Абдан маанилүү жана керектүү тема
… Бул ушунчалык маанилүү жана керектүү тема, азыркы доордо анын мурдагыдан да көбүрөөк керек экендиги сезилет. Эми биздин Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын доорунан алыстап бара турган учурда: «Биз Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын баланча сахаабасынын тукумунанбыз», – деп да сыймыктанабыз, бирок ата-бабаларыбыздын курмандыктарына жакшылап көңүл бурбайбыз. Ген болсо кийинки муундарга өтүүдө, бирок руханий көрсөткүчтөр төмөндөп баратат. Туура, пайгамбарлык доорунан алыстаган сайын бир аз кемчиликтердин пайда болуусу – табигый нерсе. Бирок өсүп-өнүгүүчү жамааттар убакыт жана кырдаалдарды шылтоо кылып, отура беришпейт, тескерисинче аракет кылышат. Биз тууралуу куш кабарлар жана алдын ала кабарлар бар болгондуктан биз бактылуубуз. Биз Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Масийхинин Жамаатына мүчө болуп, Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таалимин дүйнөгө таркатышыбыз керек. Эгер биз Тавхийддин үстүндө туруктуу болсок, анан бир гана ушул таалимге өзүбүз амал кылбай, тукумдарыбызды да ага туруктуу кылсак, анда бул анык тагдыр. Эми мен Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын бир үзүндүсүн келтиремин. Андан Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) Байъат кылуучулардан эмне каалаганы айкын болот. Андан кийин Байъат шарттарынын төртүнчү шартын баштаймын.
Ал (алайхиссалам) мындай дейт:
«Жаңы жашооңордо башкача туулушуңар үчүн менин колумда тобо кылуу кандайдыр бир «өлүмдү» талап кылат.
Эгер Байъат чын жүрөктөн болбосо, анда ал эч кандай натыйжага ээ болбойт. Менин Байъатымдан Кудай Таала жүрөк макулдугун каалайт. Ошентип, кимде-ким мени чын жүрөктөн кабыл кылса жана өз күнөөлөрүнөн чындап тобо кылса, Кечиримдүү жана Ырайымдуу Кудай анын күнөөлөрүн сөзсүз кечирип жиберет. Ал куду эне курсагынан чыккан (бала)дай болуп калат. Ошондо периштелер аны коргойт». («Малфузаат», 3-том, 262-бет)