Ахмадия эч кандай жаңы дин эмес [Ахмадияттан кабар] • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Ахмадия эч кандай жаңы дин эмес [Ахмадияттан кабар]

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1948-жылы «Ахмадияттан кабар» аттуу китепчени жазып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары аталган Жамаатка жаапкан кээ бир жалааларга жооп берген. Ал китепчени ак ниет менен окуган ар бир момун-мусулман Ахмадия Мусулман Жамаатына коюлган бардык дооматтардын негизсиз жана ачык жалаа экенине күбө болот деп бекем ишенебиз. Ал китепчеде «Ахмадия эч кандай жаңы дин эмес» деген жөнүндө кеңири сөз кылып, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Ахмадия деген эмне жана ал эмне үчүн түзүлгөн? Аны билип-билбеген көптөгөн адамдарда ушундай суроо туулат. Ахмадия менен тааныш болгондор терең талкуу жүргүзүшөт, ал эми кабары жоктор үстүртөн карашат. Билими жоктугунан алар кээ бир туура эмес кептерди өздөрү ойлоп чыгарышат же башка кишилерден угуп, ага толук ишенип алышат. Мен алгач билими жоктугунан жана Ахмадияттан кабары болбогондугунан Жамаат тууралуу жаңылышып жүргөн ошол адамдарга кыскача маалымат бермекчимин.

Ушул тааныш болбогон кишилердин айрымдары: «Ахмадийлер «Лаа илааха иллаллааху Мухаммадур-Расуулуллаах» деген «келимеге» ишенишпейт, ошондой эле Ахмадия бир жаңы дин», – деп ойлошот. Мындай кишилер бирөөлөрдүн алдоосуна кабылып ушундай ишенимге ээ болушат же өздөрүнчө: «Ахмадия – бул өзүнчө бир дин жана ар бир динде «келиме» болгондой, алардын да өзүнчө «келимеси» болушу керек», – деп ойлошот. Чындыгында, Ахмадия эч кандай жаңы дин эмес. Кала берсе, дин үчүн өзүнчө «келименин» кереги жок. «Келиме» Исламдан башка бир дагы динге мүнөздүү эмес экенин өзгөчө баса белгилеп айтамын. Ислам өзүнүн Китеби, өзүнүн Пайгамбары жана өзүнүн эларалык дин болгондугу менен башка диндерден айырмалангандай, өз «келимеси» менен дагы башка диндерден кескин айырмаланып турат. Башка диндерде китептер болсо да, «Калаамуллаах» (Алланын Сөзү) мусулмандардан бөлөк эч бир динге насип болгон эмес. Китеп ар түрдүү маани-мазмундарды, милдеттерди жана мыйзамдарды гана түшүндүрөт, бирок анда баяндалып айтылган ой-пикир сөзмө-сөз Алла таала тарабынан келген, деген маани эч качан чыкпайт. Ал эми Ислам Китебинин аты «Калаамуллах» деп аталган. Анткени, анын маани-маңызын Алла таала баяндагандай, анын ар бир сөзү да Алла таала тарабынан түшүрүлгөн. Азирети Муса алайхиссалаамга түшүрүлгөн китептин мазмуну да Алла таала тарабынан баян этилген эле; Азирети Иса алайхиссалаам дүйнө алдына жарыялаган таалим да Алла тааланын ага берген таалиминин өзү эле, бирок анын сөздөрү Алла таала колдонгон сөздөрдөн башкача болгон. Тоорат, Инжил жана Курани каримди окуй турган кишинин көңүлүн ушул жакка бурсак, ашып кетсе он мүнөт окугандан кийин, Тоорат менен Инжилдин мазмуну Алла таала тарабынан түшкөн болсо да, алардын сөздөрү Алла тааланыкы эмес экенин түшүнөт. Ушундайча, Курандын маани-мазмуну да, сөздөрү да Алла тарабынан жиберилгенин билип алат. Башкача айтканда, Курани карим, Тоорат жана Инжилге ишенбеген киши бул үч китепти бир нече мүнөт окугандан кийин мындай пикирди айтууга аргасыз болот: «Тоорат жана Инжилди туткандар ушул эки китептин Алла таала тарабынан түшкөнүн айтса да, алардын ар бир сөзү Алла тааланыкы экенин эч качан айтышпайт». Ал эми Курани карим тууралуу ал төмөнкү пикирди айтууга аргасыз болот: «Аны башкаларга жарыялай турган киши анын маани-мазмуну гана эмес, ар бир сөзү дагы Алла таала тарабынан келгенин айтат». Ошондуктан, Курани карим өзүнө «Китаабуллаахтан» (Алланын Китеби) тышкары, «Калаамуллаах» деген наамды да берген. Ал эми Тоорат жана Инжил «Калаамуллаах» деген наамды өзүнө ыйгарбайт. Кала берсе, Курани карим да аларды «Калаамуллаах» деп атаган эмес. Ошентип, мусулман башка диндерден айырмаланып турат. Анткени, башка диндердин диний китептери «Китаабуллаах» болсо да, алар «Калаамуллаах» эмес. Бирок, мусулмандардын Китеби «Китаабуллаах» гана болбостон, «Калаамуллаах» да болуп эсептелет.

Ушундай, бардык диндерди пайгамбарлар баштаган болсо да, бирок бардык диний иштердин акылмандыктарын баян кылган жана адамзат үчүн жаркын үлгү болгон бир Пайгамбарды сунуш кылган эч бир дин жок. Исламга эң жакын дин болгон христиан дини эсептелет. Анын Азирети Иса алайхиссалаамды «ибнуллаах» (Алланын уулу) деп атоосунун өзү эле адамзаттын анын артынан жүрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Анткени, адамзат Кудайга окшош боло албайт. Тоорат Азирети Муса алайхиссалаамды жаркын үлгү кылып көрсөтпөйт. Ошондой эле, Тоорат жана Инжил Азирети Муса жана Азирети Иса алайхимассалаамды диний акылмандыктарды түшүндүрүүгө милдеткер деп айтпайт. Курани карим болсо, Мухаммад Расуулуллаах саллаллааху алайхи ва саллам тууралуу мындай дейт:

البقرة 130

«ю-алли-му-ху-мул-ки-таа-ба вал-хик-ма-та». (2:130)

Котормосу: ушул Пайгамбар аларга Алланын буйруктарын жана анын акылмандыгын айтып берет. (2:152)

Демек, Ислам өзүнүн Пайгамбарынын дүйнөгө эң сонун үлгү болгону жана өзүнүн көрсөтмөлөрүн зордук менен өткөрбөгөнү менен башка диндерден айырмаланат. Ал кандайдыр бир көрсөтмө бергенде, өзүн ээрчип келгендердин ыйманын бекемдөө жана шыктандыруу үчүн өзү берген бардык көрсөтмөлөрдүн ичинде үммөт үчүн, мусулмандар үчүн жана бүт адамзат үчүн кандай пайда-береке бар экендигин дагы түшүндүрөт. Ушундай, Ислам өзүнүн таалими жагынан да башка диндерден өзгөчөлөнүп турат. Ислам таалими чоң-кичине, бай-кембагал, эркек-аял, Чыгыш-Батыш эли, күчтүүсү-алсызы, акими-эли, кожоюну-кызматчысы, күйөөсү-аялы, ата-энеси жана балдары, сатуучусу-кардары, жолоочусу-кошунасы – бардыгы  үчүн ыракат, тынчтык жана өсүп-өнүгүү кабары. Ал инсанияттын (адамзаттын) бир дагы тайпасын өз чакырыгынан куру калтырбайт. Ал өтмүштөгү жана болочоктогу бардык элдер үчүн жеткиликтүү көрсөтмө. Кайып илимин билүүчү Алла тааланын назары таштардын астындагы эң майда нерселерге да, асмандагы жаркыраган жылдыздарга да жеткендей, мусулмандардын диний таалими эң кембагал, алсыз адамдардын муктаждыктарын да камсыздандырат, ошондой эле эң бай, эң күчтүү адамдардын зарылдыктарын да камсыз кылат. Кыскасы, Ислам мурунку диндердин көчүрмөсү гана эмес, ал диндер чынжырынын эң акыркы алкагы жана руханий тизмектин жаркыраган «күнү». Аталыш жагынан бардык диндер атаандаш болсо да, башка диндерди ага салыштырууга такыр болбойт. Кудум көмүр жана алмаз карбон деген жалпы аталышка таандык болгондой. Бирок алмаз – алмаз, көмүр – көмүр бойдон калат. Ушундай, таш деген жалпы аталышка шагыл да кирет, мрамор да кирет, бирок шагыл мрамор, ал эми мрамор шагыл болбойт. Демек, Исламда «келиме» түшүнүгү бар болгондуктан «башка диндерде да «келиме» түшүнүгү болсо керек», – деп ойлоо, бул – билбестик жана Курани каримге терең көңүл бөлбөстүктүн натыйжасы. Айрым бирөөлөрдүн «Лаа илааха иллаллааху Ибрахийм халийлуллаах», «Лаа илааха иллаллааху Муса калиймуллаах», «Лаа илааха иллаллааху Иса рухуллаах» сыяктуу «келимелерди» чыгарып: «Булар мурдагы диндердин «келимелери», – деп айтканы эң чоң зулумдук. Ошол эле учурда, Тоорат, Инжил жана христиан адабияттарында мындай «келимелердин» кенедей да жышааны жок. Мунун дагы бир далили, мусулмандарда бүгүнкү күндө миңдеген кемчиликтер пайда болгон. Ошентсе да, алар өз «келимесин» унутуп коюштубу?! Кыскасы, христиандар жана жөөттөр өз «келимелерин» унутуп коюшкан, – деп айтуу мүмкүн эмес. Эгер алар өз «келимелерин» унуткан болсо жана ошол «келимелер» алардын китептеринен да жок болуп кеткен болсо, анда мусулмандарга бул «келимелерди» ким айтып берген? Сөз чыны, Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдан бөлөк эч бир пайгамбардын «келимеси» болгон эмес. Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын өзгөчөлүктөрүнүн дагы бири: бүткүл пайгамбарлардын ичинен жалгыз гана ага «келиме» насип болгон. Башка эч бир пайгамбарга «келиме» берилбеген. Мунун себеби, «келимеде» пайгамбарлык күбөлүгү «Тавхийд» (Алланын жалгыздыгы) күбөлүгүнө кошулуп жиберилген. «Тавхийдге» күбөлүк берүү түбөлүк акыйкат болуп, эч качан жок болбойт. Мурдагы пайгамбарлардын пайгамбарлык доору эртели-кеч бүтөөрү анык болгондуктан Алла таала бир дагы пайгамбардын ысымын Өз наамына кошкон эмес. Ал эми, Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын пайгамбарлык доору кыяматка чейин улана бергендиги, эч качан бүтпөгөндүгү себептүү Алла таала анын пайгамбарлыгын жана ысымын, аалам: «Лаа илааха иллаллааху» сөзү эч качан жок болуп кетпегендей, «Мухаммадур-Расуулуллаах» дагы эч качан жок болуп кетперин түшүнүү үчүн «тавхийд келимеси» менен кошуп баяндады.

Кызыгы, жөөт Азирети Муса алайхиссалаамдын кандайдыр бир «келимеси» бар болгонун айтпайт, христиан Азирети Иса алайхиссалаамдын кандайдыр бир «келимеси» бар болгонун айтпайт, Сабий (жылдыздарга сыйынуучу адам) Азирети Ибрахийм алайхиссалаамдын кандайдыр бир «келимеси» бар болгонун айтпайт. Бирок, мусулмандардын Пайгамбарына гана «келиме» таандык болгонуна, ал аркылуу Алла таала ага улуулук тартуулаганына, ошондой эле «келиме» аркылуу аны башка коомдордон артыкчылык бергенине карабастан, ал өз Пайгамбарынын артыкчылыгын айкөлдүк менен башка пайгамбарларга бөлүштүрүүгө ыраазы болот. Ал эми, бул пайгамбарлардын үммөттөрү кандайдыр бир «келиме» бар экенин айтышпайт. Ал (мусулман) болсо, ал үммөттөрдүн атынан: «Жөөттөрдүн мындай «келимеси» бар, ибрахиймийлердин тигиндей «келимеси» бар, христиандардын ушундай «келимеси» бар», – деп айтат.

Кыскасы, ар бир дин үчүн «келименин» болушу шарт эмес. Зарыл болгон болсо да, Ахмадияттын кандайдыр бир жаңы «келимеси» болушу мүмкүн эмес, анткени Ахмадият эч кандай жаңы дин эмес. Ахмадият бир гана Исламдын наамы. Ахмадият Мухаммад саллаллааху алайхи ва саллам адамзатка сунган мына ушул «келимеге» ыйман келтирет:

كلمة

«Лаа и-лаа-ха ил-лал-лаа-ху Му-хамма-дур-Ра-суу-лул-лаах»

Ахмадийлердин пикиринче, бул материалдык дүйнөнүн Жаратуучусу бир гана Алла. Ал жеке Өзү гана, Анын шериги жок. Анын күч-кудурети чексиз. Ал Рабб (Багуучу), Рахмаан (Эң Мээримдүү), Рахийм (Эң Ырайымдуу) жана Кыямат күнүнүн Ээси. Курани каримде жазылган бүткүл сыпаттар Алла таалада бар. Курани карим Аны таза деп айткан нерселердин баарынан Алла таза.

Ахмадийлердин пикиринче, меккелик Абдул Муталип уулу Абдуллаах уулу Мухаммад Курайший саллаллааху алайхи ва саллам Алланын Элчиси болгон. Эң акыркы шарият ага түшкөн. Ал араптарга жана араб эместерге, өңү ак-караларга, бүткүл элдерге жана баардык тукумдарга Алла тарабынан Элчи болуп дайындалган. Анын пайгамбарлык доору башталгандан баштап, дүйнөдө эч бир жан калмайынча улантылат. Анын таалим-тарбиясы ар бир инсан үчүн зарыл. Өзүнө акыйкат айкын болгондон кийин, ага ыйман келтирбеген ар бир адам Кудайдын азабына дуушар болот. Анын азиз (ардактуу) наамынан кабардар болгон жана анын тууралыгы-акыйкаттыгы жөнүндө далилдерди уккан ар бир киши ага ыйман келтирүүгө милдеттүү жана ага ыйман келтирбестен туруп бакытка жетише албайт. Анын жолунан жүрүү менен гана нукура тазалыкка жетүүгө болот».

(«Ахмадияттан кабар» 10-15-бет, Бишкек – 2006)

Share via