Сьерра-Леоне республикасынында «Байтул-Эхсаан» мечитинин ачылуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сьерра-Леоне республикасынында «Байтул-Эхсаан» мечитинин ачылуусу

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Алла Тааланын берешендиги менен Сьерра-Леоне Республикасындагы Ахмадия Мусулман Жамаатына Бо регионундагы Дурбна Граунд деген жерде бир мечитти ачуу мүмкүнчүлүгү насип этилди. Ал-хамдулиллах!

Жалса Салананын үчүнчү күнү, 2020-жылдын 26-январында соңку сессиядан кийин борбордук коноктор жана Сенегалдагы Жамаат мүчөлөрүнөн турган бир делегат Сьерра-Леоне Жамаатынын урматтуу Амири Сахиб менен бирге бир мечитти ачканы барган. Ал мечит Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионери урматтуу Чаудхрий Эхсаан Илахий Жанжуа мырзанын Сьерра-Леонеде жашаган үй-бүлөөсү жана башка өлкөлөрдө жашаган тууган-туушкандары тарабынан жөнөтүлгөн фонддор менен салынган. Урматтуу Чаудхрий Сахиб бир узак мезгилге чейин Сьерра-Леонеде кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал киши ал жердеги Ал-Хаажий Али Ружарз мырза маркумдун (аябай берилген бир Ахмадий мусулман болчу) кызына үйлөнгөн жана ал жубайынан болгон балдары ал жерде жашашат. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мээримдүүлүк көрсөтүп, ал мечитке «Байтул-Эхсаан» мечити деген атты ыйгарган.

Аталган азем Курани Карим окуу менен башталып, андан кийин келген конокторду тааныштырышкан. Чаудхрий Ибрахим Жанжуа мырза Жанжуа үй-бүлөөсүнүн мүчөлөрүн тааныштырган. Атайын конок урматтуу Мухаммад Шариф Аудэ мырза кыскача кайрылуусун жасаган соң мечитти ачып, дуба кылдырган.

2018-жылдын 27-октябрь күнү Сьерра-Леоне Жамаатынын урматтуу Амири Сахиб бир өзгөчө кечеде мечитке алгачкы ташын койгон эле, ал аземге көптөгөн санда жергиликтүү Ахмадий эмес адамдар катышышкан жана даават жүргүзүүнүн бир алтын мүмкүнчүлүгү насип этилген.

Мечиттин курулма бөлүгү 35 x 40 футту камтыйт жана анда 150 адам намаз окушса болот. Намаз окуганы келген адамдар үчүн жеңилдик жаратуу максатында аталган мечит менен жанаша бир кудук да ортонулган. Жамаат Муаллиминин жашоосу үчүн «Муаллим үйү» да курулуп жатат. Ал мечитке көзөмөлдүк кылуу мүмкүнчүлүгү Бо Регионунун миссионери урматтуу Саъаадат Акийл Ахмад мырзага насип этилген.

Алла Таала ушул мечитти намаз окуучу адамдар менен толтуруп турсун деп дуба кылабыз. Аамийн.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via