Курани Карим гана – силердин жашооңор
Ал (алайхиссалам) дагы мындай деп айтат:
«Курани Каримди таштанды сыяктуу таштап койбогула, анткени ал силердин жашооңор. Куранга сый-урмат көрсөткөндөр асманда сый-урмат көрүшөт. Ар бир хадис жана ар бир сөздөн Куранды жогору койгондор асманда жогору коюлушат. Адамзат үчүн Курандан башка жер жүзүндө эми бир дагы китеп жок. Баардык адамзат үчүн Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)дан башка эч бир пайгамбар жана шапаатчы жок». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 13-бет)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай деп кошумчалайт:
«Курани Карим өзүнүн руханий касиети жана жеке нуру менен аны чын жүрөктөн ээрчигендерди өзүнө тартат, анын жүрөгүн нурга бөлөйт, анан чоң-чоң белги-жышаан көрсөтүп, майдалоону каалаган кылыч менен да майдаланбай турган алака-байланыштарды Алла Таала менен бекем орнотот. Ал жүрөк көзүн ачат жана күнөөнүн кир булагын токтотот. Алла Таала менен ширин сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт, кайып билимдерин тартуу кылат жана дубанын кабыл болуусун өзүнүн сөздөрү менен кабарлайт. Курани Каримди чын ыкылас менен ээрчиген адамга каршы чыккан бирөөгө өзүнүн Сөзүн ээрчиген пендеси менен бирге экенин Алла Таала Өзүнүн каардуу белги-жышаандары менен айкын кылат». («Руханий хазаайин», 23-том, «Чашма-э-Маърифат», 308-309-бет)
Ал (алайхиссалам) дагы мындай деп айтат:
«Демек, сак болгула жана Алла Тааланын таалими менен Курандын көрсөтмөлөрүнө каршы бир кадам да баспагыла. Мен силерге чындыкты айтып коёюн: ким Курани Каримдин жети жүз амиринин бирөөсүн да четке какса, ал кутулуу эшигин өз колу менен өзү жабат. Нукура жана толук кутулуу жолдорун Куран ачты, калган баардык нерсе анын тармактары гана. Ошондуктан, силер Курани Каримди кылдаттык менен окугула жана эч кимге көрсөтпөгөн сый-урматыңарды ага көрсөткүлө. Анткени Алла Таала мага карата: «Ал-Хайру куллуху фил-Курани», – деп айткандай, ар түрдүү жакшылыктар Куранда бар. Бул нукура акыйкат. Башка бир нерсени мындан жогору койгондорго өкүнүч болсун! Силердин бардык ийгиликтериңер жана кутулууңардын булагы Куранда. Силердин Куранда кезикпеген эч бир диний керектөөңөр жок. Кыямат күнү силердин ыйманыңардын тастыктоочусу же четке кагуучусу – Куран. Силерге Курандын жардамысыз туура жолду көрсөтө турган Курандан башка асмандын астында эч бир китеп жок. Куран сыяктуу китепти силерге тартуулап туруп, Алла Таала силерге берешендик кылды. Мен силерге чындыкты айтып кетейин: эгер силерге окулган Китеп христиандарга окулганда, алар жок болбойт эле, ошондой эле силерге тартууланган ушул Нээмат[1] жана Хидаят[2] Тоораттын ордунда яхудийлерге берилгенде, алардын кээ бир тайпалары кыяматты четке какпайт эле. Демек, силерге тартууланган ушул Нээматтын кадырына жеткиле. Бул – абдан сүйүктүү Нээмат. Бул – абдан чоң байлык. Эгер Куран келбегенде, бүтүн дүйнө бир ыпылас Музга[3] сыяктуу болмок. Куран ушундай Китеп: анын маңдайында баардык хидаяттар төмөн». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 26-27-бет)
Демек, биздин ар бирибиз: «Биз Курани Каримди канчалык сүйөбүз, анын амирлерин кабыл кылабыз», – деп өзүбүздү талдап чыгышыбыз керек. Сүйүүнү ачыкка чыгаруунун да жол-жоболору болот. Ар бир Ахмадий өзүнө парз кылып алган эң зарыл нерсе төмөндөгүдөй: эч болбогондо күнүнө үч Рукуну[4] сөзсүз окусун. Анан кийинки баскычта (Куран) котормосун окусун. Ар күнү Куранды котормосу аркылуу окуу жолу менен акырындап ушул көркөм таалим анын мээсине сиңип барат.
Дагы ушул алтынчы шартта Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам): «Алла жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын амирлерин өзүнүн ар бир ишинде мыйзам кылып алат. Керек болгондо алардан кеңеш алат», – деп айткан. Эми, бул жөн эле айтылуучу сөз эмес го. Ушул убаданы орундатуу үчүн, адамдар көңүл бурса, терең ойго чөмүп кетет. Анткени Алла Таала мындай деп айткан:یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَاَطِیۡعُوا الرَّسُوۡلَ وَاُولِی الۡاَمۡرِ مِنۡکُمۡ ۚ فَاِنۡ تَنَازَعۡتُمۡ فِیۡ شَیۡءٍ فَرُدُّوۡہُ اِلَی اللّٰہِ وَالرَّسُوۡلِ اِنۡ کُنۡتُمۡ تُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَالۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ ؕ ذٰلِکَ خَیۡرٌ وَّاَحۡسَنُ تَاۡوِیۡلًاКотормосу: Эй, ыйман келтиргендер! Аллага баш ийгиле жана Пайгамбарга баш ийгиле, ошондой эле өз акимдериңерге дагы (баш ийгиле). Эгер кандайдыр бир маселеде (акимдериңер менен) келишпестик чыкса, анда мындай маселелерди Аллага жана Пайгамбарга кайтаргыла, эгер (чындыгында) силер Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирүүчү болсоңор. Мына ушул эң жакшы (жол) жана акыбет жагынан да эң жакшы. («Ан-Нисаа» сүрөөсү: 60)
Дагы мындай деп айтты:وَاَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَالرَّسُوۡلَ لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَКотормосу: Силерге ырайым кылынсын үчүн Аллага жана Пайгамбарга баш ийгиле. («Аали Имраан» сүрөөсү: 133)
Алла Таала дагы мындай дейт:یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ الۡاَنۡفَالِ ؕ قُلِ الۡاَنۡفَالُ لِلّٰہِ وَالرَّسُوۡلِ ۚ فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَاَصۡلِحُوۡا ذَاتَ بَیۡنِکُمۡ ۪ وَاَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَرَسُوۡلَہٗۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَКотормосу: Алар сенден олжолор туурасында сурашат: Айткын: «Олжолор Алла жана Пайгамбардыкы. Ошентип, эгер момун болсоңор, Алладан корккула жана өз ара оңдогула, ошондой эле Алла менен Анын Пайгамбарына баш ийгиле». («Ал-Анфаал» сүрөөсү: 2)
Ушул жерде Алла Таала Менин амирлеримди жакшылап кабыл алгыла жана аларга амал кылгыла деп айтты. Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол амирлерге кандайча чечме берген болсо, ошондой амал кылгыла. Силерге дайындалган жетекчилериңерге, силерге орнотулган системага толук бойдон баш ийгиле. Ошондо гана силер кылган Байъат убадаңарды толук орундаттыңар деп айтса болот. Бул жөнүндө кээ бир хадистерди да келтиремин.
Азирети Убаада (разияллааху анху) бин Саамит мындай деп рабаят эткен: «Бизге жакса да, жакпаса да биз угабыз жана баш ийебиз», – деп Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га Байъат кылдык». («Сахих Бухарий», Китаабул-Ахкаам, Баабу кайфа йубайъул-Имаамун-Нааси)
Абдур Рахмаан бин Амар Суламий жана Хажар бин Хажардан рабаят кылат. Биз Ирбааз бин Сария (разияллааху анху)нун алдына келдик, ошондо Ирбааз (разияллааху анху) мындай деди: «Бир күнү Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге Багымдат намазын окуткан, анан абдан толкундуу жана таасирдүү сөздөрдү сүйлөгөн. Адамдардын көздөрүнөн жаш агып, жүрөктөр титиреп кетти. Угармандардын бирөөсү: «Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Бу соңку сүйлөшүү окшойт. Эмне насаат кыласыз?» – деп сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жооп кылды: «Менин осуятым төмөнкүдөй: Алладан коркула, уккула жана баш ийгиле, мейли жетекчиңер негр кул болсо да. Ушундай доор келет: эгер араңардагы кимдир бирөөңөр менден кийин тирүү калса, абдан көп карама-каршылыктарды көрөт. Ошондуктан, ошол кейиштүү ахвалда менин сүннөтүмдү ээрчиген жана туура жолго багыт алган, хидаяттын үстүндө турган халифаларымдын сүннөтүн ээрчигиле жана аны кармагыла. Тиштер менен бекем тутуп алгыла. Динге жаңы-жаңы нерселерди киргизүүдөн сак болгула. Анткени дин атынан чыгарылган ар бир нерсе – Бидъат жана Бидъат адашуу гана». («Сунан Тирмезий», Китаабул-Илм, Баабу маа жаа,а фил-ахзи бис-Суннати; «Абу Давуд», Китаабус-Сунна, Баабу лузумис-Сунна)
Биз – Ахмадий Пайгамбар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га толук баш ийүүчүбүз жана ыйман келтирүүчүбүз деп айтабыз, ошондуктан биз ар дайым ушул насаат жана хадиске көңүл бурушубуз керек. Дагы бир рабаят кезигет:
Азирети Анас (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят эткен: «Кимде үч нерсе кезиксе, ал ыйман даамын сезет: биринчиси, Алла жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) ага баарынан сүйүктүүрөөк болушу керек; экинчиси, ал кимдир бирөөнү Алла үчүн гана сүйүшү керек; үчүнчүсү, отко киргизилүүсүн жактырбагандай эле каапырлыкка кайтууну да жактырбашы керек». («Сахих Бухарий», Китаабул-Ыйман, Баабу халааватил-Ыйман)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай деп айтат:
«Карагыла, Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:قُلۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تُحِبُّوۡنَ اللّٰہَ فَاتَّبِعُوۡنِیۡ یُحۡبِبۡکُمُ اللّٰہُАлла Таалага сүйүктүү болуу үчүн жападан-жалгыз жол – Пайгамбар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды гана ээрчүү. Андан башка силерди Алла Таалага жакындата турган башка жол жок. Ал шериги жок жалгыз Кудайды изилдөө гана адамзаттын максат-мүдөөсү болушу керек. Ширк жана Бидъаттан оолак болуу керек. Каада-салттарга көз каранды жана напсинин жеңил каалоолоруна кул болбоо керек. Карагыла, мен кайталап айтамын: адамзат Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын нукура жолунан башка эч кандай жол менен ийгиликке жетише албайт.
Биздин жалгыз эле Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) бар, ошол Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га түшүрүлгөн жалгыз эле Куран бар, аны ээрчүү жолу менен гана биз Алла Таалага жете алабыз. Акыркы күндөрдө кайырчылардын чыгарган жолдору, ошондой эле мазарларда отурган бакшылар жана көзү ачыктардын тумарлары, дубалары жана үйрөткөн жол-жоболорунун баары адамды туура жолдон адаштыра турган курал. Ошондуктан, алардан абайлагыла. Ошол адамдар Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Хаатамул-Анбия[5] деген мөөрүн сындырууну каалашкан. Алар өздөрү өзүнчө шарият чыгарып алган сыяктанат. Билип койгула, Курани Карим жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын амирлерин ээрчүү, ошондой эле намаз, орозо өңдүү Маснун[6] жолдордон башка Алла Тааланын берешендиги жана берекелер эшиктерин ачуунун ачкычы жок. Ушул жолдорду таштап, кандайдыр бир жаңы жолду чыгара турган бирөө – адашкан. Алла жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын амирлерине көз каранды болбой, кандайдыр бир башка жолдордон Аны издей турган бирөө ийгиликсиз өлөт». («Малфузаат», жаңы басылыш, 3-том, 102-103-беттер)
Дагы мындай деп айтат:قُلۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تُحِبُّوۡنَ اللّٰہَ فَاتَّبِعُوۡنِیۡ یُحۡبِبۡکُمُ اللّٰہُАлла Тааланы ыраазы кылуунун бир жолу – Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га чын жүрөктөн баш ийүү. Адамдар ар кандай каада-салттарга кирептер экендиги байкалат. Кимдир бирөө өлгөндө ар кандай Бидъаттар жана каада-салттар өткөрүлөт. Чынында өлгөн адам үчүн дуба кылуулары керек. Каада-салттарды өткөрүү жолу менен бир гана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы чыгышып, ага карата урматсыздык кылышат. Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрүн жетиштүү деп эсептешпейт сыяктанат. Эгер жетиштүү деп билишкенде, өздөрүнүн каада-салттарын эмнеге жаратышат?» («Малфузаат», жаңы басылыш, 3-том, 316-бет)
Дагы мындай деп айтат:
«Бул эки-үч күндүк дүйнө баарыбир өтүп кетет, мейли оорчулукта өтсүн, мейли молчулукта өтсүн. Бирок акыркы маселеси абдан катуу маселе. Ал түбөлүк жай. Ал жок болбойт. Ошентип, эгер ал Алла Таалага ыраазы болгон бойдон, жүрөгү Алла Тааланын кооптонуусуна толуп, күнөөдөн тобо кылып, Алла Таала күнөө деп атаган ар бир күнөөдөн сактанган бойдон ошол жайга барса, анда Алла Таала Өзүнүн берешендигинен аны колдойт. Ал ошол жерде Алла ага ыраазы болгон, ал өзүнүн Раббисине ыраазы болгон бойдон турат. Эгер ушундай кылбаган болсо, тескерисинче кабарсыз болуп өмүр сүргөн болсо, анда анын акыбети абдан коркунучтуу. Ошол себептен, Байъат кылып жаткан учурда «Байъаттын максат-мүдөөсү эмне жана андан кандай пайда алат?» – деп ойлошу керек. Эгер дүйнө үчүн гана болсо, анда куру-бекер иш. Бирок, эгер дин үчүн жана Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн болсо, ошондой Байъат куттуу жана өзүнүн түпкү максат-мүдөөсүн өзү менен кошо тутчу. Андан чыныгы Байъаттан алына турган пайда жана берекелерди күтүүгө болот». («Малфузаат», 6-том, 142-бет)
Алла Таала бизге Азирети Масийхи Мавъуд (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ушул доордогу Имам катары чын жүрөктөн кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн тартууласын. Канчалык муң жана көңүл буруу менен ал Алла жана Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өкмөтүн дүйнөгө орнотуу үчүн өз Жамаатын даярдамакчы болсо жана канчалык кейүү менен насаат кылган болсо, бизди да Алла Таала ошондой кылып койсун. Кайсы шарттар негизинде ал бизден Байъат убадасын алган болсо, биз ошону орундатуучу бололу. Аларга дайыма амал кылып, көзүбүздүн алдына коёлу. Биздин эч бир амалыбыз жана иш-аракетибиз Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын таалимине каршы амал кылгансыңар деп бизге күнөө койбосун. Биз дайыма өзүбүздү көзөмөлдөөчү бололу. Алла Таала бизди колдосун. Эми Алла Тааланын берешендиги менен дубадан кийин ушул Жалса соңуна чыгат. Ушул Жалсанын берекелери жана жарыктарынан жыл бою, ал тургай өмүр бою пайда аласыңар. Алла Таала биздин тукумдарыбызга да Алла, Анын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам), Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) жана Хилаафаттын[7] сүйүү-махабатын тартууласын. Алла Таала биздин мурунку кемчиликтерибизди жана күнөөлөрүбүздү бекитип, бизди кечирсин, ошондой эле бизди болгону Өзүнүн сүйүктүүлөр Жамаатына кошсун. Эй, Алла! Сен Кечирүүчүсүң. Биздин күнөөлөрүбүздү кечиргин. Бизге ырайым кылгын. Бизди Өз кечиримдүүлүк жана рахмат оромуңа алгын. Бизди эч качан Өзүңдөн ажыратпагын. Аамийн йаа Раббал-Ааламийн.[8]
(2003-жылдын 24-август күнү Германиядагы Жалса салаанага карата жасаган соңку кайрылуусунан алынган)
[1] Курани Карим.
[2] Курани Карим.
[3] Кан аралаш булганыч.
[4] Курани Каримдин бир нече аяттан турган бөлүгү.
[5] «Пайгамбарлардын мөөрү» дегенди билдирет.
[6] Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтү болгон.
[7] «Орун басарлык» дегенди билдирет. Ахмадия Мусулман Жамаатында Азирети Имам Махдий (алайхиссалам)дын халифалары жетекчилик кылып жаткан руханий система же кызмат.
[8] Эй, бүтүн ааламдардын Раббиси! Биздин дубабызды кабыл алгын!