10-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жеп-ичүүнүн адептери

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн үйүндө жашаган жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге отуруп тамактанып жаткан бир балага мындай деп насаат кылган:

Йа гуламу саммиллааха ва кул би йамийника ва кул миммаа йалийка

Йа гуламу саммиллааха ва кул би йамийника ва кул миммаа йалийка

эй, балам! Алла тааланын атын атагын, оӊ колуӊ менен жегин жана өз маӊдайыӊан жегин. («Бухарий», Китаабуль-атъимати, Баабут-тасмияти алат-таъаами вал акли бил йамийни, 5376-хадис)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушундай бир коомдун арасында жарык дүйнөгө келген: ал коом Алла Таалага чын жүрөктөн ыйман да келтирбеген. Алла тааланын атын тилге алчу, бирок чыныгы Кудайдан кайдыгер болчу, ал гана эмес, динге ишенбеген адамдарда дагы кезигүүчү жалпы адеп-ахлактардан куру-жалак болчу. Ал аз келгенсип, туруу, отуруу, жүрүү, басуу, жеп-ичүү, уктоо, ойгонуу деген адептер да анда кезикпейт эле.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал коомго күндөлүк турмуш адебин эле үйрөтпөстөн, аларга эӊ мыкты адеп-ахлактардан да сабак берген. Сабырдуулук, мээримдүүлүк, кайрат, илим-билим, жумшак көӊүлдүк, ата-энелерге кызмат кылуу, аларга баш ийүү жана тууган-туушкандарга жакшы мамиле кылуу – кыскасы, ар түрдүү адеп-ахлактардан аларга таалим берген, анын үстүнө алардын жүрөктөрүнө Өз Раббисин, Жаратуучусун, Ээсин сүйүүнү да үйрөткөн.

Биз бүгүн окуган жогорудагы хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тамак ичүүнүн баштапкы үч адепти үйрөткөн. Тамак Алла Тааланын бир нээматы жана белеги, абдан чоӊ белеги, ошон үчүн Алла Тааланын аты менен тамак ичүү керек. Алла Тааланын берешендигисиз сыртынан караганда, белек болгон тамак да кыйынчылык-оордук жана ооруга себепчи болуп калуусу мүмкүн.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) айткан экинчи нерсе бул: оӊ колу менен жеш керек, себеби жалпысынан адам баласы колун булгай турган жумуштарды сол колу менен кылат жана таза жумуштарды оӊ колу менен жасайт. Ошондуктан, оӊ колу менен тамактануу керек деп айткан.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) айткан үчүнчү нерсе бул: адам өз маӊдайынан тамактануу керек. Тарелка жана идишти булгата турган же анда тартипсиздикти пайда кыла турган ыкма менен тамактануу дурус эмес, тескерисинче бул адепсиздик болуп саналат. Көргөн адам да жийиркенет жана чогуу тамак ичип жаткан адам да кыйналып кетет. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алла Талаанын аты менен тамак ичкиле, оӊ кол менен ичкиле жана адептүүлүк менен, өз алдыӊардан жегиле», – деп айткан.