Орозо кармаган кишинин даражасы кандай?
Хадиси Кудсий[1]де мындай деп айтылган:
Куллу амалибни аадама лаху иллас-сияма фа-иннаху лий ва ана ажзий бихий, адамзаттын бардык иштери өзү үчүн, бирок орозосу Мен үчүн, ошол үчүн Мен Өзүм ага сыйлык боломун. (Анткени, ал өзүнүн бардык каалоолорун жана жеп-ичүүсүн Мен үчүн таштап салат). («Бухарий», Китаабус-Саум)
Дагы мындай деп кошумчалаган:
Валлазий нафсу Мухаммадин би-ядихий ла-хулууфу фамис-сааими атябу индаллаахи мин рийхил-миски, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жаны колунда болгон Алланын атына касам! Орозо кармаган адамдын оозунун жыты Алла тааланын алдында жыпар жыттан дагы жыттуураак жана жагымдуурак. («Бухарий», Китаабус-Саум).
Дагы мындай деп айтат:
Ман каама Рамазаана ийманан ва ихтисаабан гуфира лаху маа такаддама мин занбихий, кимде-ким ыймандын талабына ылайыктуу жана сооп ниети менен түнкүсүн туруп, намаз окуса жана орозо кармаса, анын өткөн бардык күнөөлөрү кечирилет. («Бухарий», Китаабус-Саум)
[1] Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га вахий-аян аркылуу берген жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны өзүнүн сөздөрү менен баяндаган кабар «Кудсий» хадиси деп аталат.