16-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жума намазынын маанилүүлүгү

Азирети Салман Фарсий (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

Лаа йагтасилу ражулун йаумал-жумуъати ва йататаххару мастатаъа мин тухрин ва йаддахину мин духнихий ау йамассу мин тийби байтихий сумма йахружу фалаа йуфаррику байнаснайни сумма йусаллий маа кутиба лаху сумма йунситу, изаа такалламал-имааму илла гуфира лаху маа байнаху ва байнал-жумуъатил-ухраа. («Бухарий», Китаабул-Жумуъати, Баабуд-Духни лил-жумуъати, 883-хадис)

Лаа йагтасилу ражулун йаумал-жумуъати ва йататаххару мастатаъа мин тухрин ва йаддахину мин духнихий ау йамассу мин тийби байтихий сумма йахружу фалаа йуфаррику байнаснайни сумма йусаллий маа кутиба лаху сумма йунситу, изаа такалламал-имааму илла гуфира лаху маа байнаху ва байнал-жумуъатил-ухраа. («Бухарий», Китаабул-Жумуъати, Баабуд-Духни лил-жумуъати, 883-хадис)

Кимде-ким жума күну гусул алса (жуунса) жана колунан келишинче тазаланса, (чачтары) үчүн майды колдонсо же үйдө бар болгон жыпар жытын себинсе, анан жума намазы үчүн үйдөн чыкса, жума намазында жанаша отурган эки адамдарды бөлүп, ортосунан орун албаса, анан өзүнүн жазмышына жараша намаз окуса, анан имам-хатиб кутба окуп жатканда, унчукпай жымжырт болуп отурса, анда ушул жумадан тартып кийинки жумага чейинки бардык күнөөлөрү кечирилет.

Курани Карим жума намазына келүүгө баса белгилеп насаат кылган жана мындай деп буюрган: жума күнү азан чакырылганда, соода иштерин ж.б. бардык жумуштарды таштап, бат-бат Алла Тааланын үйүнө баруу керек. Анан жума намазы бүткөн соӊ өз иштериӊерди аткарсаӊар болот. (68:10-11)

Жогоруда биз окуган хадисте жуманын адептери кененирээк айтылып берилген: жума күнү жуунуу, тазалануу жана толук бойдон тазалануу зарыл. Адамдын май ж.б.ны колдонуусу жана жыпар жыт себинүүсү да тазалыктын жана жасалганын эле бир бөлүгү. Кээде жума намазына кечигип келген адамдар мурун келген адамдардын ийиндерин аттап барып, алдыӊкы саптардан орун алууга аракеттенишет же бирге отурган адамдарды бир жакка түртүп, өздөрүнө жай кылышат. Бул аябай жагымсыз көрүнүш. Табылган жайга барып, канча сүннөт окууга мүмкүнчүлүк болсо, канча рекет насип этилсе, аларды аткаруу керек. Өтө эле зарыл дагы бир нерсе: жума кутбасынын аралыгында бүтүндөй жымжырт болуп отуруу керек, бири-бири менен сүйлөшпөө лаазым. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деген: «Кимде-ким жогорудагы адептер менен жума намазын аткарса, ал киши жума бою өзүнө Алла Таала тарабынан келүүчү кечиримдүүлүк чараларын камдап алат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын насааттарына кулак салып, жума намазын анын бардык адептери жана шарттары менен аткарууга Алла Таала баарыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)