Жаңы жылдын башында окулуучу дуба
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жаңы жылдын башында окулуучу дуба

жаңы жыл, жаңы ай

Азирети Имам Ибн Хажар Аскаланий (рахматуллахи алайх) «Ал-Исаабах Фий Тамийз ас-Сахаабах» аттуу китебинде Азирети Абдуллах бин Хишам (разияллааху анху)нун мындай дегенин жазат:

كَانَ أَصْحَابُ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ، يَتَعَلَّمُونَ هَذَا الدُّعَاءَ إِذَا دَخَلَتِ السَّنَةُ أَوِ الشَّهْرُ ۔اَللّٰهُمَّ أَدْخِلْهُ عَلَيْنَا بِالْأَمْنِ وَالْإِيمَانِ ، وَالسَّلَامَةِ وَالْإِسْلَامِ ، وَرِضْوَانٍ مِنَ الرَّحْمَنِ ، وَجِوَارٍ مِنَ الشَّيْطَانِ

Башкача айтканда, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары жаңы жыл же жаңы ай киргенде, бирибирине төмөндөгү дубаны үйрөтүшчү: «Эй, Алла! Рахмаан Кудай бизден ыраазы болуп жана биз шайтандан сактанып, аны (келаткан жылды же айды) тынчтык жана ыйман, коопсуздук жана Ислам менен бизге алып келгин».

(Ал-Исаабах фий Тамийз ас-Сахаабах фий Зикри Абдуллах бин Хишам (разияллааху анху)

Share via