Билбей туруп кетирген катаны моюнга алуу жана кечирилүү дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Билбей туруп кетирген катаны моюнга алуу жана кечирилүү дубасы

Эки киши жаңжалдашканда, Азирети Муса (алайхиссалаам) аларды ажыраштырып жатканда, анын муштумунан алардын бири кокусунан өлүп калат. Ошондо, Азирети Муса (алайхиссалаам) мындай деп дуба сураган. Алла Таала: «Биз Мусаны кечирип жибердик», – деп айтат. («Ал-Касас» 28: 17) رَبِّ اِنِّیۡ ظَلَمۡتُ نَفۡسِیۡ فَاغۡفِرۡ لِیۡ فَغَفَرَ لَہٗ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡغَفُوۡرُ الرَّحِیۡمُ ОКУЛУШУ: РАББИ ИННИЙ ЗАЛАМТУ НАФСИЙ ФАГФИРЛИЙ, ФА-ГАФАРА ЛАХУ, ИННАХУ ХУВАЛ-ГАФУР-РАХИЙМ. (АЛ-КАСАС 28:17)

Котормосу: Ал айтты: «Эй, Раббим! Албетте, мен өз жаныма зулумдук кылдым. Ошондуктан, мени кечиргин!» (28:17)

Share via