Алла Таала адамдын улутуна карабайт, анын такыбалуулугуна карайт • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла Таала адамдын улутуна карабайт, анын такыбалуулугуна карайт

Мырза Гулам Ахмад

Алла Таала адамдын улутуна карабайт, ал жерде (акыретте) бериле турган даражалар такыбалуулук жагынан берилет

Чындыкты билүүнүн үч жолу

Менин оюмча чындыкты маалымдоонун үч эле жолу бар: биринчиси, Куран жана хадистеги далилдер; экинчиси, акыл жана үчүнчүсү, Алла Тааланын колдоолору. Ушул үч жол аркылуу каалаган далилиңерди бизден сурасаңар болот, бирок адам болуп туруп, акылсыздар сыяктуу эмес. Биз бардык адамдарды чакырабыз, буга күндө жүз рупий[1] сарпталса дагы. Адамдай болуп, (ушул жерге) келип сурашсын. Азыр алар тээ алыста отурушат, китептерибизди да окушпайт, ой да жүгүртүшпөйт, ойлонушпайт дагы, акылсыздар сыяктуу, жок алардан дагы жаман кылыктарды көрсөтүшөт. Бул ыкма такыбалуулукка туура келбейт. Эгер аларга сөзү өтө турган бирөө болсо, аларга барып, аларды түшүндүрсүн. Эгер дүйнөкор бирөө аларга айтса, андан коркушат экен. Алла Таала колдоп, буга көңүл бура турган дүйнөкор бирөө чыгып, Ислам дининде бөлүнүп-жаруу пайда болуп жатат, аны алып салуу керек деп ойлосун жана аларга түшүндүрсүн. Кыскасы, кандай гана болбосун, биз алардын туура жолго түшүүсүн эле каалайбыз. Алар бизге каршы чыгып, бизге такыр эле зыян келтире алышпайт, себеби Алла Таала Өзү бизди колдоп жатат. Жамгыр төгүүчү түтүктүн суусун кыш (кирпич) менен тоссо болот, бирок асмандын суусун ким тосо алат? Булар – Кудайдын иштери. Чыракты үйлөө менен өчүрсө болот, бирок ай менен күндү бирөө үйлөө менен өчүрүп көрсүнчү? Кудайдын иштери улуу болот. Адамдын ага күчү жетпейт. Ага шары да барбайт, поезд дагы (бара албайт). Бул дагы Аллахтын улуулугу. Кудуреттүү Кудай анын тастыктоочусу. Асмандагы иштер жогорку даражалуу. Алар илгерилеп кете берет.

Азап тууралуу Алла Тааланын мыйзам-эрежеси

Бир адам эй, Азирети! Менин айылыман сегиз адам эгер чынчыл болсоңор, бизге азап түшсүн деп кат жөнөтүшкөн деп айткан.

Ал Азирети мындай деп айткан: «Алла Тааланын иштеринде шашылыш болбойт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллалааху алайхи ва саллам)га эмне деген азаптар көрсөтүлгөн жана кээ бир коркпогондор жана тентектер эгер чынчыл болсоң, бизге асмандан таш жаасын деп айтышчу. Бирок ошол учурда алардын үстүнө таш жааган эмес. Ошол эле учурда азап түшүрүү – бул Аллахтын сүннөтү эмес. Эгер бирөө Кудайды мазактаса, ал ошол эле учурда жазаланабы? Жаза өз убагында, күнөө далилденип калганда келет. Лехрам[2] аттуу Ария[3] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га аябай көп орой сөздөрдү айтчу эле. Акыры, Алла Таала аны жаман иштери жана тентектиги үчүн жазалаган жана ошол тили гана бычак болуп, анын ойрондолушуна себепчи болгон, натыйжада аны («бычак») менен бөлүнүп жиберилген. Демек, дароо, ошол эле учурда жаза берүү Алла Тааланын Сүннөтү эмес. Бул адамдар канчалык акылсыз жана бактысыз, алар туура жолду сурашпай, жазаны сурашат.

Алла Таала адамдын улутуна карабайт

Ошол эле адам: «Алар сиз Саййид[4] болуп, умматий[5]ге байъат бересизби деген сын-пикирди дагы айтышат», – деген. Ал (алайхиссалаам) мындай деп жооп берген:

«Алла Таала (адамдын) денесине же коомуна гана ыраазы болбойт, Ал ар дайым такыбаалуулукту карайт. اِنَّ اَکۡرَمَکُمۡ عِنۡدَ اللّٰہِ اَتۡقٰکُمۡТактап айтканда, Аллахтын назарында силердин эң такыбаалууңар гана эң кадырлууңар (49:14). Мен Саййидмин же Моголмун же Патхан[6]мын жана Шейх[7]мин деп ойлонуу – бул таптакыр курулай кептер. Эгерде ал өзүнүн улуу улуту менен сыймыктанса, анда бул курулай сыймыктануусу гана. Өлгөндөн кийин, бардык улуттар жоголот. Аллах Таала улутуна карабайт жана асыл тукумдан чыккандыгы үчүн гана эч ким кутулууга жетише албайт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Фатима (разияллааху анхаа)га: «Эй, Фатима! Пайгамбардын кызы экендигиң менен мактанба», – деп айткан. Алла Таала улутуна маани бербейт. Ал жерде (акыретте) бериле турган даражалар такыбалык жагынан гана берилет. Бул улуттар жана уруулар дүйнөнүн таанылуусу жана түзүлүшү гана. Алардын Алла Таала менен эч кандай байланышы жок. Аллах Тааланын сүйүүсү такыбалыктан келип чыгат жана такыбаалык гана эң жогорку даражага жетүүгө себеп болот. Эгер бирөө Саййид болсо, ал христиан болуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды мазактаса жана Аллах Тааланын буйруктарын сыйлабаса, Аллах Таала аны Пайгамбардын үй-бүлөсүнөн болгондугу үчүн куткарат жана ал бейишке кирет деп бирөө айта алабы?اِنَّ الدِّیۡنَ عِنۡدَ اللّٰہِ الۡاِسۡلَامُАлла Тааланын назарында куткарылууга алып келген чыныгы дин – бул Ислам (3:20). Эгер адам христиан же жөөт же Ария болсо, ал Кудайдын назарында сый-урматка татыктуу эмес. Алла Таала коомдорду жана улуттарды жок кылып жиберген. Бул уруулар дүйнөлүк тартиптүүлүк жана таанылуу үчүн гана. Бирок биз аябай кылдаттык менен карап чыктык, Аллах Тааланын алдында бериле турган даражалардын чыныгы себеби – бул такыбаалык гана жана такыбаа адам гана бейишке кирет. Алла Таала аны чечип койгон. Аллах Тааланын алдында такыбаа адам гана кадырлуу. Андан кийин Ал мындай деп айтат: اِنَّمَا یَتَقَبَّلُ اللّٰہُ مِنَ الۡمُتَّقِیۡنَТакыбаалардын амалдары жана дубалары гана кабыл болот (5:28). «Минас-Саййидина» (Саййиддердин) деп айткан эмес. Анан такыбаа адам үчүн мындай деп айтат:

مَنۡ یَّتَّقِ اللّٰہَ یَجۡعَلۡ لَّہٗ مَخۡرَجًا . وَّ یَرۡزُقۡہُ مِنۡ حَیۡثُ لَا یَحۡتَسِبُ

Тактап айтканда, такыба адам ар кандай кыйынчылыктардан кутулат. Ал өзү ойлоп да көрбөгөн жеринен ага ырыскы берилет (65:3,4). Эми айткылачы, бул убада Саййиддерге берилгенби же такыбааларга берилгенби? Андан кийин такыбаалар гана Алла Тааланын достору болушат деп айтылган. Бул убада дагы Саййиддерге жасалган эмес. Вилаят[8]тан дагы улуу кандай даража болот? Ал дагы такыба адамга гана берилген. Айрымдар Вилаятты пайгамбарлыктан артык көрүшкөн жана пайгамбардын Вилаяты анын пайгамбарлыгынан бийигирээк деп айтышкан. Пайгамбар өз ичинде чындыгында эки нерсени камтыган болот: пайгамбарлык жана Вилаят. Пайгамбарлык аркылуу ал макулуктарга буйруктарды жана мыйзамдарды берет жана Вилаят Алла Таала менен болгон байланышын орнотот.

Анан мындай деп айтат:

ذٰلِکَ الۡکِتٰبُ لَا رَیۡبَ ۚۖۛ فِیۡہِ ۚۛ ہُدًی لِّلۡمُتَّقِیۡنَ

Бул толук Китеп; анда шек-күмөн жок; (ал) такыба кишилерге туура жол көрсөтүүчү (2:3) (деп айткан),ھُدًی لِّلسَّیِّدِیْنَ «ХудаллисСаййидина» (Саййиддерге туура жол көрсөтүүчү) деп айткан эмес. Кыскасы, Алла Таала такыбалуулукту каалайт. Ооба, Саййид бул жакка келишине көбүрөөк акылуу, анткени алар такыбаа инсандын балдары. Ошондуктан, алар бул (биз) Саййиддердин акыбыз деп Алла Таала менен талашпай, баарынан мурун ушул жакка келүүгө милдетүүрөөк. Аны Ал каалаганына берет.ذٰلِکَ فَضۡلُ اللّٰہِ یُؤۡتِیۡہِ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ ذُو الۡفَضۡلِ الۡعَظِیۡمِБул Алланын берешендиги, Ал аны Өзү каалаган пендесине берет. Алла үлкөн берешендик ээси. (62:5)

Бул кудум яхудийлердин пайгамбарчылык эмнеге Исмаилдин балдарына берилген деген кебине окшош. Алар муну билишпейби  تِلۡکَ الۡاَیَّامُ نُدَاوِلُہَا بَیۡنَ النَّاسِ Биз ушул күндөрдү адамдардын арасында алмаштырып турабыз. (3:141)

Эгер бирөө Алла Таалам менен атаандашса, ал куулган бирөө. Ал бардыгын сурай алат. Андан эч ким сурай албайт. (Малфузаат, 3-том, 342-345-бет)

[1] Индия-Пакистандын акча бирдиги.

[2] Хиндилердин бир таанымал диний аалымы болгон.

[3] Хинди дининдеги бир диний агым.

[4] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын урпактары «саййид» деп аталышат.

[5] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтүнөн болгон адам.

[6] Пуштундарга айтылат.

[7] Индия-Пакистандагы рассаларынын бири.

[8] Алла Таалага дос болуулук.

Share via