Ыйсанын шакирттеринин бир дубасы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ыйсанын шакирттеринин бир дубасы

Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын шакирттеринин «бизге асмандан дасторкон түшсүн жана ырыскыбыз мол болсун» деген катуу суранычы менен Азирети Ыйса (алайхиссалаам) ушул дубаны сураган. Буга жооп катары Алла таала: «Мен дасторкон тартуулайм, бирок буга шүгүрсүздүк кылуучуларга катуу жаза берем», – деп айткан. («Ал-Мааида» сүрөөсү:113-116)

Аллаахумма Раббанаа анзил алайнаа мааидатам-минассамаааи такууну ланаа ийдал-ли-аввалинаа ва аахиринаа ва ааятам-минка. Варзукнаа ва анта хайрур-раазикийн. (5:115)

Аллаахумма Раббанаа анзил алайнаа мааидатам-минассамаааи такууну ланаа ийдал-ли-аввалинаа ва аахиринаа ва ааятам-минка. Варзукнаа ва анта хайрур-раазикийн. (5:115)

Котормосу: «Эй, Раббибиз – Алла! Биздин мурункуларыбыз жана акыркыларыбыз үчүн бир айт-майрам боло турган, ошондой эле Сенден бир улуу аят-жышаан боло турган дүрдүйүм жайнаган дасторконду асмандан бизге түшүргүн жана бизге ырыскы бергин, Сен ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысысың!» («Ал-Мааида» сүрөөсү:115)

Share via