Кечирилүү жана рахматка татыктуу болуу дубалары

Азирети Муса(ас)дын өз коомунун арасында жок учурунда Израиль балдары музоону кудай кылып алышкан. Азирети Муса(ас) кайра келип, өзүнүн орунбасары – Азирети Хааруун(ас)га катуу капаланды жана өз коомуна да эскертме жасады. Ошондо, анын коому бушайман болуп, мындай деп дуба кылган, муну «Муса(ас)дын коомунун тобо дубасы» десек да болот:

Ла-иллам ярхамнаа Раббунаа ва ягфирланаа ла-накуунанна минал-хаасирийн. (Ал-Аърааф 7:150)
Котормосу: Эгер Раббибиз бизге ырайым кылбаса жана бизди кечирбесе, биз албетте, зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз.
Ошол эле учурда Азирети Муса(ас) өзүнүн иниси – Хааруун(ас) үчүн да, өзү үчүн да кечирилүү үчүн мындай деп дуба сураган:

Раббигфирлий вали-ахий ва адхилнаа фий рахматика ва анта архамур-раахимийн. (Ал-Аърааф 7:152)
Котормосу: Ал айтты: «Эй, Раббим! Мени дагы, бир тууганымды дагы кечиргин жана бизди Өз рахматыңа киргизгин, Сен ырайым кылуучулардын эң жакшысысың». (7:152)