Адашкан коомдун кечирилүүсү үчүн дуба

Азирети Абу Зар(ра) мындай деп рабаят этет: «Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) түн бою төмөнкү дубаны сурап турган. Мен: «Эй, Алланын Пайгамбары(сав)! Сиз Курандын баарын жатка билесиз, эмнеге бир эле аятты кайталап турдуңуз?» – деп сурадым. Пайгамбар(сав): «Мен өз үммөтүм үчүн дуба сурап отурдум», – деп жооп берди. Мен: «Эмне деп жооп алдыңыз?» – деп сурадым. Пайгамбар(сав): «Эгерде ошол жоопту айтып койсом, анда көпчүлүк адамдар намазды таштап коюшат», – деп жооп берди». («Дурри мансур», 3-том, 75-бет)
Курани каримдин айтымында, Азирети Иса(ас) ушул дубаны өз коому үчүн сураган эле:اِنۡ تُعَذِّبۡہُمۡ فَاِنَّہُمۡ عِبَادُکَ ۚ وَاِنۡ تَغۡفِرۡ لَہُمۡ فَاِنَّکَ اَنۡتَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُОКУЛУШУ: ИН ТУЪАЗЗИБХУМ ФА-ИННАХУМ ИБААДУКА ВА ИН ТАГФИРЛАХУМ ФА-ИННАКА АНТАЛ-АЗИЙЗУЛ-ХАКИЙМ. (АЛ-МААИДА 5:119)
Котормосу: (Эй, Алла!) эгер Сен аларга азап берсең, алар Сенин пенделериң го! Эгер Сен аларды кечирсең, албетте, Сен эң жеңүүчү (жана) акылмандуулуктун ээсисиң». (5:119)