Шри-Ланкадагы Ахмадия Мусулман Жамааты жаңы жылды ибадат менен баштады

Азирети Амир-ул-М’уминийн Халифатул Масийх V (аййадахуллааху таъаала би–насрихил азиз)дин көрсөтмөсүнө ылайык, Шри-Ланкадагы Ахмадия Мусулман Жамааты да жаңы жылды жамааттык Тахажжуд намазы менен баштады. Кийинчерээк багымдат намазы дагы жамаат менен окулуп, сабак да уюштурулду. Буга байланыштуу бардык мечиттерде урматтуу миссионер-үгүтчүлөрдүн жардамы менен бул иш-чара өткөрүлдү.
Эртең менен мечитке барууда кыйналган туугандар 31-декабрга караган түнү мечитте калып, таңкы Тахажжуд намазына кошулушту.
Коломбодогу Ахмадия Мусулман Жамаатында миссионер-үгүтчүлөрдүн төрагасы урматтуу А. Б. Муштаак Ахмад мырза өзүнүн сабагында Хузур–э–Анвардын насааттарынын негизинде, Жамаат мүчөлөрүнүн көңүлүн күндө Тахажжуд намазын окууга бурду. Коломбодогу Ахмадия Мусулман Жамаатында өткөрүлгөн бул сабак YouTube аркылуу түз эфирде да көрсөтүлдү, натыйжада мечитке келе албаган туугандар да андан пайда көрүштү. Ошондой эле, ковид-19 чектөөлөрүнөн улам мечитке келүүгө тыюу салынган Лажна Имааиллах жана Насираатул–Ахмадия да бул сабакка онлайн кошулушту. Бул иш-чарадан кийин тамак-ашы уюштурулду.
(Репортажды даярдаган: Жавид Рахийм — «Ал-Фазл Интернэшнл» корреспонденти)