Ширктен оолак болуу
«Ширктен оолак болобуз» деген шарт бар. Эркектерибиз тургай, аялдарыбыз дагы ушунчалык жогорку даражаларга жетишкен, ушунчалык зор үлгүлөрдү көрсөтүшкөн, аларга карап, эмне деген ыңкылап жүз берди деп жүрөктөр Алла Тааланын мактоо-алкоолоруна толуп кетет жана Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) үчүн дуба чыгат.
Үлгү катары Азирети Чавхдрий Мухаммад Зафруллахан[1] мырзанын энесинин бир окуясын келтиремин. Ал Ширктен кандай жийиркенчү эле? Анын балдары чарчап кала берген. Бир жолу баласы ооруп калды. Баланы даарылата баштады. Бир киши тумар берип кетти. Бир аял ушул тумарды баланын моюнуна илмекчи болду эле. Апасы тумарды тартып алып, очоктогу отко ыргытып жиберди жана айтты: мен Жаратуучума жана Кожоюнума гана тобокел кыламын. Мен андай тумарларга эч көңүл бурбаймын. Баласы эки айлык болгондо, аны кайындарыныкына – Даска[2] кыштагына алып келди жана ал жерде алты ай жашады. Эми бала сегиз айга чыкты. Аны алып ата-энесиникине келди. Алты күн өткөн соң Же Девий[3] көргөнү келип, баланы өптү жана бир аз кийим-кечек же акча сурады. Тактап айтканда, ушул нерселер-буюмдар Зафардын[4] балээсин кетирерин билдирди. Ал (апасы) мындай жооп кылды: «Сиз бир кедей жесир аялсыз. Эгер садага же кайыр катары бир нерсе сурасаңыз, мен өз мүмкүнчүлүгүмө жараша чын жүрөктөн берүүгө даярмын. Ал эми мен «жез кемпирлер» жана «мастандардын» сөзүнө кирүүчү эмесмин. Мен өлүм жана жашоонун ээси жалгыз Алла Таала экенин билемин. Ушул маселеге башка эч кимдин тиешеси жок деп ишенем. Ошондой нерселерди Ширк деп билемин жана алардан жийиркенемин. Ошондуктан, ошого байланыштуу мен сага эч нерсе бербеймин». Же Девий: «Жакшылап ойлоп көргүн. Эгер балаңдын жашоосу сага керек болсо, мен сураганды бергин», – деп жооп берди.
Бир нече күндөн кийин ал Зафарды жуунтуп жатканда, кайрадан Же Девий келип калды жана балага ишаарат кылып: «Саахий Раажа[5] ушулбу?» – деп сурады. Ал: «Ооба, ушул», – деп жооп берди. Же Девий өзүнүн талаптарын кайталап койду. Ал да илгери берген жообун кайрадан айтты. Ошондо, Же Девий ачууланып: «Андай болсо, эгер балаңды тирүү бойдон алып үйгө кайтсаң, менин жалганчы экенимди билгин», – деп айтты. Ал мындай жооп берди: «Алла Таала каалагандай болот». Же Девий үйдүн босогосуна жакындаганда, жуунуп жаткан абалда эле Зафар кан кусуп ийди жана ичинен кан өтүп кетти. Бир нече көз ирмемде баланын ахвалы оордоп кетти. Дагы бир топ убактан кийин бала чарчап калды. Ал Алла Таалага мындай кайрылды: «Эй, Алла! Сен гана берген элең, Сен гана алдың. Мен Сенин тагдырыңа ыраазымын. Сен Өзүң гана мага сабыр тартуулагын». Анан Даскага кучагы бош кайтты». («Асхааб-э-Ахмад», 2-том, 15-16-бет, 1951-жылкы басылыш)
Карагыла, андан кийин Алла Таала ага канчалаган тартууларды берди. Чавхдрий Зафруллахан Сахиб (разияллааху анху)дай уул берди. Ал узак өмүр сүрдү, дүйнөгө даңкын да чыгарды.
[1] БУУнун генералдык Асамбелиясынын төрагасы жана Эл аралык Соттун председатели.
[2] Пакистан Республикасынын Сиалкот районуна караштуу шаар.
[3] Ошол айылда жашаган бир индус кемпир.
[4] Баланын аты.
[5] Индия-Пакистанда жашоочу бир уруунун аталышы. Ал эми «раажа» падышага айтылат.