Аманаттын чыныгы аныктамасы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Аманаттын чыныгы аныктамасы

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай дейт:

«Аманат» дегенибиз – Алла Таала кемел инсанга тартуулаган бардык күч-кубаттар, жөндөмдөр, акыл-парасат, илим-билим, жүрөк, жан, сезимдер, коркуу, сүйүү, сый-урмат, улуулук, ошондой эле бардык руханий жана физикалык нээмат-белектер, анан кемел инсанاِنَّ اللّٰہَ یَاۡمُرُکُمۡ اَنۡ تُؤَدُّوا الۡاَمٰنٰتِ اِلٰۤی اَہۡلِہَا(4:59) деген аятка ылайык ошол аманатты толугу менен Аллах Таалага кайтарат. Башкача айтканда, Анда жок болуп, Анын жолуна арнайт….. жана бул даӊк (салтанаттуулук) эӊ мыкты, эӊ жеткилеӊ жана эӊ толук даражада (формада) биздин Жетекчибиз, Жол башчыбыз, Жол көрсөтүүчүбүз, кат-сабатты тааныбаган, Чынчыл жана чынчылдыгы ырасталган Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)да кезигет». (Аайна Камалаат-э-Ислам, Руханий Хазайин, 5-том, 161-162-бет)

Анан ал (алайхиссалам) мындай дейт:

«Өз жүрөктөрүн тазалай турган, өз жүрөктөрүн ар кандай ыпылас нерселерден тазалап, өз Раббисине берилгендик келишимин түзө тургандар кандай бактылуу! Анткени, алар эч качан текке кетпейт. Аллах Таала аларды кордошу мүмкүн эмес, анткени алар Алланыкы жана Аллах алардыкы. Алар ар бир балээ-кырсыктын учурунда сакталышат». (Нух кемеси, Руханий Хазайин, 19-том. 19-20-бет)

Share via