12-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

12-хадис сабагы

Тазалыкты сактоо

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн үммөтүндөгү адамдарга насаат кылып мындай деп айтат:

Игсилуу сиябакум ва хузуу мин шаърикум вастакуу ва тузаййинуу ва туназзифуу. («Тарых Дамашкул-кабийр ли-Ибни Асаакир, Баабу зикри ман исмуху Абдурахийм» 19-том, 38-бөлүк, 84-бет, «Дарул-ихя-ит-турас ал-Арабий», Бейрут-2001)

Игсилуу сиябакум ва хузуу мин шаърикум вастакуу ва тузаййинуу ва туназзифуу. («Тарых Дамашкул-кабийр ли-Ибни Асаакир, Баабу зикри ман исмуху Абдурахийм» 19-том, 38-бөлүк, 84-бет, «Дарул-ихя-ит-турас ал-Арабий», Бейрут-2001)

Ушул хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулмандарга кийим-кечек жана денени таза кармоого баса белгилеп насаат кылган. Ислам динине чейинки айрым диндердеги адамдарда кир бойдон жүрүү, таза кийимди кийбөө, тырмактарды өстүрүү жана баштагы чачтарда биттерди кармоо өтө чоң жакшылык деген ой пайда болуп калган эле. Ислам дини өтө басым менен аны четке каккан. Курани Карим руханий тазалык менен денелик тазалыктан чогуу сөз кылып, мындай деп айткан:

Инналлааха юхиббут-таввабийна ва юхиббул-мутатах-хирийн

Инналлааха юхиббут-таввабийна ва юхиббул-мутатах-хирийн

Алла Таала тобо келтирүүчүлөрдү сүйөт жана тазалыкты кармоочуларды да сүйөт. (2:223)

Жогоруда биз окуган хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат:

Игсилуу сиябакум

Игсилуу сиябакум

кийимиңерди жууп алгыла,

ва хузуу мин шаърикум

ва хузуу мин шаърикум

чачыңарды алдыргыла,

вастакуу

вастакуу

мисвак кылгыла,

ва тузаййинуу

ва тузаййинуу

жасалгаңарга көңүл бургула,

ва туназзифуу

ва туназзифуу

тазалыкты кармагыла,

Тиштерди тазалоо жөнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат: эгер үммөтүмө ашыкча жүк болуп кетет деп коркпосом, ар бир намаз маалында аларга мисвак кылууга буюрмакмын. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбырбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тазалык жөнүндө буюруп, өз сахаабаларына мындай деген эле: өз үйлөрүңөрдүн короолорун да тазалагыла. Тазалыкка баса белгилеп мындай деп да айткан:

Яхудий эркектер тазалыкка көңүл бурушпайт эле, ошон үчүн алардын аялдарында (наъузубиллах, Кудай кечирсин) сойку болуу деген күнөө пайда болуп калды.

Алла таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын насааттарына кулак салып, тазалыкты кармоого бардыгыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)