Алла Тааланын момун пенделеринин дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла Тааланын момун пенделеринин дубасы

Жалганчыга чыгаруучулардын шылдыңдоосуна каршы Алла Тааланын момун пенделеринин дубасы

Качан каапырлар жана Алла Тааланын аяттарын жалганга чыгаргандар кыямат күнү өз кылмышын мюнга алышканда, Алла Таала мындай деп айтат: «Жоголгула жана Мени менен сүйлөшпөгүлө, себеби силер Менин төмөндөгүдөй дубаларды сураган момун пенделеримди мыскылдап, шылдыңдап жүргөнсүңөр. Алардын сабырдуулугунун аркасынан бүгүн Мен аларга көп-көп сыйлык бердим». («Ал-Му′минуун» сүрөөсү: 111-112) رَبَّنَاۤ اٰمَنَّا فَاغۡفِرۡ لَنَا وَارۡحَمۡنَا وَاَنۡتَ خَیۡرُ الرّٰحِمِیۡنَОКУЛУШУ: РАББАНАА ААМАННАА ФАГФИРЛАНАА ВАРХАМНАА ВА АНТА ХАЙРУР-РАХИМИЙН. (23:110)

Котормосу: Эй, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик. Ошондуктан, бизди кечиргин жана бизге ырайым кылгын. Сен ырайым кылуучулардын эң жакшысысың!» («Ал-Му’минуун» сүрөөсү:110)

Share via