Жихад жөнүндө туура таалим • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Жихад жөнүндө туура таалим

Бүгүнкү күндө мусулмандардын көпчүлүгү Ислам дининдеги «жихад» деген маселени туура билбей, каапырларга каршы согушууну эле «жихад» деп түшүнүшөт. Ошондуктан, кээ бир аалымсөрөй уламалар жана чаласабат молдолор мусулмандарды, айрыкча мусулман жаштарын жихаддын атынан алдап, аларды туура эмес согуштарга алып барып, бейкүнөөлөрдү өлтүрүүгө, ошондой эле дүйнөдө фитна-чагымчылыкты жаратып, туш тарапка бүлүк салып, Исламды жаманатты кылууга себепчи болушууда.

Алла таала мусулман үммөтүнө ырайым кылып, ушул доордо Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)ды жөнөтүп, ал киши Ислам динин реформалап-оңдоп, мусулмандардын арасында кеңири тарап кеткен кээ бир туура эмес акыйдалар (ишенимдер) менен түшүнүктөр тууралуу түшүндүрүп берген. Алардын катарында «жихад» деген маселеге да ал(ас) кеңири токтолуп, Курани каримдин таалимдерин, Исламдын жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын баалуулуктарын дүйнөгө таратуу, ошондой эле мусулман эместерди Ислам динине чакыруу (даават кылуу) эң улуу «жихад» экенин айткан. Бул жөнүндө Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын 2-халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад(ра) мындай деп айтат:

«Ал(ас) (Азирети Имам Махдий) «жихад» жөнүндө туура таалим берди. Адамдар: «Ал(ас) жихадды токтоткон», – деп жаңылышып калышкан. Чындыгында, ал(ас) эч качан жихад кылууну токтоткон эмес, тескерисинче ал киши төмөндөгүдөй нерсеге басым жасаган: мусулмандар жихаддын акыйкатын унутуп жиберишкен. Алар кылыч көтөрүүнү гана «жихад» деп түшүнүшкөн. Натыйжада, мусулмандар жетишкен жеңиштери менен гана канааттанышып, отура беришкен, ошондо каапырлык дүйнөдөн жоголбой калды. Дүйнөдө Ислам бийлигинин түзүлгөнүнө карабай, (адамдардын) жүрөктөрүнөн каапырлык кетпей калган. Мусулман бийликтерине каршы согушпаган өлкөлөргө дагы көңүл бурулбай калган. Ошондуктан, ал жайларда каапырлардын бийлиги улана берген. Натыйжада, каапырлык өз жайында кайрадан күчөй берген жана кээ бир коомдор саясый үстөмдүккө жетишээри менен Исламга зыян келтире башташкан.

Эгерде мусулмандар Азирети Имам Махдий(ас) жихадга берген «адам баласы жакшылык жана такыбалуулукту орнотуу үчүн кыла турган ар бир иш-чара «жихад» деп аталат. Ал (жихад) кандай кылыч менен аткарылгандай эле, жан-дүйнөнү тазалоо, даават кылуу жана мал-мүлктү (Алла таала жолунда) сарптоо аркылуу да аткарылат. Ар түрдүү жихаддын өзүнчө орду бар» деген аныктамага түшүнүшкөндө, анда бүгүнкү күндө алар кабылган ушул жаман ахвалга туш келмек эмес.

Эгер алар ушул аныктамага түшүнүшкөндө, анда Исламдын кадимки жеңишине жетишкен учурда, жихаддын буйругу эми токтоду деп ойлошмок эмес, тескерисинче алар: «Бир эле түрдөгү жихад токтоду, башка түрдөгү жихаддар азырынча бүтө элек, эми даават кылуу жихадын баштоонун ыңгайлуу учуру», – деп ойлошмок. Анын натыйжасында төмөндөгүдөй болмок: Ислам дини мусулман өлкөлөрүндө гана жайылбастан, Европа дагы бүгүнкү күндө Ислам динин кабыл кылып, анын өсүп-өнүгүүсү менен Ислам дини төмөндөп кетмек эмес.

Кыскасы, Азирети Имам Махдий(ас) жихаддын ар кандай учурларын айтып берген. Ал(ас) кылыч менен жихад кылууга тыюу салынганын айткан эмес, тескерисинче ушул доордо шарияттын негизинде кайсы жихад болоорун айтып берген жана өзү өтө күчтүү басым менен ушул жихадды, тактап айтканда даават кылуу жихадын бардык өлкөлөрдө баштаган. Эгерде бүгүнкү күндө дагы мусулмандар ушул жихадды (даават кылуу) кыла башташса, анда ийгиликтүү болушат. Эгер мусулмандар жакшылап ой жүгүрүтүшсө, анда ал(ас)дын ушул иш-аракети Ислам динине чоң кызмат кылып, жана бул нерсе келечекте мусулмандарды гана ойготпостон, ошондой эле алардын өсүп-өнүгүү жолун да ачып койгон. Ал гана эмес, мусулмандарды өтө оор күнөөдөн да сактап калган. Анткени, мусулмандар бул доор кылыч менен жихад кылуу доору деген акыйдага (ишенимге) ээ экендигине карабастан, аны парыз деп да ага амал кыла алышпайт эле. Ошондуктан, ушул күнөө деген сезимдин айынан күнөөкөр болуп жатышкан.

Эми качан мусулмандар ал(ас) (жихад жөнүндө) берген чечмесине моюн сунган сайын алардын жүрөктөрүнөн күнөө сезими деген дат жоголо берет. Алар биз Алла таала жана Анын Пайгамбары(сав)га чыккынчылык кылбаптырбыз, (бизде бир гана) жихад жөнүндө туура маалымат жоктугунан бул кемчилик кылган экенбиз деп сезе башташат. («Азирети Имам Махдий(ас) аткарган көрүнүктүү иштери», «Анваарул-улуум» 10-том, 191-192-бет)

Share via