Курани Каримди сүйүү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы

Амратсарлык[1] бир Ахмадий эмес мусулман Миан Мухаммад Аслам Сахиб 1913-жылдын март айында Кадиянга келди. Ал Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху) туурасында мындай деп жазат:

«Мавлавий Нуруддин Сахиб – Мырза Азиретинин[2] Халифасы болгондуктан, Ахмадия Жамаатынын баары кабыл алган жетекчи. Мен эки күн анын таалим-тарбия жана Курани Каримди окутуу-үйрөтүү жыйындарында катышып, анын иши туурасында көңүл буруп көрдүм. Мен анын абдан таза экенине жана Алла Таала үчүн гана иштеп жатканына күбө болдум. Анткени, Мавлавий Азиретинин амалы, жол-жобосу кожо көрсүндүк жана эки жүздүүлүктөн бүтүндөй таза. Ошондой эле анын жүрөк күзгүсүндө Ислам чынчылдыгынын кандайдыр бир салтанаттуу шыктуулугу бар, ал Тавхийд маърифатынын тунук булагы катары Курани Карим аяттарынын чечмеси аркылуу ар дайым анын кожо көрсүндүктөн алыс көкүрөгүнөн атылып чыккан Тавхийд маърифатына чаңкагандарды сугарууда. Эгер чыныгы Ислам Курани Карим болсо, анда Мавлавий Азиретинин Курани Каримге болгон чыныгы сүйүүсүндөй сүйүүнү башка эч кимде байкаган эмесмин. Таклийд[3] аны ошондой кылууга мажбур кылган деп айтууга да болбойт. Жок, тескерисинче, ал абдан күчтүү философ-инсан, абдан салтанаттуу философиялык сын көз аркылуу Курани Каримдин сүйүүсүнө кирептер болуп калды. Анткени, анын Курани Карим сабагынан мен уккан Курани Каримдин салтанаттуу философиялык чечмесиндей чечмени, ыктымал, дүйнөдөгү саналуу кишилер гана чечмелей алса керек». («Бадр»,газетасы, 1913-жыл, март айы; «Хаят-э-Нур», 611-612-бет)

Дагы бир мындай осуят кезигет. Азирети Доктор Абдусаттаар Шах Сахиб (разияллааху анху) бала-чакасына мындай айтты: «Курани Каримди өзүңөргө Дастурул-Амал кылгыла. Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтүн ээрчүү, Ахмадия Жамаатын өнүктүрүү жана Исламды жайылтуу менен алек болгула. Ошондой эле өзүңөрдүн кийинки муундарга да ошондой иштерге амал кылууга насаат кылып тургула». («Азирети Доктор Саййид Абдусаттаар Шах Сахиб», 193-бет)

Ушул насаатты ар бир Ахмадий дайыма эске тутуусу керек.

Азирети Мырза Абдул-Хак Азирети Малик Мавлабахш Сахиб (разияллааху анху) туурасында мындай жазат: «Ал Курани Каримдин өзгөчө ашыгы болгон. Ооруганына жана алсыздыгына карабастан, Курандын илим жана акыйкаттарын угууга аракеттенчү. Ошентип, бир жолу кышында бир нече ай бою Мавлана Гулам Расул Сахиб Раажикий (разияллааху анху)нун[4] (Куран) сабагына катышып, ал баяндаган илим-билим жана акыйкаттарынан пайда алуу үчүн Даруль-Фазл көчөсүнөн Дарур-Рахмат көчөсүнө[5] келип, Багымдат намазын орундатып турган. Рамазан айында Аксаа мечитинде[6] болуучу дарска да дайыма келчү… Курани каримди көп жана көңүл коюп окуучу. Өзү да пайда алчу, башкаларды да катыштырчу. Өмүрүнүн аягында күнүнө бир нече жолу, качан көрсө, Курани каримди окуп турган дешет. Дептер менен калемди жанында койчу, кандайдыр бир аяттын көркөм тафсир-чечмеси көкүрөккө уялаган замат аны жазып алчу, кийинчерээк үй-бүлөсүнө да айтып берчү… (Мырза Сахиб дагы жазат: үй-бүлөсүнө айтып берип жаткан) учурда анын бала-чакасы да Курани Каримге ашык болоорун чын жүрөктөн каалагандыгы анын жүзүнөн көрүнүп турчу». («Асхааб-э-Ахмад», 1-том, 151-152-беттер,1951-жылкы басылыш)

Гамбиядагы бир христиан жигит Ахмадиятка киргенде, апасы катуу каршылык көрсөтө баштады. Ал башында сабыр кылды, бирок апасы Курани Каримди урматсыз кыла баштаганда, үйдөн чыгып кетти, анан кайра ошол үйгө барбады. («Замийма «Маахнаама Ансааруллаах», 1987-жылдын сентябры, 6-бет)

Азыркы күндөрдө дагы Африка сыяктуу алыскы өлкөлөрдө ошондой керемет-муъжизалар жүз берүүдө.

Исламда төрткө чейин үйлөнүүгө уруксат бар, кээ бир кишилер аны буйрук деп ойлошот, тескерисинче ал – уруксат. Африкада ушундай салт бар: канчалык улуу адам болсо, же бай-дөөлөттүү болсо, же жетекчи болсо, (ошончолук көп аял алышат), кээде айрым урууларда төрттөн онго чейин аял алышат. Сьерра-Леоне Республикасындагы Али Ружард мырза Ахмадиятка киргенде жаш жигит эле жана анын он эки аялы болчу. Жамааттын даъватчысы – Мавлана Назийр Ахмад Сахиб Али ага айтты: «Эми, сиз Ахмадий болдуңуз, ошондуктан Куран таалимдери боюнча төрт аял алып калууга болот, калгандарын талак кылып, каражат берип узатып коюңуз». Ошол көрсөтмөгө дароо амал кылганы турсун, ал анын айтуусуна ылайыктуу алгачкы төрт аялды өзүнө алып калып, жаш аялдарын узатты. Ошол өзгөрүү – кандайдыр бир ыңкылап.

Ошондой эле биздин дагы бир даъватчыбыз – Юнус Халид Сахиб мындай жазат: «В. В. Кахлун мырза Мавлана Мухаммад Сыддык Амратсарий Сахибдин убагында Кашф аркылуу Ахмадий болгон эле. Анан кийинчерээк ал Сьерра-Леонедеги Ахмадия Жамаатынын Амири катары да кызмат аткарган. Ахмадий боло электе анын айлана-чөйрөсү оюн-зоокко жакын болчу. Ал бийчи болгондуктан, анын тегереги да ошондой болчу. Бирок, Байъат кылгандан кийин дароо өзүн толук өзгөрттү. Такыба, тазалык, сыйынуу, Кудайдан коркуу жана аманатчылык боюнча өзгөчө орунду ээледи. Алла Таала ага чоң-чоң ийгиликтерди насип кылды. Ал өз аймагынын Башкы губернатору болуп да кызмат аткарган эле. Ал Башкы губернатор болгон аймакта алмаздын ири кендери бар болчу. Ал бийлик ээси болчу. Ошол өлкөлөрдө губернатор кээ бир өзгөчө укуктарга ээ болот. Ал кааласа, миллиондогон акча тапса да болмок, бирок Ахмадияттын көркөм жана таза таалиминин аркасынан ал байлыкты өзүнө арам деп билген жана жөнөкөй, карапайым жашоодо жашаган. Чоңдордун арасында дагы «урматтуу В. В. Кахлун абдан аманаттуу-ишеничтүү губернатор. Ал өзү дагы пара албайт, кол астындагыларга дагы жол бербейт» деген атын чыгарган эле». Даъватчы мындай кошумчалайт: «Ал ооруп калды. Бир күнү мен аны көргөнү барсам, мени чакырып, мындай айтты: «Юнус! Менин көздөрүмдүн алдында ар дайым Калимаи Таййиба[7] жашыл өңдө жазылып турат, мунун себеби эмнеде?» Мен: «Губернатор! Сиз Алла жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чын жүрөктөн сүйөсүз жана ашыксыз, бул ошонун натыйжа-жемиши», – деп жооп кылдым. Ал мындай айтат: «Мен эки ай бою барып турдум, ал (дайыма) жашыл түстөгү жарык менен Калимаи Таййиба жазылганы көрүнөт деп айтчу».

Анан бейтапканага алып барылганда, өлүм алдындагы ахвалда бир Ахмадий тууган – урматтуу Кожи анын колунан кармап: «Эй, Губернатор! Лаа Илааха Иллаллаахты окугун», – деди. Ал «Лаа Илааха Иллаллаахты окуду. Анан Кожи мырза: «Мухаммадур Расуулуллаахты окугун», – деп айтты. Ал: «Мухаммадур Расуулуллаах», – деп окуду. Мухаммадур Расуулуллаахты окуп бүтөөр заматы башы ийиле түштү.

[1] Индиянын бир шаары.

[2] Алла Таала жиберген Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалам).

[3] Ээрчүү.

[4] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири.

[5] Кадиян жана Рабвахтагы кээ бир көчөлөрдүн аталышы.

[6] Кадиян жана Рабвахта жайгашкан Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жаамиъ мечиттери.

[7] Лаа Илааха Иллаллааху Мухаммадур Расуулуллаах. (Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алланын Элчиси).

Share via