Алланын паанасына кирүү жана жаманчылыктардан сактануу дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алланын паанасына кирүү жана жаманчылыктардан сактануу дубалары

Алла Тааланын паанасына кирүү жана ар түрдүү жаманчылыктан сактануу дубалары

Азирети Абдулла (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет: «Курани Каримдин акыркы үч сүрөөсүн окуп, кечинде уктагыла. Булар сыяктуу паана сурала турган башка эч нерсе жок». («Насаайи»)

Азирети Айша разияллааху анхаа мындай деп айтат: «Качан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ооруп калганда, акыркы эки сүрөөнү окуп, колдоруна үйлөп, денесине сүйкөп алчу. Качан соңку ооруусу күчөп кеткенде, мен ушул сүрөөлөрдү окуп, колдорго үйлөп, анын денесине сүйкөп койчу элем». («Бухарий» жана «Муслим»)بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ

قُلۡ اَعُوۡذُ بِرَبِّ الۡفَلَقِ مِنۡ شَرِّ مَا خَلَقَوَمِنۡ شَرِّ غَاسِقٍ اِذَا وَقَبَ وَمِنۡ شَرِّ النَّفّٰثٰتِ فِی الۡعُقَدِوَمِنۡ شَرِّ حَاسِدٍ اِذَا حَسَدَОКУЛУШУ: БИСМИЛЛААХИР-РАХМААНИР-РАХИЙМ; КУЛ АЪУУЗУБИ РАББИЛ-ФАЛАК; МИН ШАРРИ МАА ХАЛАК; ВА МИН ШАРРИ ГААСИКИН ИЗАА ВАКАБ; ВА МИН ШАРРИН-НАФФААСААТИ ФИЛ-УКАД; ВА МИН ШАРРИ ХААСИДИН ИЗАА ХАСАД. (113:1-6)

Котормосу: Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен. Айткын: «Мен нерселерди жарып, жаңы нерсени Жаратуучу Раббимдин паанасын сураймын: Ал Өзү жараткан нерселердин жаманчылыгынан жана караңгылык кылуучунун жаманчылыгынан, ал жайылып кеткенде; жана түйүндөргө үйлөөчү ургаачылардын жаманчылыгынан; ошондой эле көрө албастын жаманчылыгынан, ал көрө албастык кылганда. («Ал-Фалак» сүрөөсү:1-6)

Share via