Азирети Амирул Му′минийн мамлекеттердин башчыларына кат жазды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Амирул Му′минийн мамлекеттердин башчыларына кат жазды

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19

Амирул Му′минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала) тарабынан мамлекеттердин башчыларына каттар жазылды

Коронавирус өлкөлөрдүн жана адамдардын алсыз жана катачылыкка жык толо ахвалын ашкерелеп салды

 Табигый кырсыктар жана өлүмгө алып келүүчү эпидемиялар адамзатка ал өз Жаратканын таанып, Анын жаратканынын акыукуктарын аткарсын деген эскертүү болуп саналат.

Башчылар эл аралык жана улуттук деңгээлде адилеттүүлүктүн жогорку стандарттарын орнотуулары керек

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы өз позициясын колдонуп, мамлекеттердин ортосунда ынтымакты түзүүсү керек

Азирети Амирул Му′минийн Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала) июнь айында ар кайсы мамлекеттердин башчыларына каттарды жазды. Бул каттарда Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) дүйнө өлкөлөрүнүн башчыларынын көңүлүн дүйнө башынан өткөрүп жаткан өзгөчө мезгилине бурду. Тагыраак айтканда, бул жетекчилер Ковид-19дун кыйратуучу кесепеттерин адамзатка эскертүү катары кароосу керек.

Ковид-19 эпидемиясынын натыйжасында акыркы бир нече айда дүйнө бүтүндөй дүрбөлөӊгө түштү. Адам элестете албайт эле жана өлкөлөрдүн ушундай токтоп калуусу мүмкүн эместей көрүнчү. Бүткүл дүйнө бир оор абалга кабылып, Covid-19ду токтотуу үчүн глобалдуу жана бирдиктүү күч-аракет кылуу муктаждыгы туулду. Бирок тилекке каршы, ынтымактуулуктун ордуна келишпестиктер жана бөлүнүүлөр пайда болду. Өлкөлөр жана алардын лидерлери бири-бирин колдоп, өз ара ишенүү көрсөтүүнүн ордуна бири-бирин күнөөлөштү.

Ушул мезгилдин ичинде Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) дүйнө жүзүндөгү мусулмандарга жол көрсөтүп гана койбостон, адамдар Аллах Тааланын жана бири-биринин акы-укуктарын аткарышы үчүн бүт адамзатка багыт берүүгө умтулган. Мисалы, июнь айында Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) АКШ, Британия, Кытай, Россия, Франция, Германия, Канада, Япония, Индия, Израиль жана Австралиянын башчыларына кат жазган. Бул каттарда Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) коронавирус өлкөлөрдүн жана адамзаттын алсыз жана жаңылыш абалын ачкандыгын айтып, бул эпидемиянын кесепеттери жана дүйнөнүн толугу менен токтол калышын Алла Тааланын тагдырына жараша болгонун ишендирди. Жана бул адамдар өз ахвалын оңдоп, ар кандай кысымчылыктардан кайтсын деген адамзат үчүн чоң эскертүү экенин айтты.

Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) табигый кырсыктардан улам набыт болгон мурунку коомдордун өзүнүн зулумдуктары жана текеберлигинен улам жок болгонун айткандыгына көңүл бурду. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) айткандай, Фараон дагы Кудайды четке каккандыгы үчүн эмес, өзүнүн зулумдуктары үчүн жок болгон. Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) бүгүнкү лидерлер жана элдер өткөн замандардан сабак үйрөнүүлөрү керек, ошондой эле табигый кырсыктар жана өлүмгө алып келүүчү эпидемиялар адамзат өзүнүн Жаратуучусун таанып, Анын жаратылышынын акы-укуктарын аткарууга адамдар үчүн кандайдыр бир эскертүү экендигин түшүнүп-билүүлөрү керек деп айтты.

Өз каттарында Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) Ковид-19дун экономикалык кесепеттери дүйнөнү дагы көбүрөөк дүрбөлөӊгө салып, дүйнөнүн тынчтыгына жана бейпилдигине зыян келтириши мүмкүн деп жазган. Ошондуктан, Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) лидерлердин эл аралык жана улуттук деңгээлде адилеттүүлүктүн эӊ мыкты стандарттарын орнотуп, өз элине оӊ жана жакшы үлгү көрсөтүшүн каалаган.

Мындан тышкары, Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Улуу урматтуу Антонио Гутерришке да кат жазып, анда Ал Азирети башка саясий лидерлерге жазган катындагы кабарга эле көңүл бургузуп, ага өз позициясын пайдаланып, өлкөлөр ортосундагы биримдикти түзүүгө аракет кылуу керектигин баса белгиледи.

Ушул эле мезгилде Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) Улуу урматтуу Папа Францискке да кат жазган. Ал кат аркылуу Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын кабарын жеткирип, диний лидерлер диндер аралык толеранттуулукту жана сый-урматты орнотууга мурдагыдан да көбүрөөк аракет кылышы керектигин айтты.

Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) Гана, Сьерра-Леоне жана Нигерия президенттерине да кат жазган. Африка өлкөлөрүнүн президенттерине жолдогон каттарында Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) алардын өлкөлөрү мындан ары дагы өнүгөт деп үмүттөнгөн. Бул өлкөлөрдүн башчылары өзүлөрүнүн милдеттерин эң жакшы жол менен аткарышы керек жана өз өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө аракет кылуулары керек деген каалоосун билдирген.

Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамааты бардык мүчөлөрүн дүйнөдөгү тынчтык жана коопсуздук үчүн, Азирети Халифатул Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) жөнөткөн кабарын жана эскертүүсүн дүйнөлүк лидерлер түшүнүшсүн деп дуба кылууларын суранабыз.

Алла Тааладан Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын Бешинчи Халифасынын ушул асыл максатын куттуу кылышын сурайбыз. Оомийин!

(MTA Интернейшналдын жаӊылыктар бөлүмүнө ыраазычылыкты билдирүү менен)

Share via