11-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

11-хадис сабагы

Кедей жана жакыр адамдарды тамактандыруу

Ан Абдиллахибни Амрин анна ражулан са’ала Расулаллаахи(САВ) аййул-Ислами хайрун каала тутъимут-таъаама ва такраус-салаама алаа ман ъарафта ва ман лам таъриф. («Бухарий», китаабуль-иймани, Баабун ифшааус-салаами минал-Ислами, 28-хадис)

Ан Абдиллахибни Амрин анна ражулан са’ала Расулаллаахи (саллаллааху алайхи ва саллам) аййул-Ислами хайрун каала тутъимут-таъаама ва такраус-салаама алаа ман ъарафта ва ман лам таъриф. («Бухарий», китаабуль-иймани, Баабун ифшааус-салаами минал-Ислами, 28-хадис)

Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Бир адам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан сурады:

аййул-Ислами хайрун

аййул-Ислами хайрун

жакшы Ислам кайсы? Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтты:

тутъимут-таъаама

тутъимут-таъаама

силер тамактандыргыла,

ва такраус-салаама

ва такраус-салаама

жана салам айткыла,

алаа ман ъарафта

алаа ман ъарафта

силер тааныгандарга да,

ва ман лам таъриф

ва ман лам таъриф

силер тааныбагандарга да.

Ушул хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) абдан жагымдуу ыкмада Исламдын көркөм таалимин баяндаган. Ислам таалимдеринин эң көркөм бөлүгүнүн бири бул: колунда бар адам колунда жегенге эч нерсеси жоктордун же азыраак барлардын курсагын тойгузсун. Бүгүнкү күндө өзүн өнүккөн деп жүргөн дүйнөдө да кечки маал тамакты жетиштүү даражада жебей ачка уктагандардын саны миллиондоп саналат. Экинчи жактан караганда, бакма иттерине адамдар жеген тамактан да жакшы азык-түлүктөрдү берип баккан миллиондогон адамдар да бар. Эгер ушул колунда мал-мүлк жана байлыгы бар адамдар курсагын тойгуза албай, тамактана албай калгандарга азык-түлүк берип тамактандырса, анда ушул көйгөй чечилмек.

Бүгүнкү дүйнөднүн экинчи көйгөйү – бул тынчсыздык жана баш аламандык. Адамдардын жаны коркунуч астында. Адамдар өздөрүнүн акыйдалаштарынын жана тааныш-билиштеринин коопсуздугуна чара көрүшөт. Ал эми жогорудагы хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) берген таалим төмөнкүдөй көрсөтмө берет: силер ар бир адамга, аны тааныйсыңарбы же тааныбайыңарбы, тынчтыкка кепилчилик бергиле жана ага «Ассалааму алайкум» деп, бизден сизге эч кандай коркунуч жок, бизден жаныӊыз да коопсуздукта, мал-мүлкүӊүз да коопсуздукта, абийириӊиз да коопсуздукта деп аны ишендиргиле.

Эгер бүгүнкү дүйнө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жогоруда айткан эки насаатына көңүл бурушса, анда дүйнөнүн ахвалы өзгөрүп кетмек.

Алла таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул куттуу насаат сөздөрүнө амал кылууга бардыгыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)