Текеберчиликтен оолак болуу
Дагы анда «текеберликтен оолак болобуз» деген убада бар. Бул жөнүндө Саййид Мухаммад Сарвар Шах Сахиб (разияллааху анху)нун мисалын келтиремин.
«Илим-билим жагынан жогорку даражага ээ болгондугуна карабастан, ушул доордогу аалым деп аталуучулардын каршысында анын табиятында ушунчалык жөнөкөйлүк жана карапайымдуулук бар болчу: эгер бир жаш бала дагы аны менен сүйлөшүүнү кааласа, аны баласынтпай сүйлөшчү. Ал абдан мээримдүүлүк менен анын сөзүн укчу жана канааттандыраарлык ыкмада анын суроосуна жооп берчү. (Мавлавий Мухаммад Хафийз Бакаапурий балалык кезиндеги бир окуяны мындай баяндайт): менин бир жакын тууганым балалуу болду. Кат аркылуу кабар алганымдан кийин Азирети Мавлавий Сахиб (разияллааху анху)га ымыркайга ат койдурууга ниет кылдым. Ал дарс бергени Аксаа мечитине бара жаткан же кайтып келе жаткан эле. Мен ага жакын бардым. Менин ага бара жатканымды көрүп, туруп калды. Жылуу жүз менен мага көңүл буруп, менин кайрылуума жараша ымыркайга ат коюп, ал үчүн дуба кылды». («Асхааб-э-Ахмад», 5-том, 3-бөлүк, 35-бет)
Дагы бул жөнүндө Азирети Мавлавий Бурхаануддин Сахибдин окуясын баян кыламын. Илгери өтүлгөн мисалдардан дагы анда атын чыгаруу жана кожо көрсүндүк өңдүү нерсе жок экендиги далилденет. Ошондой эле улуу аалым болгондугуна карабастан, илимий өңүттөн мактанчаактык жана көйрөңдүк да эч жок болчу. Кадиянда турган күндөрдө кимдир бирөө: «Эй, Мавлавий Сахиб!» – деп чакырса, дароо: «Мени Мавлавий (аалым)», – деп чакырбагыла, мен жаңыдан Азирети Мырза Сахибден Абжад[1] үйрөнө баштагам, тактап айтканда, алиппе үйрөнө баштадым», – деп тосуп койчу. («Рабвахтагы «Маахнаама Ансааруллаах», 1977-жылдын, сентябры, 12-бет)
Дагы карапайымдык жана жөнөкөйлүктүн эң мыкты үлгүсү бар. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) Азирети Сахибзаада Саййид Абдул-Латийф Сахиб Шахийд (разияллааху анху)[2] туурасында мындай айтат:
«Ал карапайымдык жана жөнөкөйлүк боюнча инсан толук бойдон Алла Таалага чөгүп кетмейинче, жетүү мүмкүн болбогон даражага чейин көтөрүлдү. Ар бир адам кандайдыр бир деңгээлде атак-даңк жана илимдүүлүк себебинен көтөрүлүп, көйрөңдөнө баштайт. Ошол илимдүүлүк жана атак-даңк акыйкатты (кабыл) алуусуна тоскоолдук кыла баштайт. (Тагыраак айтканда, акыйкатты таанууга бөгөт болуп калат). Бирок ушул инсан ушунчалык карапайым-жөнөкөй болчу: мыкты илим-билимдерге ээ болгондугуна карабастан, бир чыныгы акыйкатты кабыл алууга анын илимий, практикалык жана үй-бүлөлүк улуктугу тоскоол боло албайт эле. Акыр аягында өз жанын акыйкатка курман кылды жана биздин Жамаатыбыз үчүн ушундай зор үлгү калтырды: ошого амал кылуу Алла Тааланын түпкү каалоосу». («Руханий хазаайин», 20-том, «Тазкиратуш-Шахаадатайин», 45-бет)
[1] Араб алиппеси.
[2] Ооганстанда 1903-жылы шейит кеткен улуу такыба Ахмадий аалым.