Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Ошол өзгөрүүлөргө жаттар да күбө болушту жана моюнуна алышты. Ошончолук даана жана ачык-айкын өзгөрүүлөр болгондуктан алар моюнуна алууга аргасыз болушту. «Ушул доордогу Имамды кабыл кылып Ахмадийлерде көптөгөн өзгөрүүлөр жүз берди» дегенди кабыл алышты, бирок «акыйкатты кабыл кылбаймын» деп өжөрлүк кылышат. Кыскасы, ошондой моюнга алуулардын кээ бир үлгүлөрүн ортого таштаймын.
Аллаама Мухаммад Икбаал[1] мындай деп жазды: «Пенжабда Кадияний Жамаат деп аталуучу Жамаат түрүндө Ислам таалиминин түпкү үлгүсү ачыкка чыкты». («Улуттук жашоо жана миллати байзаага бир назар», 84-бет. «Аайна Аадам» басмасы, Чавук мийнар, Анаркалий–Лахор, 1970-жылдагы 1-басылыш)
Аллаама Нияз Фатхипурий[2] Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) туурасында мындай деп жазды: «Шексиз, ал албетте, Ислам адеп-ахлактарын кайрадан жандандырды жана жашоосу биз, албетте, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үлгүсүнүн көлөкөсү деп айтышыбыз мүмкүн болгон Жамаатты жаратып көргөздү». (Мухаммад Ажмал Шахид М. Э: «Малахзаат–э–Нияз Фатхипурий», 29-бет, 1968-жылдагы басылыш)
Ошондой эле Делхийдеги «Стейтесмейн» газетасынын редактору мындай деп жазды: «Кадиян деген ыйык шаарда бир индиялык пайгамбар жарык дүйнөгө келди, ал өзүнүн айлана-чөйрөсүн жакшылык жана жогорку даражалуу адеп-ахлак менен толтуруп жиберди. Ушул жакшы сыпаттар анын жүз миңдеген жолдоочуларында дагы чагылдырылууда». («Делхийдеги «Стейтесмейн» газетасы, 1949-жыл, 12-февраль)
Абдур-Рахийм Ашраф Азаад[3] Ахмадия Мусулман Жамаатында жүз берген ыңкылапты кеп кылып жатып мындай жазат: «Миңдеген ушундай адамдар бар: алар ушул жаңы дин үчүн өз туугандарынан ажырап кетишти. Дүйнөлүк зыяндарга да сабырдуулук көрсөтүштү жана жан менен мал-мүлктү да курман кылышты… Биз ачык дилден моюнга алабыз: кадияндык адамдардын акылга сыйарлык саны чын ыкылас менен аны акыйкат деп мал-мүлк, жан, дүйнөлүк байлыктар жана тууганчылыктарды курман кылууда. Мына ушулардын кээ бир адамдары Кабулда өлүм жазасын кабыл кылышты. Айрымдары чет өлкөлөрдөгү алыскы аймактарда карапайым өмүр сүргөн». (Лайилпурдагы жумалык «Ал–Минбар»,1952-жыл, 2-март, 10-бет)
Буга карабастан, кабыл кылбастык – ошол адамдардын бактысыздыгы. Ал-Хамдулиллаах! Алардын ушул моюнуна алгандыгы биздин ыймандарыбызды бекемдеди. Алла Таала биздин ыйманыбыз жана ишеничибизди дагы бекемдесин. Ошондой эле ар бир Байъат шартын чын дилден өзүбүзгө парыз деп билип, аны орундатуучу жана Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу бололу.
(2003-жылы, 17-октябрда Лондондогу «Фазл» мечитинде окулган жума кутбасынан алынды)
[1] Пакистан Республикасынын улуттук акыны.
[2] Индиялык мусулман аалым.
[3] Мусулман аалымдардын бири.