Ар түрдүү кастыктарды өз ара сүйлөшүү жолу менен чечүү керек
(Дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн) ар түрдүү душмандыктар менен кастыктарды элдешүү жана өз ара сүйлөшүү жолу менен биротоло чечүү керек
Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Амирул-Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айтат:
«Бүгүн дүйнөнүн кейиштүү ахвалы бул: бир жагынан адамдар тынчтыкты орнотуу тууралуу сөз кылышат, ал эми экинчи жактан өзүнүн көйрөңдүгүнө кабылып, мактануу жана текебер кийимин кийип алган экен, ошондой эле өзүнүн үстөмдүүлүгүн жана күчтүүлүгүн далилдеп көрсөтүү үчүн ар бир күчтүү бийлик ар бир мүмкүнчүлүктү ишке салууга бел байлаган экен. Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин дүйнөдө көпкө созула турган тынчтыкты орнотуу жана келечекте мына ошондой согуштарга чекит коюу үчүн дүйнө өз ара элдешип, «Бириккен Улуттар Уюмун» түзгөн эле, бирок кудум Улуттар Лигасы (Leage of Nations) сыяктуу Бириккен Улуттар Уюму да өзүнүн көздөгөн максаттарына жетишпей, өзүнүн орду жана деңгээлин жоготуп жатат окшойт. Эгерде адилеттүүлүктүн талаптары аткарылбаса, анда тынчтыкты орнотуу үчүн канчалаган уюмдар түзүлбөсүн, алардын аракеттери текке кетет.
Мен азыр эле Улуттар Лигасы тууралуу сөз кылдым. Ал уюм Биринчи Дүйнөлүк Согуштан кийин түзүлгөн эле жана дүйнөдө тынчтыкты орнотуу анын жападан жалгыз максаты болчу. Бирок ал Экинчи Дүйнөлүк Согушту токтото алган жок, натыйжада аябай чоң кыйроо болду. Жалпысынан алганда, ал согушта бейкүнөө жарандар солдаттарга караганда көбүрөөк мерт болушкан. Бир аз ойлонуп көргүлө, чексиз сандагы аялдар жана жаш балдар да катышкан ошол жалпы бейкүнөө жарандарда эмне күнөө бар эле?
Мына ошондон улам, түздөн түз ошол согуш тузагына илинген мамлекеттерде жашаган адамдардын жүрөктөрүндө тубаса жана табигый түрдө согушка каршы жек көрүү сезимдери кезигет. Албетте, (адамдын Ата Мекенине) чабуул жасалганда, өз өлкөсүн коргоо жана өз коомунун аңгемендүүлүгү үчүн ар түрдүү курмандыктарды жасоо үчүн даяр болуп туруу бир жарандын Ата Мекенине болгон сүйүүсүнүн талабы болуп саналат. Ошентсе да, эгерде келишпестиктерди достук жана тынчтык жолу менен өз ара сүйлөшүүлөр жана даанышмандуулук менен биротоло чечүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда жөндөн жөн адам өлтүрүү жана кан төгүүгө үндөбөш керек.
Илгерки доорлордогу согуштарда көбүнчө аскерлер гана мерт болушчу жана жалпы эл көп деле жандык зыянга учурабайт эле. Ал эми бүгүнкү доордогу согуштардын ыкмаларына мейкиндикте бомбалоо, уулуу газдарды жана химиялык куралдарды колдонуу кошулуп калган. Азыр гана мен сөз кылгандай, баарынан да көбүрөөк кыйроочу болгон атомдук бомбасынын колдонулуу мүмкүнчүлүгү да жок эмес. Ошентип, бүгүнкү күндөгү согуштар илгерки замандардагы согуштардан бүтүндөй айырмаланат, анткени ушул согуштар адамзатты жер бетинен таптакыр жок кылып салуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Учурдан пайдаланып, мен тынчтыкты орнотууга тиешелүү Курани Каримдин көркөм таалимдерин назарыңыздарга сунуш кылмакчымын:
Котормосу: Жакшылык да жамандыкка тең боло албайт, жамандык да жакшылыкка (тең боло албайт). Эң жакшы нерсе менен жооп кайтар. Ошондо сени менен башка бирөөнүн ортосунда душмандык болгон болсо да, ал кокустан эң жакшы доско айланып калат. (41:35)
Кыскасы, Курани Каримдин таалими мындай: колдон келишинче ар түрдүү душмандыктар менен кастыктарды өз ара элдешүү жана өз ара сүйлөшүү жолу менен чечүү керек. Албетте, бирөөгө сылыктык жана даанышмандык менен сүйлөшүү анын жүрөгүнө өтө оң жана өтө сүйкүмдүү таасирди калтырат, ошонун негизинде жек көрүү жана кастык жоголуп кетет». («Эл аралык Кризис жана Тынчтык жол» Жаңы Зеландия парламентине карата жасалган кайрылуу, 139-140-бет)