Ирландиядагы Мажлис-э-Амила мүчөлөрүнүн тарыхый жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ирландиядагы Улуттук Мажлис-э-Амила Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси менен Виртуалдык жолугушуу урматына ээ болду

Ирландияда Ислам

Ал Азирети көптөгөн административдик жана диний маселелер боюнча көрсөтмө берди

2021-жылдын 24-октябрында Ирландиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Межлис-э-Амиласы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Бешинчи Халифа, Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык расмий жолугушуу урматына ээ болду.

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен жыйынга төрагалык кылды, ал эми Амила мүчөлөрү жыйынга виртуалдык түрдө Ирландиянын Голуэй шаарында жайгашкан «Марям» мечитинен кошулушту.

Ирландияда Ислам

Жолугушуунун жүрүшүндө бардык катышуучулар Ал Азирети менен сүйлөшүүгө жана ал кишиден бир катар маселелер боюнча жетекчилик жана көрсөтмөлөрдү алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Өлкөдө натыйжалуу даават иштерин (Таблиг) жүргүзүү маселеси боюнча сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Адамдар менен жеке мамилеңерди күчөтүп, Таблиг ишин арттыруу үчүн жекемежеке жолугуп, байланышта болушуңар керек. Адамдарды чакырып, жеке байланыштарды түзгүлө. Адамдар менен жеке байланышты түзгөнүӊөрдө гана Таблигти эффективдүү жүргүзө аласыңар. Болбосо, баракчаларды жөн эле таратуу жетишээрлик кылбайт, анткени аларды ким окуганын жана аны менен эмне кылганын билбей каласыӊар. Баракчалар көп жолдордун бири гана болуп саналат. Силер өзүңөрдүн шартыңарда Таблигти эң эффективдүү түрдө кантип ишке ашыра аларыңарды көрүү үчүн ар бир жолду изилдеп чыгышыңар керек».

Жыйынга катышкан миссионерлердин бири жергиликтүү эл менен жакшыраак аралашуу жана Таблигтин жолдорун ачуу үчүн айлана-тегеректеги коомчулук менен байланышты түзүү максатында велоспорт клубуна кошулганын айтты.

Ирландияда Ислам

Ал Азирети башка жаштарды да ушундай клубдарга кошулууга үндөш керек, алар жергиликтүү калк менен жуурулушуп, ошол эле учурда өздөрүнүн ыйманын күчөтүп, Исламдын тынчтык кабарын элге жеткирүү үчүн байланышты түзө алышат.

Ахмадия Мусулман Жамаатында билим берүү стандарттарын жакшыртууга жооптуу адам – Талим катчысына кайрылып, Ал киши жаштарга билим алууда ийгиликке жетүүнүн эң жакшы жолдоруна багыт берүүчү жана эң ылайыктуу карьераларга умтулуу жана мыкты болуу боюнча студенттерге кеңеш берүүчү комитети болушу керектигин белгиледи.

Жолугушуунун аягында Амила мүчөлөрүнүн бири Ал Азирети COVID-19 пандемиясынан адамдар кандайдыр бир сабак алышты деп ойлойбу деп сурады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Адамдар мурункудай эле дүнүйөлүк жашоосун жана материалдуулукту улантышууда, алар Алла Таалага кайрылышкан жок жана кайрылууну каалашпайт дагы. Жакында болгон суу ташкындары, анын ичинде Германияда болгон суу ташкындоолорунан сабак алыштыбы? Тамак-аш алуу үчүн кезекке турууга аргасыз болуп, азап чегүүгө мажбур болушканда, алардын көңүлү бир аз убакытка Аллага бурулду. Бирок, андан кийин алардын абалы жакшырганда, баарын унутуп коюшту. Бул кудум Алла Таала Курани Каримде: «Адамдар кыйынчылык келгенде, Мага кайрылышат, ал эми кыйынчылык жеңилдетилгенде, Алланы унутушат», – деп айткандай. Мындан да чоңураак кыйынчылыктар адамдардын башына түшкөндө гана алар сабак алышат, антпесе бир-эки кыйынчылыкка кабылуу аздык кылат».

Амила мүчөлөрүнүн бири Ал кишиге Исламдын руханий окууларына кызыккан, бирок анын жүрүм-турум эрежелерин карманууга аракет кылбаган мусулман эместер бар экенин айтты. Ал мындай адамдарды кийинчерээк, убакыттын өтүшү менен алар Исламдын адеп-ахлак нормаларын сактоонун үстүндө иштей беришет деген ниет менен дагы деле Исламга кошулууга үндөш керекпи деп сурады.

Ирландияда Ислам

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Биз мүчөлөрүбүздүн санын көбөйтүү үчүн эле Таблиг жасап жаткан жокпуз. Өзүн реформалап-оӊдоого бекем ниети жок бирөөнүн Ахмадия Мусулман Жамаатына жана Исламга кошулуусун талап кылуудан эмне пайда? Ислам деген эмне жана дин эмне? Дин өзүңдү оңдоп-түзөөнү, Алланын алдында таазим кылууңду, Алла Таалага милдеттүү болгон милдеттериңди аткарууну талап кылат… Демек, алар бул дүйнө жашоосун гана жалгыз жашоо деп ойлобошу үчүн силер аларга Ислам окуулары эмне экенин, башка жашоого туш болосуңар, ал түбөлүк жашоо жана ошол жерде Алла Тааланын алдында бардык иштериңер үчүн жооп бересиңер. Эгерде кандайдыр бир жакшылык кылган болсоңор, сооп аласыңар, туура эмес кылган болсоңор, жазаланасыңар. Силер бул чындыкты түшүнүшүңөр керек, бул жашоо туруктуу жашоо эмес жана ар дайым келечектеги жашоону ойлошуӊар керек, ал жерде бардык иштериңер үчүн жооп бересиңер», – деп аларга айткыла.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via