Германияда Ахмадий миссионерлердин виртуалдык тарыхый жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германияда кызмат кылып келе жаткан миссионерлер Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы менен виртуалдык жолугушуу сыймыгына ээ болушту

Германиядагы мусулман миссионерлердин Халифа менен жолугушуусулушту

Азирети Мырза Масрур Ахмад Батышта кызмат кылып келе жаткан Ахмадий мусулман дааватчылары адамдарды динге жана ыйманга кайтарып алып келүүгө аракет кылышы керек дейт

Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатында иштеп жаткан миссионерлери 2020-жылдын 15-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык расмий жолугушуу жана аудитория бактысына ээ болушту.

Германиядагы мусулман миссионерлердин Халифа менен жолугушуусулушту

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен жыйналышты алып барды, ал эми дааватчылар (миссионерлер) Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук штабы катары кызмат кылып келе жаткан Франкфурттагы «Байтус-Субух» мечитинен катышышты.

Алтымыш беш мүнөттүк жолугушуунун жүрүшүндө, чогулгандардын бардыгы өзүлөрүнүн Улуу урматтуу Жетекчиси  менен жекеме-жеке сүйлөшүп, анын ак батасын жана жетекчилигин алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Миссионерлерге жалпы кайрылып жатып, Ал Азирети Алла Таалага ибадат кылуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу кайталады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Намазга берилип аткарбай жана Аллах Таалага ибадат кылбай, Учурлук Халифанын чыныгы жардамчысы болууӊар мүмкүн эмес. Беш убак парыз намазын окугандан кийин, силерди Алла Таалага жакындата турган, өз милдетиңерди эң мыкты деңгээлде аткарууга жардам бере турган жана жасаган ишиңердин берекелүү болушун камсыз кыла турган ыктыярдуу (Нафл) намаздары да бар».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн улады:

«Мындан тышкары, силер күн сайын Ыйык Куранды окуп, анын мааниси жөнүндө ой жүгүртүүңөр керек, анткени Курани Каримсиз мусулмандын жашоосу жокРуханийликти өзүңөрдө жараткыла, ошондо гана силер башкаларда руханий өзгөрүүлөрдү жасай аласыңар».

Жолугушуунун жүрүшүндө, Ал Азирети миссионерлер жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын башка өкүлдөрү ар дайым башкаларга аяр жана кылдат мамиле жасашы керек деди. Буга байланыштуу, Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамааты менен чектелген байланышта болгон Ахмадий мусулмандардын жүрөгүнө кайрылуу маанилүү экендигин айтты.

Германиядагы мусулман миссионерлердин Халифа менен жолугушуусулушту

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер алыста жүргөн Ахмадий мусулмандарга сүйүү менен кеңеш берип, жол көрсөтүшүңөр керек. Бул Батыш өлкөлөрүнө Ахмадий мусулмандары болгондугу үчүн гана көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүк алышканын жана бул жерде жашоого уруксат берилгендигин эскертип тургула. Алардын ишениминен улам гана азыр алардын жагдайы жакшырып, аларда мүмкүнчүлүктөрү бар жана балдары жакшы билим алып жатышат. Аларга боорукердик менен жана аяр мамиле жасап, алардын Кудайдын берешендиги менен гана бул жерге келгендигин, ошондуктан алар ишенимине байланышып, ага кызмат кылууга умтулушун эскертишиңер керек. Алар менен акырын сүйлөшүп, ар дайым алар үчүн дуба сурап тургула».

Жолугушуунун аягында, миссионерлердин бири Батыш дүйнөсүндө дин барган сайын четке кагылып жаткандыгын эске алып, жаштарды ишенимине кандай бекем кармоо керектигин сурады.

Германиядагы мусулман миссионерлердин Халифа менен жолугушуусулушту

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Батышта чоңоюп, билим алган жаш дааватчылардын жаштарга диндин маанилүүлүгүн түшүндүрүүдө өз ролун ойношу өзгөчө маанилүү. Силер жаштарга чын ыкластуу дос болуп, тармактуу уюмдарыбыз менен бирдикте, Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишине катыштырууңар керек, ошондо кызмат кылуу духу жаш кезинен баштап калыптанат. Ахмадий мусулман жаштарын бүгүнкү коомчулуктун зыяндуу жактарынан жана терс таасирлеринен куткаруу биздин милдетибиз. Биз иш-аракеттерибизге туруктуу болушубуз керек жана эч качан жеӊилбешибиз керек. Жаштарды жетектөөгө жана тарбиялоого канчалык көп убакыт жана күч жумшасаңар, алардын биздин Жамаатыбыз менен болгон байланышы ошончолук бекем болот».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Бул Ахмадия Мусулман Жамаатынын жаш миссионерлерине берилген чоң ишеним, анткени алар Батыш коомчулугунда чоңойгону үчүн, биздин Жамаатыбыздын жаш мүчөлөрү менен байланышып, аларды руханий жактан жетектей алышат. Менин ишенимимде, эгер биздин жаш миссионерлерибиз Кудай Таала менен чыныгы берилгендикти жана сүйүүнү өрчүтсө, анда алар коомчулукта жакшы жакка өзгөрүүлөрдү киргизгендердин катарында болушат. Албетте, мен эгер жаш миссионерлер чогуу өзүлөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн чоң чечкиндүүлүк менен турушса, адамдарды алардын Жаратканына жакындата турган чыныгы руханий ыӊкылапты алып келиши мүмкүн деп ишенем».

Чектеш темалардын мазмуну
Share via