Алланын паанасына кирүү жана жаманчылыктан сактануу дубалары
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алланын паанасына кирүү жана жаманчылыктан сактануу дубалары

Азирети Абдулла (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет: «Курани каримдин акыркы үч сүрөөсүн окуп, кечинде уктагыла. Булар сыяктуу паана сурала турган башка эч нерсе жок». («Насаайи»)

Азирети Айша разияллааху анхаа мындай деп айтат: «Качан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ооруп калганда, акыркы эки сүрөөнү окуп, колдоруна үйлөп, денесине сүйкөп алчу. Качан соңку ооруусу күчөп кеткенде, мен ушул сүрөөлөрдү окуп, колдорго үйлөп, анын денесине сүйкөп койчу элем». («Бухарий» жана «Муслим»)بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِقُلۡ ہُوَ اللّٰہُ اَحَدٌاَللّٰہُ الصَّمَدُلَمۡ یَلِدۡ ۬ۙ وَلَمۡ یُوۡلَدۡوَلَمۡ یَکُنۡ لَّہٗ کُفُوًا اَحَدٌОКУЛУШУ: БИСМИЛЛААХИР-РАХМААНИР-РАХИЙМ. КУЛ ХУВАЛЛААХУ АХАД. АЛЛААХУС-САМАД. ЛАМ ЯЛИД ВА ЛАМ ЮЛАД. ВА ЛАМ ЯКУЛЛАХУУ КУФУВАН АХАД. (112:1-5)

Котормосу: Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен. Айткын: «Ал – Алла жалгыз гана. Алла муктаж эмес. Ал бирөөнү төрөгөн да эмес, Өзү да төрөлгөн эмес. Ошондой эле Ага эч качан эч ким тең келген эмес. («Ал-Ихлаас» сүрөөсү:1-5)

Share via