп жиберген Шуъба бин Рабия, Утба бин Рабия жана Умайя бин Халфка каргыш болсун деп айтчу.  Ошондо, Аллахтын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) эй, Аллах! Мединаны биз үчүн Меккени сүйгөндөй сүйүктүү кылгын, жада калса, андан дагы сүйүктүүрөөк деп дуба кылган.

Кадияндан көчкөн учурда туш болгон кыйынчылыктардан сар-санаа болгон Ахмадийлерге насаат кылып, Азирети Убада кылынган Реформатор[3] (разияллааху анху) мындай деп айткан: бардык нерсени жогото алдык, биз көчүп келдик деген ойдон алыс болгула. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мекен жана мал-мүлксүз калып калганына өкүнгөн Мухаажирлерге өкүнчү. Бир күнү Азирети Билал (разияллааху анху) ысытма менен ооруп калып, ыр жаратып, ызуу-чуу чыгара баштаган. Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) муну көргөндө, капаланган жана ушундай нерсе үчүн келдиңерби? деп айткан. Мен дагы силерге капа болбогула, жоготконуңарды ойлобогула, биз Кудай Таала жана Ислам дининин өнүгүүсү үчүн жоготтук деген ойдо болуп, ыраазы болгула деп айтам.

Биз, Ахмадийлерге ошол кездеги Халифа тарабынан биздин көчүүбүз Аллах Таала жана Ислам үчүн гана деген насаат айтылган болчу. Бирок, бүгүнкү күндө Пакистандын курулушуна да каршы болгондор анын негиздөөчүсүбүз деген билдирүүнү жасап, өздөрүнүн жалганчылыгы жана алдамчылыгы менен Ахмадийлерди негизги жарандык укуктарынан да ажыратышууда. Биз диндин улуулугу жана ага кызмат кылуу максатында көчүп келгенбиз. Бирок, Пакистандын парламенти өз саясий максаттарын көздөп, ошол динди атоону да бизге тыюу салган. Бизге алардын кандайдыр бир ишеним катынын кереги жок. Бирок, өлкөнүнүн ушул «жасалма ээлери» Ахмадийлерге гана эмес, Пакистанга дагы ушундай зулумдук кылгандыгы өкүнүчтүүсү. Бул адамдар өлкөнүн аброюн түшүрүп, өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып, термиттердей пайдубалын кемирип жатышат. Алла Таала бул өлкөнү ушул заалим адамдардан тазаласын деп дуба кылайылы.

Эми Азирети Билал (разияллааху анху)нун окуяларын жөнүндө кайра токтолойун. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу бардык согуштарга катышкан. «Бадр» согушунда ал Ансарлардын бир тобу менен бирге Умайя бин Халфты өлтүргөн. Билал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын катчысы же казыначысы да болгон. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аялдарды садага берүүгө үндөгөндө, аялдар колдорун бүгүп, шакектерин чечип, Билал (разияллааху анху)нун кийимине салып беришчү.

Азирети Билал (разияллааху анху) эң биринчи азанчы болуу сыймыгына да ээ. Ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өмүрүнүн аягына чейин азанчы бойдон калган. Сахаабалардын кеңеши менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) намазга чакыруу үчүн коңгуроо жана сурнайды тартууга көрсөтмө берген. Андан кийин Азирети Абдулла бин Зайд (разияллааху анху)га түшүндө азадын сөздөрү үйрөтүлгөндө, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал түштүн Алла Тааладан экендигин жана ага ылайык вахий-аян да түшкөнүн айткан. Андан кийин, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөтмөсүнө ылайык Азирети Абдулла бин Зайд (разияллааху анху) азандын сөздөрүн Билал (разияллааху анху)га айтып турган жана Азирети Билал (разияллааху анху) болсо, ал сөздөрдү бийик үн менен кайталап берген. Азирети Умар (разияллааху анху) ал үндү угуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматына келип, Кудайга касам! Мен дагы түшүмдө ал көргөндөй эле көрдүм деп айткан.

Азирети Билал (разияллааху анху) азан чакырып бүткөндө, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кабар берүү үчүн анын эшигинин алдында туруп, «Хаййа алас-Салаах, хаййа алас-Салаах йаа Расулаллахи» (эй, Алланын Элчиси! Намазга келиңиз, намазга келиңиз) деп айтчу.  «Сунан ибн Маажа» китебинде Азирети Билал (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй рабаят этилет: «Ал Багымдат намазынан кабар берүү үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматына келген. Ага Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) уктап жатат деп айтылганда, ал (разияллааху анху) «Ас-Салаату хайрум-минан-Наум» (намаз уйкудан жакшыраак) деп айткан. Башка бир рабаят боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Билал! Бул кандай сонун сөздөр! Аларды Багымдат намазына чакырган азаныңзда кошуп алыӊыз», – деп айткан.

Хузур-э-Анвар Азирети Билал (разияллааху анху) жөнүндө айтыла турган дагы айрым окуялар бар, аларды ИншаАллах эмкиде айтып берем деди. Ал Азирети кутбанын экинчин бөлүгүндө төрт маркумду эскерип, алардын гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады.

Биринчи эскерилген адам Улуу Британиядагы Жамия Ахмадия университетинин студенти, Бельгиянын тургуну урматтуу Рауф бин Максуд мырза болчу. Ал 4-сентябрь күнү мээ шишигинин айынан көз жумган. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Ражиъуун.

Маркум 2018-жылы Жамия Ахмадия университетине окууга тапшырган. Маркум мүнөзү ачык, жакшы сүйлөгөн, Вакфтын (жашоону динге арноо) баркын түшүнгөн, Халифатты сүйгөн, өтө акылдуу, укмуштуудай жөндөмдөргө ээ жигит болчу.

Экинчи жаназа Пакистанга караштуу Исламабад районундагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амиринин (президент) орун басары урматтуу Зафар Икбал Курайший мырзаныкы болчу. Маркум 3-сентябрь күнү 87 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Ражиъуун.

Анын чоң атасы Убайдулла Курайший сахиб Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын сахаабасы болгон. Маркум кесип боюнча инженер болчу жана 1994-жылы инженер катары мамлекеттик кызматтан пенсияга чыккан. 1998-жылдан тартып 2019-жылга чейин Исламабаддагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амиринин орун басары болуп кызмат кылган. Хузур-э-Анвар маркум жан аябастык жана карапаймдык менен иштеген кызматчы болгон деди.

Үчүнчү эскерилген адам Сенегалдагы сыйлуу Кабне Кабажа Катэ мырза болчу. Ал 24-август күнү 85 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Ражиъуун.

Маркум 18 жылга чейин өлкөнүн парламентинин мүчөсү болгон, ошондой эле ага Сенегалдагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын борбордук МажлисэАмиласында  тышкы иштер боюнча катчы болуп кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү насип этилген. Ал өт эр жүрөк, ыкластуу, Халифатты сүйгөн, меймандос, жогорку деңгээлде саясий жана административдик чеберчиликке ээ болгон.

Кийинки эскерилген адам Пакистандын жогорку сотунун адвокаты урматтуу Мубашар Латийф мырза болчу. Ал 5-май күнү 85 жаш курагында көз жумган. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Ражиъуун.

Маркум 17 жыл Лахор шаарына караштуу «Файсал Таун» аймагындагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын президенти болгон. Ага Пакистанда Жамаатыбыздын адвокаттарынын тобунун мүчөсү болуп жогорку деңгээлде кызмат кылуу насип этилген. 1974-жылы ассамблеяда Жамаатыбыздын өкүлү болуп катышкан үч адвокаттын бири болгон. Пенжаб университетинин юридикалык колледжинде 46 жыл бою сабак берүү милдетин аткарган. Маркумдун артында аялынан тышкары, алты кызы жана көптөгөн неберелери калышты.

Хузур-э-Анвар бардык маркумдардын кечирилүүсү жана даражаларынын жогорулоосу үчүн дуба кылды.

٭…٭…٭

[1] Эӊ алгач ыйман келтиргендер.

[2] Меккеден Мединага көчүп келген мусулмандар «Мухаажир» деп аталышат.

[3] Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху).

Share via